Добавить свою статью
17 Марта 2021
Бүгүн жана эртең

Жаңы түзүлгөн баш мыйзамга , жоопкерчилик, аны түзгөн комиссияга жана парламент мүчөлөрүнө берилеерин, президент белгиледи. Парламент жана Комиссия олуттуу жоопкерчиликти сезе турган болушса, райондордо, областарда өкүлчүлүктөр тандалып ( легислатура,) жер - жерлерде ратификациялоону өткөрүү максатка ылайыктуу. Референдум аркылуу мыйзам дүңунөн өтүп кетет да, ийине жете талданбай калат. Кийин да айтып чыгышат президенттин айтканы боюнча жазганбыз деп.Америкада мыйзамдарды кабыл алганда, кошумча - алымчалар дал ошол аймактык өкүлчүлүктөр тарабынан жүргүзүлөт. Американын тарыхына кайрылып көрөлү. Американын Конституциясын иштеп чыгуу үчүн 25 май 1787 жылы Филаделфияда конвент чогулган.Ал 12 штаттын легистратураларынан келген 55 өкүлү болчу.Ар түрдүү концепцияны жактагандар өз ара күрөш жүргүзуп, бир - бирине жол бошоткондон кийин, ошол эле жылдын 17 сентябрында Конвент тарабынан бекитилип, 39 делегат кол коюшкан.Калган делегаттар иштөөдөн баш тарткан.Эртеси эле текст жарыяланып, Конгресске жөнөтүлгөн.Ал кезегинде ратификациядан өткөрүлүүгө .

..28 сентябрда штаттардын легистратураларына жөнөтүлгөн.Бул жерде бир нерсе байкалат мыйзамды түзүүгө партиялардын өкүлдөрү катышкан жок.Топтук кызыкчылыктарга.жол берилбеди.Дагы бир мисал Исландиядагы төңкөрүштө Конституция референдум аркылуу ишке ашырылды.Бирок анын астында You Tube каналдары аркылуу каутсорсинг түзүшуп 950 адам катышкан талкууда 3000 ашык сунуштар берилип, 370 оңдоп түзөтүүлөр киргизилди.Исландиялыктар мындайга эмне үчүн барышканын башка макалада айтылат.Бизде мындай жарандык активдүүлүк байкалбайт.Айрым партиялык өкүлдөр чыгып жатат, баш мыйзамды эл кабыл алаарын бурмалоого болбойт.Картага Кыргыз мамлекетинин тагдыры коюлуп жатат. Мен жогоруда мисалдарды келтирген себебим, Жаңы Конституциялык долбоордо күмөн жараткан беренелер да бар. Тез арада иштеп чыгууга мүмкун болбосо убакыт талап кылынат.Ага карабай май айында шайлоону өткөрө берүүгө болот. Мындай кырдаалдар дүнүйөлүк практикада болгон.Анын баары кийин Баш мыйзамга жазылат.Легислатура, Конвент биздеги курултайдын эле бир формалары.Америкадв жергиликтүү өкүлчүлүктөргө зор маани берилген.Биз дагы мына үшундай оң жолдорду кабылдайлы.

Жогорку Кеңеш тууралу 2 берененин 3 бөлүмүңдё Жогорку Кёңеш Мамлекеттик чек араларды өзгөртүү маселелерин чечет деп жазылган. Мен мурунку жарыялоомдо да бул жөнүңдө жазгам.Чек ара тилкелери мамлекеттин материалдык Конституциясы,аны өзгөртүүгө бир да бийлик бутагынын акысы жок. Аны бизге ата бабалар өздөрүнун кан тери менен жазып калтырып кеткен .

Эгер сырттан агрессия болуп,душман басып алса, чек ара тилкелери өзгөрүшү мүмкүн.Бирок андайга бүгүн жол жок.Цин империясын түзгөн Кыргыздар бүгүн да, Кытайда турат Алардын ДНК тестери Кыргыздар экенин окумуштуулар далилдеп жатышат.Зор аскер күчтөрү чек ара тилкелерине ООНдун егидасы астында туруп калышы ыктымал.Ошондой эле кандаштарыбыз Египетте,Туркия,Аравияда,Европада бар.

Дагы башка талаш жараткан беренел бар.Мисалы, Премьер министирди Президент дайындайт дейт.Президент өзү Премьер министир болуп саналат.Премьер министир, Президент менен кошо эпак эле шайланган.МИНИСТИРЛЕР кабинетинин башында Департамент директору туруш керек.Сөсүз вице Президент кызматы болушу зарыл.Мамлекеттик катчы менен вице Президент Мамлекет башчысынын эки канатындай .Бул эки жогорку мамлекеттик кызматкердин егидасы менен Президент мамлекеттик башкарууну ишке ашырып турат.Вице Президент ошондой эле Жогорку Палатанын башчысы болуп саналат.Добуш берүүдө, жогорку Палата менен төмөнкү палатанын добуштары бирдей болуп калса, вице Президенттин добушу чечүүчү ролду ойнойт.Дагы бир көңүл бура турган нерсе, Жогоку Кеңеш жөнүндөгу беренелердин биринде, Жогорку Кеңеш, Өкмөттүн отчетун угат, анын ишмердүүлүгун да сурайт экен.Бул эмнегедир эски убактагы райондук дэңгеелдеги Советтик системаны эске салат.Ал канча төл алынды,тоют камдалдыбы деген сыяктуу чарбачылык маселелер боюнча отчетторду угуу эле.Аны аткаруу бийлигинин жогорку инстанциядагы өкүлдөрү талап кылчу.Алар андан ары Мосвага отчет берчу. Бул акыры барып диктатурага айлангандыктан зор империя, саясий, экономикалык жактан урап түштү. Бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактап калуунун аракетинде болуп жатып, жогоруда көрсөтүлгөндөй методдорду колдонууга болбой тургандыгы түшунүктүү..Өткөн жылдары мыйзам чыгаруу бийлик бутагы, үстөмдүк кылып кеткендиктен,премьер министирлерди отуз жылдын ичинде отуз жолу алмаштырылды Дагы эле экономикалык көрсөткүчтөр төмөн.Эки президент качты,бирөө дагы азап чегүүдө.Өз полномочияларына ээ боло албаган прмьер министирлер да,терс жагдайларга кабылып,абакта жатышат.Бир депутат шектелсе, бир депутат Америкада качып жүрөт.Мындай көрүнүш бийлик системасынын солгун тартып бараткандыгын айгинелейт .Бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун сакталбагандыгы өлкөнү такай кризис авалына алып келүүдө.Жаңы долбоордогу премьер министир парламентке отчет берет дегени,мыйзам чыгаруучулардын аткаруу бийлигине үстөмдүк кылүуга болгон аракет катары кароого болот.Мындай отчеттуулук акыркы он жылдарда мамлекетти карызга батырды Албетте аткаруу бийлиги Конституциялык мыйзамдардын астында жоопкерчиликтүү, аны танууга болбойт.Ошондой эле эки палатанын өздөрүнө тийешелүү ар биринин өзүнчө функциялары жана милдеттери тагылган.Ошолор толук чагылдырылганбы деген суроону коёлу. Жогорку беренелерге, башкы соттун,анын ичинде Конституциялык палатанын чечмелөөсү талап кылынат.Аткаруу бийлиги да өз позициясын билдирсе кандай сонун болот эле.Андай болгондо алар парламенттин сессиясында экзамен берген окуучулардай болуп кысылып отурушпайт эле. Парламенттин, аткаруу бийлигин өзүнө жоопкерчиликтүү кылып басым көрсөтүшү, алардын иштөө жөндөмдүүлүгүн төмөндөткөнүн көрсөтүп турат.Кимдир бирөө каяша берсе..шылтоо менен кызматынвн алынат ал түгул соттолуп кетиши да ыктымал болууда..Жаңы конституциянын долбоорунда бийлик бутактарынын биринин үстүнөн болгон диктатурага жол берилбей тургандыгы өзүнчө берене менен берилсе.Мурда премьер министир жакшы адамдар кызматка келбей атат деп айтканы бар.Билимдүү жаштар ар кандай чочулоодон кызматкв баргылары келбей аткандыктарын айтышат.Иштөө жөндөмдүүлүктөрү өтө жогору жаштарды көрүүгө болот.Биз болсок минип жүргөн атын издеген апендидей болуп, иштегенге кадр таппай жүрөбүз.Жаңы долбоор ратификациядан өтө элек ошондуктан айрым толуктоолорду дагы киргизүүгө болот.Биз келечекте адамдык факторлорду болтурбоо үчүн,атайы программа киргизилген, мыйзам чыгаруучу робот депутаттарды, так эсептөөлөрдү жүргүзгөн, робот финансист, экономист, робот сотторду пайдаланат окшойбуз.Ушуну түшүнүп, баштап берип кеткен С.Жээнбековго,Сапар Исаковдорго рахмат ыраазычылыктар болсун.Бүгүнкү күндү гана эмес эртеңки келечекти да ойлонолу.

..

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
1042

11-12-2023
Соодадагы туннель
684

03-10-2023
Завод курулабы?
918

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1147

25-06-2023
Гравитация
1173

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1504

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
925

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1584

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
2009

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2300

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×