Добавить свою статью
17 Февраля 2023
ИИМдин Коомдук кеңеши – жарандык коом менен ички иштер органдардын ортосундагы өз ара байланыштын эффективдүү аянтчасы

КРнын мамлекеттик органдарынын Коомдук кеңештери тууралуу мыйзамына ылайык, КРнын мамлекеттик органдарынын Коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын чечими менен 2021-жылдын февральдын башында КРнын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши (КК) түзүлгөн.

Комиссиянын чечими КРнын Ички иштер министри У.О. Ниязбековдун 2021-жылдын 4-февральдагы № 70 – буйругу менен бекитилген.

ККтин максаты жана милдеттери - Министрликтин ишкердигине тийиштүү, коомдук демилгелерди талкуулоого жана аларды алдыга жылдырууга, ошондой эле, ИИМге сапаттуу чечимдерди кабыл алууда жардам берүүгө багытталган, жарандык коом менен укук коргоо органдардын ортосундагы өз ара байланыш.

ККтин курамына 13 киши кирет.

Ишкердиктин ар түрдүү чөйрөлөрүндө эксперт болгон ККтин мүчөлөрүн жалпы баалуулуктар бириктирет, алардын ичинде: чынчылдык, чын бейлик, кесипкөйлүк жана активдүү коомдук позиция.

КК өзүнүн ишин жүргүзүүдө төмөндөгү өнөктөштөр менен кызматташат: КРнын ИИМги (борбордук аппараты, ИИББ, ИИБ, РИИБ, ШМБ, ПКМ, МБ), жарандык коом, эл аралык уюмдар, КРнын Жогорку Кеңеши, КРнын Министлер кабинети, КРнын Омбудсмени, КРнын коопсуздук Кеңеши, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдар.

КК жыл сайын өзүнүн иш планын бекитет жана аны иш жүзүнө ашырат.

Азыркы учурда 2021-2023 ж.ж. карата иш планы толук бойдон ишке ашырылган. Бул планда КРнын ИИМ системасынын ишине тийиштүү болгон маселелерди талкуулоо боюнча иш чаралар эске алынган.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылда КК тарабынан cтратегиялык план бекитилип, ишке ашырылган.

Анын негизги багыттарында төмөндөгүлөр каралат:

-ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык жагынан камсыз кылууну жакшыртуу жолдорун талкуулоодо ККтин ролун активдештирүү;

-ички иштер органдарын комплекстүү баалоонун негизинде эффективдүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда жардам берүү;

-ИИМдин кадрлар саясатын өркүндөтүүсүнө эл аралык стандарттарды жана дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды жайылтуу аркылуу жардам көрсөтүү;

-институционалдык өнүгүү;

-КРнын ички иштер органдарын санариптештирүү;

  1. 2021-2022 ж.ж. Коомдук Кеңештин отурумдарында төмөндөгү маселелер каралган:

- ИИМдеги коррупцияга каршылык көрсөтүү боюнча планды ишке ашыруу жана ИИОрында болгон коррупциянын масштабын төмөндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- кыргыз-таджик чек арасындагы абал;

- КРнын ИИМгине кадрларды тандоо жана аларды жайлаштыруу;

-ИИОрдын кызматкерлерин социалдык жагынан камсыз кылуу;

-ИИОнда тарбиялоонун абалы;

-ИИОрдын, психологиялык жардамга муктаж болгон кызматкерлерине жардам берүүнүн абалы;

- ИИОрдын кызматкерлеринин укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча иш чаралар;

-секторалдык стратегиясын коомдук талкуулоо;

-КРнын ИИМге мамлекеттик кызматтарды;

көрсөтүү боюнча Борборунун аткарган иши;

-“Бузуулардын жалпы тизмеси” аттуу автоматташтырылган маалымат системасынын ишинин жыйынтыктары;

-КРнын ИИО системасын реформалоо, эл аралык уюмдар, ӨЭУ жана жарандык коомдун мекемелери менен кызматташуу;

-КРнын ИИМдин ЖКККББнын аткарган иши жана пресс-кызматынын ишкердиги;

-“Коопсуз шаар” аттуу долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү;

-Бишкек жана Ош шаарларында патруль милициясынын кызматы;

-КРнын ИИМ МТББнын - КРнын ИИМин жана Санариптештирилген командалык борборун -санарип боюнча кызматы;

-КРнын ИИМ КИББнын ишкердиги (өлкөдөгү криминалдык абалды төмөндөтүү, резонанстык кылмыштардын бетин ачуу, коомчулук менен кызматташуу боюнча, мал урдоого, уюштурулган кылмыштуулукка ж.б. каршылык көрсөтүү боюнча чаралар);

-коомдук коопсуздугун камсыздоо жана калктын укуктарын коргоо боюнча иш чаралары.

КР ИИМдин жашы жете электер Инспекциясынын кызматы.

Жашы жете электер тарабынан укук бузууларга жол бербөө боюнча Борборунун кызматы.

Үй бүлөлөрдө балдарга карата ырайымсыз мамиле кылууга жана зордук кылууга жол бербөө боюнча иш чаралар.

Лицензиялоо – уруксат кылуучу система бөлүмүнүн ишкердиги; 

-КРнын ИИМне караштуу бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүлүшкө каршы Кызматынын ишкердиги;

-КРнын ИИМне караштуу экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршылык көрсөтүү Кызматынын, анын бекитилген жана диний экстремизмге жол бербөөгө, калктын диний сабаттуулугун жогорулатууга, толеранттыкка, адеп-ахлапка, Ислам дининин негиздерин жана диндердин салттуу принциптерин түшүндүрүүгө багытталган пландарынын алкагындагы ишкердиги.

КРнын аймагындагы чет мамлекеттик жарандары тууралуу маалымат, уруксат берүүлөрдүн жана квоталардын саны;

-Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларындагы туристтик милициянын кызматы;

-КР ИИМ ФЭКББнын кызматы (мамлекеттик сатып алуулар, бюджеттик процессти ишке ашыруу, ИИМге мамлекет тарабынан кызмат көрсөтүү, ИИМ алып жаткан кредиттерди жана гранттарды пайдалануунун эффективдүүлүгү);

-кылмышкерлерди издөө полициясынын эл аралык “Интерпол” аттуу уюмунун Улуттук борбордук бюронун кызматы;

-Чүй облусундагы Cокулук, Ысык-Ата жана Панфилов РИИБнын, ошондой эле, Бишкек шаарындагы Октябрь менен Ленин райондоруна караштуу ИИБнын кызматы.

  1. Коомдук Кеңештин сунуштары:

2021-2022 ж.ж. КК КРнын ИИМне ички иштер органдарын реформалоо боюнча бир нече сунуш берген:

-“тышкы кызматынын” ишин уюштуруу боюнча сунуштар; негизги сунуштар -квалификациялуу кадрларды тартып, аларга жакшыртылган социалдык-турмуш шарттарын берүү аркылуу - аталган кызматтардын кадырын жогорулатууга багытталган (кызмат акысы айында 30000 сомдон кем эмес, иштеген жеринен батир берүү, толук социалдык пакет берүү: балдарын бала бакчага жана мектепке киргизүү, жергиликтүү бийлик тарабынан жубайын жумушка орнотууга жардам берүү, тажрыйбасын эсептегенде 1 жыл 1,5 жыл деп саналат).

-Бишкек шаарындагы оперативдүү жооп кайтаруу Борборунун, “102” кызматын модернизациялоо боюнча сунуштар аталган кызматтын жарандардын кайрылууларына болгон жооп кайтаруусу төмөн деңгээлде экендигине байланыштуу.

Бул кызматтын ишкердиги менен пландуу таанышууда ККтин мүчөлөрү таң калдыруучу көрүнүштү байкап калышты: кеп кылып жаткан кызматтын иши өтүп кеткен кылымдын 50-60 ж.ж. эле уюштурулган экен, тагыраак айтсак, илгерки аналог телефондор колдонулат экен жана аларды 5 оператор тейлейт.

-Патруль милиция кызматын уюштуруу боюнча сунуштар: күн сайын эл менен иштеп, териштирүү жүргүзүп, кылмыштардын бетин ачып жаткан “тышкы кызматтарга” эмгек акысын жогорулатуу;

инструкцияларды жана кызмат аткаруунун эрежелерин одоно бузуулар санкциялоо кылыныш керек; кызматкерлердин дене тарбиясын 6 айга чейин узартуу тийиш.

Патруль милиция кызматында иштей тургандарды тандоо боюнча комиссиянын курамына ККтин өкүлдөрү киргизилгени тууралуу баса белгилей кетмекчимин.

ККтин ою боюнча, “тышкы кызматтары” реформалануусуз, жалпы эле реформалоо ийгиликке ээ болбойт, себеби, бул кызматтардын иши боюнча эл бүт милицияга да баа берет.

-КРнын ИИМнин кылмышкерди издөө жана тергөө кызматтарынын ишкердигине заманбап мамиле жайылтуу боюнча сунуштар тууралуу кеп кылсак, алар: оперативдүү – тергөө жүргүзүү кызматына илимдердин жетишкендиктерин таратуу, мисалы, медицинанын, биологиянын, компьютердик технологиялардын жана криминалистиканын.

Азыр республикабызда жадаганда өтө коркунучтуу кылмышкерлерди геномдук каттоо боюнча маалыматтар банкы да жок. Ошол эле учурда, биз тергөөчү жана оперативдүү бөлүмдөрдүн ишин “жаңы” жолго койгубуз келет.

  1. Коомдук Кеңеш мезгил-мезгили менен КРнын ИИМнин борбордук аппаратында жана республика боюнча өзүнүн отурумдарын өткөрөт. Ошондой эле, Бишкек шаарынын ИИББна, милициянын генерал-майору Шабиров Ж.Ш. атындагы Республикалык окуу борборуна, КРнын ИИМдин Академиясына, КРнын ИИМнин ЖККББна караштуу мониторинг Борборуна, Чүй облусунун ИИББна, Бишкек шаарынын ИИББна тийиштүү Санарип командалык борборуна сыртка чыгуу мониторлоо уюштурат. Андан тышкары, облустарда да сыртка чыгуу отурумдар өткөрүлгөн.

Коомдук Кеңештин, коом үчүн маанилүү отурумдарына жана иш чараларына, ошондой эле, ИИОдын укуктук нормаларды чыгаруу иштерине катышуусу: 2021-2022 жылдары КК 31 отурум, cыртка чыгуу жана жолугууларды өткөрдү. Алардын ичинен, 23 отурум Бишкек шаарында болгон, ал эми 8 сыртка чыгуу отурум Чүй жана Ысык-Көл облустарында өткөн. Отурумдардын баары ачык режимде жүргүзүлгөн.

Ал отурумдарга ИИОдын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын, ММКнын, ӨЭУдын өкүлдөрү, Министрликтин кызмат кишилери, анын карамагындагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин органдарынын өкүлдөрү ж.б. катышышкан.

Ал отурумдарда, ККтин сунуштоолору боюнча чечимдер кабыл алынып, ИИМге, КРнын министрирлик кабинетине, КРнын Жогорку Кеңешине жана КРнын Коопсуздук Кеңешине берилген.

ККтин мүчөлөрү КРнын ИИМ системасында түзүлгөн ар кандай комиссиялардын иштерине катышышат.  Алардын ичинде:

Патруль милициясына кызматкерлерди тандоо боюнча Комиссиясы, ИИМдин Кадрдык комиссиясы, Этика комиссиясы, Патруль милициясынын кызматына мониторинг жүргүзүү Комиссиясы, милициянын генерал-майору Шабиров Ж.Ш. атындагы Республикалык окуу борборуна профессордук-мугалимдик курамын тандоо боюнча Комиссиясы, мамлекет тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү оптимизациялоо боюнча Комиссиясы, КРнын президентинин Буйругун (7.12. 2021 ж., УП №548 “КРда жол жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча калтырылбас чаралары тууралуу”) мониторинг боюнча Комиссиясы ж.б. 

Ошондой эле, КК эл аралык уюмдар менен кызматташуу жүргүзөт. Алардын ичинде: ЭККУ, БУУ, SAFERWORLD.

Укук бузууларга жол бербөө боюнча, жашка жете электердин маселелери боюнча, участковый милиционерлердин иши боюнча ж.б. бириккен сыртка чыгуу отурумдар өткөрүлөт. |

КК КРнын ИИМнин укуктук нормаларды чыгаруу ишкердигине катышат. ККтин мүчөлөрү КРнын кылмыш кодексин, КРнын кылмыш – процессуалдык кодексин, укук бузуулар жөнүндө кодексин жана “КРнын укук коргоо органдарында кызмат аткаруу” мыйзамын иштеп чыгууга активдүү түрдө катышышкан.

ММКтар менен бирге активдүү иш жүргүзүлөт. Өлкөнүн алдыңкы редакциялары менен туруктуу байланыштар түзүлгөн. Азыркы мезгилде 18 макала жана ММКда жүздөн ашык интервью жарыяланып, телевидениеде 32 түз эфир, радиодо 25 түз эфир уюштурулган.

Жарандык коомдун демилгелерин мындан аркы жылдыруу максатында, КК ар бир каралган маселе боюнча өзүнүн сунуштарын берип турат. 

  1. КРнын ички иштер органдарын реформалоо боюнча Коомдук кеңештин сунуштары.

Азыркы мезгилде өлкөбүздө, анын ичинде, укук коргоо органдарында коррупциянын жайылышынын масштабы бүткүл коомдун жана мамлекеттин жетекчилигин тынчсыздандырып тургандыгынан, коррупция темасы өтө актуалдуу болуп калды.

Ички иштер органдары, кылмышкердик менен күрөшүп жаткан укук коргоо органдарынын системасынын борбордук тогоосу болуп саналат. ИИО азыркы мезгилде өлкөдө болуп жаткан кризистик процесстерди толук бойдон өзүнүн башынан өткөрүүдө.

ИИОдагы коррупция проблемасын талкуулоодо, коррупциянын сунушка жана суроого тийиштүү аспекттерин ажырата билүү зарыл. Бул кубулуш укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болгон коррупцияга мүнөздүү.

Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында ИИОдын тарабынан коррупциялык укук бузууларга жана кылмыштарга жол бербөө, аны ачып көрсөтүү жана токтотуу боюнча комплекстүү жана максаттуу чаралар көрүлө турган болсо, анда КК коррупцияга каршылык көрсөтүү маселелерине өзгөчө маани берет.

ИИО системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын баарынын негизги милдети – бул жарандардын ИИОдын кызматкерлерине карата кайрадан ишеними пайда болушу. Коррупцияга каршы күрөш эффективдүү болуш үчүн, ИИОрын чоң масштабдуу модернизациялоо кылуу зарыл, жана бул процесске коомдук институттарды, катардагы жарандарды, ММКды катыштырыш керек, анткени, алар конкреттүү коррупционерди табууга жардамдашуудан тышкары, милиция чөйрөсүндө болгон коррупцияга жагымдуу себептерди жана шарттарды издеп табууга жардам көрсөтүшөт.

Калктын калың катмарынын колдоосуз, зарыл болгон реформаларды жүргүзүүдө жана укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүүдө чоң ийгиликтерге ээ болуш өтө кыйынга келет.

Буга байланыштуу, КК тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө, өздүк курамды тарбиялоого, ИИОдын кызматкерлеринин арасында коррупциялык укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алууcуна багытталган чаралар комплексин сунуштайт:

-коррупцияга каршы эффективдүү күрөш жана ИИОрын реформалоо максатында бекем саясий эрк жана чечкиндүүлүк көрсөтүү.

-окуу учурунан баштап, кызмат аткаруу мезгилде да, өздүк курам менен, бир да кызматкердин кызматын аткаруусунда коррупциялык иштерге көрсөтүүгө жол бербөөгө тууралуу туруктуу түрүндө түшүндүрүү иш жүргүзүү.

-коррупциялык укук бузуу үчүн бүт жаамаатык жоопко тартуларын киргизүү.

Бул учурда кызматкерлер коррупциянын бардык көрсөтүүлөрүнө каршы болууга жана коррупцияга жол бербөөгө милдеттүү болушат. Эгерде кайсы бир кызматкер башкаларга укук бузууга түртүү максатында кайрылса, анда алар бул жөнүндө өздөрүнүн башчысын же компетенттүү органдарын кабарлашат, ошондой эле, башка кызматкерлер тарабынан укук бузуу кылганын айтып турушат.

-ички иштер органдарынын кызматкерлерин бирден бир принципке таянууну тарбиялоо – бардык жарандар үчүн үлгү болуу, ИИОнун кызматкеринин өзү берген антына баш ийүү жана сөзсүз түрдө “элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылуу” деген милдетин аткаруу.

-ИИОдын кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүү (30000 сомдон кем болбош керек).

-материалдык-техникалык базасын жакшыртуу. ИИОдо кызмат аткаруу кадыр-барктуу болушу керек, ошондо ар бир кызматкер ИИОнун катарында болгону менен сыймыктанат жана өзүнүн кызматын баалайт.

- туруктуу түрдө ИИМдин кызматкерин коррупциялык аракеттерге түртө турган “провокациялык” жана “бирөөнүн контролундагы” иш чараларды жүргүзүү.

Мындай учурларда кызматкерде, кармалып калып, коррупциялык кылмыш кылуунун айынан айыпталуучу болуп калуудан туруктуу коркуу сезими пайда болуп турат.

-“Коопсуз шаардын” экинчи компонентин ийгиликтүү ишке ашыруу максатында илим жана техниканын жетишкендиктерин таратуу боюнча иштерди улантуу.

Жол жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында, өлкөнүн жолдорун камералар, фото жана видео байкоо аркылуу максималдуу камтуу. Ошондой эле, көп кишилүү жерлерде абалды мониторлоо, коом тартибин бузууларды профилактика, бузууларды жана кылмыштарды өз убактысында токтотуу жана бетин ачуу максатында, андай жерлерди байкоо камералар жана видеофиксация аркылуу камтуу.

-ИИМдин оперативдүү жооп кайтаруу Борборлорун реформалоо.

-оор жана өтө оор кылмыштар боюнча издөө жана тергөө жүргүзүүнүн инновациялык жолдорун иштеп чыгуу; ошондой эле, ИИОдын эксперттик-криминалдык бөлүктөрдө экспертиза кылуу үчүн, каралып жаткан кылмыш иштер жана укук бузуулар иштери боюнча далил боло ала турган базаны топтоо үчүн илим жана техниканын заманбап жетишкендиктерин жайылтуу.

-ИИОдын кадрдык потенциалын бекемдөө.

Кадрларды тандоо, даярдоо жана алдыга жылдыруу системасын кайрадан карап чыгуу. ИИОрына милдеттүү түрдө конкурстун негизинде гана кабыл алууну жайылтуу жана, кабыл алынгандардын кетип калышынын санын төмөндөтүү максатында, алар менен 3 жылдык контракт түзүү.

ИИОрдын кызматчылары өзүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатууга умтулуу максатында, алар үчүн мотивациянын жаңы системасын иштеп чыгуу.

-ИИМдин окуу жайларынын азыркы түзүлүштөрүнүн ишкердигин оптимизациялоо; ИИОрына кадрларды даярдоо боюнча профилдик окуу жайларын ИИМнин курамында калтыруу;  ИИОры үчүн даярдоо жана кайрадан даярдоо  методикасын жакшыртуу.

ИИОго жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди турмушка ашырала турган кесиптик кадрларды даярдоого багытталган жаңы окуу программаларды таратууга өзгөчө көңүл буруш зарыл.

ИИОдын кызматкерлерин алгачкы даярдоо менен бирге “кадр резервин” жана “алдыга жылдырууга кадр резервин” толуктоо максатында ИИОдын кызматкерлерин кайрадан даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу боюнча заманбап системасын жайылтуу.

 -ИИОдын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатууга жана алар тарабынан сөзсүз түрдө мыйзамдуулукту сактоого багытталган таасирдүү чараларды иштеп чыгуу.

-ИИОдын кызматкерлерин социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу, алардын үй- бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо боюнча чара көрүүлөр; ИИОкызматкерлеринин турак үй – турмуш шарттарын жакшыртууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча ишти улантуу.

-укук корго органдардын иши жөнүндө бир тараптуу баяндоого, ошондой эле, алардын ишин жана криминалдык абалды бурмалап көрсөтүүгө жол бербөөгө максатында, ички иштер органдары менен ММКнын өз ара байланышын оптимизациялоо.

Коомдук Кеңеш өзүнүн ишин баштагандан бери, ага 300дөн ашык киши кайрылды. Бир да кайрылуу биз тараптан көңүл буруусуз калган жок. Биз ар бир адамга жардам берүүгө аракет кылдык – ал ИИМдин пенсионери болсо да, кызматкерлердин балдары болсо да, же муктаж болгондор жана адилеттүүлүктү издеп жүргөндөр кайрылса да.

ИИМдин Коомдук Кеңешинин милдети – мамлекеттик орган менен элдин ортосунда “көпүрө” болуш. Биздин Кеңешибиз бул милдетибизди аткарыш үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.

Биздин сунуштарыбыз, жарандык коомдун пикирлерин, күтүүлөрүн чагылыштырат жана алардын көпчүлүгү ИИМ тарабынан кабыл алынды. Биз чоң иш жасадык, бирок, тилекке каршы, дагы эле көп нерселерди аткарганга үлгүрө албай калдык.

Өзүбүздүн ишибизди аткарууда, биз жөн гана байкоочу болбой, өнүгүүнүн активдүү катышуучулары болдук.

Ошондой эле, ККтин ар бир мүчөсүнүн тажрыйбасын жана потенциалын колдонуп, КРнын ички иштер органдарынын ишинин тунуктугун жогорулатуу максатында активдүү иштедик.

Өзүңүздөр билгендей, мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери өзүнүн коомдук ишин акысыз эле аткарышат. Бул болсо адилеттиктин, объективдүүлүктүн кепилдиги болуп саналат.

Биз ИИМге анын диалогго ачыктыгы үчүн жана биз менен биргелешип маселелерди чечүүгө даяр болуп турганына ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ошондой эле, эл аралык уюмдарга, жарандык коомго, ӨЭУга жана журналисттерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Ялкун Даутов КРнын Президентине караштуу Коррупцияга
каршы ишкер кеңешинин мүчөсү,
КРнын Ички иштер министрлигинин
коомдук кеңешинин төрагасы

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

24-04-2024
Роль золотодобывающего предприятия Кумтор на экономическое развитие страны
2572

04-04-2024
Экономика — лошадь, политика — телега. Экономика должна идти впереди, а не наоборот
4054

05-03-2024
Меч правосудия всегда в действии
5135

05-02-2024
Тернистый путь к прогрессу
4559

17-01-2024
Коррупция должна приравниваться к экономической диверсии. Роль ГКНБ в борьбе с коррупцией в Кыргызской Республике
6063

08-01-2024
Член АДС при президенте Ялкун Даутов: Многовекторная внешняя политика — импульс для развития экономики страны
8235

11-09-2023
Неуклонной поступью — к справедливому правосудию
6037

29-06-2023
Антикоррупционная стратегия – важный документ в борьбе с коррупцией
5081

11-04-2023
Судебная реформа - залог правосудия
13713

23-02-2023
Трансформация имиджа кыргызской армии: современное состояние боеспособности Вооруженных Сил
5165

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×