Добавить свою статью
6 Октября 2020
Кыргыз чыгармачыл интеллигенциясынын кайрылуусу

Урматтуу мекендештер!

Өлкөдөгү системалуу кризис мамлекетибизди өтө оор кырдаалга алып келди. Бүгүнкү кунү Кыргызстандын мамлекет катары тагдыры, суверендүүлүгү, көз карандысызыдыгы кооптуу кырдаалга келип, мамлекеттин келечеги бүдөмүк бойдон калууда. Бул кырдаал ар бир жаранды, мекенчили духу бийик инсандарыбызды ойлонтуп, өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабай турган тагдыр чечер учур. Өлкөнүн баалуулуктары менен дөөлөттүн сактап калуу баарынан маанилүү, баарынан жоопкерчиликтүү.

Кыргызстанды революциялык жол менен эмес, мыйзамдуу жана эволюциялуу жол менен гана сактап калабыз. Саясий амбициялар, кайсы бир топтордун кызыкчылыктары, революциялык маанайдын эйфориясы күчөп турганда, биздин башкы милдетибиз өлкөнү сактап калууда турат. Кыргызстанды амбициялардын курмандыгына берүү, демек анын тагдырына кайдыгер кароо менен тете маселе. Биз, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү өлкөбүздүн тагдырына тынчсыздануубузду билдирүү менен, жүрөгүбүз ооруп тургандыгын ачык айткыбыз келет.

Өлкөнүн тагдыры көчөдө чечилбеши керек, өлкөнүн тагдыры терең ой-жүгүрткөн, улуттук дөөлөттөрдүн бийиктигинде чечилиш керек деп ойлойбуз. Мамлекет өтө оор кырдаалда турганда бизге көчө демократиясы эмес, бизге мыйзамдуу талаанын негизинде чечилген, реалдуу , лигитимдүү бийликтин орношуу зарыл. Бийлик бутактарына өлкөбүздүн коомдук-саясий жана социалдык проблемаларын терең түшүнгөн, анын чечүү жолдорун билген реалдуу адамдар, өлкөгө күйгөн таза личносттор керек. Кайрадан эле баягы эски чапанды кийип, бийликке умтулган адамдар өлкөгө кыпындай пайда алып келбейт.

Ошондуктан, мындай адамдардын бийилик бутактарына келиши өлкөнүн кайра жаралуусуна, тез аранын ичинде экономикалык кризистен, саясий стагнациядан чыгып кетүүгө өбөлгө жаратат. Андай масштабтагы инсандар бар, алар эч качан саясий трибунага чыгып жулкунбайт, өтө прагматикалык ой-жүгүртүү , кырдаалды түшүнүү менен кризистен чыгуу жолун ар тараптуу билген, реалдуу кадамдарды жасай алган өлкөнүн саясий кризис-менеджерлери керек.

Азыркы күндө ким кыргыз өкмөтүн жетектейт, ал кызматка ким татыктуу деген суроо өтө курч турат.

Биз, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү кыргыз өкмөтүн жетектеп, аны бүгүнкү кризистен алып чыгып кете турган кесипкөй адамды билебиз. Ал – Жеңишбек Байгуттиев. Тажрыйбасы күчтүү, мыкты экономист, аналитик, макро-микро экномиканын өзөгүн билген, кыйын кырдаалдан алып чыгууга жөндөмдүү. Эң башкысы мекенчил жана мамлекетчил инсан. Эч качан, эч убакта мыйзам бузууларга аралашпаган, көкүрөгү таза патриот инсан.

Жалпы эле чыгармачыл адамдардын атынан Жеңишбек Байгуттиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына татыктуу деп эсептейбиз жана сунуш кылабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×