Добавить свою статью
23 Декабря 2022
О Казате Акматове

Казат Акматов, народный писатель

(23-декабрда туулган күнү «Биз - кыргызбыз» деген китептен алынды)

Мен Казат Акматовду жазуучу катарында эмес, саясатчы катары Горбачевдун кайра куруу доорунда биринчи жолу тааныдым. Анда Компартиянын Борбордук Комитетинде идеология бөлүмүнүн башчысы элем. Коммунисттик идеологиянын ызгаары улам начарлап, коомубуз, элибиз демократия жана эркиндикти көздөй бет алган кез эле. Интеллигенциянын ар кандай катмарлары менен бат-бат жолугушуп, келе жаткан жаңы заман жөнүндө дээрлик күн сайын сүйлөшүп, өз ара ишеним артып, ачык-айрым пикирлешип турдук. Ошондо Казат Акматов оюндагысын айбыкпай айтып, ачык сүйлөгөн, тайманбаган жигит катары өзүн көрсөттү. Айрыкча, республикадагы улут аралык кырдаалды улам барган сайын кыйчалыштырып, курчута баштаган “Лениндик улут саясатын” эч тайманбай, таза дили менен сынга ала турган. Ал кезде совет мамлекетинин укук коргоо органдары кадимкидей күчүндө, Акматовду бир күнү же түнү “жоготуп” коюш алардын колунан келет эле. Эсимде, БКнын экинчи катчысы Г. Киселев нечен жолу мени чакырып, “Акматовдун улутчулдугу ашынып баратат, сиз аны менен ачык сүйлөшүп, тартипке келтирбейсизби”, – деп жемелөөчү. 

…Бир аздан кийин К. Акматов Кыргызстан демократиялык кыймылынын лидери болуп чыга келди. Ошол кезде Казат Акматов атуулдук эр жүрөктүүлүгү менен акыл-парасатынын тереңдиги айкалышкан саясатчы катары кыргыз элине кеңири таанылды. Бийликтегилер аны менен эсептеше баштады, анын жүрүштурушу инсандык көз карандысыздыктын, өз алдынчалыктын үлгүсүнө айланды. Казаттын эрдигине суктанып, ал чыгармачыл талантка байланыштуу көрүнүш го дечү элем. Бирок таланттуу адамдардын баары эле эр жүрөк эмес да. Мисалы, жазуучулардын арасынан совет бийлигин, партиялык бюрократияны дайыма жана ырааттуу сынга алып, керек болсо ачыктан-ачык каршы да турган, чыныгы диссидент бир гана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков экенин баарыбыз билебиз (азыр коркок киши жок, баары баатыр). Мен ойлойм, эр жүрөктүк, кайраттуулук, акындын же ырчынын талантындай эле, Кудайдан, ата-бабадан, башкача айтканда, пешенеге жазылган. Орустун улуу акыны А.С. Пушкин ушул феноменди өтө таасын байкаган: 

Абал баштан эки сезим жаралат, 

Ал экөөнөн жүрөк табат канаагат: 

Ата журттун табытын да сүйөсүң, 

Тууган жердин күлүнө да күйөсүң. 

Бул кош сезим жүрөгүңдө элирген, 

Буйрук экен кылымдарга теңирден: 

Парызыңды, намысыңды аныктап, 

Адам бийик, адам ыйык дедирген! 

Улуу акындын ыры кыргыз тилине дурус которулса дагы, оригиналдагы ой эң таамай, эң так саптар менен аяктайт: “Самостоянье человека – залог величия его”. 

Демек, адамдын өз алдынчалыгы, өз күчүнө таянгандыгы анын кандайдыр бир абсолюттук баалуулукка: Кудайга же бир Идеяга, Традицияга чексиз терең ишенгендигинде. Ошондой адам гана кандай коркунучтуу, кандай оор шарттар болбосун, өз абийирин, ар-намысын эч качан сатпайт, кайратынан жазбайт. 

Бийликке кошомат кылганга караганда, элге кошомат кылуу (популизм) өтө зыяндуу, өтө опуртмалуу. Бийликтеги бюрократтар, улуттук интеллигенциянын айрым өкүлдөрү популизм оорусуна чалдыккан, күнүмдүк турмуштагы зыяндуу каада-салттарды, бузуку көз караштарды козутуп, элге жаккысы келет. 

Теңдешсиз улуу ойчул К. Маркс: “Коом алдыга жылыш үчүн, адегенде эл өзүнүн ал-абалынан үрөйү учуп, жүрөгү түшө заарканышы керек”, – деп жазган. Магелландын Жер шарын айланган саякаты кезинде Патагонияда бир эңгезердей зор аборигенди кармап, алдына күзгү коюшат. Ал шордуу өзүнүн көрүнүшүнөн өзү ушунчалык катуу корккондуктан эсинен танып жыгылган экен. А биздин азыркы турмушта мындан бешбетер эсиңди оодарган көрүнүштөр толтура. 

Ошондуктан чыныгы таланттуу жазуучу эл алдында бөйпөңдөбөй, анын кемчиликтерин бетине күйгүзүп айтышы керек. Эстегилечи, Чыңгыз Айтматов ачкан “маңкурттук” феномени кыргыздардын эле эмес, бүт дүйнөнүн үрөйүн учурду эле го. 

Казат Акматовдун “Архат” аттуу романында азыркы жаңы өзүмчүлдүк, керектөөчүлүк (буюмкордук, дүнүйөкорлук) заманда элдин алкы, салты, адеп-ахлагынын бузулушу, итке минген материалдык жардылыгы, жалпы аракечтик жана жалкоолук, билимдин, маданияттын чексиз төмөндөшү, саясаттагы түркөйлүк жана наадандык ушунча терең зилдегенин, ызага батырган трагедияга айланып баратканын адабияттын кадимки традиция каражаттары менен катар мифология, фантастиканы колдонуп чагылдырган. Казаттын фантастиканы колдонгон себеби, биздин реалдуу турмуштагы айрым көрүнүштөр фантастикадан алда канча ашып түшөт. Аларды карап туруп уккан кулагыңа, көргөн көзүңө ишенбейсиң. 

К. Акматовдун “Архат” романында бийликтеги адамдын темасына кеңири орун берилген. Тибеттеги Далай-ламанын өзү эмес, анын бийлигин убактылуу аткаруучу (временщик) адамдын психологиясы ачылат (Дальдын сөздүгүндө “временщик” – бийликке кокусунан келген адам). Бийликке кокусунан келген адамдын колдонгон куралы – калп жана күч колдонуу. Далай-ламанын кызматын аткаруучу, бийликтин негизин элдин ишеними түзөөрүн билген эмес же билгиси келген эмес. Эгерде ушул рухий, адеп-ахлактык ресурс жок болсо, административдик бийлик ресурстары: армия, полиция, соттор эч нерсеге арзыбайт. Кандайча ден соолугу темирдей бекем, акыл-эси ордунда, булбулдай сайраган М. Горбачев дайыны чыкпай калды? Кандайча президент Ельцин бийликтин чокусунда туруп, өз эрки менен аны өткөрүп берүүгө аргасыз болду? Кыргызстанды өзү билгендей калчап, бийлеп-тейлеп турган Акаев кантип бийлигин таштай качты? Ушул аталган эл башчылардын колунда административдик ресурстар толугу менен болгон, бирок алар элдин ишеничинен ажырап калышкан. Кыскасы, айтылган ресурстардын колдо болушу эле эмес, аларды Бакиев сыяктуу өз элине мыкаачылык менен ок атып пайдалануу да чыныгы бийликтин белгиси эмес. Бийлик замбиректер менен акчада эмес. Акчасына чиренип, бир топ кыргыздын жигиттери бийликте жүрөт, бирок чыныгы бийлик – элдин ишеними, элдин сыйында экенин билгиси келишпейт. 

Айрыкча радикал оппозициянын жетекчилери элдин ишенимин, демократияны тыйылбаган чыр-чатактардын, жаңжалдардын куралына айландырып алды. Саясатта ким гана жаңылбайт, ким ката кетирбейт, бирок эч кимдин мамлекеттик бийликке кол салууга, көрүнгөн жерде элди-жерди кордоп, “куурадык”, “өлдүк”, “баарына бийлик күнөөлүү”, “булардан жакшылык күтпөгүлө” деп ыйлактай берүүгө акысы жок. Ушуларды укканда, биз, кыргызстандыктар, ошончолук эле итке минген жакырларбызбы, башка элдерден чексиз артта калдыкпы, келечектен үмүт үздүкпү деген азаптуу суроолорго жооп издейсиң. Ооба, бизден жакшы жашаган көп өлкөлөр бар, бирок бизден алда канча жарды, алда канча кайгылуу турмушта жашаган өлкөлөр андан аз эмес да. Эмне, экономикасы өргө чыгып, дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан Индия менен Кытайдын калкы текши жыргап кетиптирби? Индияда ушул азыр да үй дегенди билбей, көчөдө туулуп, көчөдө жашап, көчөдө өлгөндөр миллион. Африканын, Латын Америкасынын, ТүштүкЧыгыш Азиянын көп өлкөлөрүндө кылымдардан бери чексиз жакырчылык өкүм сүрүп келет. Бир аз жыл мурда мен Кытайдын Хайнань аралында (Боао шаарында) Азия форумуна катыштым. Ошондо Кытайдын мамлекет жетекчилери, саясат таануучулары, Кытайдын айрым провинцияларында алигиче көпчүлүк калк жер тамдарда жашашат, телефон, телевизор дегенди билбейт деп эч тартынбай, жашырбай эле айтып жатышты. Бирок аяктан ындыны өчкөн, муңдуу маанайды эч бир сезбейсиң. Менменсинген кээ бирөөлөр биздин кыргыз калкыбызды жалаң жарды элдер менен салыштырган экен деп мени сындашы ыктымал. Анда айткылачы, Кыргызстанды Америка же Сауд Арабиясы менен салыштыргыдай бизде нефтинин океаны же асманды чапчыган технологиялар барбы? Кыргызстан ошол Кытайдан, Индиядан же Пакистандан айырмаланып, алдыга карай кандайдыр бир фантастикалык секирик жасайт деген текеберчилик кайдан чыккан? 

Албетте, улуттук өзүн-өзү сындоо, бийликти сындоо да закон ченемдүү көрүнүш. Бирок сынды шылдыңга, өз элин кемсинтүүгө, маскарапоздукка айландырууга жол жок. Ишенип койгула, кыргыз эли эч качан цивилизациянын босогосунда, караңгы көлөкөсүндө калбайт.

Жумагул Сааданбеков

Почетный академик НАН КР 

Лауреат международной Сократовской Премии 

«Имя – в науке»

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-03-2024
У каждого века есть свое средневековье
674

28-02-2024
Скромное обаяние прирожденного трудоголика. Апасу Жумагулову 90 лет
4665

05-02-2024
Стратегия идеологической безопасности КР
2222

16-01-2024
О повышении эффективности общественно-гуманитарных наук Кыргызстана
1467

20-10-2023
Жаңы курулган президенттик резиденциянын аталышы боюнча
9315

13-10-2023
Демократия или Свобода?
1962

12-10-2023
«Кыргыз Ордо» болсун
965

11-09-2023
Первые впечатления о книге президента С. Жапарова
1207

04-09-2023
Алп акындын жалгыздыгы
2835

07-07-2023
Абдыганы Эркебаев – политик – реалист
2983

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×