Добавить свою статью
19 Июля 2021
Жасалма «коомдук пикир» узака жыргатпайт

Жеке баамымда, «Саясатка барчу болсоң, троллуңду ката жүр!» деген эреже биздеги соңку жылдардагы саясаттын алтын эрежелеринен бирине айланды окшойт. Бийликтин коомдук пикир менен аз да болсо эсептешип иш жүргүзүп жатканы жакшы. Бирок, бизге окшогон ээрчиме коомдо жасалма коомдук пикир деле жаратып, өзүнөн-өзү пайда болгонун деле бурмалап жеке кызыкчылыкка колдонуп салуу кыйынга турбайт окшойт... Нукура, алдын ала даярдалбаган табигый, элдин жашоосунун тереңинен чыккан коомдук пикирлердин катары калыңдап, аны менен чын ыкластан эсептешкен төбөлдөр көбөйсө кана!..

Фейсбук биздин өлкөдө коомдук пикир жаратуу үчүн эң чоң куралдардын бирине айланды окшойт. Анткени, элдик пикирден жүрөгү түшүшүп, уйкусу качкан саясатчынын деле, кыларга иши жок бекерчинин деле көзү ушунда болуп калбадыбы соңку учурларда. Өзгөчө жаатташкан топтордун арасында саясий өңүтү бар маселелерде жалган айтмай жарышы кадимки эле көрүнүшкө айланып калды. Саясий фигуралардын соцтармактагы арзыматтарынын талантын эске ала турган болсок, мындан кийин, акты кара ал эми караны ак катары таанытуу кыйынга турбайт...

Айласы түгөнбөгөн арзыматтар

Көр ээрчиме троллдордун керемет таланттарын колдонуп, коомдук пикир жараткан саясатчылардын иш-аракеттеринен ары күлкүлүү, ары өкүнүчтүү бир-эки мисалга токтололу. Мисалга, соңку учурларда аткаминердин сүйлөө маданиятын пайлап, кээ бир сөздөргө тили келбей калгандарын шылдыңдап жатып калчу болдук.

Кадимки жаран катары, биз алардын тили чулганган видеолорду таратып, күлүп эле отурабыз. Негизи кеп/сүйлөө маданиятына сарсанаа болуп, так кыргызчаны кооз сүйлөгөндү эңсегенибиз го жакшы. Бирок, бул нерсеге тили айланбай калган саясатчыга каткырып отура берүү менен жетүү мүмкүн эмес го.

Тили чулдураган аткаминерди мазактап отуруп, иш-аракети чулдураган, элдин алдындагы милдетин, жоопкерчилигин аксатып өткөрүп ийип жаткан жокпузбу деги? Саясатчынын баасы кооз сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө эмес кооз иштерди жасоо жөндөмдүүлүгүнө карай берилиши керек эле го, акыры.

Кыргыз саясатында бул чындыкты аңдап алышыбыз үчүн Кудай бардык эле мүмкүнчүлүктү берди окшойт бизге. Сүйлөө маданияты түрдүү саясатчылар келди. Алардын бир гана орток өзгөчөлүгү ­ иш билги, көрөгөч эместигинде болду. Чечени, сөз тандабасы, эки сүйлөмдүн башын жакшылап бириктире албаганы, бакырчаагы, пысмыгы дегеле бары эле келди, кетти. Бирок ошентсе деле саясатчынын сөзүн сагалагандан майнап чыкпашын аңдаганга жетпеди окшойт.

Мисалы, кээ бир сөздөргө тили келбей, туура эмес чулдурап алгандарды түшүндүк дейли. Аларды билимсизге, компетенттсиздикке чыгардык дейли. А бирок кыргыз саясаты укмуш, шыдыр, тим эле тизип сүйлөгөн саясатчыларды да көрдү да. Аларды өз учурунда «укмуш аратор» деп көкөлөткөн арзыматтар, жогорудан келген буюртма өзгөрөөрү менен «Эй ал сүйлөгөндү эле билет, бир да иш жасаган эмес.» жеп дароо жерге киргизип ийгенге да кудуреттүү экен, көрсө.

Ажолордун биринде, өз кезегинде өлкө башчысы болуп турганда анча-мынча балп этип алмайын көрдүк. Негизи өлкө башчы катары, айтылган сөздүн айтылган ок экендигин эң биринчи кезекте мына ошол кишилер аңдашы керек болсо керек эле. Ал кишинин кеп тандабастыгынын кесептин көбүнчөсү карапайм эл кошо тартып жатты... Терең ойлонбостон, жеке эгонун азгырыгынан арыла албай сүйлөп ийүүнүн айынан, коңшу мамлекеттер менен болгон алаканын начарлашынан ал жакта нан таап жеп жүргөн жарандардан абалы татаалдашкан учурлар болду.

А бирок, мындай абал жогорку деңгээлдүү саясатчыга ыңгайсыздык деле жаратпайт Анткени, абийирин айрып ыргыткан саясий кошоматчылар үчүн ажонун бул кемчилдигин артыкчылык катары кабыл кылдырып коюу кеп эмес болчу. Ошентип ошол учурдун ажосу «Көк Жал» деген атка кондурулду. Ачыгын айтканда «Өлчөбөй, этияттабай оозуна келгенин чебердебестен дөөдүрөп сүйлөп алат кээде.» дей албай, «Көк Жал» дей салдык... Аныгында, карапайым эл ал кишинин «көк жалдыгынын" ырахатын көрүшү керек эле, мында кесепетин эле көрүп жатты...

Кийинки ажо келгенде жаңы формула изделди окшойт. Натыйжада арзыматтан айла качып кутулбайт эмеспи. Ал кишинин сүйлөө жөндөмдүүлүгү жакшы болбогондуктан, алгач «Бул киши жакшы сүйлөй албаганы менен ишти жасайт.» деген дууну жайышты. Кызыгы, бул киши жакшы сүйлөй албаган менен ишти катырат окшойт деп үмүттөнүп отурса, көрсө ишти деле кылбай турган киши болуп чыкса болобу? Шайлоо алдында убадалаган мугалимдердин айлыгы керек болсо сөз да алынбады. Өлкөнүн канын соргон отуз беш кишини жоопко тартууга кезек келбеди, кыскасы... Мындайча айтканда, бул киши жөн эле отуруп берди окшойт.

Арзыматтардын жаңы милдети, бул кишинин бул абалын элге өрнөк бир лидер катары кабыл кылдырып ийүү керек эле. Мактап, көбүртүп-жабырта турган тарабы деле болбогон кишини укмуш кылып көрсөтүп ийүү кыйынга туруш керек эле негизи. Бирок эми арзымат деген арзымат экен да. Андыктан,бул жолкусунда таланттуу арзыматтар жөн эле отурган кишиге «Айкөл Президент» деген лакапты куп жараштыра салышты. Ачыгын айтканда, «Эч кандай жылыш жасабай, өзүнөн мурдагы структураны эле улантып отуруп берген киши»,- деп баа берилиши керек болгон кишиге, «Айкөл Президент» деген наамды ыйгара салышты.

Катары калыңдаган «Элдин уулдары»

Мына ошентип, кызыкчылык кагышаары менен көк жалы менен айкөлүн кошуп оодарып салып, жаңы саясий агымга кирдик. Тилегибиз, ордонун «туруктуу тобу» жаңы ажого да жараштырып бир лакап таап, көзүн боёп, реалдуу жашоодон узактаттырып ийбесе экен, ылайым!

Жаңы келген бийликтин башкалардан обочолонгон кадамдарынын болушу табигый. Андыктан оң-тетири кылып кадам таштап, ишке киришээри мыйзам ченемдүү нерсе. Жаран катары биздин милдет, алардын терс кадамдарын тууралап, оң кадамдарына болсо колдоо көрсөтүү болушу керек болчу. Бирок бул оңой эмес. Анткени, калың элдин «акыл-парасат компасы» багытын жоготту. Анткени, саясий аренада өтө көп жалган айтылаарын байкай баштаган эл эч кимге ишене албай калды. Мына ошол себептүү учурда абийирсиз акчалуунун колунан келбей турган нерсе жок калды.

Бийлик, паракорлукка айыптап бир канча кишини камакка алды. Бул жолкусунда дароо «Элдин уулдарынын» катары калыңдап баштады... Негизи, аң-сезимдүү жарандык коом катары, укуктук өлкөдө жашап жаткандыгыбызга ишенсек, анда соттун жообуна карап жарандык позиция билдирүү туура болмок. Сот туура чечим чыгарса аны колдоп кубаттап, туура эмес чечим чыгарса ага каршы укуктук реакция көрсөтүү орундуу болот да.

Камалып кеткен кишилер тууралуу соттон мурда «Эл уулу», «мыйзамсыз камалды» деп өкүм берүү абсурт. Сотторго ишеним артпай калгандыгыбыз ырас. Балким бул кишилерди жактап чыгып жаткандар сот системасына ишенбегенинен улам, коомдук басым жасоо жолун тандап алгандыр. Муну түшүнсө болот. Бирок, камалып кеткен кишилердин арасында көп жылдап парламентте б.а. өлкөдөгү кыңыр иштерди түзөтө турган башкы рычагды кармап олтурган кишилер бар. Ырас өлкөбүздөгү сот системасы адилет иштебейт экен, эмне үчүн учурунда ошол эл өкүлдөрү тарабынан реформа жасалбады? Эмне үчүн айтылуу таасирдүү эл өкүлдөрү сот системасын паракорлуктан, кайдыгерликтен арылтып, адилет иш алып барышына алгылыктуу салым кошушпады анда?

Ак ийилет дагы сынат дагы

Өлкөбүздө бийликтин эл менен эсептешүүгө мажбур экенин сезүүсү, элдин оюнун кол тийгистигин аңдоосу жакшы жышаан. Бирок калктын үнүнө болгон бул кол тийгистикти жаманга колдонуп ийүүгө мүмкүндүк бербөө өтө маанилүү. Мисалга, өлкөбүздө жоопкерчиликти сезбеген ондогон же жүздөгөн кишини ээрчите калып эле элдин атынан сүйлөгөн, саясий таасир көргөзгөн топторду колдонгон саясатчыларды ким жок дей алат?

Мунун менен эмне демекчимин? Жарандык коомдун атынан сүйлөөдө жоопкерчиликти тагынуу шарт. Бизде ушул жетишпей, бара-бара коркунучка айланып бараткандай. Жарандык коом деген атка жамынган жеке кызыкчылыкты көздөгөн кишилердин бар экендиги жашыруун эмес. Биздин өлкөдө бара-бара «Бир канча киши чогула калып жиндилик салсак, саясий кызыкчылыктарды орундатып алсак боло берет экен. Жоопкерчилик деле тартпайт экенсиң!» деген түшүнүп калыптанып баратат. Мындай чөйрөдө ак ийилет дагы, сынат дагы.

Эми ойлонуп көрөлү. Саясий аренада жарандык коомдун атынан жоопкерчиликсиз кадамдарыбыздын айынан канчалаган чыныгы эл уулунун белин сындырдык, канча эл душманын улуттук лидерге, элдин уулуна айланттык экен? Караңгы кадамдарыбыз менен элдин пайдасына келе жаткан канчалаган ишке бут тостук, канчалаган чыккынчылыкка, кыянаттыкка кол кабыш кылдык экен? Тайыздыгыбыздан канчалаган элдин уулунун күйүтү ичинде өлүп кете берди экен?

Миллиондогон элдин жүгүн моюндаган саясий кызматкердин элдин назарындагы ытыбарын ары-бери кылуу – миллиондогон элдин тагдырын ары-бери кылууга тете. Андыктан, чындыгында жөндөмсүз, билимсиз, кала берсе жегич бирөө болсо да «Биздикилерге пайдасы тийсе эсеп»,- деп аны мактап-сактап элдин назарына жасалма аброй сунуу, элге башкача кылып таанытуу, кемчиликтерин жашыруу – улуттун кызыкчылыгына кыянаттык болуп саналат. Бийликтегилерди тегеректеп алган арзыматтар бул нерсени жакшылап эске алып коюулары ылазым. Кудум ушундай эле, туш келди митингдерге катышып, ызы-чуу чыгарып олтуруп чындыгында эли-жери үчүн күйүп жанган аткаминердин басмайылын бошотконго себепчи болуп калуу да – миллиондогон элдин акысына кол салгандык менен барабар. Андыктан, ойноп сүйлөсөк да ойлонуп сүйлө шарт. Жарандык коом катары, саясий жараянга карата ой билдирүү укугу дайыма терең жоопкерчиликти жанында кошо алып келерин аңдасак!

Элмурат Кочкор уулу
теолог

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×