Добавить свою статью
7 Января 2019
Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Г.Тиллаевге кайрылуу

Урматтуу Таабалды Гапырович!

Мен Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери, полковник Турдалиев Раимбек Токтогулович, Сизге кайрылуумдун себеби элибиздин жашоо тиричилигин, Кыргызстандын бардык жарандарынын (иштеген ишине карабай) социалдык абалын жогорулатуучу мыйзамдарды чыгарат деген үмүт менен шайлап келебиз.

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамынын 9-беренесинде “Жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү, жарандарга, юридикалык жактарга жаңы жоопкерчиликтерди жүктөөчү же болбосо алардын абалын начарлатуучу ченемдик укуктук актылар артка карата колдонулбайт” (или ухудшающие их положение, обратной силы не имеют) деп жазылган.

Биздин баш мыйзамыбыз болгон, куттуу Кыргызстандын эли адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулуктар болуп саналат деп, элдин экономикалык бакубатчылыгы менен жыргалчылыгын жана руханий өнүгүшүн өргө сүрөөгө умтулуп кабыл алган Конституцияда дагы жарандарын эркиндиктерин басмырлоочу мыйзамдар кабыл албашы керек деп жазылган.

Ал эми Сиздин 2018-жылдын 16-ноябрындагы Күч органдарынын, соттордун, прокуратуранын ж.б. кызматкерлеринин кызмат өтөп жатып, пенсия алып жаткандары туура эмес деп, Парламентте сүйлөп, азыркы учурда ушундай жеңилдиктерди колдонуп жаткан Мекен сакчыларынын тизмесин тактап жатасыз.

Мүмкүн биздин маяна Сиз баса белгилеген мугалим, дарыгерлерден жогорудур, бирок биз алардай болуп квартал сайын премия, жыл аягында 13-айлык маяна албайбыз. Ошентсе дагы Мекен сакчыларынын кызматы жеңил эмес, көп учурда өмүрүбүздү жана саламаттыгыбызды тобокелге салган учурубуз көп болоорун эске алып, менин кызмат жолума көңүл бөлүп көрсөңүз:

- мен 28 жылдан ашык кызмат өтөп келем, анын ичинде 52 градус суук болгон Нарын жергесинин Аксай-Арпа өрөөнүндө, 50 градус ысык болгон Баткен жергесинде, Ош, Талас, Чүй обласстарында кызмат өтөдүм;

- 16 жолу ижарага (арендага) батир алып, аларды өз акчама оңдоп-түзөп жашап келем;

- жер которуп кызмат өтөгөнүмө байланыштуу балдарымдын билим алган мектептерин дагы алмаштырып, улам которулуу, көчүп-конуунун натыйжасында жалпы үй-бүлөм психологиялык травмаларды алып, материалдык, физикалык чыгымдарга дуушар болдум;

- кызматка, көчүп-конууга байланыштуу тууган-уруктун, бир тууган, жакындардын жамандык, жакшылык иш-чараларына катыша албадым;

- 1992-1999-жылдары убагында айлык маяна өз убагында берилбей, балдарым ачка калып, үй-бүлөм атамдын жана кайна атамдын үйүндө жүргөн учурлары болду;

- жарандардын майрам, дем алыш күндөрү үй-бүлө мүчөлөрү менен маданий эс алууда жүрүшкөнүнө, түнкүсүн тынч уктаганына дагы эле суктанам, себеби алардыкындай мүмкүнчүлүк бизде – погон тагынган адамдарда дайыма эле боло бербейт;

- кызмат өтөө учурунда, 1996-жылы Тажик-Афган чек арасында Кыргыз Республикасынын Тажик Республикасындагы өзүнчө аткычтар батальонунун курамында, 2000-жылы Баткен областына кирген куралчан эл аралык бандалык түзүмдөрдү жок кылуу боюнча, 2006-жылдын 12-майындагы Кадамжай районундагы террористерди жок кылуу боюнча операциясында, 2010-жылкы Ош окуясына катышып, өз өмүрүмдү тобокелдикке салып, намыстуу кызмат өтөдүм. Тилекке каршы ушул окуялардын баарында менин куралдаш досторум душман колунан каза болгон учурлары болду;

- кызмат учурунда кол алдымда болгон миңдеген жоокерлер менен тарбия иштерин уюштуруп, чыныгы Мекен сакчыларын даярдоого салым коштум;

- өлкөбүздүн авто унаа жүрө албаган чек ара тилкемин кайтаруу, байланыш линияларын ириетке келтирүү, чек ара бузуучуларды издеп табуу үчүн көп аралыкты жөө бастым;

- мамлекетибиздин экономикалык абалын туура түшүнүп, өз акчама кийим-кече, жоокерлердин жашоо-шартын жакшыртуу максатында чек ар заставаларына курулуш материалдарын сатып алып жүрдүм;

- Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставында көрсөтүлгөн “аскердик кызматтын кыйынчылыктарын туруктуулук менен көтөрө билүүгө, аскердик милдетти аткаруу үчүн өз өмүрүн аянбоого милдеттүү” – деген талаптарын дагы так аткарууга жан сүрөп, ошол эле учурда кызматыма байланыштуу балдарымды, үй-бүлөмдү кыйнап келем;

- Бишкек шаарында батирлердин арендасы кымбат болгонуна байланыштуу (комуналдык услугаларды эсептебегенде) айына 10 000 сомдон төлөп арзан квартирада жашап келдим.

Учурда 1 (бир) бөлмөлүү квартирада 2 уул, 2 кызым менен жашайбыз, жубайым “грыжа позвоночника” – деген диагноз менен 3 жолу операцияга кабылып, таяк таянып, ишке жараксыз болуп калды.

Жогруда белгиленген аскер кызматынын түйшүгүн эске алып, элин, эл ичинде өлкө коопсуздугун, мекен сакчыларынын статусун жогору койгон, билимдүү адамдар кол койгон мыйзамдын негизинде айлыгыма 7000 сом пенсия кошулуп жаткандыр.

Ошол эле учурда тамак аштын баасы Кыргызстандан айырмасы жок, Россия, Казакстандын аскер кызматкерлери бизден канча эсе көп айлык маяна аларына талдоо жүргүзүп көрсөңүз.

Эгер өлкөбүздүн коопсуздугуна шек келе турган кырдаал келсе, учурда 12 000 сом айлык алып, келечекте айлыгына пенсия кошулбаарын сезген, Мамлекет тарабынан берилүүчү үйгө жетээрине көзү жетпеген, сүйгөн жарына үйлөнүүгө акча каражат топтой албай, бирок илгери үмүт менен кызмат кылып жүргөн жаш офицерлерди, сержант-прапорщиктерди өз армиябызда кармап кала алабызбы?

Ардагерлерибиз чет өлкөлөрдүн пенсионерлери болуп кетип жатканы аз келгенсип, жаш мекен сакчылары (аскер адистери) бөлөк өлкөнүн жарандыгын тандап кетүү коркунучу жокпу? Же болбосо Франция легионундай болуп аскерлерди сырттан жалдоо планда барбы?

Ансыз деле мурда берилип келген электичествого, газга, коомдук транспортко, Кыргызстандан сырткары согуш операцияларына катышкандыгы үчүн (Тажикистан) берилүүчү жеңилдиктердин баары жоюлду. Биз аскер кызматкери болсок деле, бакубат жашоого укугу бар, революционер айымдардай эле, Кыргызстандын жараныбызго.

Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө КР Мыйзамынын 12-беренесинде “Аскер кызматчылары турак жайлар менен мамлекет тарабынан камсыздалып, аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө аскер кызматчысы кызмат ордуна келгенинде мыйзамдардын талаптарына жооп берүүчү турак жайлар берилет” – деп жазылган.

Күч структураларында кызмат өтөгөндөрдүн пенсиясын кыскартуу маселесин кароодон мурда, Мекен сакчыларынын турак жай, жеңилдиктер менен камсыздоо боюнча жогорудагы Мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын көтөрүп жана көзөмөлгө алууңузду суранып,

Раимбек Турдалиев
Бишкек ш., Медерова - 163

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×