Добавить свою статью
15 Февраля 2021
Келечекке кызмат идеологиядан башталат

"Душман сүйдүрүп айтат,

Тууган күйдүрүп айтат"

Кыргыз накылы

Жерибиз түшүп талашка

Жети барак сөз жаздым.

Тегибиз түшүп талашка

Төгүнү чыксын деп жаздым.

Арам тамак жеген деп

Акылга сыйбас кас ойдон

Арылалы деп жаздым

Аруулукту, нарктуулукту

Арсыздарга, түркөйлөргө

Таанытайын деп жаздым.

(автордон)

Күчтүү мамлекеттин белгиси - мамлекеттин келечегине кам урган, мамлекетине (бийлигине) жана жерине (Мекенине) болгон элдин аң-сезимин, көз карашын керектүү нукта калыптаган күчтүү идеология!!!

Элдин Мекен менен болгон байланышын тарых жана аны менен айкалышкан элдин улуттук эс тутуму гана аныктайт.

Тарыхты бурмалоо - бул илгертен бери келе жаткан саясий ыкма: согуштун жеңүүчүлөрүнүн укугу катары, "тарыхты жеңүүчүлөр жазат", деген түшүнүк көндүм көрүнүш катары кабылданат.

Ак ийилет, бирок сынбайт, дегендей далай тарыхый бурмалоолор мезгилдин таразасында ачыкталып жатат.

Бул жагы жакшы.

Бирок эң маанилүү жагдай - тарыхый бурмалоолорду ачыктоодо элдин улуттук эс тутуму негизги курал экенин эстен чыгарбоо зарыл!!!

Бүгүн биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн негизин, пайдубалын бекемдеп турган жүйөөлөргө көңүл буралы.

Союз доорунда калыптанган пикир боюнча кыргыздар Орто Азияга эч тиешеси жок эле. Бир убакта Энесайда, Алтайда жашаган элдин бир бөлүгү бөлүнүп кетип, Орто Азияга келип отурукташып, өзүнчө эл болуп, ошентип биз, кыргыздар пайда болдук имиш...

Бул союздун саясаты экенин азыр биз түшүнүп калдык, ал кезде бир гана улуу эл болушу керек эле, калгандарынын тарыхтары бурмаланып, өздүгүн (идентификация) жоготуу кадимкидей максаттуу иштер менен коштолгон.

Өкүнүчтүүсү, ушундай пикирди азыркы окумуштуулардын көбү да карманышат. Себеби калыпка салынган аң-сезимден (стереотиптен) чыгуу - оңой иш эмес.

Бирок элдин эс тутумунда сакталган эң бир күчтүү жана негиздүү жүйөө бар эле, ошондуктан калың кыргыз эли Ала-Тоону өзүбүздүн Мекенибиз экенин жүрөгүбүз менен да, акылыбыз менен туюп, тутуп жашап келдик.

Ал биздин Манасыбыз. Манас дастаны - элдин тарыхы, санжырасы, жашоо жолу, турмуш тажрыйбасы, дүйнө таанымы жана тили, дили, айтор элди эл кылган улуу касиет!

Манастын кайсы вариантын укпа, окуба, Манас төрөлгөндөн кийин кыргыздар өз Ата-Мекенине Ала-Тоого кайтып келгени өзүнчө өзөктүү окуя болуп баяндалат.

Демек бул жер, Ала-Тоо (Орто Азия) башынан эле кыргыздын Мекени экени кыргыздын улуттук эс тутумунда бар болгон, жана да боло берет.

Союз тараганы илим улам өнүгүп, жаңы илимий ачылыштар тарыхтын улам "жаңы" барактарын ачыктап жатат. Алардын эң бир бизге аба-суудай зарылы - палеогенетика болду.

Бул илимий багыт кыргыздын улуттук эс тутумун жана эң маанилүүсү, Манастагы тарыхый негизди, Ала-Тоо кыргыздын Мекени экенин далилдеди.

Байыркы доорлордо Ала-Тоодо жашаган адамдардын сөөк калдыктарынан днк анализ жасалып, бүгүнкү элдердин кимиси ошол байыркы маданияттарды (андрон, тагар, ж.б.) түптөгөн элдердин (арий, сак, ж.б.) урпагы экенин аныкталды. Эң жогорку пайызды билдиргени Кыргыз эли болуп чыкты.

Бул 21-кылымдын илиминин так далили. Ушуну менен бул жердин, Ала-Тоонун талашы анык болду. Кыргыздын улуттук эс тутуму, Манасы эч кандай ойлоп тапкан жомок эмей эле, илим далилдеген жүйөө экени талашсыз.

Эми сөздү бүгүнкү саясатка буралы.

Дүйнө элдерине маалым болгон кытай элинин бир өзгөчөлүгү бар. Булар келечекке кам уруу жагынан алда канча алдыга озуп кеткени белгилүү. Кээ бир элдер саналуу жылдарды, же ондогон жылдарды эске алуу менен келечекке багыт алса, кытайлар жүздөгөн жылдарды алдын ала ойлоп, кадам ташташат.

Ошого далил, азыркы маалда чоң талашка түшкөн Жусуп Мамайдын варианты менен жазылган Манас дастаны.

Баса белгилеп кетчү нерсе, жазылган вариант.

Жусуп Мамайдын өзүнүн эскерүүсүндө, кытай өкмөтүнүн атайын буйругу менен, белгилүү өлчөмдө каражат маяна төлөп, Жусуп Мамайды Манас айттырып, атайын жазмакерлер анын оозунан чыкканын кагаз бетине түшүрүп, ошол эле убакта да бирөөсү жөн гана күбө катары көзүн албай, бул иштин жүрүшүн өзүчө эле көзөмөлгө алган желдеттей болуп жандап жүрүп, ошентип анан акырында китеп болуп басылып, кытай өкмөтүнүн кыргыздын Манасына ушундай "жылуу" мамиле жасаганына ошол кытайлык кыргыдар да, анан калса Ала-Тоолук кыргыздар да ушу күнгө чейин ыраазы болгону баарыбызга маалым.

Азыркы замандын өзгөчөлүгүн жана элдин заманга ылайык өзгөргөнүн биз өзүбүз, кыргыздар анча маани бербесек да, кытайлар эң сонун билишет жана ошого жараша иш кылат.

Муруңкудай эл аралап, Манас айтып, кыргыздын улуттук эс тутумун улам бекемдеп, улам бышыктаган иш-чаралар азыркы маалыматтык доордо жокко эсе десек деле болот.

Такыр жок эмес, Манас айтылып келет, бирок салыштырмалуу, башка маалыматтардын жайылып, элдин аң-сезимин калыптаганын карап, Манастын айтылышы өтө эле жетишсиз экени эстүү жанга белгилүү.

Азыр маалыматтар түрдүү ыкмада, кыска-кыска берилип, такай, үзгүтүксүз таасирин берип жатып, адамдын аң-сезимине үстөмдүгүн орнотууда.

Бул жаатта биздин мамлекеттик маалымат саясатында Манастын орду канчалык экени мүлдө кыргызга айтпаса деле, өкүнүчтүү.

Азыр айла жоктун амалы болуп, жок дегенде китеп түрүндө Манасты жайылтуу, окутуу багытында анча-мынча аракеттер болуп жатат. Ошондо да маселе-көйгөй жок эмес.

Эми кытайдын амалына көңүл буралы.

Кыргыз эли Манас укпай, Манасты окуганга аргасыз болгон мезгилде, кытай өкмөтү басып чыккан Манастын варианты жана анын башка тилге, болгондо да дүйнөлүк тилдин бири болгон, заманбап кыргыздардын илимий тили болгон орус тилине которулушу кимдир бирөөгө пайдалуу болот.

Ал вариантта да, котормодо да кыргыздын тарыхын бурмалаган, улуттук ар-намысыбызга шек келтирген, касиетибизди кемсинткен бурмалоолор бар.

Жогоруда айтылган Ала-Тоо кимдин Мекени деген талашты ырбатчу вирустар бар бул вариантта. Бул жер башынан кыргызга эмес калмакка тиешлүү деп, ал эми кыргыз өзү да калмактын бир бөлүгү деп айтылганы, кыргыздар жалпы элди кубандарган тойго качыр союп, той бергени - бул азыркы кыргыздын, өзүнүн улуттук баалуулугун толук кандуу тутпай, нарк-салтын жериген, элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыкты жогору туткан, куру намыска алдырган, арсыз жоруктарга барган, элдин мээнетин жеп, жерин сатканга барган, адам укугу деп улуттун намысын тебелеген, элдин биримдигинен жеке адамдын достугун өйдө көргөн, ж.б. пастыктарга барган маңкурт жана кайран "чала жан" кыргыздын аң-сезимине кумалактай эле кирип кетип чиритээри, же бүлүк салаары анык.

Бул идеологиялык согуш!

Маалыматтык согуш!

Бул элдин аң-сезимин ээлөө үчүн согуш!

Окурманга түшүнүктүү болуш үчүн, тактап кетчү сөз.

Жусуп Мамайдын адамдык жана манасчылык аброюна, касиетине шек келтирбейм!

Андайга барганга оюм да, ниетим жок!

Ал кишинин Манасты ыйык тутаарына эч ким деле шектенбейт. Мен дагы шектенбейм!

Маселе кытай өкмөтүнүн кылыгында!

Иликтесеңер, туугандар!

Маданий төңкөрүштүн мезгилинде кытайда, башка элди кой, кыргыздын эле эмне деген мурастарын жок кылышты, издеп, тинтип, тапкандарын өрттөп жок кылышты эле го.

Бул кытайга мүнөздүү жорук.

Дуңгандарды геноцид жасаганын эстегиле. Бүгүн уйгурлардын башын көтөртпөй, "оңолуу" колонияларында эстүүлөрдүн мээсин чайкап, аң-сезимин мамлекетти сүйүүгө тарбиялап жатышат. Бирок мамлекет уйгурдуку эмес да...

Маселенин баары ушунда жатпайбы...

Дүйнөлүк саясатта күчтүү мамлекеттерге өздөрүнүн таасирин берип, мыйзам чегинде, тынчтык жолу менен, мигранттардын күчү менен жерлерин ээлеп, экономикалык үстөмдүгү аркылуу саясатына кийлигишип жаткан кытай бизге боору ачып, жоголуп кетпесин деп Манасыбызды бекер эле каржылап, ЮНЕСКОнун деңгээлинде каттатып, китебин Кыргызстандык кыргыздардан ашыра үчилтик эмес 8 муунуна чейин бастырып бергенин талдап көрчү, кыргызым...

Бекер тамак аш болбойт, дечү эле бабалар!..

Бекердин тузу татыбайт...

Башкалар алып жайласа, кытай берип туруп, жайлайт!!!

Бүгүнкү биздин Манастын күйөрмандарынын мамилесине келели.

Убагында бүт академиктер биригип, калмактын вирусуна кабылган Жайсаңдын варианты менен жазылган Манас китебин соттотуп, экстремисттик багыттагы китеп деп чечим чыгартышты эле. Абдан кызуу талкуулар болду эле.

Манастын чоң апасы имиш деп, кайдагы индустар тараптан кербен менен келген Парвати деген бийчи аялды Ногой хан аялдыкка кантип алсын деп, Манастын классикалык варианттарында биринде да андай окуя кезикпейт деп, бул түздөн-түз Манастын тектүүлүгүнө шек келтирет деп, аябай намыстанган академиктердин жүйөөсү:

"Башкы атасы баары кан,

Башынан кызыр даарыган,

Түпкү атасы Түгөл кан,

Түбүнөн кызыр даарыган... "

деген классикалык Манастын саптары эле.

Ушундай вариантты Айкөл Манас деп китеп чыгаргандардын баарын кыргыз экенине шектенишип, булар өздөрү калмактар, демек кыргыздын душмандары, булардын китеби да душмандардын китеби деп абдан катуу айыптоолордун болгонун унутуу мүмкүн эмес.

Эми бери карай келели, Манасты ураан кылып, илимий негизде өзүнчө изилдөөгө муктаж экенин баса белгилеп,

Манас Академиясын ачып, аты улук академик, окумуштуулардын азыркы Жусуп Мамайдын вариантын классикалык варианттардын катарына кошуп жатканы, анан да жогоруда айтылган вирустар боюнча башкача үн катканы таңгалыштуу!!!

Башкача дегеним, ал вирус эмес, аны адабияттагы контекстин туура түшүнүү менен кароо керек, жада калса, котормо тууралуу, азыр ким кандай китеп жазса, өз укугу, биздин мамлекетте цензура жок, Манас Академиясынын ошондой авторлорго тыюу салуу укугу жок, деп билдиргени акылга сыйбай калды.

Классикалык варианттардын катарына кошконго укугу бар, а котормосу эмне болсо, ошо болсун, дегени мен үчүн түшүнүксүз болуп жатат.

Деги эле, баягы Жайсаңчыларды жайлагандай дем кайда, ошондогу дымак кайда, ошондогу ар кайда, намыс кайда???

Же анын баары Академияны ачтырып, кызмат алуу үчүн амал беле?..

Ушул суроолорго кимде жүйөөлүү жооп табылат?

Анан башкы маселе!!!

Акыркы жылдарда өкмөттөн, деги эле мамлекеттен жардам сурабай калган жаныбыз, аны ой тизмегинен деле чыгарып салганыбыз түшүнүктүү го...

Бирок да, үмүт деген өтө зор күч!

Үмүттүн күчү менен ишеним жаралат!

Ишенимден көп нерсе куралат!

Аягында айтаарым, ушул Манастын тегерегиндеги талаш-тартыш маселелерди жоюу, деги эле улуттук көрөңгөбүзгө, элдик наркка, улуттук идеологиябызга Мамлекетибиз акыры көңүлүн бурат деген зор ишеним бар!

Себеби, биз кыргыздар улуу тарыхы бар, Мекени бар, Мамлекети бар элбиз.

Келечекке кызмат кылсак, так ушул улуттук идеологиябыздан баштабаганга аргабыз жок.

Сүйдүрбөй, жагалданбай,

Күйдүрүп айттым, жетсин деп,

Чырылдап чычалабай,

Иликтеп талдагын деп.

14.02.2021.

Мелис Мураталиев, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×