Добавить свою статью
16 Апреля 2021
30% квота – аялдарды колдош үчүн көрүлгөн «убактылуу атайын чаранын» тагдыры кандай болоор экен?

Кийинки күндөрү коомчулукту дүрбөлөнгө салып, Айзада Канатбекованын өлүмү катуу талкууга алынып жаткан мезгил. Бул эми чектен чыккан маселе болду...

Айзаданын өлүмүнө чейин эле, кийинки мезгилде Кыргызстанда аялдарга, жана балдарга карата зордук-зомбулук күчөп кетти деген тынчсыздануулар айтылып жүрдү. Адамдар муну пандемиянын күчөшү менен байланыштырып жатышты. Туура, дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, эпидемиялар гана эмес, ар кандай чыр-чатактар, согуштар, жакырчылык, социалдык жана саясый туруксуздук, табигый катаклизмдер ж.б.у.с. кыйынчылыктар аялдарга жана эркектерге ар түрдүүчө таасир тийгизет. Бул аялдардын жана эркектердин муктаждыктары, керектөөлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү (кыйын шарттарда аялдар менен балдар өзүн өзү коргоп, сактап калууга алсыз, мүмкүнчүлүктөрү төмөн) бирдей эместигине байланыштуу. Ошон үчүн аялдар жана балдар мындай учурларда атыйын коргоого муктаж.

Бул бир жагынан. Бирок ошону менен бирге аялдардын эбин таап үй оокатын жүргүзүү, адилеттуулуккө жетүү, куда сөөк, айыл-апа, абысын-ажын арасында мамиле, ынтымак орнотуу, ж.б. боюнча өз тажрыйбалары, ыктары бар. Демек алар ошол билимдерин, көндүмдөрүн андан жогорку денгээлдерде да (райондук, облустук, республикалык) өнүктүрүп пайдалана алышат.

Экинчи жагынан аялдар азыр негизинен билим берүү, саламаттыкты сактоо, мектепке чейинки балдарды тарбиялоо системаларында, карыяларды, оорулууларды кароодо, талаачылыкта, миграцияда көп иштешет. Демек бул сфералардагы проблемаларды жана аларды чечүүнүн эффективдүү жолдорун да жакшы билишет.Анда, алар мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу деңгээлдеринде иштесеөз билимдерин, тажрыйбаларын, керектөөлорүн эске алып, мыйзам чыгаруу, бюджетти бөлүштүрүү, ар кандай өнүгүү процесстерине байланыштуу документтерди түзүүгө катышат эле. Бирок азыр аялдар мамлекеттик жогорку кызматтарга жетпейт. Ошону менен бирге билимдүү, ойчул, иш билги, мекенчил айымдар бар. Мындан сырткары, биздин Конституциянын 2, 16, 31, 36, 52, 112- беренелеринде тең укуктуулук, тең мүмкүнчүлүк принциптери жана социалдык топтор үчүн атайын чаралар маселеси бекитилди. Демек тең укук бар, бул да абдан жакшы. Бирок ошол укуктарды колдонуу мүмкүнчүлүгү ишке ашпай жатат. Ал үчүн аялдар азыр эл арасында кеңири талкууланып жаткан “30% квота” - бул жогорку жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоо органдарынын жана мамлекеттик дайындоо органдарынын курамына аялдардын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу кепилдиги. Бириккен Улуттар уюмунун маалыматтары боюнча жогорку деңгээлдеги шайлоо органдарынын жана мамлекеттик дайындоо органдарынын курамында аялдардын саны 30%дан кем эмес болсо , аялдардын жана балдардын маселелери жакшы чечилет.

Кыргыз Республикасында жергиликтүү кенешке депутаттарды шайлоо 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өттү. Бул шайлоо 2010 жылдагы Конституция менен жана 2019-жылы кабыл алынган квота жөнүндөгү мыйзамы менен ишке ашырылды. Аялдарга деген 30% квота 2858 орунду түздү. Мамлекет тарабынан мыйзамдуу колдоо болгондуктан, бул 2858 квота орунга 5300 аял-талапкер ат салышты. Бул абдан жакшы көрүнүш. Жакында эле БШК тарабынан уюштурулган өлкөдөгү аялдардын жергиликтүү кенешке шайлоого активдүү катышуусун колдогон ишембиликке катышкан КР Президенти Садыр Жапаров – бардык жарандардын саясий турмушка катышууга бирдей мүмкүнчүлүккө ээ экенин бекемдеп, аялдардын саясатка келүүсүнө шарт түзүлөөрүн белгилеп кетти. Президенттин бул колдоо сөзү аялдарга келечекке ишеним арттыраарын үмүттөндүрөт дегим келет.

Ал эми Жогорку Кеңешке жаңы Конституция менен бир мандаттуу округ түзүү жана пропорционалдык шайлоо аркылуу деген жобосу бар экен. Биздин мамлекеттеги абалды, стереотиптик көз караштардын өрчүгөнүн, аялдардын материалдык жактан көз карандылыгын эске алганда, пропорционалдык шайлоо системасы аялдар үчүн ыңгайлуу эле. Партиялык тизмелерде КР ЖК үчүн ар бир 4-позицияда, шаардык кеңеште ар бир 3- позицияда аял – талапкер болгону, аялдар үчүн мыйзамдуу кепилдик эле. Эми кайрадан Конституцияга өзгөрүү киргизилип, Жогорку Кеңешке шайлоодо пропорционалдык жана можаритардык системаларын колдонолу деген сунуш кирип калды. Можаритардык система боюнча бир мандатка көп талапкер ат салышып, алардын ичинен бир гана киши утуп чыгат. Андайга жетиш үчүн, биринчиден, азыркы шартта өтө бай болуш керек, экинчиден, коомдо кадыр-барктуу адам болуш керек. Биздин КРнын округдарынан аял жеңип, эң көп добуш алары күмөн. Азырынча биздин коом мындайга даяр эмес. Кантебиз? Аялдар кыймылы, жарандык коом көп жылдан бери күрөшүп жатып аялдарга деген 30% квотаны жоготуп алабызбы?

Айтматова Розетта Торокуловна
“Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмесинин Президенти

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

05-01-2021
Члены нашей семьи в основном «декабристы»!
3155

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×