Добавить свою статью
4 Января 2021
Жаны жылда жаныланууга бараткан Кыргызстан!

Кыргызстан бир чон дуйного барабар. Эмнеге? Анткени бир четин эле алсак, бул кичинекей олко бир нече жылдарда башынан, бир эмес - уч революцияны откорду. Казыр деле ошол акыркы революциянын илеби менен жашап жатат. Эмнеге деп кайра суроо берсе, айтат элек – астыда чон чечиле турган меселелер турат.

Биздин мамлекет эгемендуулук алганына быйыл отуз жыл болот. Кантип ошол эгемендуулукту алганын деле, оз козу менен коргон кишилер дале тируу. Ошол биринчи жылдарда биздин тунгуч президентибиз жакшы иштесесе, копчулук элге кайрымдуу болсо, кичине ач коз болбосо, балким биринчи революция болбой, озу деле чет жакка, качпайт эле.

Канча эбегейсиз оокаттар бар эле ошол убакта олкодо, аны дагы оз козу менен коргон кишилер дале тируу. Баарыбыз ошол биринчи президентке ишенгенбиз! Бирок адамдар ар кандай болот турбайбы. Эч ким тана албайт отуз жыл мурун, олкодо коп каражаттар мол болуп турганын. Бирок ит бекер баары сатылбадыбы. Олкону тоногондор деле дале тируу.

Бирок ошол, отуз жыл мурун айыл жергесинде ким колтойгон дубал курчу эле оз короосун жаап, башка элден? Бир жакка кеткенде уйдун каалгасына чырпыкты эле сайып кетчу эмес беле? Ошондой болчу, ким билбесе, озгочо азыркы жаштарга мааалымат. Ал убакта коррупция деген ажыдаарды эл уккан эмес, ОПГ деген жанылык деле жок эле. Ошол жашоону коргондор азыр деле тируу.

Анда эмне учун казыр башкача болуп калды? Балким биринчи президентибиз буга кунолуу? Ошол киши убагында кыргыз элинин пейили бузула баштагандыр? Ал ажобуз айтпадыбы беле, ар бир талапкер акча берсе акчасын алгыла, беш бармагын жегиле, бирок озунчо - оз эркинер менен добушунарды бергиле деп. Анда эмесе акчага добушун саткан, ошол кундордон башталган окшойт.

Ат - тин ай добуш саткыла деп, балким ошонун айынан озу башка олкого уй – булоосу менен качып чыккандыр. Ошентип биринчи президентибиз чет мамлекетке качты. Андан кийин экинчи президентибиз дагы башка олкого баш багып жашоо тапты. Айтор качкан президентер кайра оз жерине келе албай кор болуп журушот. Озулору менен кыргыз жерин алып кача албайт турбайбы. Бектер кетет – бел калат, деп кыргыздар илгертен айтканын унутпайлы.

Казыр деле кыргыз жеринде жашагандардын астында чон суроо турат. Кыргызстан болочокто кандай - кайсы президент менен жашайт, же парламент менен жашайбы деп. Эл ичинде сурай келсек, копчулук президенттен башкаларды коп тааныбайт экен. Анткени президентти эл шайлайт, ошон учун аны элдин баары билет. Эмне иштегенин дагы баары корот. Ал эми парламентти дагы эл шайлайт, бирок эмне кылып жатканын эл анча билбейт экен. Эл билиш учун парламент президентке тете болуш керек окшойт.

Кайсыл бийлик кыргыздарга жакынырааак, президенттик би - же парламенттик би? Президенттик бийликте биз жыйырма жыл жашадык, ал эми парламенттик бийликте акыркы он жыл жашадык дейт. Президентибиз бир киши, парламентибиз жуз киши. Бир жагынан бир кишини баккан оной, жуз кишини багыщ кыйын. Экинчи жагынан бир киши жанылса озу жооп берет, ал эми жуз киши жанылса жузоо жооп береби?

Бирок кыргыздарда бир кеп бар, копчулук менен акылдашып иш жасасан эч жерин кокустабайт деген. Казыр дагы кыргыз элинин копчулугу чече турган маселелер алдыбызда турат. Кантип чечет, эмне кылып чечет, ал дагы элдин колунда. Анда ойго кайра эле бир нерсе келет - алданба жана сатылба деп биздин мурунку президенттерибиздин айтканы. Азыр деле алдыда дагы бир чон чечим турат – абайлап, жети олчоп келечегинди танда Кыргызстан!

Курманбек Иманалиев

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

27-11-2023
Надо менять приоритеты на выборах, тогда люди поверят и придут на выборы
9979

24-11-2023
Жить стало хорошо по отчету нашего Кабмина
10481

24-11-2023
Наконец узнали, как же пройдет железная дорога по Кыргызстану
10385

24-11-2023
Нацбанк тоже думает о стране или долг платежом красен
10192

23-11-2023
Питьевую воду хотят продавать жителям по себестоимости
10333

22-11-2023
Мест в детских садах мало, да и в школах, возможно
10471

21-11-2023
Хотим и у себя достаток овощей и молока
10650

20-11-2023
Активность банков и ВВП страны
10636

17-11-2023
Кредиты на тепломагистрали, а собранных с граждан мало
10580

13-11-2023
Когда мы узнаем год рождения праотца Манаса
11203

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×