Добавить свою статью
3 Июля 2021
Биз күткөн идеология – адилеттүүлүктүн идеологиясы
Адилетсиздикке каршы тынымсыз күрөш – адамзат тарыхынаын кыймылдаткыч күчү. Коомдогу карама-каршы таптардын социалдык теңсиздиги, мамлекеттер жана улуттар аралык теңсиздиктердин айынан дүйнөлүк согуштар, социалдык революциялар, диндердин, цивилизациялардын кагылыштары тыйылмак ттургай, кайра күчөгөн заманда жашап жатабыз.

Акыркы 30 жылда, Кыргызстан, башка постсоветтик республикалардын көбүнө окшоп, адилетсиздиктин сазына белчесинен батып калган. Анткени бизде орногон либералдык капитализмди баштаган бир ууч олиграхиялык – бюрократиялык топ, мамлекеттик бийликти да, менчикти да, өз колуна алып, 90 пайыздан ашык кара аламан калк социалдык теңсиздикке, жакырчылыкка дуушар болгон. Ошондуктан, эки жолу (2005 – ж., 2010 – ж.) мамлекеттик төңкөрүш болуп, бирок коомдук саясий түзүлүш өзгөргөн эмес. Алардан кескин айырмаланып, 2020 жылдагы октябрь окуялары чыныгы социалдык революцияга айланды. 30 жылдык жаңы тарыхыбызда биринчи жолу либералдык – буржуазиялык коомудук- саясий системанын пайдубалына өлгүдөй жарака кетти.

Мамлекеттик менчикти гана эмес, мамлекеттин өзүн менчиктеп алган олигархтардын жана бюрократтардын ордуна Президент С.Жапаров баштаган улуттук мамлекет кайра өз ордуна келди да, чириген системанын арка белин сындыра баштады. Нечен бир атактуу олигарх – коррупционерлер («эл уулдары») азыр түрмөдө, коррупцияга, адилетсиздикке каршы күрөш бүткүл элдик кыймылга айланды десек болот.

Президент С.Жапаровдун командасы, дагы бир теңдешсиз оор күрөштү «Үчүнчү колониализмге» каршы баштады. Албетте мында сөз «Кумтөр» алтын кен ишканасына өз алдынча башкаруу киргизилгендиги жөнүндө  болуп жатат. Батыштын («алтын миллиарддын») глобализми өз пайдасына, чет жакалардагы майда – чүйдө өлкөлөрдөн, материалдык жана финансы ресурстарын ар кандай аферисттик, алдамчылык жолдор менен алып чыгып кетүүнү азыр «үчүнчү колониализм» деп атайт экен. Жакында Кыргызстанга келип кеткен Англиялык мультимиллиардер, КГБнын мурдагы кызматкери Лебедев: «25 жыл Кумтөр» алтын кенин казып алуудан 12 млрд доллар киреше түшсө, ошонун бир нече миллиону гана Кыргызстанга тийген. «Үчүнчү колониализмдин» жүзү каралыгы ушундай» - деп жазды.

Ошентип, Кыргызстан, бир эле учурда, либералдык капитализмдин тышкы да, ички да «каракчылыгына» каршы элдешсиз күрөшкө аттанды. Өлүм же өмүр менен өлчөнүүчү күрөшкө десек да болот. «Кумтөр» боюнча алдыда эл аралык арбитраждык сотто чоң салгылашуу күтүлүүдө. Ажыдаардын куйругун басып алдык, эми көрөбүз, алардын мактанган калыстыгы чынбы же калппы.

Ошону менен бирге ички коррупцияга каршы күрөш ырааттуу түрдө күчөшү керек. Израилдин илгерки легендарлуу премьер-министри Голда Меир айткандай, коррупционерди Ата Мекендин чыккынчысы деп баалаш керек. «Эрдик кылсаң сүрөө  кыл» деп эл макалында айтылгандай, кылмыш кодексине коррупцияга жана педофилдерге каршы атуу жазасын кийрип койсок деле болмок. Бир кезде муну Батышка жагалданып алып салышкан да. Коррупцияга каршы бир топ принципиалдуу маселелердин азыр чети да оюула элек. Мисалы, налог салуунун прогресивдүү системасы, ашкере бардарчылыкка (роскошь) жана капиталды тышка чыгарып кеткендерге жаза жок, чет өлкөлөрдө курулган кыймылсыз мүлккө налог салынбайт. Офшорлордо иштеген компаниялардын жана ошол өлкөлөрөдө  мурда катылган акчалардын, дүнүйө – мүлктүн бети ачыла элек.

Жаңы президентти бийлик жүргүзө баштаган ушул конкреттүү иштер адилеттүүлүктүн идеологиясын түзүүнү жана орнотуунун башаты десек болот. Идеология деп бир үлкөн программаны жазып салса болот дечи. Бирок, К.Маркс небак айткандай бир кучак программалардан көрө, жарым када практикалык конкреттүү иш артык.  Кытайды ааламдык орбитага алып чыккан Ден Сяопиндин идеологиясы ушул күнгө чейин концепция же бир трактат, окуу китеби түрүндө жарык көргөн эмес. Ырас сүйлөгөн сөздөрүнүн, докладдарынын жыйнактарын колдонушат. Кытай болсо, социализмдин идеологиялык шаблондорун аттап өтүп, рынок экономикасын өздөштөрүү боюнча, болгону 15 пункттан турган (бир барак кагазга баткан) директива партиялык уюмдарга таратылган. Бирок, ошол кагаз миллиард элдин муктаждыгына төп келгендиктен, алардын жүрөгүнө да, мээсине да кадалган. Идеология шамалга окшош, көзүгө көрүнбөйт, колуң менен кармалай албайсың, бирок натыйжалары укмуш да. Мисалы, шаарларды талкалап, өлкөлөрдү топон сууга каптаткан торнадо шамалдын бир түрү да. Ар бирибиз эңсеген таза аба, кислород дагы шамалсыз болбойт. Кытайдын дыйканы иедология дегенди, мүмкүн, уккан да, көргөн да эмес. Бирок, өмүр бою зарланып жүрүп, колуна менчик болуп тийген жер Ден Сяопиндин идеологиясынын натыйжасы да.

Мамлекеттик стратегияны идеологиясыз түзүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан мамлекеттин негизги функциясы өз идеологиясын иштеп чыгуу, тагыраак айтканда өнүгүүнүн кайсы моделин – социалисттикпи, капиталистикпи же аралаш системабы бирөөнү туура тандап алып, аны турмушка ашыруу анын ыйык милдети.

Өзүнүн ички жаратылышында капиталисттик система кризиске үзгүлтүксүз кабылып турат. Өткөн кылымдын 20-30 жылдарындагы экономикалык Улуу депрессия Американы муунтуп өлтүрөрдө, Президент Рузвельт, капитализмди ач көз капиталисттерден сактап калган. Ал рынок экономикасына социалисттик элементтерди чоң устаттык менен колдонгон, социалдык маселелерге олуттуу бурулуш жасап, экономиканы пландоо, мобилизациялоо ыкмаларын кийирген. Капиталисттер аны коммунизмдин агенти деп күнөөлөшкөн. Тарыхтын тамашалары кызык да. Кийин, 20-чы кылымдын аягында Кытайда Мао Цзедундун социализми толук кыйраарда Ден Сяопин социалисттик экономикага рынок системасын кийирип, Кытайды аман алып калды.

Кытайдыкы эле эмес, азыркы Индиянын жана Индо-Кытай өлкөлөрүнүн тажырыйбалары көрсөткөндөй, ийгиликтүү өнүгүүнүн бирден бир туура жолу – социализмдин жана капитализмдин жакшы жактарын бириктирип пайдаланып, жаман жактарын ыргытып таштоо экен. Экономика илиминде муну конвергенциялоо деп аташат.

Дүййнөлүк экономиканын экинчи эшелонунда турган ушул өлкөлөр азыр калкынын саны боюнча да, ички дүң продукцинын (ИДП) көлөмү боюнча да алдыга чыгышты. Алар социалдык – экономикалык өнүгүүнүн темпи боюнча 1-чи эшелондогу АКШ баштаган либералдык экономикалуу өлкөлөрдөн 2-3 эсе алдыда келе жатышат.

Акыркы 30 жылдагы Батыштын чоң жеңиши – СССРди уратып, андан 2-3 триллионго татыган материалдык жана финансы ресурстарын алып чыгып кеткендигинде. Ырас, бул фантастикалык каражаттар либералдык капитализмдин жашоосун бир аз узартты, бирок бүгүнкү жандуу турмуш көрсөткөндөй, капитализмдин апокалипсиси алыс эмес. Ушул фактылар көрсөтүп тургандай, социализм да, капитализм да бир өңчөй жалгыз, өз алдынча ийгиликтүү өнүгө албайт экен. Ал эми 2-эшелондогу ийгиликтүү өнүгүп жаткан өлкөлөр – эки системанын жакшы жактарын алып, интегралдуу өнүгүп жаткандар.

Эми бул интегралдык конвергения системасына социализмдин кайсы жакшы жактары кирет? Баарыдан мурда, социализмдин түп тутаар баалуулугу – социалдык адилеттүүлүк (социальная справедливость) кирет. Элибиздин турмушуна, кан-жанына сиңип калган социалдык коргонуу жана камсыздоо системасы, акысыз билим берүү жана саламттыкты сактоо ж.б. кайрадан жанданышы шарт.

Экономикалык эгоизмди жана баш аягы жок ашынган конкуренцияны ооздуктаган альтернатива катары коллективизмдин баалулуктары үстөмдүк кылат. Эффективдүү социалдык коопсуздукту кармаш үчүн коомдогу ар кандай дисбаланстарды жоюуу. Айрыкча байлар менен жакырданган элдин ортосундагы ажырым өтө чоңоюп, революциялык кырдаал түзөлбөш  үчүн жолдор изделет.

Ал эми капиталисттик системадан алып пайдалана турган идея –консерватизм. Анын түпкүлүктүү балуулугу - күчтүү мамлекеттүүлүк, улуттук жана тарыхый салттарды урматтоо, коомдук менчки жана жеке менчик аралаш, тең укукта жүрүшүн камсыздоо. Социализмдин урааны теңдик болсо, консерватизм аны ишке ашпаган утопия деп, теңсиздик реалдуу чындык экенин далилдейт. Консерватизм социалдык иерархиянын, айрыкча диндин, үй-бүлөнүн, мектептин цивилизациялык маанисине айрыкча көңүл бурат, социалдык бүтүндүктүн (мамлекет, эл, улут) коомдук бөлүкчөлөргө караганда (калктын таптык катмарлары, индивидуум) бийик тураарына ишенет. Саясий өзгөрүлөрдүн, коомдук бурулуштардын өтө сактык менен, кылдат жүргүзүлүшүн талап кылат. Революцияларды, төңкөрүштөрдү караманча танат. Консерватизм закондуулукту кудайындай көрөт, коомдун таптык структурасын тааныйт, жеке менчик менен эркиндиктин эриш-аркак болушун каалайт.

Социализм да, консерватизм да патриотизмди танбайт, ага таянышат. Демек, социализм+консерватизм+патриотизм, эрип кошулган металлдардын аралашмасын элестет. Идеология өңүтүнөн карасак бул Россияда «Единая Россия» партиясы, Казахстандагы «Нур Отан» партиясы колдонуп жүрүшкөн социал-консервативдик идеологияга окшош. Так ушул идеологияга таянып, алар мамлекеттик борбордук пландоо системасын рыноктук конкуренция менен айкалыштырат, зор-зор проектерди ишке ашырышат, мисалы, Россиядагы Керчө көпүрөсү, Космос, ВПКны айтпаганда да, инфраструктурага, жаратылыш байлыктарына мамлекеттик монополияны сактап, бүт калган экономика тармактарына жеке ишкерликти кеңири жайылтат. Жеке менчиктеги ири өнөр жай компаниялардын, ишканалардын иштегенине каршы эмес, чарба жүргүүзүнүн капиталисттик ыкмаларын (акциялар, биржалар ж.б.) толук колдонушат. Социал-консервативдик идеология жеке адамдын  өз ишкерлигине, талантына жараша байып кетишине эч каршы эмес. Бирок, жеке бизнестин кубаттуу энергиясы коомдук кызыкчылыктардын алкагынан ашынып чыгып кетишине жол бербейт.

Мамлекеттин жана бүткүл элибиздин алдында өтө оор проблемаларды чечүү милдеттери турат. Аларды ийгиликтүү чечиш үчүн массаларды шыктандырган, мобилизациялаган мамлекеттик идеология – адилеттүүлүктүн идеологиясы боло алат деп ишенем. Талкуулайлы, биз сунуш кылып жаткан конструкция ошондой идеология болууга жарап жүрбөсүн?

Бүгүн биз элибиздин тарыхындагы эң чоң, эң даңазалуу мааракенин, Кыргызстандын көз каранды эместигинин 30- жылдыгынын алдында турабыз. Каргашалуу пандемияны айтпаганда да, миң түрлүү кризистердин сазына батып турабыз. Бирок, жаңы Конституция, жаңы президенттик башкаруу системасы, жаңы бийликтин жүргүзүп жаткан бир кыйла ийгиликтүү ички жана тышкы саясаты элибизге дем-күч берип, өлкөдө кандайдыр бир оптимизмдин карааны сезилгенсийт. «Европада бир караан, коммунизмдин карааны кыдырып жүрөт» - деп эки кылым мурда коммунистердин манифестинде эң сонун жазылган караанга окшойт. Биздин милдет – ошол караанды, ошол оптимизмди реалдуу күчкө айландыруу, кубаттуу мамлекеттик идеологияны, заманбап гүлдөгөн экономиканы түзүү.

Ж.Сааданбеков
Мамлекеттик жана коомдук ишмер

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

11-10-2024
Он первым принял удар дикой рыночной стихии. О Турсунбеке Чынгышеве
878

28-06-2024
Авторитет лидера – авторитет государства
1855

10-06-2024
Новый поворот в экономической политике Кыргызстана 
5017

12-03-2024
У каждого века есть свое средневековье
1184

28-02-2024
Скромное обаяние прирожденного трудоголика. Апасу Жумагулову 90 лет
6294

05-02-2024
Стратегия идеологической безопасности КР
3369

16-01-2024
О повышении эффективности общественно-гуманитарных наук Кыргызстана
2103

20-10-2023
Жаңы курулган президенттик резиденциянын аталышы боюнча
9883

13-10-2023
Демократия или Свобода?
2502

12-10-2023
«Кыргыз Ордо» болсун
1363

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×