Карадеңиз менен Мармар деңизин кошуп турган Босфор кысыгынын үстүндөбүз. Эйр Кыргызстан учагы Стамбулга жакындоодо. Бизди ал жерде, студенттер менен дагы башка адамдарыбыз тосуп алмак. Адамдардын ортосунда жүргөн аңгеме дүкөндө, кызуу талкуу болду.
Б.Байтин. Кыргыз президентинин сунушу менен 2022 жылы, эл аралык масштабда тоолор жылы белгиленгени калды.
Рустам / студент/ ЮНЕСКО тарабынан мурда да тоолор жылы белгиленип келген. Илбирстерди сактап калуу боюнча да Кыргызстанда эл аралык симпозиум уюштурулган. Ал симпозиум жөнүндө эл аралык уюмдардын, Кыргызстанда болгон иш аракеттери деле байкала элек.
Калыбек. (студент) Илбристердин саны көбөйүп кетти дегенди деле эч жерден уга элекбиз. Сууга чөгүп бараткандын иши,сууга чөккөндүн өзүнүн иши деп айтылгандай,сырттан кимдир бирөө акча сунуштап ушуга илбристерди сактап калгыла деп айтпаган чыгар.
Визави: Жаратылышты коргоо бүгүнкү күндө, жер шарын сактап калуу дегендей эле угулуп жатат. 2022-жылды тоолор жылы деп атоонун маани маңызы мына ушунда. Кен казып алууда экологиялык зыяндарды жокко чыгаруу маселеси бар. Тоодогу мөңгүлөрдү эрип жок болуудан сактап калуу. Ал үчүн экологиялык уюмдардын тыкыр иштешин камсыз кылуу маселеси турат. Биздин тоолордо өтө сейрек кездешүүчү дары дармек чөптөр бар. Алар эч кароосуз эле, коммерциялык максаттарда казылып, ал түгүл Кытайга ташылган учурлар кездешет. Жаратылышты коргоо уюмдары, көзөмөлдү күчөтпөсө, айрым баалуу өсүмдүктөр жок болуп кетиши мүмкүн. Өлкөнүн түндүгүндө кездешүүчу кызыл бакалар дайынсыз жок болуп кеткен. Ал түгүл жөнөкөй чардаган бакалар жок. Айыл кечтеринде бакалардын чардашын, куштардын сайраганын тыңшоо, нерв системасына таасир берүүчү медитациялык касиетке ээ. Айрым түшүнүгү тар адамдар сагызган алтын жутат экен дешип, жемсөөсүнөн алтын издеп, торго түшүрүп кырышкан. Тонналаган топуракты сапырып, алтынды зор мээнет менен араң бөлүп алышууда Эл оозунда элек жок деген бар тура. Жомоктор айтыла берет экен. Бала кезибисде аруу ойлорго батырган чыныгы жомоктор азайып кетти. Ч.Айтматовдун Ак кеме чыгармасындагы трагедия да жомоктон пайда болду. Ак ниеттик менен кара ниеттиктин жанаша жүрүшү бүгүнкү заманда кадыр эсе көрүнүш. Фейк жана теги жок маалыматтар терс көрүнүштөрдү жаратып, аң сезимди буйлалап жетелегенге аракеттенүүдө. Кайсы бир катмар кара дүйнөнү түзүү аракетинде жүрөт, алар андан эмне пайда табышат түшүнбөйсүң. Иши кылып жемсөөлөрүн толтурса болду.
Б.Байтин: Сиз азыр белгилегендей,өсүмдүктөр дүйнөсүн сактап калуу тууралүу, Америкалык окумуштуулар да коңгуроо кагышкан. Катаклизм уланып, токойлор өрттөнө берсе, фотосинтез жүрбөй калышы мүмкүн дешет.
Рустам: Фотосинтез, жашыл жалбырактардагы биохимиялык процесс, авадагы көмүр кычкыл газын өзүнө сиңирип, филтир кызматын аткарат. Акыркы жылдарда өрт, селдин капташы, атмосферада көмүр кычкыл газынын концентрациясы көбөйуп кетишинен. Гластодо өткөн саммит дагы, СО2 азайтууга багытталды. Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөр көмүр жагуүну азайтпаса кесепети оор болчудай. Жашыл энергияга өтүү күн тартибине коюлүүда.
Б.Байтин: Жер үстүндөгү жашоо, Жараткан берген табигаттан көз каранды экендиги,барган сайын ачыкталууда.
Визави: Россиянын бир районунда чегирткелерди жок кылыш үчүн химикат себишкен.Ал жердеги өсүмдүктөргө конгон аарылар миңдеп кырылып калган.Өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда аарылардын ролу абдан зор.Бул кичинекей акылдуу " роботторсуз" өсүмдуктөрдүн вегетациясы жүрбөй калышы мүмкүн.Жаратылышта бүт баары бири бири менен тыгыз байланышкан.Жаратылыш чынжырынын бирөөсү эле түшүп калса,жандуу дүйнө жабыркайт,аны кайра улоого туура келет.Аларды,"канаттуу агрономдор" же "канаттуу гникологдор" деп айтсак болчудай.Антибиотикти окумуштуулардан мурда эле жөргөмүштөр желелери менен кошо иштеп чыккан.Аны табуу медицинада чоң пайдалуу өзгөрүштү жаратты.Майданда жаракат алгандардын көбү өлүмгө дуушар болушкан.Антибиотиктер пайда болгондон,көп адамдарды өлүмдөн куткарып калууга мүмкүн болгон.Бүгүн адамзат көп адамдардын өмүрүн алган вирус менен кармашып жатат.Балким,келечекте көп ооруларга даба болчу дарыларды дал ушу курчап турган табяттан табылып жүрбөсүн.Аспиринди деле адегенде өсүмдүктөрдөн бөлүп алышкан.Жаратылышка аяр мамиле кылуу, тоо жылынын алкагында приоритетке ээ болушу зарыл.
Б.Байтин:Жаратылышка аяр мамиле кылуу,жан-жаныбарларды коргоого алуүга байланыштуу эмеспи?
Визави:Жапайы жаныбарларды коргоого мамлекеттик маани берилиш керек.Антпесе кооз табияттан ажырап калуу коркунучу бар.Мындан эки-үч жыл мурун парламентте, аркар-кулжаларды атууга улуксат берген документ кабыл алынган.Мен муну туура эмес деп эсептейм.Мындай документ,экологиялык экспертизадан өткөрүлүп,Конституциялык палатанын улуксаты менен кабыл алынганы дурус.
Б.Байтин:Эмне Үчүн?
Визави: .Көрсөтүлгөн жаныбарлар кызыл китепке кирген.Аларды атуу экологиянын эл аралык нормаларына карама каршы.Тескерисинче,документ жогорку бийлик бутактарынан өтүп келген.Тоо жаныбарлары улуттук генофондко кирет.Эмнеүчүн,тайган агытып,куш салганды улуттук маданят катары көрсөтүп келебиз? Пандалар азыр Кытайдын символу болуп калды.
Калыбек:Мен буга кошулам.Россида,бугу эликтерге биздегидей аңчылык кылышпайт.Ал түгүл бугунун бир шыйрагын чек арадан өткөрбөйт.Европа,Американы айтпай эле коёлу.Аларда айрым жаныбарлар өлкөнүн бренди,ал түгүл улуттук баалулуктарга кирет.Кытайдын тили башка элдерге жагымсыз угулушу мүмкүн,бирок панда Кытайды жагымдуу кылып көрсөтүп турат.Улам сейрек кездешип бараткан тоо илбристери,кыргыз генофондунун кайталангыс сулуулугу..Биз ушул сымбаттуу жапайы мышыгыбызды сактап кала алсак,ага суктанышкан миңдеген туристер келе баштайт.Жакында угуп калдым. Чет элдик туристердин бири,фотого илбристи таап бергени үчүн он миң доллар берген экен.
Визави:Көп өлкөлордө фото аңчылыка менен аракеттенишет.Ютуб каналынан көп көрүүгө болот.Аңчылык кылүунун гумандуу жолдоруна өтүү зарыл.Адамдар жаныбарларды кырып бүтүп, бири -бирине кол салчудай туюлат.Ламарктын сөзү менен айтсак ушундай.Бул ачууну келтирбей койбойт.Азыркы күндө карышкырлар короодогу койлорго чейин кол салууда,себеби алар азыктана турган кийиктер азайып баратат.Адамдар карышкырлардын да тамагын азайтууда.Карышкырларды да кырууга болбойт.Жаратылыш санитарлары катары,ооруп калгандарын,каргандарын жейт.Ч.Айтматовдун белгилүү чыгармасында карышкыр кичинекей баланы көтөрө качканы эсиңиздеби?Жаныбарлар да өч алат.Байыркы миф боюнча кыргыздар карышкырдан тараган делинип келет.Улуттук оюн көк бөрүнүн аталышы да, көк карышкыр болуп жатат муну туура түшүнөлү Кыргыздар жөнүндөгү Миф тууралуу Казак акыны Олжас.Сулейменов дагы Азия аттуу китебинде жазды.Алтайдагы элге душмандар басып,кыргынга учуратат.Андан колу- буту кесилген он жашар бала аман калат.Баланы көк карышкыр көрүп калып,сүтүн эмизип чоңойтот.Кийин ал Бумын аталып,кыргыздар анын тукумдары болуп таралган. Быйылкы тоо жылында,аска зоо ханышасы илбристер жөнүндө сөз болбой койбос.Илбристердин сакталып калышы,жаратылыштагы баланстын сакталып турушуна байланыштуу.Алар жапайы кийиктердин эти менен азыктанат.Аркар,кулжа,тоо эчкилер азайып кетсе,илбристердин популяциясы жүрбөй калышы мүмкүн.Бул улуттук генофондко кийлигишүү,аны жакырдантуу,анын эстетикалык табитин бузуу болуп саналат.Эгер биз илбирстерди сактап калгыбыз келсе,жвпайы кийиктердин санын көбөйтүү иш чараларын жүргүзүү зарыл.Адамдар үчүн азык түлүк коопсуздугун түзүү кандай керек болсо,илбристер үчүн да ошондой коопсуздук керек.Жаратылыштагы баланс сакталбаса,кырсык көбөйөт.Мөңгү азайса,суу азайат.Климат бузулат.Кырсык Кожожаш дастанында мифтик сүрөттөө аркылуу көрсөтүлгөн.Кожожаш тууралу Т.Океев гениалдуу кинотасма жараткан.Кыйын кезең мезгилдерде кыргыздар,ачарчылыка учураган эмес.Жапайы жаныбарлар азык болуп берген.Бүгүңкү жашообуз үчүн жан жаныбарлардын астында,аларды коргоого алууга милдеттүүбүз.Дегеле жалпы адамзат,жер каймактагандан,курт кумурскалардан баштап,жапайы жаныбарлардын этине чейин азык катары пайдаланышкан, чийки жегендерин эске албаганда.Алгачкы адамдар аңчылар жана мөмө жемиш чогултуучулар болгон.Агрардык революцияга чейин дагы көптөгөн жүз жылдыктар бар эле.Бизди жарартылыш багып чоңойтту.Бүгүн аны биосфера,флора жана фауна деп атап жатабыз.Кандай акылдуу болуп чыга келдик.Ата-энени карабай өскөн баладай,жаратылышка кайдигер мамиле кылып келатабыз.
Б.Байтин:Ооба,коопсуздук чараларын көрүү максатка ылайыктуу. 1938-39 жылдары Чүйдө малярия илдети тарап,кыйынчылык туудурган.Кара малдын башын көбөйткөндө гана инфекция басаңдаган.Себеби оору тараткан чиркей,көгөөндөр малга кеткен.Жапайы жаныбарлар да коопсуздук алкагына киреерин унутпайлы.Табият улуулугу адамзат жашоосун камсыздап турган айгине сыр.