Добавить свою статью
14 Ноября 2022
Акназаров Корчубек – Социалисттик Эмгектин Баатыры, легендарлуу биринчи катчы

(100-ж. мааркесене «Биз-кыргызбыз» деген китептен алынды)

Советтик доордо райкомдун биринчи секретары (катчысы) партиялык-советтик бийликтин түп тутаар туткасы болгон. Айыл чарбасы басымдуулук кылган Кыргызстандын райондорунда анын ролу жана авторитети, согуш мезгилиндеги дивизиянын командирлериникиндей эле сезилүүчү. Ошондой биринчи катчылардын ичинен, айсбергдин чокусундай айрыкча кѳрүнүп турган инсан Корчубек Акназаров.

Сѳздү Корчукемдин эскермесинен баштайын: «Чыңгыз Айтматов менен бир жерде конокто болуп калдым. Ал менден сурап калды:

– Корчүке, канча жыл райкомдун 1-секретары болуп иштедиңиз?

– 30 жылдан ашык райкомдун 1-секретары болуп иштедим. Буга 2-секретарь, аткаруу комитетинин тѳрагасы болуп иштеген жылдар кирбейт, – деп жооп бердим.

Анда Чыңгыз Айтматов: «Сизди дүйнѳлүк Гиннесс Китебине киргизиш керек экен. Союзда 30 жылдан ашык райкомдун 1-секретары болуп иштеген адам жок болуш керек», – деп тамашалап күлдү.

Ушуга улай эле Кыргызстандын ѳткѳндѳгү белгилүү эки партиялык жолбашчыларыбыздын Акназаров жѳнүндѳ эскермесин келтирсек орундуу болуп турат.

Турдакун Усубалиев: «Корчүбек Акназарович чындыгында тарыхый инсан. Отуз жылдан ашуун райкомдо биринчи секретарь болуу оңой бекен? Ал абдан татаал, абдан жооптуу иш. Отуз жыл элдин кадырлоосуна жетишүү, коомдук саясий ишмер болуу, объективдүүлүктѳн, калыстыктан тайбоо оңой бекен? Ал эл үчүн далай-далай иштеп берди».

Абсамат Масалиев: «Бул кишини Кырызстандын түндүгү да, түштүгү да бирдей жакшы билишет. Кажыбас кайраттуу, зор уюштургуч, натыйжалуу кызматы үчүн Социалисттик Эмгектин Баатыры деген эң жогорку наамга татыктуу болду… Коммунисттер арасында «иштесең Акназаровдой иште», деген жылуу сѳздѳр айтылып жүрдү».

Акназаровдун отуз жылдагы катчылык жолун иликтеп кѳрсѳк, фронттун эң оор жерлерине Ставка маршал Жуковду жибергендей эле, аны аргасы кетип, туңгуюкка капталып калган райондордун улам бирине жиберишкен экен. Азыркыча айтканда, бул киши «кризисный менеджер» экен да. Мындай жетекчилер проблеманы кѳнүмүш шаблондорду, жогортодон жиберилген «акылдуу» буйруктарды аткаруу жолу менен чечпейт. Туңгуюктан бүтүндѳй бир районду сууруп чыгыш үчүн Акназаров түзүлгѳн кырдаалдын ѳзѳктүү, талуулу жерлерин так аныктайт да, аларды чечиш үчүн ѳтѳ оригиналдуу, ойго келбеген бир кылдат ыкмаларды колдонот. Мисалы, ал кайсыл районго келбесин, ишин инфраструктураны, айрыкча жолдорду куруудан баштайт. Пландуу экономикада бул объектилер, эреже катары, планга кирбей калат, кайсы инстанцияга кайрылсаң да, «планда жок», «акча жок» дегенден башка жооп таба албайсың.

Ал эми райондордогу ошол кездеги реалдуу турмуш, реалдуу экономикалык жагдай адам чыдагыс эле. «Чаткалга ат менен эмес, – деп жазат Акназаров, – самолет менен кѳчүп бардым. Техниканы келтирүү үчүн жол керек. Айыл чарба машиналарын самолет менен алып келүү мүмкүн эмес. Жол куруу боюнча республикага, областка маселени катуу коё баштадым… Жолдош Жаркынбаев (областтын жетекчиси) жол курууга макул болбой койду. Ал «азырынча Чаткал районун жолун курууга республика да, область да акча таба албайт. 2–3 миллион сом акча кетет экен», – деп койду. Андан кийин Акназаровду кризистин сазына терең батып калган Ак-Талаа районуна жиберишет. Райондо кѳпчүлүк мал короо-сарайлар менен камсыз болбоптур. Тоюттун жоктугунан коомдук мал кырылып жаткан кез экен. Элде нан эмес талканга жетээр эгин жок. Жагдайды изилдеп отуруп, Акназаров маселени чечүүнүн ачкычы дагы эле ОртоСырт кыштоосуна жол салууда экенин аныктайт. Анткени ал жерде райондун кой чарбасынын басымдуу кѳпчүлүгү, башкача айтканда, 60 миңдеген ашык кой кыштайт экен. Болгону 40 км жол салынса, малдын башын аман сактап калууга жана ѳнүктүрүүгѳ мүмкүнчүлүк ачылмак. Акназаров кайрылбаган, суранбаган инстанция жок, бирок баарынын жообу баягы: «акча жок», планда жок». «Автошоссе министри Х. Кѳлбаев, – деп жазат Акназаров, – Орто-Сырт жолун куруудан баш тартты: – Жолдун курулушуна миллион сом акча кетет. Мынча акчаны мен таба албаймын, – деп койду».

Аргасы кеткенде ал тобокелге салат да, элдик курулуш баштоого бел байлайт. Ал кезде тобокелчилик, айрым учурларда, партиялык-административдик катуу жазага учурап калуучу. «Жолду элдик курулуш кылып курууну, – дейт Акназаров, – область менен кеңешсемби же кеңешпей эле баштай берсемби деп кѳп ойлонууга туура келди. Обкомдун 1-катчысы Садыбакасов жок дегенин бербеген, бир сѳзүнѳн кайтпаган адам. Эгер айтпай туруп баштасам, эмне мынча чоң курулушту биз менен кеңешпей туруп баштайсың, – деп дагы урушаар бекен? Мындайда жалтактабай чечкиндүү болуу зарыл. Тобокелге салдым… Эл кѳтѳрүлсѳ бүтпѳй турган иш жок. Райондун эмгекчилери 57 күндүн ичинде Орто-Сырт жолун бүтүрүштү». Бул иштин бир эле натыйжасы: 1970-жылы этке ѳткѳрүлгѳн койлордун семиздиги 98 пайыз, орточо салмагы 56 килограммдан айланды. Ак-Талаа району ар бир койдон 14 кг этти республикадан кѳп алды.

Акназаровдун ушул тажрыйбасын иликтеп олтуруп, ѳткѳн кылымдын 30-жылдарындагы Американын улуу президенти Ф. Рузвельттин кризистен кантип чыкканы эсиме келди. Ал дагы, кудая тобо, миллиондогон элди жолдорду курууга кѳтѳрүп, күнүгѳ бир тарелка сорпо, бир доллар берип иштеткен экен. Өлүккѳ айланган Американын экономикасына ошентип кан айлантып, жан киргизген экен. Мына бүгүн да Казахстандын президенти Н. Назарбаев «Нурлуу жол» деп аталган жаңы экономикалык саясатты ишке ашыра баштады. Башка мамлекеттер акчасын жыйнай албай жатса, ал 100 миллиард доллар каражатты логистикага, башкача айтканда, баягы эле жолдорго, автошоссе, темир жолдорду, аба жана суу портторун, хабдарды курууга жумшай баштады. «Өмүрдүн ѳзѳнү жолдор, алар жеткен жерде кайнаган эмгек, бакубат турмуш бар», – деп айтты Назарбаев.

Албетте, келтирилген мисалдар кризистен чыгуунун жалгыз ыкмасы жолдорду салуу дегендикке жатпайт. Экономиканын кайсы түрү болбосун, пландоо же рынок экономикасынын кризистен чыгарыш үчүн жетекчилерден ойдо жок жерден жол тапкычтыкты, чечкиндүүлүктү жана тобокелчиликти талап кылат.

Ошол эле Акназаров Кочкор районуна биринчи катчы болуп келгенде, колхоздун бир жетекчисинен сурайт:

– Эмне үчүн коомдук малдарга жетишүү тоют даярдабайсыңар?

– Сугат суу аз, тиги кѳрүнгѳн коктуну Түндүк деп коюшат, ошондон эки кулак суу алабыз. Шамшыдан суу кирген убакта 2–3 кулак суу келет… Суу болсо айдоо жерлер кѳп, – дейт жанагы жетекчи. Райондун географиялык шарттарын, жер кыртышын, мал чарбасын күнү-түнү адистер менен кошо изилдеп олтуруп, Акназаров кризистен чыгуунун чечүүчү фактору катары сугат системасын ѳркүндѳтүүнү тандап алат. Ушул райондо 17 жыл иштеп, ал экстенсивдүү айыл чарбасын кантип эффективдүү кылуунун классикалык үлгүсүн кѳрсѳтѳт. Жүздѳгѳн гектардын жерлердин таштары терилет, арыктар, каналдар казылат (дагы эле «ашар» жолу менен), ар бир тамчы суу контролго алынат. Акназаровдун Москвада, бийлик коридорлорун сагаалап, суу насосторун издеп жүргѳнү ѳзүнчѳ эле бир драма. Натыйжада мурда гектарынан 12–14 центнер эгин берген жерлерден, сугатты эффективдүү пайдалануунун эсебинен түшүм гектарынан 70–80 центнерге жеткен. Жердин шартына жараша мурда, 8-беш жылдыкта Кочкор районуна эгинден план берилүүчү эмес экен. 12 беш жылдыкта гектарына 70 центнерден алынып, эгиндин дүң жыйымы 301 880 тоннага жеткен. 8-беш жылдыкта мамлекетке 28 123 тонна эт сатылса, 12-беш жылдыкта 48 500 тонна же эки эсе кѳп сатылган!

Корчубек Акназаров бир Кудайга сыйынса, экинчиси – ѳзүнүн эмгегине сыйынат. Өз эмгеги, маңдай тери менен ѳзүн ѳзү калыптаган инсан. Орустун бир макалында королду свита (чѳйрѳсү) түзѳт деп айтылат. Акназаров, тескерисинче, чѳйрѳсүн ѳзү калыптайт, «кадр кѳп жылдарда чоң күч менен даярдалат. Анын да кѳбү жараксыз болуп чыгат. Мыкты кадр деген чекесинде жазуу жок. Аны кумдан элеп алган алтындай иштен иргеп алыш керек», – деп жазат Акназаров. Сталиндин «Кадрлар баардыгын чечет» деген формуласы Корчүкенин кан-жанына сиңген. Ошондуктан сталиндик кадр тандоонун негизги принциби – адамдын жѳндѳмдүлүүгү, жетекчилик таланты гана ал үчүн кыйшайгыс закон.

Ак-Талаа районундагы аксакалдардын бир отурушунда алардын бирѳѳ: «Корчубек, сен биздин районго жаңы келгенде, баскан турганыңды контролго алып, тынчтык бербеген жаман адам экен деп колхоздун активдери жерип жүрүштү. Сен келгени ферма, зоотехниктер «кой бергин» деп сурашпай калды». Дагы бир Сардалы деген карыя айтат: «Активдердин жеп-ичкенин кан буугандай тыйдың. Сага чоң рахмат». Акималы аксакал айтат: «Сугат иштери катуу контролдукка алынгандан кийин гана түшүм кѳбѳйдү. Резинка ѳтүктү кийип алып, сугатчыларга ѳзүң басып сүйлѳшүп, контролдоп жүрдүң. Ошентип турсаң, кантип алар иштебесин». Акназаровдун иш стилинде кадрлар менен жекече достук, алыш-бериш, ага-тууганды кызматка коюу деген коррупциялык схемалар эч болгон эмес. Кадрлардын ишинин сапатына карата гана калыс баа берилген, тартипсиздик катуу жазаланган. Ошондуктан Акназаровдун тегерегинде таза, ишмер адамдар топтолгон. Чынында эле Нарын облусу эле эмес, жалпы республикада Акназаров менен бирге иштѳѳ бийик абройдун, кадыр-барктын кѳрсѳткүчү болгон. «Мен Акназаровдо иштеймин» деген бир сѳз ал адамды олуттуу фигура катары кѳрсѳтүп коюучу. Акназаровдон кийин келген райкомдун катчыларына иштеш кыйындыкка турар эле. Анткени эл анын ишин, баскан-турганын Акназаровко салыштырып туруп алат экен да. Чынында эле кийинки бир катчы Ак-Талаада жанын таштап иштейт, колунан келген аракетин аябайт, бирок иш жылбайт. Ал райондун активин жыйып алып: «Ишибиз начарлап кетти, жетекчилик тарабынан талап катуу эле коюулуп жатат, күнѳѳлүлѳр жоопко тартылып, кээ бирѳѳнү кызматтан алып да жатабыз. Короо-сарай, жем-чѳп менен деле камсызбыз. Дагы эмне жасашыбыз керек? Деги силерге эмне жетпей жатат, кана айткылачы», – десе, залдан: «Акназаров жетпей жатат» деген үн чыгыптыр.

Албетте, турмуштагы ийгилик кѳбүн эсе адамдын эмгекчилдигине байланышкан. Бирок ѳмүр бою тѳбѳсү менен жер казса да, каалаган максатына, ийгиликке жетпей ѳтүп кеткен адамдар канча? Демек, пешенеге жазылган тагдырдын буйругу, тагдырдын үстѳмдүгү адамдын биографиясын кѳп учурда аныктап, багыттап коет. Менимче, Акназаров ѳз тагдырына да, ѳзүнүн күчүнѳ да болжол менен теңме-тең милдеттүү. Кѳбүн эсе ѳзүнѳ ишенет. «Өзүңдү ѳзүң жасагын» деген эрк менен алдыга умтулат. 14 ай бою согушта кан кечип, жарадар болуп, ѳлүм менен ѳмүрдүн ортосунда жүрүп аман келгендеги Акназаровдун ойтолгоосу таң калтырат: «Эмнеден баштоо керек? Баардыгы туюк, бир жылчыгы жок. Жардам берүүчү тирек жок. Дагы эле ѳзүң, ѳзүң аракет кыл. Жолду ѳзүң изде. Жаман жолго тушукпа. Ойлонуп-ойлонуп отуруп, ушул ойго такалдым».

Менин столумда азыр Акназаровдун «Ак жол» деген эскерме китеби жатат. Ушунча кызык, терең китеп экен, ишенсеңер, бир түндүн ичинде баш кѳтѳрбѳй окуп чыктым. Китептин ар бир тамгасынын аркасында автор басып ѳткѳн ѳтѳ драмалуу, ѳтѳ мазмундуу ѳмүр жолу гана эмес, ар бирибиз үчүн чексиз кымбат, түбѳлүктүү. Ата Мекен, кыргыз эли, улуттук ар-намыс, улуттук мамлекетибиз ѳңдүү асыл дѳѳлѳттѳр дана кѳрүнүп турат.

Жумагул Сааданбеков

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-03-2024
У каждого века есть свое средневековье
672

28-02-2024
Скромное обаяние прирожденного трудоголика. Апасу Жумагулову 90 лет
4664

05-02-2024
Стратегия идеологической безопасности КР
2220

16-01-2024
О повышении эффективности общественно-гуманитарных наук Кыргызстана
1467

20-10-2023
Жаңы курулган президенттик резиденциянын аталышы боюнча
9315

13-10-2023
Демократия или Свобода?
1962

12-10-2023
«Кыргыз Ордо» болсун
965

11-09-2023
Первые впечатления о книге президента С. Жапарова
1205

04-09-2023
Алп акындын жалгыздыгы
2835

07-07-2023
Абдыганы Эркебаев – политик – реалист
2983

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×