Добавить свою статью
12 Августа 2020
Баке. Памяти Бакыта Карагулова

Эсил кайран Бакыт Карагуловду кызмат учурунда “Бакыт Назаркулович”, ич ара “Бакыт байке”, көбүнесе “Баке” деп койчу элек. Бүгүн тоодой-таштай кишибиз тобубузда жок, шум ажалга ооздон жулдургандай бозоруп турабыз...

Илгери бир кабарчы башкарманын сыйында ичип отуруп, тасмал ээсине утур-утуру “Какелеп” кайрыла бериптир. Башкарма оргу-баргы меймандын чаташтыруусуна чыдабай, “ай, жигит, мен “Каке” эмес, “Бакемин” деп каш-кабагын чытат. Анда кабарчы камарабай “Баке, сиз бул чарбанын кашабаң, карышкырысыз, андыктан “Какени” туура кабыл алыңыз” деген экен.

Асыресе, Бакени (Карагуловду) кайсы бир даражада кинодогу, дегеле кадыресе турмуштагы “Какеге” теңесек жарашчудай туюлат, мага. Анын үстүнө, береги аскияны кезинде маркум өзү “тузун чыгара” айтып, уккандын баарын күлдүргөнүнө түздөн-түз күбө өтпөдүм белем?!

Ий-е, киноискусство жаатында режиссёрлук милдетти толук кандуу аркалоого бел керек. Билимден сырткары өзгөчө мүнөз, кажыбас кайрат абзел. Аталган салаада сылыктан сыпа, сыпадан сылык, айтор, ашкере “маданияттуу”, ашепке “уяттуу” адамдын ити эгерим чөп жебешине бөркүмдөй ишенем.

Бакыт Карагулов улуттук университеттин филология факультетин аяктаган кийин тээ Маскөөдөгү киноакадемияга тапшырып, айтылуу советтик кинорежиссёр Александр Миттанын мектебинен таалим жуктуруп, тажрыйба топтоптур. Натыйжада, жетимишинчи жылдардын этеги, сексенинчи жылдардын башында Кыргызстандын кинематография тармагынын, өрүшү кең заманбап өнөрүнүн астанасын Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Болотбек Шамшиев, Геннадий Базаровго куйрук улаш дагын бир даана, нака талант аттаган окшобойбу.

Кантсе да агымдагы көркөм адабиятка жуук кинорежиссёр адегенде Ашым Жакыпбековдун “Айдагы жезкемпир” баянын экрандаштырып, анан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына көчөт. Арийне, маалында даңкы эбегейсиз дүңгүрөгөн калемгердин мурун-соңгу тасма тилине “которулган” повесттерине кайталап кайрылат. Муну менен Бакебиз жазуучунун көөнөрбөс прозасын элге кеңири жеткирүүгө, жайылтууга белгилүү салым кийирип гана тим калбастан, киноөндүрүштүн жүрүшүндө классиктин өрнөгүн өздөштүрүп, анын өнөрканасынын сырларын илик-жиликтеп үйрөнгөн сыяктуу.

Режиссёрдун чыгармачылыгынын туу чокусу, албетте, “Борондуу бекеттин” эки сериялуу киноверсиясы. Фильм казактын сарталаасында, кыргыз-казактын таанымал актёрлорунун катышуусунда казак тилинде тартылган. Токсонунчу жылдары Берлиндеги эл аралык кинофестивалдын кадыр-барктуу байгеси –“Алтын камерага” арзыган. Россиялык, Казакстандык атактуу кино сынчылардын жанагы кинокартина тууралуу гезит-журналдарга, монографиялык изилдөөлөрдүн беттерине жазган жылуу баа, пикирлери бар.

Бакең ошондо көктөм жаздагы кара жамгырдай төгүлүп, коңур күздөгү ак пахтадай ачылганбы дейм. Анан калса, майда-чүйдө мансапкор, нигилист, демогог Сабитжандын ролун тикелей ойноп, режиссёр, сценарийчилигине кошумчалай актёрлук чеберчилигин таамай тастыктаган.

Эки миңинчи жылдардын ортосунда эсе романдын маңкурт сызыгын көркөм фильмге айлантты. Ал жолкусунда деле демейдегидей казак-кыргыз аралаш, кудум Чыңгыз Төрөкуловичтин оюндагыдай кадам жасады го.

Эгемендик доорунун башатында, баса, кинобуз каржылык жактан кыйла кыйноого тушукканы маалым. Эмелеки эки шедевр базар экономикасынын шартында, демөөрчү, сүрөөнчүлөрдүн басымдуу жардамы аркылуу жаралганын жашырып не!? Агезде Бакыт байкеңиз көпөстөрдү ( ракматынын төл сөзү) “аке-жакелеп”, акча өндүрүп, жаңы кесиптин, продюсерликтин эки тизгин, бир чылбырын чогуу чоюуга аргасыз эле. Баягы өп-чап мезгилде Бакенин “Какелигин” баарыбыз байкаганбыз.

Бакыт Карагулов акыркы чейрек кылымдагы кыска метраждуу, даректүү фильмдеринин көбүн менчик демилгеси менен бүтүрдү. Кээде, ыңгайына жараша, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үзүрүн да көрдү шекилдүү...

Ырас, мындан ары режиссёрдун кайсы чыгарманын үстүнөн иштеген чакта кандай азап чеккенине, канча мээнет коротконуна кызыккандар кезиксе, чанда кезикмектир. Азыркы жана болочок муундар Бакыт Карагуловдун унутулгус ысымын, инсандык, жарандык эрдигин ал түптөп-түзгөн эстетикалык дөөлөттөрдөн, башкача айтканда, чоң-кичине фильмдерден таанып-билишет.

Ушурекидей ашкан абырой, айтса, ар кимдин бешенесине бүтпөс-ов!

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
По теме
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

17-09-2020
Плато в Ала-Тоо
187

01-08-2020
Дети делают ход
528

20-07-2020
Чехов и череда чувств
406

20-07-2020
Чехов и череда чувств
439

17-07-2020
Памяти Адинай
456

06-07-2020
Строфы надежды
467

04-07-2020
ЧУНКУРЧАК
556

25-06-2020
Эки этюд
747

08-06-2020
Встреча с Айтматовым в Люксембурге
617

18-05-2020
Откровения обыкновенного верующего
615

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×