Добавить свою статью
28 Декабря 2020
Өлкөнү башкаруунун президенттик формасы жөнүндө азыноолак сөз

2021-жылдын 10-январында өлкөбүздүн аймагында эн чоң саясий компания – өлкөнүн президентин шайлоо жана мамлекетти башкаруунун бир формасын тандап алуу вазийпасы элибиздин алдына коюлган. Бул күнү кимди өлкөнү башкарууну жана элибиздин өсүп-өнүгүү тагдыры дагы бир мөөнөткө кимдин колуна тапшырылат, кандай инсан президент болот, президенттикке ат салышып жаткан он сегиз кандидаттын кимисинин саясий жылдызы жанат, карапайым калктын камын ким көрөт, аны эл чечет, элдин каалоосу ишке ашырат, себеби Кыргызстандын негизги мыйзамында (Конституция) бийликтин ээси – эл деп жазылган.

Бүгүнкү өлкөбүздө орун алган саясий, экономикалык оор кырдаалда бийликке келген инсан элин сүйгөн, мекенчил, кара кылды как жарган калыс, өлкөбүздү коррупциянын сазынан сууруп чыга турган, чечкиндүү, кыргыз элинде алмуздактан айтылып келе жаткан “туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген сөзгө татыктуу, колу да, дили да таза, кыргыз эли, кыргыз жери үчүн күйүп жанышы абзел. Кыргыз бийлигинин эң бийик, жогорку сереси мына ушундай адамга буйруп калгысы бардыр. Жараткандан тилегибиз ушул.

Биздин айталы деген сөзүбүз, оюбузду бөлүшөлү деген маселе – мамлекетти башкаруунун кайсы формасы өлкөбүздүн тагдырын жакшы жакка чече алат, өлкөбүздө саясий жана экономикалык туруктуулукту камсыз кыла алат, элибиздин жашоосунун социалдык жана экономикалык көйгөйлөрүн оң нукка сала алат. Кеп ушул багытта жүрмөкчү.

Эгемендүүлүктүн отуз жылдык жаш тарыхында, саясатчылар белгилегендей, элибиз мамлекетти башкаруунун президенттик, парламенттик, аралаш (президенттик – парламенттик) башкаруу формаларын башынан кечирип келди. Мамлекетти башкаруунун тигил же бул формасынын артыкчылыктарын, кемчил жактарын теориялык жана практикалык жактан талдоо, көрсөтүү жана аныктоо саясатчылардын, саясат таануучулардын, серепчилердин жана тарыхчылардын иши. Булар дагы эки – үч топко бөлүнүшөт. Биринчи топ башкаруунун президенттик формасын жактаса, экинчиси – парламенттик башкаруунун келечектүүлүгүн айгинелесе, үчүнчү топ башыбыздан өткөн мезгилде аралаш – президенттик – парламенттик башкаруу басымдуулук кылганын белгилешет.

Бир топ серепчилердин белгилөөсү боюнча, бийликке келген президент бийлик жүргүзүүсүнүн бир аз убактысы өтпөй, бийликти “узурпациялап”, жеке бийлигин түптөө менен тегерегиндеги кошоматчы, жараматтангандардын курчоосунда калып, өзүнүн кантип “ажыдаарга” айланып калганын сезбей дагы калат. Ал бийликтин бардык рычактары бир колго топтолуп, мамлекеттик аппарат анын оозунан чыккан сөздү аткаруунун камында болот, өнүгүүнүн альтернативдүү жолдору көмүскөдө калат.

Экинчи топтогу серепчилер парламенттик башкарууда кабыл алынган чечимдер жана анын аткарылышын көзөмөлдөө солгундугун, төмөндүгүн белгилешет. Жогорку Кеңешти түзгөн фракциялар эч жерде жазылбаса дагы мамлекеттик аткаруу бийлигинин портфелдерин өз ара бөлүштүрүп алышып, алар тарабынан сунушталган, кандай принципте “тандалганы” белгисиз, дараметсиз кадрлар башкарган тармактардын абалына жоопкерчилик жокко эсе.

Натыйжада, экономикалык жана социалдык абал үчүн жетекчи кадрларды “таап” келген фракция, же аларды бекиткен президент жоопкерчилик тартпайт, жеңил жол – өкмөт башчы жана өкмөт “садага” чабылат. Мисалы, эгемендүүлуктүн отуз жылында отуз өкмөт алмаштырылды. Бир же бир жарым жыл иштеген өкмөттөн эмне майнап чыгат.

Талдоочулар Кыргызстан де-юро парламенттик башкаруудагы өлкө болгону менен, де-факто президенттик-парламенттик башкарууда экенин айтып келишет. Ал тургай президенттик супер күчтүү бийлиги тууралуу да талкуулар бар.

Жогорку Кеңештин экс – депутаты А. Шыкмаматов мындай дейт: " Саясатта башкы скрипканы азыр президент ойнойт. Ошол эмне эч кимге белгилүү эмеспи. Эч кимден көз карандысыз, элден мандат алып келген күчтүү премьер-министр болгондо парламенттик башкаруу болот. Бизде бүгүн президенттик башкаруу",

Социалдык тармактагы сурамжылоолорду карап көрсөк, мамлекетти башкаруунун президенттик жана парламенттик формалардын жактоочуларынын үлүшү негизинен бирдей деңгээлде, бир аз гана президенттик формага оодугураак.

Мен саясатчы эмесмин, бүткүл өмүрүмдү айыл чарбасына, анын ичинде мал чарба илимине арнаган карапайым адам, окумуштуу катары, жеке пикиримде, эгемендүүлүктүн отуз жылдык тарыхында башкаруу формаларынын ар кандай оош – кыйыштарын, бийлик сересине жеткен саясатчылардын саясий аренадагы оң жана терс кыймылдарын салмактап көргөндө, өлкөбүздү бүгүнкү саясий – экономикалык туңгуюктан алып чыгуунун альтернативдүү жолу катары мамлекетти башкаруунун президенттик формасына оң басым жасаса болорун белгилегим келет.

Президенттик башкарууда президенттин бийлигин ырастоонун негизги өзөгү – мамлекет башчысы түз же кыйыр шайлоо жолу менен эл тарабынан шайланып, бир эле мезгилде өлкөнүн жана аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналат.

Бийликтин “эки тизгин, бир чылбыры” колуна тийген адам өз өлкөсүнүн патриоту болуу менен таза, адептүү, кечиримдүү, маданияттуулуктун жогорку үлгүсү, пейили ток, калыс, чынчыл болуусу айкын. Президенттин жеке жоопкерчилиги өлкөнүн баш мыйзамында ачык, айкын көрсөтүлүшү керек. Мисалы, Америка Кошмо Штаттарынын 1787 – жылдагы Конституциясында “аткаруу бийлиги Кошмо Штаттардын Президентине берилген” деп жазылган. Аткаруу бийлигин ишке ашырууда мындай кадам башкаруудагы компетенттүүлүктү ашыкча кайталоону жана атаандаштыкты четке кагат.

Жогоруда белгилегендей, мамлекеттин да, аткаруу бийлигинин да башына келген инсан оперативдүү башкарууну камсыздоо үчүн президенттин жана өкмөттүн аппараты бириктириши зарыл. Мындай болгондо, биринчиден, тез жана ыкчам башкаруу камсыз болот, экинчиден, мамлекеттик органдарда бири - бирин кайталоо (дублирование) жоголот, үчүнчүдөн, натыйжасыз иш кагаздар “агымы” азайып, эффективдүү башкарууга жол ачылат.

Адатта, өлкөнүн башына келгенден кийин президент алгач өз “командасын” түзүүгө киришет. Ачыгын айтканда, президенттин кадр саясатындагы “иттин өлүгү” мына ушул жерде “катылган”. Өң – тааныш, куда – сөөк, урук – туугандарды, “жеке берилгендерди” издебей, “колу” таза, билимдүү, кесипкөй адамдар “команданын” өзөгүнө конкурстук жол менен тандалып алынышы зарыл.

Баса белгилеп кетчү нерсе – жашоодогу жана кесиптик практикалык көп жылдык тажрыйба менен жаштык жигерди айкалыштыруу кадр тандоонун жана тарбиялоонун негизги принциптеринен болуусу шарт. Биздин өлкөбүз Кыргызстан – көп улуттуу, анда сексенден ашык улуттун өкүлдөрү жашашат жана мамлекетибиз аймактардан турат. Ошондуктан, кадр тандоодо улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, сыйлоо жана аймак аралык карым – катнашты бекемдөө принциптери дагы эске алынышы зарыл.

Дегеле, кадрды тандоо жана тарбиялоо этияттуулукту жана көп баскычтуулукту талап кылат.

Асанбек Ажибеков, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин кафедра башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×