Добавить свою статью
14 Мая 2011
«Парад» партий
Предлагаю на госязыке «рассказ-шутку» о политических партиях Кыргызстана (а их сейчас более 150), написанный не мною, «плагиатором», а самими партиями, ибо он состоит в основном из названий или перечисления партий (они выделены темными шрифтами).

ПАРТИЯЛАРДЫН CЫНДАН ӨТҮҮСҮ

«Кыргыз жерине» «Азаттык»,«Жаӊы мезгил» келгени Компартия тулкусу бир, арийне эки баштуу Кыргызстан коммунисттеринин партиясына жана Кыргызстандын коммунисттик партиясына айланып, эми ККП эки «башын бир жакадан чыгара» албай, бирин-бири кантип «жесем» деп калганын байкаган «Элчилер (бей-бечаралар)» жөн турабы, дале «Эл арманын» айтып олтурбай, «Көз карандысыз жашоо», «Жолтоосуз жашоо үчүн» көпчүлүк «Эл менен» бирге, чогуу бололу деп «ЭрКтүүлөргө», «Ашарчыларга», «Ата Мекенчилдерге», Социал-демократтарга кошулуп кетишти.

Аӊгыча Ак үйдөгүлөр «Ар-Намысына» келип, «Алга, Кыргызстан» деген айкырыкты салып, бизге «Ак Жол» бересиӊер деп демитишкенде, «Эл келечеги» үчүн чындап күйгөндөр «жогорудагылар дале «Калыстык бийлик» кылбай жатышат, эми «Чындыкка» чогуу жетели деп «Ак Шумкарларды», «Улуу барчындарды», «Берендерди», «Алгыр кыраандарды», «Каркыраларды» өздөрүнө тартуунун аракетин көрүштү.

Бардыгы теӊ «келгиле «Замандаштар», «Мекен туусун», «Асабабызды» бийик көтөрөлү, «Ынтымакка, биримдикке, тилектештикке» келели, «Бүтүн Кыргызстан» , «Эгемен Кыргызстан», «Эркин Кыргызстан», «Жаӊы Кыргызстан», «Бакубат Кыргызстан», «Абийирдүү Кыргызстан», «Жарык Кыргызстан», «Улуу Кыргыз», «Ата Журт», «Ата Мекен», «Нур мекен», «Кайран эл» (деп аталган) «Кыргыз эл», «Эл келечеги», «Эл ынтымагы» , «Мекен ынтымагы», «Мекен биримдиги» , «Элдик биримдик» үчүн «Бир бололу» , «Жаӊы күч» менен иштейли деп чыгышты.

«Бириккен элдик кыймылды» көргөн «Бүткүл жаштар» да «Ата жолун» улантышкан«Комсомолдорго» айланышты, өзгөчө курчтары «Эл бийлигин» ала турган «Жаӊы мезгил» келди деп өздөрүн «Мекенчил патриоттор», «Кыргызстандын партриоттору», элдин «Келечеги», «Мекен баатырлары» деп аташты, биздей «Жаш билектерди», «Жаштар үнүн колдоо» керек деп жулунуп турушту.

Башка улуттагы мекендештерибиз да четте калышпай «Республика» - биздин да «Родинабыз», демек Бишкек биздин да «Столицабыз» болот деп таарынгандай болушту. Аӊгыча «Кыргыз эл» «Айкөл эл» экендигин ырастап, буга «Акылмандык» менен кароо менен, «чын эле «Бир эл» эмеспизпи, «Улуттар биримдигин» ойлойлу деп , «Ала-Тоону» «Кыргыз жери» гана болот дешкендерин, «Улуу Кыргыз», «Айкөл Манас», «Эне тил» деп кыйкырышканын, Бишкек – «Улут ордосу» деп бөлүшкөнүн , башка элдерге түшүнүксүз «Санжырасын» айтышканын, «Элеттеги» көйгөйлөрдү эле козгой беришкенин токтотушту. Ошондон кийин кыйлалар «Жашасын Кыргызстан» деп ураалашып, өз ара «Биримдик жана шериктештик» максатында «Союз граждан Кыргызстана» бирлигине, «Содружество» кызматташтыгына «За народ» деп кирүүнү ылайык көрүштү. Орус тилдүүлөрдүн «Партия зеленых Кыргызстанасын» да «Таза табият» кызыкчылыгында колдоп беришти. Бул «Кыргызстандын элдик кеӊешинин» көнүлүнө да «Биримдик жана шериктештик» деген ушул эмеспи деп өтө төп келди.

«Кыргызстандын улуттарынын тилектештигине» «Кыргызстандын пенсионерлери жана үй куруучулары» да «Мекен ынтымагы», элдин «Биримдиги», «Тынчтыгы» урматында «Ак тилектерин» билдиришти, «Жаӊы багытка» ал тургай «Каганат» да каниет кылып, «Жылдыздай» жанды.

Токтогул Сейитбеков

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

05-11-2012
Истории об А.Масалиеве, а также Б.Ельцине, рассказанные на курорте «Джети-Огуз» участником ВОВ
7893

13-09-2012
Меня удивили Ослинский суд, президенты Ирана и Белоруссии, индийский министр, госдолг США, российские и украинские коллеги, спикер Госдумы, адвокат Абрамовича, эстонцы, китайское правительство и Жириновский
8852

11-09-2012
За все, что происходит в стране, должен ответить лишь один человек, то есть президент
4562

06-06-2012
На этот раз удивили меня некоторые электронные СМИ России, Жириновский, иранцы, казахи, американские геологи, депутат ЖК и украинский премьер-министр
6107

14-05-2012
Меня в последнее время удивили Лукашенко, Каримов, Алиев, Обама и Путин, а также Папа Римский и скульптор из Бурятии
9840

04-05-2012
Живу в благоустроенной квартире более четверти века, а два года из них – без горячей воды
3968

02-05-2012
Не верю утверждению, что в Кыргызстане свободы слова нет
3939

11-04-2012
Строки-посвящение к Арстану Алаю
7823

23-03-2012
Бишкек – город мусорный
3922

19-03-2012
Кто посадил «Сары-Озон» в забедры «ТНТ»?
4879

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×