Добавить свою статью
8 Сентября 2016
Атаандаштыктын Конституция тарабынан корголушу – мамлекетибиздин экономикалык өнүгүүсүнүн негизи.

Атаандаштыктын Конституция тарабынан корголушу – мамлекетибиздин экономикалык өнүгүүсүнүн негизи.

Экономикалык ишкердүүлүктөгү эркин атаандаштык керектөөчү талап кылган товарларды арзан жана ошол эле кезде сапаттуу өндурүүгө жана сатууга өбөлгө түзөт.

Мамлекет эркин атаандашууга тийиштүү шарттарды түзгөн учурда гана экономикалык система атаандаштыкка жөндөмдүү болот. Эркин атаандаштык өлкөнү ырааттуу өнүктүрүүнүн негизи болуп эсептелет жана:

- экономикабызга инновациялык технологияларды ыкчам киргизүүнү;

- өндүрүштүн эффективдүүлүгүн;

- адилеттикти, башкача айтканда экономикалык ишкердүүлүктүн баардык катышуучуларына адилеттүү жана теӊ укуктуу шарттардын түзүлүшүн камсыз кылат.

Кара ниет атаандаштык мыйзамдарга, иш жүргүзүү салттарына, ак ниеттиктин, акылга сыйбаган жана адилеттиктин талаптарына каршы келген артыкчылыкты алууга багытталган.

Бизде болсо, тилекке каршы, дагы эле экономикалык ишкердүүлүктөгү чыныгы атаандаштык мамилелерин түзүү жолунда ар түрдүү тоскоолдуктар түзүлүүдө. Албетте мунун баары белгилүү бир кызыкчылыктар менен жасалууда. Экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуучу өзгөртүүлөрдү ишке ашырууда коррупция тоскоолдук жаратуучу орчундуу көйгөй боюнча калууда.

Кээ бир чарбалык жүргүзүүчү субъекттер башка атаандаштарына салыштырмалуу артыкчылыкты алуу максатында мамлекеттик бийликтин өкүлдөрүн сатып алууга аракет жасагандыктары баарына эле белгилүү. Ал эми бул өкүлдөр аларга мындай артыкчылыкты эркин атаашдаштыктын шарттарын бузуунун натыйжасында гана камсыз кылып бериши мүмкүн.

Ошондуктан, экономикалык ишкердүүлүктөгү эркин атаандаштыкты коргоо коррупцияга каршы күрөштүн негизги механизмдерини бири болуп калууга тийиш. Мындай күрөш мамлекеттик бийликтин жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын атаандаштыкка жол бербөөгө, аны чектөөгө жана жоюп салууга багытталган, ошондой эле:

- мамлекеттик жана муниципалдык сатып алууларда;

- лицензияларды жана уруксаттарды берүүдө;

- мамлекеттик жана муниципалдык мүлктөрдү сатууда, ижарага берүүдө жана башка ушу сыяктуу иш аракеттеринде жүргүзүлүүгө тийиш.

Жогорудагы жазылгандарды эске алып, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» 2016 жылдын 29 июль күнүнөн баштап коомдук талкууга чыгарылган Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна төмөнкүдөй толуктоолорду киргизүү талапка ылайык:

• Кыргыз Республикасынын Конституциясынын биринчи бөлүмүндөгү «Конституциялык түзүлүштүн негиздери» 12-берененин 1 пунктунда төмөнкүдөй жазылган:

«Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүнүн теӊ укуктуу корголушуна кепилдик берилет».

Бул пунктту жогорудагы көрсөтүлгөн максатка ылайык төмөнкүдөй мазмуундагы абзац менен толуктоо зарыл:

«Кыргыз Республикасында экономикалык ишкердүүлүктөгү эркин атаандаштыктын корголушуна кепилдик берилет».

• Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүмүндөгү «Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери» 29-беренесинде төмөнкүдөй» жазылган:

1. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу.

2. Ар бир адам кат-кабар алышууга, телефондук жана башка сүйлөшүүлөргө, почта, телеграфтык, электрондук дагы бөлөкчө жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет.

3. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.

4. Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты укук ченемсиз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет».

Бул беренени жогорудагы көрсөтүлгөн максатка ылайык төмөнкүдөй мазмуундагы пункттар менен толуктоо зарыл:

5. Ар бир адамга экономикалык ишкердүүлүктөгү кара ниет атаандаштыктан корголушуна кепилдик берилет.

6. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да тиешелүү.

Атаандаштыктын Конституция тарабынан корголушу жана мамлекетибиздин экономикасында чыныгы атаандаштык чөйрөсүн калыптандыруу:

 коррупциянын кескин кыскарышын, мамлекеттик жана муниципалдык каражаттардын олуттуу үнөмдөлүүсүн;

 жумушчу, материалдык, финансылык жана башка мамлекеттик ресурстардын толук жана экономикалык рационалдуу колдонулушун;

 ишкерлердин жана элдин мамлекеттик жана өзүн-өзү башкаруу органдарына болгон ишениминин жогорулашын;

 мамлекетибиздин инвестициялык потенциалынын жогорулашын;

 мамлекетибиздеги жогорку темптеги экономикалык өнүгүүнү камсыз кылат.

Акыл Айтбаев

Экономика илимдеринин кандидаты.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×