Добавить свою статью
6 Июня 2019
Журналисттер VS Өкмөттүн өкүлү
Автор: Талгат

Орок айылында чуулгандуу окуянын айланасында жаралган жагымсыз көрүнүш тууралуу ой пикир ар бир адамда болсо керек, ошол адамдардын катарында мен да бармын, демек оюмду жамы журтка билдирүүнү тура көрдүм.

Канткени менен Орок айылындагы жагдай баарыбыз үчүн жагымсыз жагдай болуп, кандайдыр бир кырдаал түзүлүп, эл журтту бир жагынан таң калтырса, экинчи жагынан ызаландырып жатканы белгилүү. Ал окуянын чоо жайын тийиштүү укук коргоо органдары чечим кабыл алып, чаралар көрүлгөндөн кийин билинет деп ишенели. Андан кийинки окуя айтылган Орок айылындагы жагдайды жөнгө салуу боюнча келген Чүй областындагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы мырзанын тегерегинде болуп жатат. Маалымат каражаттарына белгилүү болгондой, Өкүл журналистти жактырбай койгондугунан келип чыгып жатса керек. Журналисттер бул учурду терс кабыл алышып, өздөрүнүн дарегине таш ыргытылгандай мамиле жасап, бир тараптуу каралоо акциясын баштады деп айтсам мен жаңылышпайм. Ооба, журналисттер окуяны туура, так аныктыгын билип анан маалымат таратыш керек. Ооба Туйгуналы мырза да ал жерде чүкө ойноп жүргөн жери жок. Кырдаал өзүнөр көрүп билип тургандай болуп турса, журналисттердин өзөктөн кыйнап бутак чыгарып турганы да абийирдикке жатпайт. Кайсы бир фонд дагы бул маселени көтөрүп, Өкүлдү жоопко тартылыш керектиги тууралуу ойун билдириптир. Ар кимдин ою өзүндө калсын, анткени менен аталган фонд өзүнө бул жамандыктан имидж жасап жаткандай көрүнүш. Журналист же журналисттер дейбизби айтор, тилинде бир аз тибирткеси болгондордун баарысы журналист болуп кеткенби, сөздү төгүндөбөй, оозуна келгенди оттоп суроо берип жатандарына да укуктук жана моралдык баа берилиши керек. Сөз эркинди бизде Конституция менен кепилдик берилген. Бирок, сөз эркиндигинен пайдаланып ашкере эркин сүйлөп, кыянаттык кылган журналисттердин кыймыл аракетине ким баа берет? Журналист болсо эле ойду тоону сүйлөй берет деп ким айтыптыр аларга? Бул жагына да туура көз караш менен караш керек. Өкүл мамлекеттик кызматкер, анын да өзүнүн милдеттери бар, суроого жооп береби бербейби ал дагы ар бир адамдын өз эрки болушу керек. Мамлекеттик кызматкер туура этиканы сакташ керек, этиканы бузган жагдай байкалган жок. Ошондуктан этика тууралуу сөз журналисттерге багытталганы оң. Эмне үчүн журналисттер эт жебеген итке окшоп, тыгылып алышкан аны да такташ керек. Видеодо байкалгандай, бир журналист Өкүчүлүктүн аппарат жетекчисине суроо бербей коркутуу менен кайрылып жатканына да укуктук баа бериш керек.Журналиттер бизде сотпу, же өкүм чыгаруучу органга айланганбы? Жок. Бүгүнкү күндө журналисттердин көпчүлүгү квалификацияга, талапка жооп бербейт. Эмнени иштеп эмнени сүйлөп жатканына да өзү түшүнбөй калат. Андыктан, менин оюм, окуя бир тараптуу боло бербестен, адилеттүү баа берилиши керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×