Добавить свою статью
26 Августа 2021
Кыргыз олкосундогу мамлекеттик катчыга бир ооз соз

Кечее куну мамлекеттик кыргыз сыналгысынан «Кыз-жигит сармерден» корсотмосун кордук. Бул корсотуу кыргыз элине шан дагы, ошондой эле дем беруучу иш алгы. Корсотмону коруп жатып илгерки бир ырды аткарганын угуп калдык. Шандуу ыр, коп эл билген ыр. Ал ырдын аты «Алтынчы куну кечинде». Ошол жерде ал чыгарманын ээси дагы отурду. Мындай карап корсок алтынчы кун, бул биздин жети кундун алтынчы куну болуп жатат.

Чындап эле жети кундун алтынчы куну болуп жатпайбы. Ушул ырды угуп жатып, эсибизге бир киши менен маектешкенибиз тушту. Ал суйлошуубуз дагы жыйырма жыл мурун болгон болуп жатпайбы. Бир жагынан бул ыр - чыгармага деле алтымыш бир жыл болуптур. Тактап айтканда «Алтынчы куну кечинде» деген ырга. А биз маектешкен киши дагы жон адам эмес болчу, биздин кыргыз тил институнун алдынкы адиси болуп жатпайбы. Андан сырткары чон илимдердин кандидаты.

Эмне учун ошол маекти айтып жатабыз десениз, анткени ошол убактагы ойлорубузду ушул ыр дагы эстетип жатпайбы. Эми маектин манызы, биз суроо бергенибизде. Эмне учун дегенде, ошол жылдары кыргыздарга жети кундун ар бир кунун – дуйшонбудон баштап жекшембиге чейин киргизип жатпадыбы беле. Биринчи кунду – биринчи кун дебей – дуйшомбу деп кыргыздарга тануулап бут мектептерге киргизбеди беле. Дагы айталы, бул соз жыйырма жыл мурун болгонун.

Ал эми «Алтынчы куну кечинде» деген ырга алтымыш жыл болуптур. Анда кыргыздар алтымыш жыл мурун эле алтынчы кунду – алтынчы кун деп аташкан турбайбы. Анда эмне учун, жыйырма жыл мурун алтынчы кунду биз ишемби кун деп атап калдык. Бул суроого кыргыз тил институттун адиси – «ишемби» бул иран-перс тилинен келген, ал мурун эле колдонуп келген, жазуу иретине болгон нерсе деп жооп берген. Анда эмне учун биздин ыр жараткан кыргыз кишибиз ырын «Ишемби куну кечинде» дебей «Алтынчы куну кечинде» деп ырдап жатат? Тан калаарлык.

Дагы биз суроо бердик чон адиске, анда эмне учун ирандыктар оз созуно которгондо ишемби - алтынчы кун болуп жатат, ал эми дуйшонбу - биринчи кун болуп жатат дедик. Эмне учун кыргыздар биринчи кунду – биринчи кун дебей – дуйшонбу деп, ал эми алтынчы кунду, алтынчы кун дебей – ишемби деп атап жатабыз дедик. Бул суробузга дагы жооп алдык, бул создор илгертен эле кыргыз тилине синип калган деп. Мейли илгертен билбесек, эми билип жатпайбызбы дуйшомбу биринчи кун экенин, ал эми ишемби – алтынчы кун экенин. Анда эмне учун алтынчы кунду, алтынчы кун дебей башка тилде айтып жатабыз. Дагы бир ирет ото тан калганбыз.

Ошол адистин айтканын дагы эле эч тушунбой журобуз. Биздин улуу тилчибиз Кусеин Карасаев айткандай, кыргыз тилине коптогон оздоштурулгон создор кирип кеткен оз убаганда. Бирок кыргыз тилинде бар создорду колдонбой, эмне учун башка тилден оздоштурулгон создорду колдонушубуз керек? Айта берсек дагы, дагы топон-топон создорго конул бурсак болот. Эмне учун биз араб, иран создорун колдонушубуз керек, ал эми оз создорубузду «иллгерки» создор деп четке кагышыбыз керек. Илгерки соз болсо дагы, ал кыргыздын созу болобу же жокпу?

Оз создорубуз мурунку жылдарда балким ойдо жактагыларга жакпай жургондур. Бирок, казыр биз эгемендуу кыргыз эли болуп жатпайбызбы? Анда эмне учун биз озубуздун кыргыз создорун колдонбойбуз. Дагы бир кызык созду ошол жерден укканбыз. Биз айтсак, эмне учун биздин акчабыз «Сом» болуп калды десек, анда дагы адис кишибиз айткан, буд илгертеден келип жатат деп. Биз дагы анда айтканбыз, «Сом» деген бул дагы ирандын созу болуп жатпайбы деп. Иран тилинде сом деген бул акчаны тушундурот. А эмне учун биз оз акчабызды акча дебей, сом деп атадык десек, дагы эле илгертеден келген деген созду уктук.

Бирок казыркыга чейин кээ бир кыргыздын создорун «архаизм» деп колдонуудан чыгараып салышканын деле билип жатпайбызбы. Бирок канча кыргыздын создору башка тилдерге оздоштурулуп кеткени деле чындык болуп далилденип жатпайбы?. А биз аларды тескерисинче унуткарып калдык. Керек болгондо, кыргыз эч качан «Сомун» барбы деп айпайт. Кыргыз дайым «Акчан» барбы деп сурайт. Ушул, жана дагы кыргыздын созундогу койгойлоруно чон суроо берип, мамлекеттик катчыга жолдомо берууго улуксат этиниздер. Эгер ушул саптарда оздоштурулгон создор кобууроок болуп кетсе, анда дагы кечирим сурайбыз.

Курманбек Иманалиев

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

06-09-2022
Надо исполнять свои гражданские права на выборах
936

01-09-2022
Полезная железная дорога Китай-Кыргызстан-Узбекистан
1152

22-08-2022
Может ли Кыргызстан обеспечить себя продовольствием
1603

03-08-2022
Как уберечься от селей в Боомском ущелье
1538

19-07-2022
Повысить или трогать нельзя тарифы на питьевую воду
1512

11-07-2022
Кыргызстан создаст праздник весны как «Сакура» в Японии
2646

11-05-2022
Уважать соседей надо или как пройдет железная дорога Кыргызстан–Китай–Узбекистан
1911

14-04-2022
Нужно ли в 11 микрорайоне Бишкека вместо гаражей строить зелёный парк?
2040

09-04-2022
Очень нужная железная дорога Китай-Кыргызстан-Узбекистан
1956

24-03-2022
Многие думают, что бюджет это заумное, ан нет, оно коснется каждого
1962

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×