Добавить свою статью
29 Марта 2011
Ар бир ишке кылдат мамиле кылуу зарыл

Жаздын келиши менен өлкө ичинде саясий чөйрөдөгү жандануулар орун ала баштады. Июнь окуясында жабыр тарткандардын жакындарынын нааразычылыгы, Ак үй алдында чакан топтордун нааразычылык акциялары жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылып жаткан элдин нааразычылыгы бүгүнкү күнү бир топ кооптонууларды жаратып жатат. Анткени, ар бир жаран бул акцияларды өз көзү менен көрүп, маалымат булактарынан терс маанидеги маалымат алышы, алардын психологиясында терс ойлорду жаратып, эл ичинде эртеңки күндөгү тынчсызданууну пайда кылууда. Бул, коом ичинде көнүмүш адатка айланбашы керек.

Ушуга байланыштуу, элдин ар бир нааразычылык акциялары президент, парламент жана тиешелүү мамлекеттик бийликтердин талдоосуна алынып, аларга тез жооп кайтаруу зарылдыгы келип чыгууда. Мурдагы бийликтин кемчиликтерин кайталабастан, элдин суроо-талабы өз учурунан кечиктирилбестен, кылдат иликтенип, ал боюнча так жана туура маалымат берүү зарыл. Ошону менен бирге, маалыматтык бурмалоолорго жол бербей же элдин психологиясына терс таасир тийгизген маалыматтардын «ачык-айкындыгына» жетпей туруп, алардын таралышына чек койсок.

«XXI кылым – маалымат кылымы» демекчи, кандай гана маалымат болбосун, элдин «элегинен» өтүп, алардын көңүлүндө болот. Элибиз дагы бул иштерге терең маани берип, ар тараптуу талдап көрүп, туура чечимге келсе. Анткени, өлкөбүздүн келечеги, элибиздин бакубат турмушу, жерибиздин тынчтыгы ар бир жарандын өз колунда. «Кыйшык отуруп, түз кеңешип», маселелерди чечүүнүн жаңыча жолуна, жаңы багытына өтсөк.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×