Жексен болгон шаарды көргөнүмдө,
Сыйрылып жүрөгүм ыйлап турду.
Ичимден кара жалын оту күйүп,
Жан дүйнөм аңтарылып сыздап турду.
Суу жууп жер калбаптыр буту базар,
Ураптыр дубалдары эл таянар.
Өмүрдү жалмап кеткен ажыдаардай,
Тунжурайт билмексенге салып актай.
Жаш-кары баары кеткен ааламатта,
Жер да ыйлап айрылгансып муңга бата.
Теребел бүт баарысы ыйлап турат,
Көргөндүн көзүнөн жаш агып турат.
Ааламатка кабылган ушул шаарга,
Арнадым гүлдестемди кары-жашка.
Андан башка айтууга сөзүм жетпейт,
Ураган шаар таптакыр эстен кетпейт.
Көзүмдөн буурчактаган жашым тамат,
Кайгыны ичке салдым бекем камап.
Цунамиден миңдеген жан кыйылып,
Сыздап турду жан дүйнөм эңшерилип