Добавить свою статью
29 Июля 2016
Кыргыз-түрк элдери бир тууган, боордош элдер

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 24-июлда башка мамлекеттер сыяктуу Кыргызстан да түрк бийлигин колдоп «гүленчилерге» мамилесин өзгөртүп, аларга тиешелүү мекемелерди жабууга чакырып ѳткѳн эле. Эгерде «гүленчилерге» болгон мамилени ѳзгѳртпѳсѳ, эки өлкөнүн алака-катышына терс таасири тиет деп эскерткен болчу. Ал бул пикирин бүгүн «Хабертүрк» каналындагы маегинде да кайталап, Кыргызстанда Фетхуллах Гүлендин кыймылынын таасири күчөп баратканын билдирген билдирүүсүнө карата пикир.

Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары ѳлкѳгѳ эмне пайдалуу, эмне пайдасыз экенин чечүүгѳ кудурети жетет. Андыктан, Түркия мамлекети ѳз ара ичинде болуп жаткан саясий оюндарына Кыргызстанды аралаштырбоосун кыргыз жараны катары суранат элек.

«Себат» Кыргызстандагы эң сапаттуу билим берүү тармагы экени талашсыз. Биздин ѳлкѳдѳ эл аралык "Себат" билим берүү мекемесине таандык 15тен ашык лицей-мектептер, бир университет жана маданий, кайрымдуулук тармагында иш алып барып жаткан уюмдар бар экени маалым. Алардын бардыгы Фетхуллах Гүлендин идеяларынын негизинде ачылып, иш алып барып жатканын билебиз.

«Себат» - бул биздин тилде сабат деген эле түшүнүк. Аны түрк жарандары ачкан эмес. Азыркы учурда «Себат» мектептери мусулман дүйнѳсүнүн башка 150 ѳлкѳлѳрүндѳ да орун алган, анын ичинде Кыргызстанда дагы кеңири тамырын жайган билим берүү тармагы болуп саналат. Сапаты жагынан да алдыңкы мектептердин катарына кирет. Анын үстүнѳ «Себат» мектептери келишимдин негизинде эч кандай мыйзамды бузбастан, Кыргызстандын билим берүү системасына ылайык иш алып барып жатса, кыргыз бийлиги аларга эч кандай терс чара кѳрсѳтѳ албайт.

Кыргызстандагы «Себат» билим берүү системасы боюнча билим алган окуучулардын кѳпчүлүгү зор ийгиликтерди жаратып келе жатканы белгилүү. Республикалык, ал гана эмес дүйнѳлүк олимпиадаларда түрк лицейлеринин окуучулары алтын, коло медалдарды багындырып жаткандарын билебиз.

Мисалы: Быйылкы 2016-окуу жылында республикалык олимпиадада түрк мектеп-лицейлеринин окуучулары I, II, III орундарга ээ болушту. Андан сырткары ЖРТ жыйынтыгында Алтын сертификаттарга ээ болгондордун кѳпчүлүгү, биз айтып жаткан түрк лицейлеринин окуучулары.

Кыргыз-түрк элдери бир тууган, боордош элдер. Бирок эки элдин идеясы, кѳздѳгѳн максаты эки башка.

Андыктан, Түркия мамлекети Кыргызстандын билим берүү тармагына кийлигишкени туура эмес. Кыргызстан эгемен ѳлкѳ катары башка ѳлкѳнүн мыйзамдарын аткарбоого тийиш.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×