Жогорку Кеңеш жаңы шайлоодон кийин аралаш түрдө, партиялык жана мажоритардык болүп, жогорку төмөнкү 2 палатага бөлүнөт. Бул боюнча сунушталып жаткан мыйзамда, жогорку палатага 55 орун, төмөнкү палатага 35 орун делүүдө.
Мындай болгондо Жогорку Кеңеш тең салмаксыз абалга келет. Партиялык түзүм таразанын бир жагында оордукту түзүп, бир жагы жеңилдикке барып маани маңызын жоготот. Кандайдыр бир маселени добуш менен чечүүдө жогорку палата (партиялар) сан жагынан көпчүлүктү түзгөндүктөн артыкчылыктарга ээ болуп, 35 добүшка гана ээ болгон эл өкүлчүлүгү каршылык көрсөтүүчү күчкө ээ боло албай маселелер бир тараптын гана иш аракеттери аркылуу чечиле баштайт.
Демек келишимдерди ратификациялоодо Кум Төр синдрому кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Алтын эрежени бузуунун кереги барбы. Жогорку Кеңеш таразасынын эки тарабы тең 45 ден болуп, тең күчкө ээ болуусу зарыл. Добүш берүүдө эки тарап тең болуп калса, чечүүчү добушту вице президент берет. Иш жүзүндө ал жогорку палатанын башында туруш керек. Элчилерди дайындоодо, консулдуктарды бекитүүдө ж.б. президент дал ушу Жогорку палата менен кеңешип иш кылат. Мындай көрүнүш дүйнөлүк башка конституцияларда да алтын эреже катары орун алган.
Палаталардын тең салмакта болушу жең ичинен сүйлөшүп алүуларды алдын алат. Мыйзамдар көбүнчө эл өкүлчүлүктөрү тарабынан сунушталып, палаталар жыйналыштарын өз-өзүнчө өткөрүшүп, жумуш регламентин да ар бири өзүнчө кабыл алат. Орчундүу маселелер чогүу талкууланып турат.
Мыйзамды кабыл алууда эл аралык мыйзам талаасынан чыкпаш керек. Классикалык үлгүлөрдөн артык бир нерсе ойлоп табуу кыйын.Конституция түзөбүс деп, субьективдүү көз караштардан улам, негизги багыттардан четтеп, чытырман токойдо адашкандай болуп келе жаттык. Эми туман тарап,негизги багыттарыбыз көрүнө баштады. Көздү чылпактаткан коньюктвиттен арылып, обьективдүү контурларды аныктоо мезгили келди.