Добавить свою статью
29 Января 2021
Америка жана биз

Парламент Американын алгачкы тарыхында, априори эң күчтүу мамлекеттик орган болуп түзүлгөн. Мындан негиздөөчү аталар, бийликтин мыйзам чыгаруучу тарабына ооп кетишин болтурбоого аракет кылышкан.

Мындан Конгресстин компетенцияларынын чектерин аныктоо келип чыгат да, конституцияны түзүүчүлоөр катуу тартипте белгиленген гана полномочияларды бекитип беришкен. Бирок полномочиялары абсолюттуу чектелген деп кароого болбойт. Конгресс полномочияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ылайыктуу мыйзамдарды чыгарууга укугу бар. Өкмөт да бул укука ээ. Кеп федералдык бийликтин бүткүл механизимдери жөнүндө болуп жатат.

Көрсөтүлгөн Конституциялык норманын негизинде, мүмкүн болуучу Конгресстин полномочияларынын доктринасы иштелип чыккан. Демек, Конституцияда түздөн-түз көрсөтүлбөгөн эске алынуучу жагдайлар. Бул концепция 1819-жылы Маккаллочтун Мэриленд штатына каршы иши боюнча сот макулдук берип, АКШнын Жогорку соту тарабынан расмий түрдө таанылып, Конгресстин бардык мыйзамдык чаралары, максаттарга жетүүдө, Конституциянын тамгаларына гана эмес духуна шайкеш келсе, Конституциялуу болуп саналат.

Конгресстин полномочияларын аныктоодо оң жана терс жактарды шайкеш кылып, концепциядагы мүмкүн болгон полномочияларга мүнөздөмө берсек, анын компетенциясы салыштырмалуу чектөөгө ээ. Бирок анын түздөн-түз аткара турган функциялар бар. Финансы чөйрөсү; Конгресс, Американын бардык аймактарында, бирдей көрсөткүчтөгу налогдун бардык түрлөрүн чогултууга, мамлекеттик чыгымдардын көлөмүн аныктоого, финансы операцияларын жүргүзүүгө, акча эмиссиясы, валютанын баасын тартипке салууга мамлекеттик баалуу кагаздарды, акча, тыйындарды жасалма жол менен чыгаргандарды жоопко тартууну бекитүүгө укуктары бар.

Бирок 1921 жылдан баштап бюджетти даярдоо, кийинчереек ири финансылык билл (киреше, чыгаша) түзүү аткаруу бийлигине тапшырылган, демек бул маанилүү областагы мамлекеттик башкаруу демилгеси Президентке өткөрүлүп берилген. Анткен менен Конгресс айрым реалдуу таасирлерин сактап кала алган.

Аткаруу бийлиги тарабынан талап кылынган финансылык билл көбөйтүү же кыскартуу ,ассигнацияны токтотуу, аягында маанисин өзгөртүп, талап кылынган ассигнация көлөмү максаттарга жараша каралат.

Сот бийлиги чөйрөсүндө Конгресс федералдык сотторду түзгөнгө укугу бар. АКШнын Жогорку сотун түзгөнгө укугу жок. Анын турушу конституциянын өзүндө каралган. Муну менен катар Конгресс артка кайтуучу мыйзамды кабыл алууга, бир штатка артыкчылык берип, башка штатты көз жаздымда калтырууга (соода кылууда, балык уулодо ж.б.укугу жок) Адам укугу жаатында соттун чечимисиз чара колдонууга да Конгресс укуктуу боло албайт. Акт Конгресстин мыйзамы болуп саналат. Конгресс Конституция талаптарына ылайык өзүнүн компетенциясына жараша резолюция, билдирүү ж.б. документтерди кабыл алат.

Биргелешкен резолюция өзгөчө мааниге ээ. Палаталар аны мыйзам чыгаруүда, өзгөчө учурда же экинчи катардагы маселени чечүүдө норма орнотуучу мааниге ээ катары колдонушат. Андыктан, Конституция - мыйзамдарга тийешелүү, санкциялоо, промульгацияны таратып палаталардан өткөртөт. Биргелешкен резолюция мыйзам сыяктуу күчкө ээ. Мисалы, биргелешкен резолюция аркылуу Конститүцияга оңдоп толуктоолор киргизилет, же мыйзам мөөнөтүн узартуу чечими кабылданат. Мындан тышкары дал келген жана жөнөкөй делген резолюциялар кабыл алынат.

Акыркы эки резолюция биргелешкен резолюциядан айырмаланып, президенттин көңүл буруусуна муктаж эмес. Алар палаталардын ички иштерине тийешелүү.

АКШда Конституцияга өзгөртүү киргизүү башка мамлекеттерден айырмаланып, оңдоп, түзөө кошумча катары толукталат. Оңдоп, түзөө мурдагы тексттен кийин өзүнчө, хронологиялык тартипте ар бири өзүнө тийешелүү ирееттик сан менен жайгашат. Мисалы, адам укуктары, шайлоо укугу, мамлекеттик органдардын түзүү, уюштуруу ишкердигинин айрым маселелери, федерация менен штаттардын полномочияларынын карым-катышына байланыштуу регулировка кылуучу оңдоп түзөөлөр кошумчаланат. Оңдоо, түзөөлөр ар бир палатанын 2/3 мүчөсүнун добуштары менен кабыл алынат. Же болбосо легислатуранын демилгеси боюнча 2/3 штаттардын Конвенти-бийликти түзгөн органдын макулдугу.

Оңдоолор федералдык деңгеелде кабыл алынгандан кийин ал штаттар тарабынан ратификацияланат. Бизде Конвент сыяктуу бийликти уюштуруучу орган жок, андыктан аймактарда Конституциялык оңдоолорго баа берип, же ратификациялоочу легислатура орун албаган. Демек, Америкада бийлик жергиликтүү деңгеелде штаттарга да бөлүнгөндүктөн, уюштурулгандыктан өз алдынча чечим чыгарып, мыйзамдык деңгеелде иштей алышат.

Кыргызстан мындан үлгү алса болобу? Болот го... Администрациялык, аймактык реформаларды ишке ашыруу менен, ирилешкен райондорго өз алдынчалыкты уйрөтүп, борбоду карап отурбастан өз алдынча аракет кылуусун күчөтүү зарыл. Таң калаарлык нерсе Американын штаттарынын өз-өзунчө конституциялары бар. Бирок бул Баш мыйзамдын таламдарына жараша жазылат. Карама-каршылык жаратпайт.

Пандемия учурунда федералдык бийликтин көрсөтмөлөрүнө карабастан айрым штат жетекчилери коргоо чараларын жетишсиз деп өз алдынча программа кабыл алышты.

Дагы бир маанилүү нерсе, ошол эле Американын мисалында, Конгресс сессиясын январдын 3дө баштайт. Кызыгы Айбек Алиев деген кызматкер жигит биздин депутаттар ак үйдө отура бербестен шайланып келген жерлеринде журуп иштеп келишип, тажрыйба топтоо аркылуу мыйзам чыгара башташса натыйжалуу болот эле дейт. Бир чети туура министирлерди тизип, суроо жооп уюштуруп жыл бою ак үйдө отура берүү максаттарды деле ишке ашыра берген жок. Демек.жаңы шайланган депутаттар жер-жерлерде, сентябрдан жыл жаңырганга чейин иштеп келишсе, маселелерди изилдеп мыйзам чыгаруудагы кемчиликтерди көрүшмөк.

Дагы бир кызыгы Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү Кошмо Штаттардын стилинде киргизсек, мурдагы түзүлгөн конституция беренелери ошол эле бойдон конституцияда калтырылат да, жаңы баренелер иштей берет, бул конституция бузулбайт деген принцип.

Конституция үстөмдүгун орнотуу, баш аламандыкты жоюуга болгон эң чоң чаралардын бири болмок. Өлкөну Конституция башкарганда гана ири жетишкендиктерди жарата алабыз. Байден баарынан бийик Американын Конституциясы экендигин белгилеп, аны сакташ үчүн библияга колун коюп ант берем деди. Аллах үчүн дегендей кеп. Баарынан бийик кудай турат. Библия ыйык, бирок баарынан бийик Американын Конституциясы деп жатпайбы. Байден Америка Конституциясынын гана жоокери. Мына өз дининин фанаты. Ал конституцияны алдап, жеке байыганга эч качан аракет кылбайт Андвй кылуу жазаланууга алпарат.

Кыстара кетчү нерсе Конгресмендин кирешеси, иштеп баштаганда мурдагы кирешесинен ашып кетишине жол берилбейт. Конгресс мүчөлөрү 6 жылдык мөөнөткө шайланат да, ар бир эки жылда жаңыланып шайланат же төрт жылда мурдагылардан бир 15% калышы ыктымал. Жаңыланып иштөөгө шарт түзүлөт. Парламенттин полномочиялары оңдоп түзөөлөрдү киргизүүдө айкын так жазылышы шарт. Башка бийлик бутактарынын үстүнөн үстөмдүк кылууга жол берилбейт. Конституция үстөмдүгү гана орун алат. Парламенттин мыйзамдардын чегинде туура иш аракеттерди алып барышы, өлкөдө туруктуулукту жаратып, ыймандуулукту алып келет. Бул бардык бийлик бутактарына тийешелүу.

Биз Конституция атасы болгон Американын мыйзамдарын толук изилдеп чыгып, классикалык принциптерди өзүбүзгө алалы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

02-05-2021
Коркунучтарды болтурбоо...

31-03-2021
Күчтүү парламент
3363

17-03-2021
Бүгүн жана эртең
710

06-03-2021
Чек араларды мыйзам менен өзгөртүүгө болобу?
1149

22-02-2021
Импичмент
873

25-01-2021
Конституциядан үлгү алалы
585

14-01-2021
Президент
2396

09-01-2021
Курултай
1263

07-01-2021
Заман талабы!
1714

22-12-2020
Конституция 2
2076

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×