Мен мурда атомдук электростанциянын өлкөдө салынышына каршы пикир жазгам. Жамила Жеенбаеванын АКИpressтеги макаласынан кийин, кайрадан экология темасын козгоого туура келди.
Автор Кыргызстанда инвестор тарабынан курула турган жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун салынышына кайчы пикирин билдирген. Химиялык калдыктардын айлана-чөйрөгө ууландыруучу таасири тууралуу экологдор абалтадан коңгуроо кагып келет. Токсикалуу заттар мүлдө жандууларга зыяндуу таасир берери айтпаса да түшүнүктүү. Биз дайыма экологиялык таза продукциялар бар экенин даңазалап келебиз. Химзаводду салгандан кийин Кыргызстаныбызда жалаң экологиялык таза продукциялар бар деп айта алабызбы... Экспортко кандай таасирин тийгизет, анткени азот семирткичтери колдонула баштайт.Эмне анда эч нерсе салбаш керекпи?- деген суроо да жарала. Кимге эмне... Кооз жаратылыш, экологиялык таза био чөйрө Кыргызстан үчүн визиттик жолдомо бойдон калышы максатка ылайыктуу.
Туристтер көп келишине өбөлгө түзөт. Ала-Тоо бренд. Жаратылышты урматтап,аны сүйөлү. Химиялык заводдун ордуна биогумустарды чыгарган цехтерди ишке киргизсе кандай болот? Анын үстүнө ал кол менен иштетилгендиктен арзан да болот. Энергия коротулбайт. Био чөйрөгө зыяны жок. Бишкектеги бак дарактар деле химзаводду алмаштырып коё алат. Күзгү жалбырактарды, силос сыяктуу тоодой кылып, үйүп койсо, жамгыр менен кардын астында суу болуп чирийт да даяр органикалык жер семирткич пайда болот. Селитра да чирүү процессинде алынат. Түшүмдүүлүк бир топ жогорулайт. Мындан сырткары мал жандыктардын кыгына сөөлжыландарды (дождевой червь) киргизип жер кыртышына жагымдуу гумус алса болот. Аны сатканга да ылайыктуу бат өтөт. Жер семирткич чыгарчу заводдун баасы 260 миллион долларга бааланыптыр Кытайлар аны 30 жыл иштетип, анан бизге таштап кете турган болсо,жабдыктарын кайра жаңыртып чыгуу маселеси да жаралат. Био чөйрө калдыктардан канчалык жабыр тартат. Ким аны өлчөп чыгат? Негизи ишканаларды инвестор менен биргелешип түзүү туура го дейбиз. Үлүштөрдү тең бөлүштүрүүгө алпарат. Кытай ишкерлери алтын казууда экологиялык этиканы бузгандыктан, Солтон-Сарыда уулу химикаттар колдонулуп, мал жандыктар кырыла баштаганда эл каршы чыгып, алгачкы курултай пайда болгон. Мыйзам иштебей, өкмөт тарабынан да аракеттер болбогондуктан маселени жергиликтүү эл өзү чечип, турбуленттүү куюн пайда болгон.
Бул көрүнүш Ат-Башыда уланып, уран кенин казууда да кайталанган. БУунун экология боюнча документтерин өкмөттө жаттап чыгуулары зарыл. Эмне менен жетектелет.
Өзүбүс чыгарган мыйзамдарды өзүбүс тааныбайбыз... Атомдук электростанция куруу боюнча гипотеза дагы ынандырбайт. Атомдук энергияны иштеткен инжинерлердин жоктугу, бул бир жагы. Экинчи жагы урандын изотопторунан чыккан коркунучтар. Фукусиманы эстөө жетишерлик. Табият бизге эмне тартуулайт эч ким билбейт, ар кандай коллизия. Россия башка мамлекеттерде бир атомдук станцияны 1 миллиард долларга курушкан. Коркунуч жараткан станцияны куруп алып, Кум-Төрдүн кыпкызыл алтындарын кармата берип жүрбөйлү. Акын жазгандай: «Кыргызстан үчүн керек алтын, Арстан үчүн керек Малгуди». Экономикалык кызыкчылыктар, экологиялык этикага жана элдин жашоо тиричилигине шайкеш келген суроо талаптарга жооп бергенде гана колдоого татыктуу.
Приоритетти жашыл энергияга берип жатабыз, ошону уланта бергенибиз туура деп айтканга туура келет.