Добавить свою статью
15 Августа 2023
Чапкылдык уруусунун жаралышы санжыралык материалдарда

Кылымдарды карыткан кыргыз элинин тарыхы улутту түзгөн уруулардын тарыхынан турат. Анткени, ар бир уруу-уруктун басып өткөн жолу, тарыхы жалпы элибиздин тарыхында өзгөчө орунду ээлеп, баалуу маалыматтар менен толукталып турат. Акыркы мезгилдерде көптөгөн уруулардын өкүлдөрү өздөрүнүн тарыхы менен санжырасын жазганга жапа тырмак аракет кылып жатканы кубандырат. Ошондой уруулардын катарына Чапкылдык уруусу да кирет. Чапкылдыктар: Жапар, Тайлакы, Салимбек, Имамшайык, Бакыбек, Каландар, Дидар, Калтатай, Асанали жана Карапорчо болуп, 10 уруктан турат.

Чапкылдыктардын жаралыш доорун санжыра айтып жүргөн уруу аксакалдары Манас баатырдын заманына алып барышат. Манас баатырдын насаатчысы аталган Ажы бийдин журту Сырдарыянын ортоңку агымынан орун алган «кожолордун шаары Кожокент» же Ходжент шаарынын чет жакасында жайгашкан Таш-Рабат, Арка өрөөндөрү тараптагы Кожобакырган-Сай дарыясынын жээгин бойлоп жайгашкан Бешкент, Эски-Оочу, Сүлүктү, Маргун, Даргаз, Дархун, Сегизтам, Аззаар, Овут, Акжар жана Сырдарыяга жакын турган Кулан-Баш, Казнак, Демай, Катма, Кайраккум, Көк Тонду, Катаган, Жийдели, Шөркөл айыл-кыштактарын өз кучагына камтыган чоң аймакты ээлеп тургандыгы айтылат. Ошол замандарда чапкылдыктар кыргыздын Катаган деген уруусу менен канатташ жашап тургандыгы да айтылат. Эл арасында айтылган аңыз-кептерге караганда Манас Бухар тараптан келатканда Сырдарыянын жээгиндеги Кайраккум жана Катаган айылдарына келип конот. Кайраккум айылынын жашоочулары Манас баатырды колдон келишинче сый-зыяпат менен тосуп, коноктошот. Алыс жолдон чарчаган Манас баатыр жана анын жан-жөкөрлөрү ошол жерде аттарын тыныктырып, өздөрү да өргүп эс калып калышат. Кайтарда Манас баатыр бул айылдын эли кандай эл деп, суроо салат экен. Ошондо эл арасынан орто жашар жигит суурулуп чыгып: «Баатыр бизди чапкылдыктар деп коюшат. Чапкылдык деген чакан журт, жалгыз атын баккан журт. Чогоол болот балдары, чорткесер болот чалдары»- деп, тайманбай жооп берет. Манастын жанында турган Катагандын Кошою да аны кубаттап, ооба чапкылдыктар катаган менен чогуу көчүп-конуп жүргөн чакан журт. Бирок булардан эр жүрөк баатыр, желкеси жер көрбөгөн балбандар көп чыгат. Сизге жооп берген бала да жакында эле биздин жортуулга катышып, жигиттери менен эрдик көрсөткөн ушул элдин бийи Ажы бий деген болот, баатырым деп, Манаска чапкылдыктардын бийи болгон Ажыбийди тааныштырган экен. Катагандын ханы Кан Кошой мактаган Ажы бий Манастын да купулуна толуп, жагып калгандыктан аны ошол күндөн тарта өзүнө насаатчы кылып дайындап алат экен. Чындыгында Кайраккум айылынын жанында ушул күнгө чейин Катаган деген айыл бар. Ажы бийди жандап бир туугандары Ак-Тайлак олуя, жигиттеринин беги Салимбек жана баатыры Бакыбек Манасты коштоп, жолго чыгышат. Ал эми Ажыбийдин аталаш агасы, бир маалыматтарда бабалаш бир тууганы чапкылдыктар арасында «эл агасы Жапар» аталган Жапар эч жакка көчпөй, өзүнүн жана Ажы бийдин журтунун башында калат. Жапардын журту деп, Чаткал тоосунун этегинен орун алган Курамага канатташ жайгашкан Аксак Ата, Нур Ата, Арашан, Алмазар жана Кумушкен тараптагы айыл-кыштактардан турган аймак айтылып келет. Ушул жерден Чапкылдык уруусунун Жапар уругунун өкүлдөрү курама элинен башка Аваат уруусунун Токмок уругунун өкүлдөрү менен жүздөгөн жылдар канатташ жашап келаткандыгын белгилеп кетели. Ташкент тарапта эле эмес, Исфара тарапта да алар канатташ турушат.

Ошондой эле Манас баатырдын доорунда Ажыбийди дайыма коштоп жүргөн бир тууганы легендарлуу Ак-Тайлак олуянын күмбөзү Лейлекте эле эмес, Кыргызстандын көптөгөн аймактарында бар. Мисалы:Таласта, Алабукада, Базаркоргондо, Мургаб жана башка жерлерде.

Чапкылдык уруусунун жаралышы боюнча бул версияны биринчилерден болуп, колдоп чыккан Баткен аймагындагы уруулардын тарыхы менен санжырасын иликтөөчү, санжырачы, ават уруусунун өкүлү Сабыт Саттаров болгон. Ал 2004-жылы жарык көргөн «Лейлек тарыхы» китебинде Маргун айылынын аксакалдары айткан Манас тууралуу аңыз-кептеринде, чапкылдык уруусунун санжырасында чапкылдыктардын Манас баатыр менен болгон байланышын баяндаган учурларды белгилеп кеткен. Ошондой эле Сабыт Саттаров өз пикиринде акыл калчап көргөн киши бул версияны сөзсүз кубаттап, колдорун айткан.

Алгачкылардан болуп Манас тууралуу аңыз-кептеринде, чапкылдык уруусунун санжырасында чапкылдыктардын Манас баатыр менен болгон байланышын баяндаган учурларды магнитофонго жаздырып, кагазга түшүргөн Кыргыз Илимдер академиясынын кызматкери, фольклорист азыркы атактуу тарыхчы, этнограф Сулайман Кайыпов болгон. Бул маалыматтар академиянын кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турат.

Манас баатыр каза болгондон кийин чоролор арасындагы өз ара келишпестиктер, карама-каршылыктар күчөгөндө кыпчак жана чапкылдыктарды Таластан кайра өзүнүн журтуна агасы Жапарды арка-бел тутуп, азыркы жашаган аймагына – Баткен менен Лейлекке баштап келген да ошол Ажы бий болгон. Буга Манас баатырдын сөөгү ушул Баткен-Лейлек аймагындагы Кара-Тоого коюлгандыгы да себеп болгон.

Ошондой эле чапкылдыктын айыл аксакалдары Манастын насаатчысы аталган Ажы бийдин урпактары Асанали хан менен Хан Мөндөкөнүн Кашкар-Жаркент же Уйгурстан тарапта эл башкарып, хан болгондуктары тууралуу айткан аңыз-кеп, уламышка айланган аңгемелери эл арасында бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет.

Маргун айылынын аксакалы Молдо Дыкан Жусуп уулу 5-6 миң адамдын атын жатка айтып, чапкылдыктын ар биринин урук-тобуна, жик-жикке бөлүп, ар биринин атасына чейин билген, куйма кулак инсан болгон. Ошол Молдо Дыкандын айтуусу боюнча Чапкылдык уруусу Манас баатырдын доорунан баштап эле бул аймактарда ислам динин таратууга катышып, эшен-кожолорго кызмат кылып, Аллахтын жолунда мээнет кылган кыргыз урууларынын бири болгон. Бекеринен аталарыбыздын аттары да мусулманча: Жапар, Ажы бий, Салимбек, Бакыбек, Имам-Шайык, Каландар болбосо керек деп айтчу. Дин-исламды кыргыздарга таратууда, жалпы эле Туран жерине жайылтууда кыргыз урууларынын анын ичинде чапкылдыктардын да салымы зор болгонун эртели-кеч саймедиреп көп айтчу раматылык авабыз. Жергебизге исламдын желегин желбиретип келишкен пайгамбарыбыздын тукумдарынан болгон эшен-кожолорго алгачкылардан кол берип, кызмат кылган чапкылдыктарды алар да сыйлашып, көрсөткөн эрдиктери жана кылган кызматтары үчүн Калтатай уругунан 4 адамды тандап Ташкентке, Кожонтко, Маргиланга, Ошко башкаруучу, бек кылып дайындап кетет. Ташкент шаарын алуу үчүн болгон согушта чапкылдыктардын Калтатай уругунун өкүлдөрү алдынкы катарда туруп согушуп, көп кыргынга учурайт. Шейит болгондорунун балдарына «аталарыңар каза болду» деген кабар жетер замат айылда ат калбагандыктан «калта тай» минип жетип келишип, шейит болгон аталарынын ордун толуктап, душманга айбатын көрсөтүп, шаардын дубалын талкалап кирип, женишке жол ачкан баатырлыгын көрүп, мусулман армиясынын башында турган эшен-кожолор аларга катуу таасирленип, тан беришкен экен. Ошол себептен Чапкылдык уруусунун бийин чакырып, дин-ислам үчүн шейит болгондордун чоо-жайын сурап, Калтатай уругунун тукуму өссүн деп бата берип, аларды мусулманчылыкты кабыл алган шаарларга башкаруучу кылып, дайындап, мындан аркы жортуулдардан бошотушкан деп айтылат. Ошол күндөн баштап чапкылдыктардын курамындагы урук жаңы аталышка ээ болуп, «Калтатай»(түштүктө кулундан чоң, бирок тайга жетелек курактагы жылкы баласын ушинтип аташат) аталып калат. Ташкентте башкаруучу болгон чапкылдыктын өкүлү Казы Куртка эшен-кожолор дин аалымы Шайхан Төрөнү диний лидер катары жардамчы кылып калтырып кетишет. Казы Курт эли менен Чимкент жана Ташкенттин ортосундагы тоолорду жайлап жайгашып, ал эми анын кыштоосу Ташкенттин четиндеги Шайхан Төрө (азыркы күндө Шайхантаур) айылында болгон деп айтылат. Казкурт тоосу жана ашуусу азыркы Казахстандын аймагында жайгашкан реалдуу жер-суу аттары. Казы Курттан Казы Кузат. Казы Кузаттан эки бала Сарымолдо жана Карамолдо. Азыркы Калтатай уругунун басымдуу бөлүгү Сарымолдодон тарайт. Калтатай уругунан чыккан Казы Курттан кийин эл башкарган казылар: Казы Кузат, Казы Мамлакат, Казы Сүйүн, Казы Чебер, Казы Тебер, Казы Равшан. Ошол заманда мусулманчылык принциби менен элди башкаруу үчүн Шайхан Төрө өңдүү дин аалымдары жергиликтүү элдин өкүлдөрүн Ыйык Курандын негиздерине таянып, окутуп, үйрөтүп шарияттын негизинде иш алып барууга даярдашкан. Ошондой окуу курсун бүтүргөндөргө «казы» деген наам беришкен.

Шайхан Төрө ааламдан өтүп, анын сөөгү коюлган жерге кыргыздар дин аалымына урмат көрсөтүшүп, «Шайыкыбыз Шайхан Төрөнүн арбагы ыраазы болсун» деп, чоң күмбөз тургузушат. Казы Курт, Казы Кузат ааламдан өткөндө аларды да ошол жерге коюшат. Ал гана эмес казактын ханы Эшимкан да союздашы кыргыздын бийи Көкүм бийдин көзү өткөндө да ошол жерге сөөгүн коюп, «Көкум бийдин көк күмбөзүн» тургузган. Орус баскынчыларына каршы болгон согушта жантаслим болгон Кокон хандыгынын аскерлеринин башында турган Алимкул аталыктын сөөгүн да чапкылдыктан чыккан Мавлян лашкер башы дал ошол жерге алып барып, жерге берген деп айтылат. Ошондой эле ал тарапта Ташкент шаарын суу менен камсыз эски каналдарынын бири «Калтатай арык» деп аталат.

Ушул жерден эшен-кожолордун таасири менен дин-исламды өздөштурүп, дин аалымы болгон чапкылдыктан чыккан инсандардын башында Ак-Тайлак олуя, Жаныбек олуя, Имам-Шайык, Каландар аталарыбыз турарын белгилеп кетели. Булардын урпактары суйүктүү пайгабарыбыздын мекени болгон Мекке, Мадинага ошол замандарда эле Рум аркылуу барып, ажылык зыяраттарын аткарып жүрүшкөндүгү айтылат. Чапкылдыктар жараткан Алланы таанууда Орто Азия элдерине белгилүү дин аалымы Кожо Ахмет Яссавинин хикметтеринин, анын окуусунун таасири астында болгондугун уруулаштарыбыздын арасында анын жолун жолдогондор арбын болгондугу айтып турат. Акыркылардан болуп Маргундан чыккан Молдо Гапыр Асан уулу Кожо Ахмет Яссавинин хикметтерин, окуусун Кожокент-Ходжент шаарынын Шейх Маслахат Баба атындагы борбордук мечитинде тажик-өзбектерге баян учурунда баяндап, айтып келгендиги эл эсинде. Ходжент шаарында имам болгон чапкылдык, Молдо Токтор Шеровдун атын тажик-өзбек дин аалымдары азыр да унута элек. Анткени анын илими башка молдолордон жогору тургандыктан шакирттери ар кайсыл улуттан болгон.

Ошентип, эшен-кожолор андан ары ашуу ашып, Уйгурстан тарапка жортуулун улап, Кашкар, Жаркент, Урүмчү, Куча, Хами жана башка жерлерди мусулманчылыкка баш ийдиришкен. Бул жакта да чапкылдыктыктар эрдик көрсөтүшүп, далай эр-азаматтары шейит болушкан. Эшен-кожолор жаңыдан исламды кабыл алган бул аймакты өзүнчө мамлекет кылып, хандык түзөт да хандыкты бийлеген хан кылып, Ажы бийдин урпагы Асан бийди такка отургузган экен. Хандык тактыга отурган Асан бийге эшен-кожолордун лидери жаңыча ат коюп, Асан деген атына улап пайгамбардын күйөө баласы Алинин атын жалгаштырып «бүгүндөн тартып сен Асан-Али хан болдуң»-деп, жарыя кылышкан деп айтчу. Арадан жылдар өтүп, бийлик эшен-кожолордун колуна өтөт. Эшен-кожолор да мезгили келгенде экиге бөлүнүп бийлик, мансап үчүн катуу талашка түшүп, бири-бири менен согуша кетет. Ошондо алардын аксакалы баштапкы күндү эске алып, эки тарапка тең бирдей болсун деп, хандыкка талапкер катары мурдагы хан Асан-Алинин туугандарын, жакындарын издетет. Ошол мезгилде Кашкар тарапта башка бир эшендин аскерин башкарып, кербенин кайтарып жүргөн Эрдеке менен Мөндөкөнү таап, Башкы Эшенге алып келишет. Эрдекеси эшенден сабак алган билимдүү агасы, ал эми иниси Мөндөкө билимсиз болсо да эр жүрөк баатыр экен. Эшен-кожолор кеңешип, Мөндөкөсүн «бизге бабаңыз Асан-Али хандай кызмат кылып бересиз»-деп, хандык тактыга отургузат. Хан болуп турганда Мөндөкө тууралуу айтылган «Хан Мөндөкө бир ат, бир камчы», «Камчысына каймаал төө сулаган» деген сөздөр бүгүнкү күндө да эл арасында айтылып жүрөт. Бул маалыматтар Жалалабаттык чапкылдык Молдо Мамасадык Ботокара уулунун санжырасында айтылат. Лейлектик Абдурасулов Темир, Темиров Сали, Галжигитов Халил, профессор Толбаев Балтабай да жаштарга чапкылдыктар тууралуу айтып калышканда Молдо Дыкан Жусуп уулунун вариантын кошо айтып жүрүшкөн.

Асанали хан тууралуу сөз болгондо сөзсүз түрдө эл арасында кеңири тараган уламышка айланган окуяны айтпасак болбойт. Чапкылдык уруусунун бир уругу болгон Асанали уругун эл арасында «кытай» да деп коюшат. Уруктун кытай аталышына Асанали хан болуп турган мезгилде Кашкар тараптын кадыр-барктуу, эл башкарып жүргөн жергиликтүү ханзаада тукумдары менен жакындашуу максатында алардын кызын аялдыкка алып, үйлөнөт. Бир мезгилдерде Асанали хандын Ордосунда опурталдуу кырдаал болуп, хандын тактысы талашка түшөт. Ошондо чапкылдыктар күчтүү душманга тең келбесин билип, Асанали хан сарайдан түн жамына жигиттери качып чыгууга аргасыз болот. Аттын тизгинин колго аларда анын ак никелүү жары «ханым» деп, тулпардын үзөнгүсүнө жабышып, кош бойлуу экенин жана алыс жолго жарабай турганын билдирет. Ошондо Хан белиндеги алтын курун чечип: «момуну ал, эркек төрөлсө ата-журтун издеп табат, кыз болсо муну берерсиң» - деп, алтын билерикти берет да жолго чыгат. Арадан 14-15 жыл өткөндөн кийин чапкылдыктардын журтуна атасын издеп Кашкар тараптан бир бала келет. Ал кезде Асанали хан пайгамбар жашынан өтүп, өз элинин бийи болуп, Маргун тараптагы жайлоорунун бири болгон Майдан тоосунда элге чоң той берип жаткан экен. «Бий, сизди алыстан бир өспүрүм атайын издеп келдим, мени Асан бийге жолуктургула деп жатат»- деп, жигиттер бийге киришет. Бийдин макулдугун билдирген ишарат менен жанагы алыстан келген өспүрүм баланы ак өргөөгө алып киришет. Ошол жерден апасы берген атасынан калган аманат буюмду – алтын кемер курду көрсөтүп, ата бала табышат. Арадан жылдар өтүп ошол бала тың чыккандыктан атасынын ордун басып, биринчи Асанали уругуна андан кийин жалпы Чапкылдык уруусуна бий болот. Ошондо анын жеңелери «кытай бала» деп тергеп жүргөндөн улам алгач өзүн, кийин анын уругун «кытай» деп атап кетишкендиги айтылат. Анарбек Усупбаев кытай уруусунун лидери болуп жүргөндө ушул маалыматты пайдаланып, КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин уруусун кытай уруусу, анын ичинде чапкынчы деп коёт бизди деп, журналисттерге маек берген.

Чапкылдык уруусунун негиздөөчүлөрү катары санжыралык маалыматтарда Жолжакшы, Көктонду, Жакшы кожо, Чаар кожо, Ажы бий, Тастак бийлер айтылат.

Чапкылдык уруусунан эл башкарган хандар: Асанали хан, Хан Мөндөкө, бектер Салимбек, Бердикул миңбашы, олуялар Ак-Тайлак, Жаныбек-Ата, Көк Тонду, Агача чыккан. Учурда жалпы саны 60 миңди түзөт. Чапкылдыктар аймактык жактан да, тили боюнча да, кала берсе каада-салты менен да Ичкиликтер тобуна кирген урууларга жакын экендигин уруубуздун санжырачысы Акматали Ормошов өзүнүн жүргүзгөн көп жылдык иликтөөлөрүнө таянып жазган макалаларында, китептеринде баса белгилеп кеткен.

Акматали Ормошев: «Менин атам Жакып уулу Ормоштун айтуусу боюнча чапкылдыктардын бабалары Ажибий Манастын чечени, акылманы, Бакыбек же Бакай Манастын акылманы, караңгыда жол көрсөткөн көсөмү, Манастын акыл кошчусу, кырк чоросунун экөөсү да чапкылдык болгон, алар ошол мезгилдеги найман, аваат, кесек, кыпчак, каңды, төөлөстөр менен мындан миң жыл мурда эле жашашып, калмак кытайлар менен согушуп, Манас баштаган уруулар менен Алтайдан Ала-Тоого келип жайланышкан. Мына ошондо чапкылдыктар Алтайдан келгенде Койбос Жанбоско жайланышып, XI -кылымдан баштап, XV-XVI кылымдардын орто чендерине чейин калмактардын кыргынында жер которуп Сузактын Калмак кырчыны аркылуу келип, Алай тоо кыркаларынын этек жагындагы Рабат айылына, андан Төө-Моюн деген жерге Ажибийдин жетекчилиги менен келип, анын уулу Куткабийдин башкаруусу менен Даркум, Даргаз, Обут, Маргун, Себистан, Ылайлы, Кашка-Шоро, Эски-Овчу, Булак-Башы айылдарына жайгашып жашап калган. Менин жеке пикиримде ошол мезгилдерде авааттар, каңдылар, наймандар, кесектер да кошо келип, Лейлек аймагынан орун алышса керек. Бул багытта жазуучу Нууман Сайдуллаев да “Кызыл” деген китебинде, жогорку уруулардын биргелешип, калмак басып алуучуларына каршы тургандыгын, өздөрү ынтымакта жашагандыгын жана нак кыргыз тилинде сүйлөгөндүгүн жазган. Бүгүнкү Лейлек аймагында чапкылдыктар менен жанаша жашаган уруулар наймандар чапкылдыктардын чыгышында, абааттар чыгыш түштүгүндө, ал эми батышында түштүгүндө тейиттер, кесектер, каңдылар, түндүгүндө тажиктер, курама жана уйөс(уяс) деген этникалык топтор Сыр-Дарыя жээгинде жашап жатат. Бул уруулар менен аралашып жашашып жаткан өзбек, түрк, тажик элдери да бар. Бул уруулар кыргыздын нак төл сөздөрүндө сүйлөшөт. Чындыгында кыргыздын ичкиликтеринин тили, аркай сөздөрү байыркы кыргыздын төл сөздөрү деп эсептеймин. Анын өзбек, тажик, парс тилдерине эч кандай окшоштуктары жок»-деп, жазат өз макаласында.

Чапкылдык уруусунун курамына кирген уруктар жана алардын топтору:

1. Жапар: Чоттор, Алайчы, Калдар, Чиви.

2. Тайлакы: Тагайбек, Жаныбек, Алдарбек, Кошонбек, Белек.

3. Бакыбек: Сүюндүк, Мөндөкө, Куват, Түлкү, Кочкор, Шоорук, Баба.

4. Салимбек: Эрдене, Толубай, Ысмайыл, Арыкбай, Авалбек, Шайбек.

5. Дидар: Албала, Темирбай, Айбаш, Шообаз.

6. Калтатай: Оштук, Ташкенттик, Кокондук.

7. Имамшайык: Кудайназар, Чалыш, Кошбай, Төөлөр, Кутмат.

8. Асанали: Сарыбашыл, Чоткара(кытай), Карынчы, Бөрүбек, Мурзабек, Чака, Кедей, Бешкалтак, Каракуш, Галасак.

9. Каландар: Акжол, Итемген, Торпок, Кенже.

10. Досмат (Карапорчо): Лепес, Курал, Казы.

Чапкылдыктар кыргыздын башка урууларынын санжырасында да кездешет. Мисалы: Найман уруусунун санжырасында Чапкулу Найман деп жүрөт. Кыпчактардын санжырасында кыпчак уруусунун бир уругу катары айтылат. Саяк уруусунун санжырасында Кулжыгачтын тукуму Сүтэмгендин баласы Чапкынчы түштүктөгү чапкылдыктар менен бир тууган деп айтылат. Ошондой эле Тоолуу Алтайдагы уруулардын арасында Чапты деген уруу(сөөк) бар. Алтайлыктар биз жөнүндө “чапкылдыктар алгач “Чапкы же Чапты” деп эле аталып, Алтайдан Түркистанга баргандан кийин “чапкылык”, “чапкылдык” болуп калышы мүмкүн деген ойду айтышат.

Чапкылдык деген аталыш адамдын аты же антропоним эмес, этноним. Чапкылдык уруусунун аталышынын этимологиясы боюнча бир канча варианттар айтылып жүрөт. Биринчи вариантында чапкылдык “чапколдук” дегенди(чап–сол, кол же сол колдук) түшүндүргөн. Бул вариант чапкылдыктар Сырдарыянын сол жээгинде же “чап кол” тарабында жайгашкандыктан аларды башка элдер “чапколдуктар” деп атагандыктан улам келип чыккан. Экинчи вариантында чапкылдык деген сөздун унгусу “чапкы”, “чапты”, “чапкылы” дегенден келип чыккан деп айтылат. Учүнчү варианты боюнча чапкылдык – “чаптык”, “чаап алдык” деген мааниде айтылып, согуштарга көп катышкан согушчан, жоокер эл дегенди туюндурат. Музафар Усөн да Баткен аймагында кыргыз уруулары тууралуу жазылган макаласында чапкылдыктар ичкиликтердин сол канатын түзгөн уруу болгондуктан «Чапколдуктар» деген аталыш менен аталып, бара-бара «чапколдуктар» деген «чапкылдыктар» болуп өзгөрүшү мүмкүн деген оюн жазган. Чапкылдыктар - булар кыргыздын «чапколдуктары» же сол колдук кыргыздары деген оюн кыргыздын Кыдырша уруусунун лидери, «Кыдырша» китебинин түзүүчүсү Ражабали Кадыров да айтып жүрөт. Ал эми «Ичкиликтер» китебинин автору Камил Орозбаев чапкылдыктар илгертен эле кыргыздын ичкиликтерине кирген кыргыздын 40 уруусунун бири болуп келген деп жазган. Ошондой эле кыргыздын белгилүү палбаны, КР ЖК мурдагы чакырылышынын депутаты, Төөлөс уруусунун лидери Малик Осмонов агабыз да топ жыйындарда: «Кыргыз курөшүнүн устаты, Абдырахман палвандын уруусу чапкылдык болгон. Чапкылдыктар мурдатан эле атактуу палвандар чыккан өзүнчө уруу катары белгилүү»-деп, жар салып жүргөну биз үчүн чоң сыймык. Кыргыздын 40 уруусунун бири болгон кесектин китебинин жазылышына зор салым кошуп, кесектер жашаган ар бир калктуу пункттарды түрө кыдырган кесек уруусунун лидери Элмуратов Кыдырназар: «Чапкылдыктар кесектер менен кылымдар бою азыркы аймакта кошуна, канатташ жашаган кыргыздын өзүнчө уруусу. Лейлектеги чоң уруулардын бири. Биздин ата-бабалар байыртан журттары жакын, жайлоолордо чогуу көчүп-конуп жургөн. Ал турсун чапкылдыккан чыккан айтылуу Ак-Тайлак олуянын кызы Агача энебиз кесектин кызылаяк уругуна келин болуп түшкөн. Учурда Агача энебиздин күмбөзү жана «Агача булак» деген ыйык булагына азыркы күнгө чейин зыяратчылар барып турушат. Кыргыз элин башкарган Исхак Раззаков ошол Агача энебиздин тукуму»-деп, айтып да, жазып жүрөт.

Мындан башка Падышалык Россиянын тушунда орус окумуштуулары А.П.Федченко, А.А.Кушакевич Н.С.Лыкошин, В.Н.Зайцев өздөрүнүн эмгектеринде чапкылдыктарды кыргыздын ичкиликтер тобуна кирген өзүнчө урууларынын бири катары белгилеп кетишкен.

2010-жылы июнда болуп өткөн жалпы ичкилик кыргыздарынын Курултайында да чапкылдык уруусу улуттун өзөгүн түзгөн кыргыздын 40 уруусунун бири катары эсептелерин эске алып, ичкиликтин 11-уруусу деп, чечим кабыл алынган.

2016-жылдын 8-августунда чапкылдыккан чыккан олуя атабыз Ак-Тайлак олуянын мазарында ар кайсыл айыл-кыштак, аймактарда жашаган жалпы чапкылдык уруусунун курамындагы бардык урук-топторунун өкүлдөрү жыйналып, ата-бабалардын арбагына багыштап куран окутканбыз. Ошол жыйынга катышкан минге чукул Ак-Тайлак олуянын уруулаш туугандары, урпактары арасындагы аксакалдары: Сыдыков Кудайназар молдо 91 жашта, Гапаров Абдилаким аксакал 89 жашта, Гапаров Муса ажы, Убаев Досбай аксакал 87 жашта, Бегалиев Өктөм аксакал 87 жашта, Турдуев Баба аксакал 86 жашта, Арзыбаев Эрали 83 жашта, Баянов Салам ажы 80 жашта, Айдаров Салибай 69 жашта, Ормошов Акматали 68 жашта, сый тамак үстүндө отуруп, «биз кыргыздын кайсыл уруусуна кошулабыз, бүгүнкү күндө тарыхчылар, тарых изилдөөчүлөр, санжырачылар чапкылдыкты кыргыздын уруулары: найман, кытай, кыпчак, саяк, солтого кошуп жазып жүргөнүнө эмне дейбиз»- деген суроого жооп беришкен. Аксакалдардын атынан Абдилаким аксакал: “Биз эч бирине кошулбайбыз, биз чапкылдык бойдон калабыз. Бир эки адам билип билбей айтып койсо эле ошол туура деген санжырачылар менен тарыхчылардыкы туура эмес. Мени туура түшүнгүлө туугандар. Чапкылдык болуп төрөлүп, чапкылдык бойдон өлөбүз. Мен билгенден чапкылдыктар илгертен эле ушул Лейлек аймагында жашап келген. Чапкылдыктан тараган Бакыбек, Салимбек, Калтатай, Тайлакы, Жапар, Дидар, Ажы бийдин балдары: Асанали, Имам-Шайык, Каландар, Карапорчо бардыгы өздөрүнүн жети атасынан бери ушул жерде жашап, алардын сөөктөрү да өзүбүздүн чапкылдыктын көрүстөнүнө коюлганын жакшы билишет. Ата-бабалар түптөп, негиздеп бизге мураска калтырган ондогон ата конуштарыбыз, айыл-кыштактарыбыз бар. Ээлеген аймак, жайлоо-кыштоолорубуз да өзүбүздүкү. Биздин ата-бабалардан калган байыркы көрүстөн, мазарларыбыз бар. Башка элдерде жок калкыбыз кастарлаган, зыяратчыларынын саны азайбаган олуяларыбыз Ак-Тайлак, Көк Тонду, Жаныбек-Ата өндүү бабаларыбыздан калган ыйык мазарлары бар элбиз. Биз өз алдынча уруубуз. Жанаша жашаган кесектер, авааттар, кыпчактар, наймандар, каңдылар, тейиттер менен теңата жашап, алар дайыма чапкылдык уруусун кыргыздын кырк уруусунун бири катары таанып, сыйлап урматташат. Бизди улуу чапкылдык эли деп билип келишет. Ал турсун ааламдан көзу өткөн адамдын жаназасына кабар кетсе «Баланча деген чапкылдык ааламдан өтүптүр деп айтышат кошуна уруулар». Айтылган сөздү ошол жерде олтурган бардык аксакалдарыбыз жана чогулган эл бир ооздон кубатташкан. Чындыгында лейлек жергесинде чапкылдык уруусун башка уруулардын өкүлдөрү «улуу чапкылдыктар» деп коюшат.

Кантсе да Манас баатыр доорунда жаралган чакан журт - Чапкылдык уруусу Кокон хандыгында өз алдынча аймакка ээлик кылып, өзүнүн беги, миңбашысы болгон. Ал эми Падышалык Россиянын тушунда Чапкылдык(Чапкулук) деген волость болуп, өз алдынча административдик бирдикти түзгөн. Чапкылдык уруусу учурда Чапкылдыкка чейин 14-16 муун же ата болуп, тарыхта аты өчпөй саны 60 миңдей эли бар кыргыздын 40 уруусунун бири болуп турат.

Орунбай Ахмедов, тарыхчы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×