--Э.Ж.Каниметов,
И.Арабаев ат КМУ проректору,
философ, политолог
- Учурдагы “Шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү -- биздин коомдун жана мамлекеттин келечектеги тагдырына таасир тийгизе турган иштердин бири. Аны ар кандай кызыкчылыгы бар саясый топтордун, таасирдүү же бай адамдардын кароосуна берип кою мамлекеттик саясаттагы чон катачылыктардын бирине айланууда.
Кыргызстандагы шайлоо системасынын тарыхы бир гана 1990-жылдардан берки доор менен чектелбейт. Анын андан мурунку советтик заман гана эмес, падышалык Россиянын карамагына кирген учурдагы жана ага чейинки кыргыз коомчулугунун да баа жеткис тажырыйбалары бар.
Ошол тарыха көз салсак азыркыдай акчага добуш сатып алуу, акчанын, криминалдын күчү менен шайлоонун тагдырын чечүү, трайбализм, коррупция, карапайымдарга күйбөгөн күчтүүлөрдүн басымы Акаев, Бакиевдердин доорунда эле жарала калбапыр. Так ошол падышалык колониялдык доордо эле калыптана баштаган экен. Муну ошол доорду башынан өткөргөн Мукай Элебаевдей кыргыз жазуучулары эле эмес, колониялдык бийликти орнотконго салым кошкон Ч.Валиханов сыяктуу окмуштуулар да ачык жазган.
Элдин бийлиги деген шар менен ошол доордогу элдин теңчилигин ыдыраткан шайлоо системасын орнотууга салым кошуп жаткан кыргызстандык азыркы партиялык лидерлер, депутаттар маселени ушул өңүттөн түшүнүүгө чамасы жетеби? Же башка кызыкчылыктары барбы?
Азыркы президенттин киргизип жаткан аралаш шайлоо системасы эл менен эсептешелик деген ниет же аракет катары кабыл алса болот. Ар кандай акчалуулар, олигархтар гана эмес, чет мамлекеттик сырдуу уюмдар да акча салып, колдоо кылган болуш керек деген түрдүү партияларга, аты-жыты жок депутаттарга караганда жүзүн көрүп, ким экенин билген, элге алынган адамдардын депутат болгону ар бир акыл-эси бар адамга туура көрүнөт. Гендерлик теңчилик, жаштардын, майыптардын да депутат болушу керек иш. Анын да жол-жобосу иштелип чыгуу зарыл. Бирок, аларды бетке кармап шылтоолоп адилетсиздиктин системасын коомдун башын айландырып орнотуу аракети убактылуу көрүнүш.
Оптималдуу, акыйкатчылыкты, адамдардын эркиндигине жеткирген да шайлоо системасы орной турган күн келээр. Азыр информациялык, цифралык техника-технологиялардын заманында бул да тез эле боло турган иш. Бирок, ошого карай кадам ушундай болуп бийликте тургандардын эл-журттун пикири менен эсептешүүсүнөн башталат. Бекеринен таңууланган нерселерди кабыл албай, жол издеп Элдик Курултай түзүү демилгеси көтөрүлүп жаткан жок. Ушинтип жаңыланган шайлоо системасы аркылуу татыктуу, эл ичинде чыныгы кадыр-баркы, акыл-эси, бийик деңгээли барларыбыз депутат болсо, үмүт учкуну жалынга айланаар.