Азыркы учурда дүйнөдөгү өзгөрүү процесстери өтө тездик менен жүргөнү байкалууда. Өткөн кылымдагы окуялардын жүрүшүн азыркы окуялардын ылдамдыгы менен салыштырсак, 5-10 эсе тез жүрүп жаткандай. Дүйнөдөгү цивилизациялардын кагылышуусунун чечүүчү салгылашуусу башталгандай. Биздин өлкөнүн абалы бул кагылышууга чейин эле абдан кыйын эле, азыр бардык тараптан туруксуз, өтө татаал, кыйын кезең түзүлгөнү бардыгыбыз сезип турабыз.
Өкмөтүбүздөн тартып, ар бир үй-бүло эртеңки күндүн жашоосун пландамак тургай, бүгүнкү күн жөнүндө ойлонуп, алдыдагы эки-үч айды кантип өйдө-төмөнү жок өткөргөндү көздөп жаткандай. Ушундай учурда илим туурасында, өзгөчө биздин жаңы бутуна турайын деген өлкөдө сөз кылуу коомубузда түшүнбөстүктөрдү жаратууда.
Албетте, илим жөнүндө сөз болгондо, илими жок өлкө болбойт деген тээ советтик доордо коомубузда калыптанган сөздөр айтылат. Бирок учурда бул жалпы сөз иретинде гана айтылып жаткандай. Өзгөчө акыркы отуз жылда илимге өмүрүн жумшаган адамдар, өлкөбүздүн илимий ишмердүүлүк талаасында өз ордун табууга жан талашып аракеттенди. Саясий системанын өзгөрүшү, сырттан таңууланган жасалма долбоорлор өлкөнүн экономикасынын кыйратып, жарандарыбыздын кулк-мүнөзүн, ой-тутумун, көз карашын, коомго, жаратылышка, ал эмес, үй-бүлөгө болгон болгон мамилесин, улутубуздун илгертеден калыптанган традицияларына залакасын тийгизди. Анын ичинде илимге, илимий кызматкерлерге болгон мамиле дагы түп тамырынан бери өзгөрдү.
Жогорку окуу жайлары 30 жылдан бери билим берүү гана мекемеси болуу менен эксперименталдык аянтчага айланып, оңунан чыкпаган натыйжасыз реформалардын чордону болуп калды. Билим жана илим министрлиги аркылуу каржыланган 150 миллион сомго чейин каражатты ар түрдүү илимий долбоорлорго коротуп келет. Коротуп дегеним, дээрлик бардык долбоорлор прикладдык болгонуна карабай, кандайдыр бир деңгээлде практикада колдонулганы жөнүндө маалымат жок. Негизинен жогорку окуу жайында иштеген окутуучуларды финансылык жактан колдоо үчүн эле бөлүнүп жаткандай сезилет. Ушундай учурда Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелерин университеттерге өткөрүп берип, илимий-изилдөөлөрдүн «оордук борборун» ири адистештирилген жогорку окуу жайларына которуу демилгесин, жумшак айтканда, жакшы ойлонулбаган кадам катары кароого болот.
Россиянын жогорку окуу жайларын ирилештирип, федералдык университеттери түзүлгөнү көпчүлүк окумуштууларга маалым. Алардын алдына дүйнөдөгү мыкты жүз университеттин катарына кирүү талабы коюлган эле. Жыйынтыгы көрсөткөндөй, бир-эки эле университет талапка жооп бергендей болду. Азыркы учурда белгилүү себептерге байланыштуу Россия билим берүү жана илим системасын таптакыр өзгөртүү жолуна түштү. Негизги критерий — орус мамлекетине, коомчулугуна пайда келтирүү.
Биздин билим берүү жана илим системасы, ара жолдо, кыйын абалда калды. Анткени илимий иштин натыйжасын баалоо системасы жок. Каалаганы каалагандай баа берет. Өзгөчө кыйынчылык — бул эл аралык илимий эмгектерди баалоо системасына өтүү. Анткени илимий эмгектерди ошол эл аралык базага кирген басылмаларга жарыялоодо биздин окумуштуулар үчүн объективтүү жана субъективтүү кыйынчылыктар бар. Алар жөнүндө акыркы учурда көп айтылып келет. Англис тилинен баштап ошол басылмалардын шартына тууралаш үчүн көп каражат талап кылынаары белгилүү. Бирок булар дагы негизги себеп эмес. Негизги себеп — жогорку окуу жайынын окутуучусунун илим менен алектенүүгө убакыттын тардыгы. Батыштагы университеттин профессору 200-300 гана саат аудиториялык жүгү бар, калган убактысын докторант мененби, студент мененби, илимий иштерди аткарууга жумшайт. Дегеле болонь системасына кирген университеттерде студенттердин өз алдынча даярдануусуна көп маани берилип, аудиториялык сабактар азайтылган. Ошондуктан биздин университеттерде окутуучунун дагы, студенттин дагы илим менен алектенүүгө убактысы жок.
Албетте, айрым окутуучулар, таланттуу студенттер, мындай кыйынчылыктарга карабай, илимий жетишендиктерди жаратып келет. Бирок, акыркы учурларда мындай көрүнүш өтө сейрек. Эгерде университетте илимдин (мында негизинен табигый илимдер жөнүндө сөз жүрүп жатат) очоктору калган болсо, ал дагы же Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемеси же кызматкерлери менен бирдикте сакталып турат. Азыр бизде дагы университеттер ирилештирилип, жогорку максаттар коюлуп жатат. Тилегенибиз, албетте, ийгилик, бирок башкалардын каталарын кайталабасак.
Жогорку окуу жайларында илимди каржылоо механизми дагы окутуучуларды илим менен алектенүүгө түрткү бербейт. Анткени окутуучулар, жогоруда айтылгандай, Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу илимий долбоорлордун сынагына катышып, уткандары ал долбоордун негизинде каржыланат.
Айта кетүү керек, каржы айлык акыга гана бөлүнөт. Анын үстүнө окутуучулардын негизги кызматы кафедрадагы окутуучулугу болгондуктан, жобо боюнча долбоорлордо толук ставкада иштей алышпайт. Ошондуктан жарым ставка, чейрек ставка деп бөлүнүп олтуруп, илимий долбоордон алган айлыгы 3000 сомдон 5000 сомго чейин болот. Анан ушундай айлык акыга, башка чыгымдарга эч нерсе бөлүнбөсө, кантип илимий иш жүрсүн. Бул жөн эле өзүбүздү алдоо эмеспи. Жогорку окуу жайларындагы илим 30 жылдан ашык ушинтип жашап келди. Чынын айтканда, бул каражат өзүнүн активтүүлүгүн көрсөткөн педагогдорду колдоого жумшалды. Жыл сайын 150 миллион сом каражат ушинтип жок болуп кетип жатат. Кээ бир эле математикалык моделдөө же программалык продукт менен байланышкан долбоорлор кандайдыр бир илимий жыйынтык бербесе, Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу «таратылган» каражаттардан дайын жок.
Мына ушундай шартта өлкөбүздөгү бардык илимди университеттерге которобуз деген сунуш биздеги илимдин акыркы бастиондорун талкалап, илимди таптакыр жоготуп алуу коркунучуна алып келди. Анткени көз алдыбызда Казакстан менен Түркмөнстандын мисалы турат. Эми ал өлкөлөрдүн каражаты жетиштүү экен, Түркмөнстан 2010-жылы, ал эми Казакстан 2022-жылдан баштап Илимдер академияларын кайра калыбына келтирүүгө киришти. Россияда Илимдер академиясы менен эксперимент жасашып, учурда ал жактагы илимдин абалын көрүп турабыз. Президент Путин жакынкы он жылдыкты Россияда илимдин жана технологиянын он жылдыгы деген указ чыгарды. Илими өнүкпөсө, азыркы учурда дүйнөдөгү алдыңкы өлкө болоору мүмкүн эместиги даана көрүндү. Өзгөчө технологиялар багытында Россия артта калганы айкын болуп калды, албетте, батыштын технологиясына салыштырганда.
Батыштын технологиясынын өнүгүп кетиши негизги көңүл түпкү продукцияны иштеп чыгууга бурулгандыктан. Мисалы, АКШда фундаменталдык изилдөөлөргө бардык илимге бөлүнгөн каражаттын 17%, прикладдык изилдөөлөргө 22%, ал эми түпкү керектелген продукцияны иштеп чыгуу үчүн 60% жумшалат. Демек, эгерде биз илимий иштердин жыйынтыгынан кайтарымдуу натыйжаларды күтсөк, жогорудагыдай пропорцияда каражат жумшалышы абзел. Бизде илимий жыйынтык кагазда эле калат. Анын үстүнө илимий мекемелер колдонгон илимий аспаптар өтө эски болгондуктан, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары дагы күмөн жаратат.
Бардык нерсенин өзүнүн өнүгүү мыйзамы болгондой, илимдин дагы пайда болуу, жашоо жана өнүгүү мыйзамдары бар. Муну окумуштуулар өздөрү дагы изилдеп, шарттарын аныкташкан. Эгерде илимий-изилдөө муктаждыгы келип чыкса, негизинен, үч шарт болуусу керек — лаборатория, кадрлар жана финансы. Бул үч шарт боюнча абал өтө оор. Лабораториялардын жабдылышы, жогоруда айтылгандай, өтө эски, айрым илимий мекемелердин чет элдик грант же өздөрү тапкан каражатка сатып алган бирин-серин аспаптары бар. Жогорку окуу жайларындагы илимий-аспаптар боюнча абал академиялык лабораториялардан дагы оор. Кадрлар маселеси боюнча жакынкы учурда туңгуюкка кептелебиз.
Перспектива көрүнбөгөндүктөн, жаштар илим жагына ыктаганды качан эле токтотушкан. Улуттук илимдер академиясында аспирантурада бюджеттик орундар берилет 1500-1600 сом стипендиясы менен. Ошол орундарга табигый илимдер боюнча аспирантурага пландар толбойт. Улуттук илимдер академиясынын өзүнүн базасында табигый илимдер боюнча илимдин магистрлерин даярдоо боюнча сунуштарын Билим берүү жана илим министрлиги өткөрбөй келет. Ушундай кадамдар улана берсе, академияда дагы илимдин акыркы очоктору өчөт, жогорку окуу жайында дагы илимдин борборлору пайда болбойт. Ар бир реформанын негизги максаты ишмердүүлүктүн формасы эмес, мазмундун өзгөрүшүндө. Илим сферасындагы реформа дагы ошондой болушу керек. Учурдагы жогорку окуу жайларындагы илимий-ишмердүүлүк ушундай багытта улана берсе, эч натыйжа чыкпайт.
Ал эми каражат маселеси боюнча сөз кылсак, Улуттук илимдер академиясында илимди каржылоо үч статья гана боюнча жүргүзүлөт — айлык акы, социалдык фондко төлөө жана коммуналдык төлөмдөр. Калган статьялар боюнча акыркы 2-3 жылдан бери каражат бөлүнбөйт. Ошондуктан кандайдыр бир практикалык натыйжага илимдин жаратылышты, флораны жана фаунаны, ар түрдүү объектилерди байкоо жүргүзүү менен алектенген илимдин багыттары боюнча жетишүү мүмкүн. Ал эми жаңы материалдар, жаңы техника жана технологиялар менен алектенген окумуштуулар илимий аспаптарсыз коомубуз кызыгып, сурап жаткан жаңы ачылыш, өндүрүшкө киргизиле тарган жаңы технологияларды жаратуу мүмкүн эместиги айдан ачык нерсе. 2020-жылдын ноябрь айында өлкөбүздүн президенти С.Н.Жапаров Улуттук илимдер академиясына келгенде биздеги илимдин негизги көйгөйү бул илимий-аспаптык база деп так айтылган. Бирок ушул убакытка чейин убадаланган каражаттар ар кандай себептер менен бөлүнбөй келет.
Өзбекстан илимдер академиясынын илимий аспаптык базасын өнүктүрүүнүн беш жылдык программасы кабыл алынып, 25 млн доллар өлчөмүндө каражат белгиленген. Учурда жыл сайын 5 миллион доллар бөлүнүп академиянын илимий мекемелери заманбап илимий аспаптар менен камсыз болуп, дүйнөлүк деңгээлдеги илимий-изилдөөлөрдү аткарып башташты. Албетте, Өзбекстан илимдер академиясынын кызматкерлеринин саны биздин УИАныкына караганда 2,5 эсе көп, бирок жылдык бюджети, жогоруда айтылган атайын программаны эске албаганда, 7 эсе көптүгүндө.
Улуттук илимдер академиясын жалпы эле илим системасы менен биргеликте реформалоо зарыл, анткени өлкөбүздөгү илимий кадрдык потенциал эффективтүү пайдаланылбай жатат. Эгерде өлкөдөгү илим менен алектенген окумуштуулардын саны 4 миңден ашык болсо, анын 935и гана академияда эмгектенишет. Калган илимий кызматкерлердин салымы кандай, так маалымат жок.
Албетте, жогорку окуу жайларында дагы илим очокторун жандандыруу керек. Жаңы илимий мектептерди түзүү зарыл. Ошондуктан мүмкүн академиялык илимдин белгилүү өкүлдөрүнүн илимий лабораторияларынын филиалын университеттерде ачып, илимий аспаптык базасын чыңдап, лаборатория менен кафедранын кызматкери бир илимий долбоордун үстүндө эмгектенип, изилдөөлөрдү жүргүзсө, тез аранын ичинде университеттерде туруктуу илимий очоктор пайда болмок. Интеграцияга эки тараптан тең кадам ташталышы зарыл.
Албетте, интеграция механизми эң маанилүү иш, бирок учурдагы илим — бул татаал илимий аспаптар менен куралданган илим. Илимий-аспаптык базаны жакшыртуу бул мамлекеттик программа болушу зарыл. Улуттук илимдер академиясы эки жылдан бери өтө зарыл илимий аспаптардын тизмесин түзүп, каржылоого өкмөткө сунуштап келет, бирок азырынча натыйжа жок. Өлкөбүздөгү табигый илимдин таасирдүү жетишкендиги жок болгондугунун негизги себеби да ушунда. Эгерде илимий мекемелер заманбап аспаптык база менен камсыз болсо, биздин окумуштуулар сапаттуу, кайтарымдуу илимий-практикалык жыйынтыктарга жетишип, илимий чөйрө көрүнүктүү ийгиликтерди жаратууга шарт түзүлөт.
Европа биримдигине кирген өлкөлөргө коюлган эң маанилиүү шарттардын бири — бул алардын илимге жумшалган финансалык каражаттын көлөмү ички дүң продукциясынын 2 пайызынан кем болбоосу зарыл. Илимий негизде далилденген практика боюнча илимге жумшалган каражат 2 пайыздан ашканда экономикага таасири көрүнөт. Бизде 30 жыл бою бул көрсөткүч 0,08 пайыздын тегерегинде калып келетат, 1 пайызга жеткирүү негизги максат. Биздин өлкө үчүн бир пайызга жеткирүү учурдагы көп экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө илимдин таасирин көрсөтөт деген ишеним бар.
Жогорудагы айтылган ой-толгоолор өмүрүнүн 45 жылын илим, анын ичинде академиялык илимге арнаган адамдын, ар кандай эксперименттердин натыйжасында өлкөдөгү илим системасы таптакыр жоголуп, Африканын кээ бир өлкөлөрүнүн деңгээлине түшүп калбасак деген кооптонуусунун негизинде пайда болду.
Улуттук илимдер академиясынын академиги Жуматаев М.С.