Добавить свою статью
2 Июня 2022
Мен «Курултай» идеясын колдойм, бирок …

2020-жылдын аягында бийликке келген өкмөтү менен, Кыргызстан акырындык менен мурда четте калган салттуу институттарды бекемдөөдө. Кыргызстанда 10-январдагы референдумда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилүүсү, азыр Монголиянын жана Борбордук Азиянын көчмөн элдеринин салтуу саясий институту болгон Курултайдын маанисин жогорулатуу менен катарлаш жүрүп жатат.

Моңгол империясы 13-кылымда бул аймакты басып алган учурунда, Орто Азияга Курултайды алып келген. Моңгол тилиндеги «хур» (чогулуш) сөзүнөн алынган Курултай институту саясий жана аскердик чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү көчмөн уруулардын чогулушу катары кызмат кылган. Курултайга тыюу салган Советтер Союзу кулагандан кийин бул аймакта жанданып, Курултай Кыргызстанда 1993-жылдан бери маданий жана саясий актуалдуулук деңгээли ар кандай болуп өзгөрүп жашап келүүдө.

Салтка тез кайтууга умтулуу 

Кыргызстандын 1991-жылдан 2005-жылга чейинки биринчи президенти Аскар Акаев, Курултайды калыбына келтирген. Анткен менен 2004-жылы Курултай оппозиция тарапка ооп, Курманбек Бакиевдин саясий бийликти күч менен басып алуусуна жана өлкөнүн президенти болуп калуусуна шарт түзүп, жеке салым жана кайрымдуулук менен гана каржыланган Курултайдын ролун ого бетер күчөттү.

2010-жылы саясатта ээри кыйшайган Бакиев бул институтту Ынтымак Курултайы деп атаган, ага айылдык округдардан, шаар борборлорунан жана ар кандай диний конфессиялардан 750 өкүл кирген.

2010-жылдагы адам өлүмүнө алып келген этникалык кагылышуулардан кийин Курултай бөлүнүп-жарылууну жоюуда жана улутту кайра курууда маанилүү роль ойноду. «Курултай» деген сөз 2010-жылдагы Конституциянын 52-беренесинде гана кездешип, анын кеңешүүчү орган катары расмий статусун аныктаган. Референдум жана парламенттик шайлоолордон кийин, 2010-жылдын октябрь айында Курултайдын ролу көбүрөөк байкала баштады. 2011-жылы жыл бою Курултайлар облустук жана республикалык деңгээлде өткөрүлгөн. Акыркы жылдары бул институтту жандандырууга саясатчылардын кызыгуусу күч алууда.

2019-жылы, Кыргызстандын улуттук парламенти болгон Жогорку Кеңештин депутаттары анын ролун дагы да күчөтө турган «Курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштаган. Бирок, мыйзам долбоору парламентте четке кагылган. Бирок, 2020-жылдын октябрында демонстрациялардын натыйжасында Кыргызстанда бийлик кулатылгандан кийин президент Садыр Жапаров баштаган жаңы өкмөт Курултайды жандандырууну талкуулоону тездеткен.

2021-жылдын январында Кыргызстандын эли Жапаровдун лидерлигин бекемдеген президенттик шайлоодо жана конституция боюнча кичи-референдумда добуш берип, башкаруу формасын парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өзгөрттү.

2021-жылдын апрелинде жаңы конституциялык референдум президенттик башкаруу формасын бекемдеп, Курултайга көбүрөөк ыйгарым укуктарды берген.

Курултайдын тегерегиндеги талаш-тартыш

Бул идеяны колдоочулардын пикиринде, Курултай кыргыздар дагы дале өздөрүн ансыз элестете албаган кландык кысым аркылуу шайланган адамдардын аракеттерин көзөмөлдөөгө жардам бермек. Курултайдын жактоочулары өлкөдө бийлик негизинен кыргыздардан куралгандыктан, ага таасир этүүнүн салттуу механизмдери зарыл экенине ишенишет. Курултай клан (эл) тарабынан көрсөтүлгөн лидерлер үчүн жамааттык жоопкерчиликтин системасы жана лидерлердин элге кызмат кылуусун камсыз кылуу системасы катары кыргыз элинин салттуу руханиятын калыбына келтирүүнү көздөйт. Курултай бийликти чындап элге кызмат кылууга мажбурлай турган бирден-бир механизм катары каралат.

Бул идеянын каршылаштары бул демилгенин артында «чөнтөк парламенти» бар президенттин жана анын кызматындагы Курултайдын айланасында бийликти борборлоштуруу аракети жашырылган болушу мүмкүн дешет. Сынчылардын айтымында, тарых дөңгөлөктөрүн артка буруунун кереги жок, анын ордуна өлкө жаралган көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы заманбап ыкмаларды издөөсү керек. Жаңы Конституцияда Курултайдын кандай жол менен шайлана турганы көрсөтүлгөн эмес. Байкоочулар ошондой эле анын мандаты иш жүзүндө парламенттин мандатынан айырмаланбай турганын белгилешти. Кыргызстандык укук эксперттери Курултайдын ишинин акыры кандай болоору бүдөмүк экенин белгилешүүдө. Кыргызстандын конституциялык укук боюнча эксперттери Курултай авторитаризмге алып келиши мүмкүн деп эскертишти. Алардын жүйөлөрү боюнча, авторитардык мамлекеттерде мындай квазиконституциялык органдар бардык диктаторлорго жагат. Сынчылар жаңы Конституция менен Курултай бийликтин үч бутагында тең добуш берүү укугуна ээ болоорун мисал келтирүүдө. Курултай мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүүгө, министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кызматтан бошотуу боюнча президентке сунуш киргизүүгө укуктуу. Курултайдын өкүлү Сотторду тандоо кеңешинин ордуна келе турган Сот адилеттиги боюнча кеңеште иштейт, ал эми парламенттин спикери (Төрагасы) Жогорку Кеңештин Курултай менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт. Кыргызстан эгемендүүлүк алган 1991-жылдан бери Кыргызстандын Конституциясы буга чейин 11 жолу өзгөртүлгөн. Ар бир президент бийликте турганда оюндун эрежелерин өзгөрткөн. Садыр Жапаров жогорку кызматка келиши менен эле ушундай кылды. Эми Кыргызстан үчүн жаңы доордо Курултай кандай роль ойнорун убакыт көрсөтөт.

Эми Кыргызстанда кеңири талкууланып жаткан Курултай институту боюнча менин жеке пикирим:

Курултай 2021-жылдын апрелиндеги жаңы Конституцияга ылайык түзүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин функцияларын жана ыйгарым укуктары кандайдыр бир деңгээлде кайталайт деп болжолдоого болот. Курултайдын мүчөлөрү чындыгында парламенттин депутаттарынын ишин кайталайт. Бирок, Курултайдын кандай иштей турганы азырынча так белгисиз. Келечекке багытталган реалдуу жыйынтык жок эле, Курултай институту менен Жогорку Кеңештин ортосундагы көптөгөн кезексиз талкуулар болушу мүмкүн. Туруктуулукту жана өз жарандарынын жашоо шартын жакшыртуу үчүн зарыл болгон реформалар процессин түзүүнүн ордуна, Кыргызстан кайрадан убакытты гана уттурат. Ал эми жаңы Курултай институту жаңы чыгымдарды (персонал, администрация, ишмердүүлүк үчүн бюджет) жаратат. Бул акчаларды социалдык тармакка жана инфраструктурага керек болуп жаткан инвестицияларга жумшаса болмок.

Ошондуктан, мындай шарттарда мен Курултайды түзүүгө «Жок» деп айтам!

Жогоруда биз сүрөттөгөн Курултай жөнүндө талкуу акыркы конституциялык түзөтүүгө чейин демилгелениши керек эле.

Кыргызстан бул убакка чейин радикалдуу саясий реформага муктаж болмок!

Ак ниеттүү аналитикалык талкуу, негизинен батыш моделдерине багытталган Жогорку Кеңеш институтунун пайдасы Кыргызстандын эли үчүн чектелүү гана болгон деген тыянакка алып келмек.

Буга чейин сыналып, ылайыктуу деп табылбай калган Жогорку Кеңеш моделин жоюп, Курултай үлгүсүнө өтүү сунушталмак.

Күчтүү жана кудуреттүү Курултайдын модели кыргыздын маданиятына, кулк-мүнөзүнө алда канча ылайыктуу болмок.

Эркин шайланган делегаттар айылдын, шаардын, райондун, облустун деңгээлин жана ар кандай этникалык жана диний топтордун өкүлчүлүгүн түзсө, автоматтык түрдө айыл, шаар, район жана облустук кеңештер түзүлүп, үзгүлтүксүз чогулуп туруучу Курултай Президентке, министрлер кабинети сыяктуу анын администрациясына көзөмөлдөөчү/тескөөчү орган болмок.

Эскертүү: Мен бул жерде, мен үчүн негизги маалымат булагы болгон жана мага бул тема боюнча өз оюмду жазууга дем берген «Курултай деген эмне: Кыргызстандын байыркы көчмөн салттарына негизделген саясий органы» деген макаланын (Global Voices, 2021-жылдын 15-июлу) автору Айгерим Тургунбаева айымга ыраазычылык билдирүүгө милдеттүүмүн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×