Добавить свою статью
27 Августа 2016
Кыргызстаныбызга кут консун!

Кымбаттуу Кыргызстандыктар!

Мамлекетибиздин эгемендуулук күнү куттуу болсун!

Кыргызстаныбыздын өзүнчө мамлекет болуп түзүлүшүнө, калыптанышына өз убагында өзүнүн канын-жанын аябай күрөшуп өз өмүрүн арнаган азаматтарга ыраазычылык билдирип, таазим кылып жүрөлү.

Ал эми бүгүнкү күнгө чейин мамлекетибиздин эгемендигин, жерибиздин бүтүндүгүн сактап, экономикабыздын өнүгүшүнө салым кошуп келаткан азаматтарга бекем ден-соолук, бакубат өмүр, жалаң гана жакшылыктарды каалайбыз, дагы көп жашашсын!

Катардагы көнүмүш куттуктоолордой кылбай кыргыз калкыма, Кыргызстандыктарга, жалаң гана «К» тамгасынан башталган сөздөрдөн кайрыла кетейин:

Көңүл койгула, көңүл коштук кылбагыла кымбаттуу кыргыздар, кыргыздын камын көргүсү келгендер, Кыргызстанга кең келечек каалагандар!

Кыргыздар Кудайдан коркуп, кылымдарды карыткан каада-салттарыбызга кайра кайтпасак күндөн-күнгө кыргыз кебетебизден, киши кебетебизден кетип, кыргызга кыянаттык кылгандар, кадырыбызды кетирген, көңүл калтырган, көңүл кейиткен, карыяларды карайлаткан коркунучтуу кылмыштар

катарыбызда көбөйөгөдөн көбөйөт, кыйынчылыктарга кыйынчылык кошулат. Кыргыз кыргызды колдобой, кыргыз кыргызга касташыш, кыргыз кыргызды кордоп, Кудайдан качкан карамүнөздөр кутургандан кутуруп, Кудайдын каарына калып, кайран Кыргыз калкым кыйылган кайыңдай күндөн-күнгө куурайбыз!

Кымбаттуу Кыргызстандыктар, кайдыгерлик кылбайлы, кечигип калбайлы!

Каалайбызбы - каалабайбызбы, кыргызды кыргыз кылып көккө көкөлөтүп келген, кыргызды көптөгөн кыйроолордон коргоп, кыргызды көптөгөн кыйынчылыктарда колдоп келген, канчалаган кылымдарды карыткан каада-салттарыбызга кайтып, каада-салттарыбызды коргоп, колдоп, каада-салттарыбызды кадырлаганыбызда, кайрадан каада-салттуу кыргыз калыптанганда, Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей коргоп, кыргыз кыргызды колдоп, кайдыгерликтен кутулганыбызда кыргыздар кыйын калктардын катарына кайрадан кошулат. Кайрадан кыргыздарга күч-кубат, кажыбас кайрат келет, кыргыздар курчуйт. Кыргыз калкыбыздын катары көбөйөт. Кыргызга кызмат кылгысы келгендердин катары күндөн-күнгө көбөйөт. Кыргыздын, Кыргызстаныбыздын келечеги кеңейет, кыргыздар көп-көп кубанат!

Көпкө кечикпестен, көпкө күттүрбөстөн Көз карандысыздык күнүбүздө Кыргызстаныбызга кут консун! Кыргыз калкымдын кел-кели келсин. Кыргыздар канатын күүлөп кайрадан көккө көтөрүлсүн, Кудай колдосун!

Сиздерди урматтап,

Акыл Айтбаев,

экономика илимдеринин кандидаты.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×