Добавить свою статью
31 Марта 2021
Күчтүү парламент

Мен сиздин Конституция боюнча пикирлериңизди толук чагылдырып, жазып бердим.

Визави: Мүмкүн...

Айтыңызчы азыр айрымдар, Венеция кортундусу дешип, Президенттик система, парламенттик түзүмдү алсыздандырууга жол берген деп жатышат.

Визави: Бизде күчтүү парламент болгонбу деген суроону коёт элем. Болгон да эмес. Мисалы, эмне үчүн Кум Төр маселеси оң жагына чечилбей келет. Туура эмес келишимди ким ратификациядан өткөргөн. Ал жердеги мөңгүлөр эрип азайса, Нарын бассейни суунун толук көлөмүн бере албай энергетикалык кризиске туш болсок, не болот. Ал жактагы чаңдан улам өрөөнгө кышкысын кар аз жаап калганын айтып жатышат. Кум Төр башталганда эле Европада айта башташкан, кардын жаашы азайаарын. Кар жок болсо мөңгү да топтолбойт. Өз учурунда Парламент эл аралык аферистердин келишимин колдобой койгондо азыркыдай оор жагдай түзүлбөйт эле. Ошо кездеги депутат, азыркы президент чындыкты айтып чыкканы үчүн камалды. Эмне үчүн Парламент мамлекеттин кызыкчылыктарына дал келбеген келишимге түп көтөрө каршы чыга алышпайт. Аткаруу бийлиги менен жең ичинен сүйлөшүүгө барган, же болбосо мамлекеттин кызыкчылыгын коргой алган эмес десек болот. Жер үйдө 6-миллиарддык кен бар болсо анын 3 милрды мамлекетте калыш керек. Бирок муну да төңкөрүшкө чейин оң жагына бүткөрүп коюшкан окшойт. Мына ушундай авалда Венеция соту парламентти күчтөндүрөт кантип. Венеция деп койсо эле Венеция бизге орноп калбайт. Европа укуктук, юридикалык маданияттын туу чокусунда турат. Биз дагы эле аянттан чыга албай, митингдер менен максатка жетүүнү көздөп, бирөөлөргө курал да болуп жатабыз. Парламент качан гана стратегиялык маселелерди чечүүдө, чечкиндүү кадамдарды жасай алганда гана кубаттуу бийлик бутагына айланат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
962

11-12-2023
Соодадагы туннель
651

03-10-2023
Завод курулабы?
895

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1116

25-06-2023
Гравитация
1164

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1490

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
913

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1575

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
1993

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2274

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×