Добавить свою статью
18 Августа 2021
Байкем адамдарга жакшылык жасоо үчүн жаралган… Тилек Мураталиевдин элесине
«Аска-зоо бир тууганым» деп бекеринен айтылбайт тура. Тилек байкем биздин үй-бүлөнүн эң улуусу эле эмес, тамыры терең, тиреги жаркып жанган жылдызы болчу.

Мен 17 жашка чыкканда атамдан айрылып калдык. Бир үй-бүлөдө үч кыз, үч эркек чоңойсок, атамдан ажырагандан кийин, «өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болор» деп теңирим Тилек байкеме түйшүк арткан окшойт. Ошондуктан, жаштайынан боорукер, камкор болуп өсүптүр. Мен үйдүн кенжесимин. Тилек байкем бар үчүн турмуштун кыйынчылыгын, оңтор-теңтер түшкөн замандын каатчылыгын сезген жокмун. Мен эле эмес, бир туугандарымдын бардыгы боркулдатып казан кайнатып, дасторкону жайылып, бакубат турмуш кечирип келишти. Бул дагы болсо ата ордуна ата болгон Тилек байкемдин камкордугунун үзүрү. Бардыгыбызды окутту, турмуштан өз жолубузду тапканга багыт берди. Иш менен камсыз кылды. Бир тууган дегенде жанын берер эле. Биздин балдарыбызга чейин кам көрчү.

Атам менен апам экөө тең мугалим болуп иштеген. Апам түштө сабактан чыкканда, Тилек байкем мектепке барчу экен. Апам жолдон жолугуп калганда, балдардын көзүнчө, «Тилек, баланы бешикке бөлөдүңбү?» деп сурап калса, аябай уялчумун деп калчу, каралдым байкем. «Апа, балдардын көзүнчө айтпай эле койбойсузбу», дечүмүн» деп эскерип калар эле. Көрсө, бизди бешикке бөлөп коюп сабакка барчу тура.

Тилек байкем университетте окуп жүргөндө эле иштеп баштады. Тоолорго геологиялык чалгындоого барчу. 4-курстарда окуп жатканда Ошко командировкага барып, мага посылка салып жибериптир. Ичин ачсак, кыргыз тилинде чыккан «Орус тарыхынан жүз аңгеме» жана Антуан де Сент-Экзюперинин «Кичинекей ханзаада» деген эки китепти салып жибериптир. Менин алгачкы окуган китептерим ушулар болгон. Атам китепти өзбөй окучу. Ошол жакшы жөрөлгө Тилек байкеме өткөн экен.

Ар бирибиздин туулган күнүбүздү унутчу эмес. Деги үйгө куру кол келгенин көргөн жокмун. Ар бирибиздин көзүбүздү карап турар эле. Бир жолу «Сенин кайненеңе белек алып бере албадым, белек алып берип койчу» деп 5000 сом берип атпайбы. Улууларды жөн эле Кудайындай көрчү. Бир жолу Монголиядан келгенде кемпирлерге төөнүн жүнүнөн токулган байпак алып келиптир. Үйгө келгендерге ар бирине таратып бергенин ушу күнгө чейин эстеп жүрүшөт.

Тилек байкем менен акыркы жолу жолугушканда көңүлү жайдары эле. Экөөбүз эки сааттай сүйлөшүп отурдук. Балык уулаганга ылайыкташтырылып жасалган машинаны атайын Германиядан сатып алып келген болчу. Ошол машинанын кызыгын көрбөй кетти. «Мира, чарчадым, дүйнөнү чарк айланып саякаттап жүрө бергим келет» деди ошондо. Мен, «Ишти бизге коюңуз, Тилек байке, саякаттап эле жүрө бериңиз» дедим эч нерсени этибарыма албай. Анын түбөлүк бизди таштап кетерин кайдан билейин? Кучактап моюнан жыттап, алып калсамчы…

Тилек байкем адамдарга жакшылык жасоо үчүн жаралганын эми билип атам. Ал шашылып жашаптыр. Адамдардын ажаатын ачып, алкышын алганга шашыптыр. Тилек байкем аброю артып, алкышка маарып, төрүбүздү нурга бөлөп олтурарда бизди таштап кете берди. Арман дүйнө…

Күндүн нуру менен дүйнө көрккө бөлөнсө, Тилек байкемдин мээрими менен биз өсүп-өндүк. Тилек байкем дүйнөнү чарк айланып саякаттап жүргөндөй сезиле берет мага. Көчөнүн тиги бурчунан, же ишкананын короосунан азыр эле кирип келчүдөй, элеңдеп карай берем. Колуна кочуштап кут алып келген караанын издей берем. Тирегим Тилек байкем боорукерлиги, жароокерлиги, ак көңүлдүгү, берешендиги, көрөгөчтүгү менен өзүнө эстелик тургузуп кетти. Мен ушуга аргасыз каниет кылам. Аргам канча…

Мураталиева Мира, карындашы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×