Добавить свою статью
29 Марта 2017
Кыргыз Тили

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Чыныбай Акунович,

Кыргыз тили – 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын калкты саноонун жыйынтыгы боюнча 3 830 556 адамга кыргыз тили эне тили болуп аныкталган. Ал эми кыргыз тилинде эркин суйлогон дагы 271 187 адам саналган (анын ичинде 212 063 этникалык озбектер).

Жалпысынан кыргыз тилинде суйлогон калктын саны Кыргыз Республикасында 4 миллиондон ашкан.

2004-жылдын апрель айында болсо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили боюнча мыйзам кабыл алынган.

2013-жылдын 1-июлунда УП № 155 Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди кучотуу боюнча» Указ чыккан.

2014-жылдын 2-июлунда УП № 119 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилдин онуктуруу боюнча улуттук стратегиясыннын программасы кучотуу боюнча» Указ чыккан.

Бирок бугунку куну бул иш аракеттердин бири дагы ишке ашпай жатканы туура эмес корунуч. Ушунча жылдардан бери канча деген бюджеттик акча каражаттар кыргыз тилин орчундотууго жумшалып, бир дагы сантиметрге алдыга жылган жокпус.

Мурда кыргызстандын ар бир айылында орус калкы жашап, мектептерде болсо орус мугалимдер балдарды окутуп, орус тили менен калктын кобу орус тилинен аксаган эмес эле. Бугунку куну болсо чон шаарларда болбосо айылдарда жаштар тап такыр орус тилин билмек тугул тушунушпойт дагы, жада калса орус тили боюнча сабактарды кыргыз мугалимдер кыргыз тилинде жургузот.

Мамлекеттик кызматка ишке кириш учун созсуз орус тилин билиш кереги зарыл болууда. Эгерде кыргызча билбесе мамлекеттик кызматка тоскоолдуксуз кирсе болот, ал эми орусча билбесе бир дагы мамлекеттик кызматка мамлекеттик конкурстардан отуп иштеш тап такыр болбоору корунуп турат.

Жогоруда корсотулгон мыйзамдар жана указдардын бири дагы жер жерлерде иштебейт. +згочо Кыргыз Республикасынын +кмотундо кебир адистер кыргызча билишпейт, жана кыргызстандын ичиндеги мамлекеттик иш кагаздар, иш-чараларды орус тилинде жургузушот. Кыргыздын тили туп тамыры менен жоголуп кетпеш учун катуу чара коруу зарыл. Кыргыз элинин мыкты инсандары айылдан чыгышкан, ал эми бугунку куну болсо орус тилин билбеген айылдан чыккан жаш балдар-кыздар бир дагы мамлекеттик эмес, жеке ишканаларга дагы кызматкер катары кирише алышпайт, жалан кана кара жумушчу катары болбосо. Эл аралык долбоорлорго жана мамлекеттик долбоорлорго биздин мыкты кыргыз балдар-кыздар англис, немис жана башка чет тилдерди билишип туруп орус тилин билишпеген учун кызматтарга кабыл алынбайт.

Журогумду оорутканы Кыргыз Республикасындагы жараандар кыргызстандын ичинде орус тилин билбегендиги учун коп мумкунчулуктордон алыстап калуусу, Кыргызстандын ичиндеги министрликтер жана Кыргыз Республикасынын +кмоту ич ара кат алмашуулары жана иш аракеттери орус тилинде жургузулуусу.

Кыргыз тилин онуктуруу саясытты болсо мамлекеттик органдар жургузпосо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши жана Президент козомолдобосо биз алыска бара албайбыз, башка мамлекеттердин алдында пас болуп калабыз.

Жогорудагылардын негизинде, Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Чыныбай Акунович Сиздерден сураныч Кыргыз Республикасында кыргыз тили боюнча кабыл алынган мыйзамдарды, указдарды иш жузуно ашырышын озунуздор козомолго албасаныздар болбой калды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×