Лөлүлөрдүн айылы облустун башка айыл-кыштактарынан эч айырмасы жок, Чатырлары ак шифер менен жабылган стандарттуу үйлөр, түз көчөлөр, ар бир үйдө электр жарыгы, телевизор, мобилдик байланыш. Жаңы-Кыштакта орто мектеп да бар, анда 500гө жакын окуучулар билим алышат. Жарык жана чоң класстарда мектеп формасын кийинишкен, жарык жүздүү кадимки эле балдардан эч айырмасы жок окуучуларды көрүүгө болот.
Бирок, айыл башчысы Руслан Уриновдун айтымына караганда алардын тең жарымынын туулгандыктары жөнүндө күбөлүктөрү жок. “Анткени Жаны-Кыштакта медициналык кызматкерлердин жетишсиздигинен аялдардын көпчүлүгү үйдө төрөшөт да,балдарына күбөлүк берилбей калат, - дейт Р.Уринов. -Анын үстүнө биздин ата-энелердин көпчүлүгүнүн паспорттору болгон эмес. Ошого байланыштуу балдары төрөлгөндө да документ ала алышкан эмес”.
Бирок, айылдын эли балдарынын мектепке бара баштаганына сүйүнүп жүрүшөт. Анткени, билимсиз жаркын келечек болбосун түшүнүп калышты. Айылдык мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен жогорку окуу жайларда билимин уланткандар да бар. Ата-энелердин балдарды окутууга кызыгуусун мектеп администрациясы да колдоого алууда. Көпчүлүк балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн жоктугуна карабастан 1-класска кабыл алган учурлар көп.
Мектептин мүдүрү Гүлчехра Абдуллаеванын маалыматына караганда, азыркы учурда мектепке тартылган 544 баланын 245инин күбөлүктөрү жок. «Мен бул балдарды биздин мектепте көргөнүмө аябай кубанам. Анткени, алар документи жок болгондуктары үчүн күнөөлүү эмес. Ошондой эле биздин өлкөдө ар бир баланын билим алууга укугу бар”, - деди Г.Абддуллаева.
Жаңы-Кыштак айылынын башчысы Руслан Уринов билдиргендей, бул айылда элдин маалыматынын аздыгынан документи жок бүтүндөй муун жаралды. Ал тургайкээбирадамдар документ алууга да аракетжасашканэмес. “Мен эл мененжолугушканда документ дегенэмнеэкенинтүшүндүрүшкөаракеттенем. Көчүп-конупжүргөнтурмушунабайланыштуукөбүндө паспорт жокжанабалдарына документ алууүчүн да кайрылышканэмес.Бирок, азырабалкыйлаөзгөрдү. Адамдар документ алуунукаалашат, аларгабулжөнүндөтуурамаалыматжеткирүүжанаколдоокөрсөтүүкерек”, - депкошумчаладыР.Уринов.
Ал белгилепкеткендей, азыркы учурда айылдын элине документ алууга БУУнун качкындар менен иштөө боюнча Башкы комиссариатынын долбоору менен “Чек арасыз Фергана өрөөнүнүнюристтери” коомдук бирикмеси жардам берип жатат.
Бул коомдук бирикменин жетекчиси, БУУнун долбоорунун өнөктөшү Азизбек Ашуров мындай дейт: “Документсиз муундун жаралышынын негизги себеби: Биринчиден бул - СССР таркагандан кийин көп адамдарды нпаспортторун алмаштырбай, атуулдуг ужок калышы. Экинчиден, түрдүү өлкөлөрдүн мыйзамдуулугу бири-бири менен шайкеш келбейт. Адамдар бир өлкөдөн экинчи өлкөгө которулушуп, же турмуш курушуп, натыйжада өз өлкөсүнүн атуулдугун жоготушат да, кайра калыбына келтире албай калышат. Үчүнчүдөн документ алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктар.
Өздүктү аныктоочу документсиз саламаттыкты сактоо, билим, социалды кжөлөк пулдарды алууга, ишке орношууга жана башка кызматтардан пайдаланууга мүмкүнэмес.
“Жаны-Кыштакта жашашкан 3,7 миң адамдын 30-50 пайызы акыркы 35 жылдын нары жак, бери жагында Кыргызстандын, же башка өлкөнүн атуулу экендигин тастыктаган документке ээ болбой келишкен, - дейт А.Ашуров, - Айылдын кээ бир улгайган тургундары ушул убакка чейин СССРдин паспортторун алып жүрүшкөн.
Бул айылда жашоочу Муножат Орокова кырк жашка чыкканда гана жакында кыргыз атуулдуук паспортуна ээ болду. Анын ата-энесинин да документтери жок болгондуктан, паспортту бир топ кыйынчылык менен алды. «Мен күйөөгө чыкканда паспортумдун жоктугунан жолдошумдун ата-энесинин кызы катары каттоодон өткөрүшкөн. Быйыл мен кырк жашка чыкканымда гана документ алып сүйүнүп турам. 8 баланы төрөдүм, анын ичинен экөөнү гана төрөт үйүндө көз жардым, калгандарын үйдө. Бир да баламдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү жок”, - дейт Муножат.
Коомдук бирикменин юридикалык көчмө клиникасында Муножатка окшогон көптөгөн айыл тургундары туулгандыгы тууралуу күбөлүк баланын өздүгүн аныктай турган жана көптөгөн социалдык программаларга жол ачып, эң негизгиси паспорт алууга керек болуучу документ экенинен кабардар болушту. 36 жаштагы Кория Урманова да паспорт алуу үчүн кандай документтерди даярдоо керектиги боюнча юристтерден кеп-кеңеш алды.
Анын айтымына караганда ата-энеси эрте өтүп кеткен. Паспорт алуучу куракка жеткенде гана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн жоктугун билип жүрөт. Документсиз паспорт да алалбады.Андан кийин турмуш куруп, алты баланын энеси болду, бирок балдарынын баарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок эле.
“БУУнун долбоорунун шарапаты менен балдарымдын улуусу 12 жашка чыкканда гана күбөлүк алдык. Эми акырындык менен калгандарына да аламын деген үмүттөмүн”, - деп кубанычын бөлүштү Кория.
Белгилеп кете турган нерсе, БУУнун качкындар менен иштөө башкы комиссариатынын аттуулдугу жок адамдарда колдоо көрсөтүүчү долбооруна Жаны-Кыштак айылы камтылгандан бери жети адам советтик паспортторун жаны үлгүдөгү паспортко алмаштырды. Отуз төрт балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынды. Андан тышкары чыр-чатактарды жөнгө салуучу комиссия тарабынан 31 адамдын өздүгүн аныктоочу оң чечим кабыл алынды, ал эми соттун чечими менен 14 баланын туулгандыгы катталды.
Жаны-Кыштак айылынын элине укуктук жактан жардам берүү иштери мындан ары улантыларын билдиришти БУУнун өкүлдөрү. Анткени, акыркы 20-30 жылда пайда болгон паспортсуз жана туулгандыгы тууралуу күбөлүксүз муундун негизги көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү бийлик жана атуулдук коомдун өкүлдөрү менен биргеликте көп күч-аракетти жумшоо талап кылынууда. Эң негизгиси айылдын элинин укуктук аң-сезими ойгоно баштады.
Буга биз дагы күбө болдук. Ушул жылдын 8-октябрында айылга келген укуктук көчмө клиникага кеңеш сурап кайрылгандар өтө көп болду. Ал эми орто жашка чейин эле өздүгүн аныктоочу жарандык документсиз жашап келишкен аял-эркектердин колдоруна паспорт тийгендеги кубанычтары чексиз эле. Алар эми өздөрүн Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жараны катары сезип, көңүлдөрү көтөрүлгөнү байкалат. Ал эми айылдын жаштары спорт машыгуучу залдардын, аянтчалардын курулушуна жардам берүүнү өтүнүшөт. Алардын бул каалоосу табигый эмеспи.