Добавить свою статью
29 Ноября 2022
Илим тууралуу

Бүгүнкү ааламдашуу доорунда коомдун жана мамлекеттин өнүгүшү заманбап инновацияллык технологияга негизделген илимий изилдөөлөргө таянуу менен коомдун өнүгүүсүнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп санала тургандыгын эске алып, биринчи кезекте, илимий багыттагы жаңы билимдерди иштеп чыгуу процессин, илимди түздөн-түз практикага пайдаланууну ишке ашыра турган «илимий изилдөө» формасындагы ынанымдуу далилденген багыттарды өнүктүрүүгө мамлекет артыкчылык берүүгө милдеттүү деп ойлоймун. 

Учурда ааламга белгилүү илимпоз-экономисттердин дээрлик көпчүлүгү дүйнөлүк тажрыйба тастыктап тургандыгына таянуу менен өлкөнүн өнүгүшү илим менен техниканын жетишкендиктерин коомдун бардык чөйрөсүнө колдоно билген, илимдин өнүгүшүнө шарт түзгөн жана анын ийгиликтерин кеңири пайдаланган мамлекет гана дүркүрөп өнүгө тургандыгы туурасында коңгуроо кагып келет.

Мисалга алсак Япония, Корея, Сингапур, Түндүк Европада жайгашкан Швеция, Швецария жана башка өлкөлөр социалдык-экономикалык жактан тез өнүгүп, дүйнөдөгү эң алдыңкы өнүккөн өлкөлөргө айланды.

Кыргызстандын келечекке карай ыкчам өнүгүшү да, башка өнүккөн өлкөлөр сыяктуу эле, илим менен техниканын ачылыштарын өндүрүшкө терең пайдалана билгенде гана өнүкөн өлкөгө айланарына эч кандай шек жок. Совет мезгилинде Кыргызстанда илимдин бардык тармактары болуп көрбөгөндөй өсүп-өнүккөндүгүн Биринчи Элдик Курултайдын аксакал делегаттары мыкты билет. Башкасын айтпаганда да, айыл чарба илимдери – дыйканчылыктын, жер кыртышын, кой чарбасын изилдөөдө республикабыздын өнүгүшүнө зор салым кошсо, геология илими өлкөбүздүн кен байлыктарды кайсы жерде, кандай көлөмдө экендигин изилдеп чыгышкан. Алардын ошол учурда аткарган эмгектеринин натыйжасынын үзүрүн азыр көрүп жатабыз. Ошондой эле, Кыргызстандагы бүгүнкү күндөгү илим менен техниканын жетишкендиктерин эртенки күндө, келечекте, пайдалана тургандыгыбыз, илимге салынган каражат эртең он эсе же жүз эсе актары бул аксиома.

 Бирок, илимге мурункудай көз караш болуп жатабы, мамлекет, коомчулук илимдин өнүгүшүнө жана анын натыйжаларын пайдаланууга кызыкдарбы? деген ачуу чындык суроолорго “Тилекке каршы, андай болбой жатат” – деп ачык айта алабыз. Сөзүм кур болбош үчүн бир нече мисалдарды келтирейин. Илимийметриканы изилдеген окумуштуулардын жыйынтыгына таянсак, мамлекеттин жалпы бюджетинен 3% кем эмес каражат илимге бөлүнүп жана аны толугу менен пайдаланган өлкөлөрдө илим ийгиликтүү өнүгүп, анын коомго тийгизген таасири абдан эффектитивдүү болот. Азиянын, Европанын, Батыш өлкөлөрүнүн дээрлик көпчүлүгү, Россия жалпы бюджетинен 2,5 - 3 % тегерегиндеги каражатты илимге бөлүшөт. 

Учурда кошуна өлкөлөр Узбекистан, Казахстан, Таджикистан ички дүң продукциянын бир пайысына чейин, бизде болгону 0,06 % бөлүнөт. Бул деген 1 проценттин төрттөн бири дегенди түшүндүрөт. Мындай каражат эң аз өлчөмдөгү айлыкка гана жетет. Ал эми ар кандай техникалык, био-химиялык ж.б. илимдин приборлорун, жарак жабдыктарын сатып алууга, геологиялык экспедицияларды уюштурууга, лабораториядык экспериментерди жүргүзүүгө, археологиялык казууларды уюштурууга, илимий журналдарды, китептерди чыгарууга эч кандай мүмкүнчүлүк жок.  

Учурда илимди бюджеттен каржылоо боюнча Кыргызстан мурунку Союздук республикалардын эң эле соңундабыз.

Азыр Өлкөбүздө илим изилдөө Жогорку окуу жайларда, тармактык илимий изилдөө институттарында жана илимдин борбору болгон Улуттук илимдер академиясында. Жогорку окуу жайлардагы окутуучу-профессор жаматы жылына 800 дөн 1000 саатка чейин окуу сабактарын өткөрүшүп, бардык мүмкүнчүлүгүн билим берүүгө жумшап, илимге дээрлик убакыттары жокко эсе, илим изилдөөнү бош убакыт болгондо гана жүргүзөт. Ошондуктан жогорку окуу жайлар илимдин эмес, билим берүүнүүн борборлору, 9тармактык илимий институттар болсо, илимдин өзгөчөлүгүнө жараша чакан гана илим көйгөйлөрүн изилдешет.

Илимди кеңири, терең жана ар тараптан караган жана фундаменталдык прикладдык колдонмо илимге көңүл бурган жалгыз илимий мекеме бул Улуттук илимдер академиясы. Илимдин негизги борбору болгон академияга жалпы бюджеттен 0,06% каражат бөлүнөт. 

Академияда академиктин алган айлыгы 12000 сом, профессордуку 9000 сом. Ушундай айлыкка азыр жаштар келеби? Окумуштуулардын азыркы муундарын алмаштыра турган жаштардын отряды кескин кыскарууда, ушундай абал улана турган болсо, окумуштуулар жокко эсе болгон өлкөгө айланып калышыбыз мүмкүн. Өзүбүздүн илимди барктай албасак, башка элдин, башка мамлекетинин илимине зар болуп калышыбыз ыктымал. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сиз 2020-жылы президенттик шайлоонун алдында академиянын мүчөлөрү менен жолугушууга келип, илимге абдан жакшы көңүл бөлө турганыңызды айтканда биз мамлекетибиздин өнүгүшү ыкчам болот деп абдан кубанган элек. Ошол айткан сөздөрдүн натыйжасын азыр да күтүп жүрөбүз. Буюрса аткарылат деген терең ишеничтебиз.

Урматтуу Акылбек Усенбекович!

Илимдер академиясын, дегеле жалпы илим коомчулугун терең жана ар тараптан пайдаланыңыздар!

Окумуштуулар Сиздердин берген тапшырмаңыздарды тездик жана сапаттуу аткарганга аракет кылабыз. УИАсынын Илимий кызматкерлерин эксперт катары мыйзамдарынын долбоорлорун, мамлекеттин өнүүгүүсүнө багытталган Концепциялардын, Программалардын долбоорун иштеп чыгууда биздин ата бабаларыбыз айткандай “аттай токуп” мине турган учур келди, болгону илимпоздорго илим изилдөөгө шарт гана керек.

Көңүл бурганыңыздарга терең таазим!

Академик НАН КР, доктор юридических наук, профессор Арабаев Чолпонкул Исаевич.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×