Добавить свою статью
25 Июня 2021
Жакшы адамдын жарыгы жалпыга тиет Кыргызстанга!

Кыргызстанга Катар өлкөсүнөн врачтар келип, кулагы укпаган балдарга кохлярдык импланттарды колдонуу менен кечээ “Эне жана баланы коргоо” борборунда операциялык жол менен айыктырып, дарылай баштады!

Бул операцияларды эки жыл мурун ушул борбордо баштаганда биз да барып интервью алып келген элек. Бул иштерди жасоо үчүн катардык профессор Абдусалимди командасы менен Кыргызстанга чакырган элибизге таанымал профессор Узакбаев Камчыбек мырза чоң эл аралык программа даярдап, аны биздин ошол убактагы Өкмөткө, Саламаттыкты сактоо министрлигине эң негизгиси беш чет элдик уюмдарга жиберип, келишим түзүп, келечекте бул өтө көйгөйлүү маселени чечкенин айтып берген эле.

Бир эле кохлярдык аппараттын баасы 20-25 миң евро же 2-2,5 млн.сом тураарын айткан. Мындай суммадагы чоң акча карапайым элде жок деп издегенин жана чечип жатканын айткан. Анткени бул көйгөйлүү оору менен ооругандардын проблемасын өзү көрүп, көптөгөн балдар өмүр бою майып болуп, өркүндөбөй, эне-атасынын, мамлекеттин мойнунда калып келгенин көрүп, билдик.

Ошол эле мезгилде ушундай илдет менен ооруган балдардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканы да абдан өкүнүчтүү. Бишкекте кулагы укпаган балдарга жардам берүү максатында Эл аралык Академия да Камчыбек Узакбаевдин демилгеси менен ачылып иштеп келет. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү профессор Узакбаевди уюмдун Президенти кылып шайлаганын айткан. Врачтарды өзү баш болуп Польшага бир нече жолу алып барып, ал жердеги дүйнөгө таанылган ”Международный центр слуха” медициналык борбор менен келишим түзүп, анын жетекчиси профессор Генрих менен достошуп, аны Бишкекке уч жолу чакырып, бул жерде мастер класстарды өткөргөнүн ЛОР доктурлар жана эл билет.

Эл аралык Ленхард фондун да Узакбаев Кыргызстанга тартып, бүгүнкү күнү ушул фонддун да Кыргызстанда өкүлү болуп чоң стратегиялык иштерди, программасын жазып баштаганын айткан. Жалаң эле кулагы укпаган балдарга көргөзгөн бул эле жардамдын баасы 100 млн. сомдон ашык. Ал эми кулагы угуп, сүйлөп калган баланын, үй-булөсүнүн суйүнүчү, элибизге, мамлекетке тийгизген ж.б.пайдаларын эсептеш мүмкүн эмес, баа да жеткис!..

Ушул кыска маалымат аркылуу профессор Узакбаев Камчыбек агабызга дагы бир жолу эне-аталардын атынан чоң ыраазычылык билдирип коюу менен бирге, келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! Ал кишинин баштаган дагы жаңы чоң долбоору менен беш кабаттуу корпустун курулушунун башталып жатканы, керектүү медициналык жана башка жабдыктар менен камсыздала турганы белгилүү.

Камчыбек Узакбаевдин элибизге, балдарыбыздын ден-соолугун сактоого жасаган эмгектеринин, жетишкен ийгиликтеринин бири экенин гана, өз оозунан угуп, дагы коомчулукка жакынкы арада толугу менен жеткиребиз! Бул имарат дагы чоң суммадагы каражатка курулаары белгилүү.

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×