Добавить свою статью
23 Июня 2016
Жер тилкелерин трансформациялоо боюнча кыргыз элинен президентке ачык кат
Автор: Обращение

Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө мыйзам долбоору боюнча А.Атамбаевге ачык кат

Кыргыз эли Жогорку Кеңештин депутаттарынан биринчи окууда өткөн жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алып берүүнү өтүнүшөт. Бул өтүнүч менен президент Алмазбек Атамбаевге дагы ачык кат жолдонду.

«Жакындан бери «Социалдык маселени саясатка айландырбайлы», «Мамлекеттин туткасы – эл, элдин туткасы – жер» деген ураандарды көтөрүп, Ак үйдүн алдына, депутаттарга кайрылуу жасап жаткандардан кабарыңыз бар болсо керек.

Кыргыз эли өтө сабырдуу, чыдамкай эл. Маселе чегине жеткенде гана түрүлүп чыгат. Мурунку бийликтегилердин карабай, чечпей келген жер маселеси бүгүн дагы ар кандай шылтоолор менен жылбай келет. Албетте, борбор шаарыбыз туурасынан өспөй, көк тиреп бийигинен өскөнүнө жалпыбыз ынтызарбыз, бирок жакынкы жылдарда мамлекетибиз турак жай маселесин тегиз чечүүгө шайы келбей турат. Жаштар үйлөнүп, балдар төрөлүп, элдин саны өсүүдө. Шаардын четиндеги Көк-Жар, Арча-Бешик конуштарына таланттуу элибиз ыңгайлуу, көрктүү үйлөрдү куруп алгандыгы көрүнүп эле турат. Иштете турган жери, жашай турган үйү болсо, жаштардын башка өлкөлөргө кеткен агымы да кескин кыскарат эле.

Карапайым калк айылдык, райондук кеңештердин чечимдери чыгарылган жерлерге Жогорку Кеңештин депутаттарынан трансформациялоо мыйзамын тез арада чыгарып берүүсүн талап кылууда. Учурунда көк беттик менен үлүш жерлерге үй салып алгандар мыйзамдаштырып, ал эми чыдамдуулук менен аталган мыйзамды күткөндөрдүн маселеси сыртта калышы элдин толкундоосун жаратууда.

Каны менен коргоп, жаны менен сүйгөн кыргыз эли өз жеринде уядай турак жай куруп алышына Жогорку Кеңештин депутаттары көз көрүнө бут тосуп, элдин өкмөткө, бийликке болгон нааразычылыгын ойготууда.

Депутаттардан аталган мыйзам долбоорун жайкы эс алууга кеткиче карап, кабыл алып беришин талап кылабыз. Ал эми, анын канчалык мыйзамдуу аткарылышына жергиликтүү бийлик жооптуу болуп, өкмөт көзөмөлгө алсын.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сиздин карапайым калкка жакын жан дүйнөңүз бул орчундуу жана өтө опурталдуу маселени чечкиндүүлүк менен акыйкат чечип, колдоо көргөзөт деп терең ишенебиз.

Биринчи окууда депутаттардын ар кандай пикирлерине карабай ийгиликтүү өтүшүнө Сиздин салымыңыз бар экендигин билебиз. Ошол себептүү чоң үмүт менен дагы бир ирет карапайым калк Сиздин колдооңузду күтөт.

Көпчүлүктүн көйгөйү болуп турган бул абалды убакыт бөлүп кабыл алсаңыз түбүнөн түшүндүрүп берүүгө даярбыз.

Сизден мындай кырдаалды башка күчтөрдүн өз кызыкчылыгына пайдаланып кетишине жол бербөөнү суранабыз.

Эгерде, биздин үнүбүз депутаттарга жетпесе, ар кандай шылтоолор менен мыйзам долбоору дагы артка жылдырылса өз жерлерине толук кандуу ээ боло албаган үлүш ээлери ачкачылык жарыялоого аргасыз», - деп айтылат кайрылууда.

Кайрылуу жолдогондордун айтымында, ушул талап менен эртең, 23-июнда, Ак үйдүн алдына чогулушат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

10-06-2016
ОБРАЩЕНИЕ. О перепрофилировании кыргызской школы-гимназии №5
8974

06-06-2012
Заявление Агентства гражданской авиации о политике открытого неба является предвзятым и направлено на защиту своих узкокорпоративных интересов
14954

16-12-2010
Обращение к президенту Р.Отунбаевой от жителей жилмассива "Колмо"
4388

25-06-2010
9006

18-06-2010
7409

17-06-2010
Ряд общественных организаций и граждане Кыргызстана, Казахстана и России призывают международные организации начать расследование событий на юге республики
16053

17-06-2010

Коллектив Министерства иностранных дел и заграничных учреждений, а также ветеранов дипломатической службы

9228

15-06-2010
9081

12-06-2010
12322

18-05-2010
10193

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×