Добавить свою статью
7 Сентября 2023
Массалык китеп окуу, кино-театрларга баруу, жазуучулардын жана маданият ишмерлеринин турмушун жандандыруу программасы

“ПРОГРАММАЛЫК-УКУКТУК КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ИДЕОЛОГИЯСЫНЫН” МАДАНИЯТТЫН РУХАНИЙ АӉ-СЕЗИМИ ТӨРТYНЧY КОНЦЕПЦИЯСЫНАН YЗYНДYЛӨР

«Кыргызпатент» тарабынан 21.06.2005-жылдагы № 631-күбөлүгү менен катталган.

2011-жылдын 10-мартында Талас облустук мамлекеттик нотариусунда 2-529-реестринде катталган.

Биринчи жарыкка чыгаруу датасы 1996-2004-жж.

«Кыргызпатент» тарабынан 2021-жылдын 17-февралындагы № 4155 Күбөлүгү менен акыркы жоромолун каттоо жүргүзүлгөн.

1. Маданиятты өнүктүрүүнүн руханий формуласы (кыскартылды).

2. Маданиятты кризистен чыгаруу боюнча жүзөгө реалдуу ашырса боло турган жаңы экономикалык эсеп.

3. Маданият ишмерлеринин, акын-жазуучулардын турмушун, китепканалардын, кинотеатрлардын жана музейлердин ишин жандандыруу.

4. Кыргызстандын маданияты кандай болушу керек: улуттукпу же улуттар аралыкпы (кыскартылды)?

КИТЕП ОКУУ ЖАНА КИНО-ТЕАТРЛАРГА БАРУУ ШАРТТАРЫ

Көркөм адабиятты окуган жана кино, театрларга, музейлерге барган муун – бул өлкөнүн маданиятынын тоталдык курамчасы (компоненти) жана кайра жаратуунун, деңгээлде кармоонун жана өнүктүрүүнүн кынтыксыз кубаттуу жаратман күчү.

Зордукчул рыноктук жана адамдын шаштысын кетирген жогорку ыргактагы постсоветтик жашоонун жана идеологиялык вакуум жана маданият ыдырап жаткан шартта китеп окуу сыяктуу мындай нерселер адамдар үчүн баалуулук ориентациясына ээ болбой калды. Адамдарды руханий жана нравалык-этикалык кайра жаратуу, инсанды ар тараптуу өстүрүү жана өлкөнүн адамдык ресурстарын бекемдөө максатында көркөм адабиятты окуу жана кино, театрларга, музейлерге жана китепканаларга баруу үчүн шарттарды түзүү өзгөчө зарыл болуп жатат.

Ушул максатта китептерди окуу жаатында жолдуу суроо жылдырып чыгабыз: КАНДАЙЧА БҮТҮНДӨЙ МУУН ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН ЖЕ МАЖБУР ТYРДӨ КӨРКӨМ АДАБИЯТТЫ БЕРИЛИП ОКУП КАЛГЫДАЙ КЫЛСА БОЛОТ?

Адегенде китеп окууга тоскоолдук жараткан заманбап факторлорду белгилеп кетели:

1. Экран цивилизациясынын Китеп цивилизациясына үстөмдүк кылып Экран цивилизациясынын Китеп цивилизациясын сүрүп чыгышы.

а) Интернет, анын ичинде пайдалуу жана пайдасыз көрмө маалыматтардын массалык агымы, социалдык тармактар жана инсандын өнүгүшүн тормоздогон зыяндуу оюндар;

б) пайдасыз оюндарды тартуулаган Интернет-клубдар;

в) телефондордогу оюн функциялары.

Жогоруда аталган факторлордун кайсыларына тыюу салса болот?

Социалдык тармактарды колдонууга тыюу салбаш керек, себеби социалдык тармактар адамдар жана коом менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берет (социалдык тармактардагы ушак-айыӊдар, комментарийлерде бири-бирин сыйлабаган орой сөздөр адептүүлүктүн жана ыймандын өзүнчө оор трагедиясы).

Башка маселе болор эле, эгерде адам социалдык тармактарда убактысын короткондон өзүн өзү чектеп көзөмөлдөй алса. Бул жерде тек гана адамды тарбиялоо талап кылынат.

Убакытты пайдасыз коротуп инсанды кунарсыздандырган Интернет-клубдарда балдарды ойноткон кызмат көрсөтүүлөрдү, айрыкча согуш оюндарын тартуулаган кызматтарын мыйзам негизинде тыйса болот.

Телефондордогу оюн функцияларын, педагогикалык чара көрүү жолу менен чектесе болот, балдарга үлгү көрсөтүп төмөнкү нерселерди түшүндүрүп:

«Мобилдик телефон, баарынан мурда, оюн функциялары менен толтурулбай, турмуштук зарыл байланыш каражаты катары каралышы керек да баланын телефондо кызыгып ойношу, Сиздин балаӊыздын психикалык өсүшүн кунарсыздандырып телефондун ыкчам байланыш каражаты катары дайындалган негизги функциясын убакыт жагынан кармап, улууларды жумуштан алагды кылып өндүрүш жараянын зарар кылат да, акыры келип телефондун оюн функциясы, биз байкай бербеген улутту тукум курут кылуу ролун аткарат».

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

«Өз убагында зарыл телефондук чакырууларды кабыл алууга тоскоолдук жаратып Сиздин балаӊыз телефонуӊузда ойношуна жол бербеш үчүн, телефон оюн функциялары бар оюнчук каражаты эмес, адегенде телефон, турмуштук зарыл байланыш каражаты экендигин балаӊызга түшүндүрүӊүз».

Китеп окуу функцияларын белгилейли:

а) инсандын руханий маданиятын өнүктүрүү;

б) дүйнө таанымды өнүктүрүү;

в) сөз маданиятын өнүктүрүү;

г) каттарды, актыларды, протоколдорду, баяндарды, кайрылууларды жана эмгек тармагынын ажырагыс курамчасы болгон башка документтерди даярдоо жана эл алдында чыгып сүйлөө иштеринде зарыл боло турган коомдук пайдалуу грамматиканы өздөштүрүү.

Жогоруда белгиленген коомдук пайдалуу грамматиканы өздөштүрүү пунктун актоо үчүн бардык гезит, журнал жана китеп басылмаларында грамматикалык каталары бар гезит, журнал жана китеп продукцияларын чыгарууга мыйзам түрүндө кескин тыюу салып редактирлөө жана корректирлөө кызматын мамлекеттик көзөмөлгө алуу зарыл.

Коом тарабынан китеп окубоонун бирден бир негизги себеби катары бош убактын жетишпеген факторун белгилейли.

Калктын социалдык-экономикалык абалы оңолмоюн, китепти үй тиричилигинде окуу күмөн. Анткени калктын көпчүлүгү, анын ичинде кээ бир категориядагы балдар, көр оокаттын айынан окуудан бош убактысында нан таап жөө үчүн иштөөгө аргасыз болуп турганы адаткы көрүнүш. Мисалдарды санап отуруунун кажети жок. Анткени биздин каардуу рыноктук мезгилде турмуштун көйгөйлөрү жана инсанды өз алдынча өнүгүүсүнөн алаксыткан факторлор жетиштүү. Башкача айтканда адамдар китеп окууга чолосу тийе бербей жатат. Бирок канткен менен адамдар сөзсүз түрдө өздөрүнүн кымбат баалуу убактысын: балдар – мектепте окууга, жаштар окуу жайларында окууга, улуулар – жумушка арнашат. Жоокерлер бир жарым жыл аскерде кызмат кылышат. Кылмышкерлер тордо отурушат. Адамдардын күндөлүк турмушунун ушул жактарынан гана мыйзамдын негизинде адамдар кез-кези менен же такай китеп окуусуна, киного, театрларга, музейлерге баруусуна жана эс алуусуна мүмкүнчүлүккө ээ болушу үчүн убакыттан кесип алып берүү зарыл. Кино жана театрларга баруунун финансылык жүгү тууралуу төмөнүрөөктө талкуулайбыз, болгондо да жарандардын пайдасына. Бирок алдын китептерди окууну кантип уюштуруу тууралуу акылдашалы.

Өзүнүн өмүр жолунда китептерди каныкканча окуп алуу бала чакта, башкача айтканда мектеп жылдарында абдан ылайыктуу. Анткени адам мектепти аяктаганда аны үй-бүлөлүк, дегеле чоң турмуш арабасы алаксыта баштайт. Бирок балдардын мектепте, жаштардын орто жана жогорку окуу жайларында, жоокерлердин аскерде, кылмышкерлердин абакта, ал эми чоңдор болсо иштеген жеринде ишканасынын менчик формасына карабастан китепти окууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап көрөлү. Китеп окууну билим берүү чөйрөсүнө (мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында, орто жана жогорку аскердик окуу жайларында), Куралдуу күчтөр чөйрөсүнө, абак чөйрөсүнө жана эмгек чөйрөсүнө бөлөлү.

Билим алуу, Куралдуу күчтөр чөйрөсүндөгү китеп окууну сөзсүз түрдөгү тартип катары киргизсе болот. Ал эми эмгек тармагындагы китеп окууну – иш учурунун эсебинен жана эмгек акысын сактоо шарты менен көркөм адабиятты окууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү катары гана тартип кабыл алуу керек. Жогоруда айтылгандай мындай мыйзам жеке менчик ишканаларына да таркайт.

Билим берүү тармагындагы китеп окуу:

Мисалга мектепте жана окуу жайларында сөзсүз көркөм адабиятты окуу үчүн күнүнө бир жуп сабактан (бир пара – бир жарым саат) убакыт бөлүнүп берилет. Мектептин окуучулары биринчи кезекте ошол күндө адабият сабагынан кайсы теманы өтүп жатышкан болсо, биринчи кезекте ошол гана теманы окууга милдеттүү. Ошондон кийин гана каалаган адабий чыгарманы окуй алышат.

Башка ойго чегинүү.

Азыркы мезгилде мамлекеттик кыргыз тилин өнүктүрүү көйгөйү актуалдуу. Ошондой эле мектептин бүтүрүүчүлөрүнө, мамлекеттик кызмат тармагында, эмгек тармагында иштегендерге жана өлкөнүн коомдук жашоосунда мамлекеттик кыргыз тилин билүүгө мамлекет тарабынан коюлган талаптын өсүшүнүн тенденциясы бар. Ошон үчүн бул жерде, мектепте көркөм китепти окутуу эрежелерин пайдаланып бир ок менен эки коёнду атуу иретинде бир эле убакта өсүп келаткан бүткүл муунду мамлекеттик кыргыз тилине окутуп алсак болот. Башкача айтканда ошол адабий китеп окуу саатында мектеп окуучусу тийиштүү күнү адабият сабагынан үй тапшырмасы катары берилген чыгарманы окуп бүткөн сон, калган убакта эркин түрдө адабий китепти окуганда бирде кыргыз тилиндеги чыгарманы, бирде каалаган тилдеги чыгарманы окуй алат. Каалаган тили, бул, корей, дунган, же өзбек тилиндеги өзүнүн эне тили же башка каалаган тили болушу мүмкүн. Же бала чагынан орус тилин жакшы деӊгээлде өздөштүрүп алуу максатында орус тилиндеги китеп болушу мүмкүн. Же кааласа чет тилдеги адабий китеп болушу мүмкүн. Эгерде окуучу көлөмдүү прозаны тигил же бул тилде окуй баштаса, ал чыгарманы окуп бүткөнгө канча күн талап кылынса, аягына чейин окуп бүтүүгө уруксат берилип андан кийин башка тилдеги чыгарманы окуй алат. Окуучунун кайсы чыгармаларды жана кайсы тилде окуганын мугалим көзөмөлгө алып турат.

Ушундай эле тартип орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине жана орто жана жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттарына тийиштүү. А эгерде аларда факультеттин өзгөчөлүгүнө ылайык адабият сабагы жок болуп чыкса, анда каалаган чыгармасын окуй алышат. Мындай сөзсүз түрдөгү программа билим берүү мыйзамдарында каралып биринчи класстан баштап мектепти бүткөнгө чейин милдеттендирилет. Ушундай эле тартип орто жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин биринчи курсунан баштап акыркы курска чейин жана аскер окуу жайларында курсанттар биринчи курстан баштап окууну бүткөнгө чейин орнотулат. Окутуунун мындай маданий программасынан, мектептеги жана орто жана жогорку окуу жайларынын окутуунун жана кадрларды даярдоонун негизги программасы дегеле жабыр тартып калбайт. Анткени окутуунун мындай маданий программасынан келип чыккан моралдык пайда алда канча артык болот, себеби мындай жол аркылуу биз билимдүү жана тартиптүү адамдардын коомуна ээ болуп жатабыз.

Куралдуу күчтөрүндөгү окуу.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик уставы менен аскер кызматчыларынын күн тартибинин бир бөлүгү катары көркөм адабиятты күндө бир сааттан окуу тартиби киргизилет. Албетте, нарядда турган же күжүрмөн нөөмөттө турган аскер кызматчылары китеп окуу менен алаксышпайт. Аскердеги жоокер минтип китеп окуу жолу менен ал инсандыгын өстүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот ал эми биз болсо, китеп окуган жана маданияттуу жарандарга байыйбыз. Анан акыры аскерде кызматын өтөп бүткөн жаш адам жарандык турмушка кайтканда өзүнүн жеке жана коомдук жашоосун дилгир, сабаттуу, коомго пайдалуу тартиптүү адам катары баштай алат.

Абактардагы китеп окуу.

Абактагы кылмышкерлерге каалаган көркөм китептерди сатып алууга же китепканадан алууга, камерада китеп кармаганга жана чектөөсүз эркин окуганга укук берилет. Тюрмөлөрдүн администрациясы мындай шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү болуп саналат.

Эмгек тармагындагы окуу.

ЭМГЕК МЫЙЗАМЫ АРКЫЛУУ КҮНДӨ ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН ЭМГЕК ТАРМАГЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮНӨ ЖАРАША НӨЛДҮК, ЖАРЫМ СААТТЫК, БИР СААТТЫК ЖАНА БИР ЖАРЫМ СААТТЫК АРЫМ (ДИАПАЗОН) УБАКТЫСЫНДА КӨРКӨМ АДАБИЯТТЫ ОКУУ. КИТЕП ОКУУ УБАКТЫСЫ СЕГИЗ СААТТЫК ЖУМУШ УБАКТЫСЫНА КИРЕТ. МЫНДАЙ УЧУРДА ЖУМУШ УЧУРУНДАГЫ ЭМГЕК АКЫСЫ САКТАЛА БЕРЕТ.

Нөлдүк арым (диапазон) деген, китеп окуу өндүрүштүн кызыкчылыгына, иш планына жана башка нерселерге терс таасирин тийгизе турган болсо, ошол тармактагы эмгек чөйрөсүндө китеп окууга жол берилбейт. Мындай ишканалардын категориялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Ошондой эле мындай тартипти аныктоо үчүн китеп окуу шарты – ишкананын экономикасына жана башка нерселерине зыянын тийгизер-тийгизбешин эске алуу менен бирге ишканалардын жетекчилери бул маселени өзүнчө жеке түрдө же коллегиалдык түрдө чечүү укугуна ээ болушу керек.

Китеп окуунун жарым сааттык, бир сааттык же бир жарым сааттык арымы (диапазону) деген, ишкана өзүнүн ишканасынын кызыкчылыгына байланыштуу жумушчулардын китеп окуусу үчүн жарым сааттык, же бир сааттык же бир жарым сааттык арымын (диапазонун) тандап алат. (Жарым сааттын ичинде акындардын бир кыйла эле ырларын окуп алууга жетишсе болот).

Бирок эмгек акысы кылган ишине жараша болгон ишканаларда жумушчу толук көлөмүндө акча иштеп табуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылбашы үчүн китеп окушун же жумушту үзбөй иштей беришин өзү чечет. Бирок бул маселе тигил же бул ишкананын экономикалык максатка ылйыктуулугу аркылуу чечилиши керек. Жана жумушчулар китеп окуп калышса, бул экономикалык пайда алууга кедергисин тийгизеби же жокпу – же административдик түрдө же коллегиалдык түрдө чечилет. Бул жерде эске ала турган нерсе, китеп окуу тартиби өлкөнүн бардык мекеме жана ишканаларына тарай бербеши керек. Мисалы дүкөндөр же ушул сыяктуу калк тейлеген ишканалар китеп окуу убактысына улам эшигин жаап коё бериши элге ылайыксыз болуп калат. Ошондой эле аскердеги жана укук коргоо органдарындагы кызматкерлер күжүрмөн нөөмөттө турушкан болсо, китеп окуу менен алаксыбашы керек.

Жогоруда биз, коомдун өз ыктыяры менен китеп окууга кызыгуу жолдорун иштеп чыктык.

Төмөндө болсо, коом адабий китептерди окуганга мажбур боло турган ыкманы иштеп чыгабыз.

Мыйзам негизинде Маданият министрлигин милдеттендире турган нерсе, шаардык жана райондук маданият бөлүмдөрү бүткүл республика боюнча квартал сайын, а эгерде бюджет жетиштүү болсо, ай сайын бардык жаш курактагы жарандар үчүн төмөнкү аталмалар (номинациялар) боюнча адабий китептерди окуу боюнча конкурстарды өткөрүп турса:

1. «Трибунада китепти көркөм окуу».

2. «Акындардын ырларын ооз эки айтуу».

3. «Жазуучулардын жана драматургдардын чыгармаларын ооз эки айтып берүү».

МАДАНИЯТТЫН ЖАНА АДАБИЯТТЫН ОН ЖЫЛДЫГЫ

Анан, акыры, адабий китепти окуганга коомдук түрткү берүү катары адегенде «Адабий китепти окуу Жылы» жарыяланат. Баарынан мурда, шашыла айта турган нерсе, айталы, Акаевдин мезгилиндегидей «Тоолор жылы», «Аялдар жылы». Анан кийин «Жаштар жылы», «Ооруканаларды жана мектептерди куруу Жылы», «Айлана-чөйрөнү коргоо Жылы», «Аймактарды өнүктүрүү Жылы» сыяктуу мамлекеттик башкаруунун бардык эле көйгөйлөрү тигил же бул Жыл катары жарыяланганга муктаж эмес. Ооруканаларды жана мектептерди куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, аймактарды өнүктүрүү жана башка ушул сыяктуу нерселер ансыз деле мамлекеттик башкаруунун айкын тармактары болуп саналат да бул жалпы мамлекеттик милдеттер тигил же бул Жыл деп жарыяланбастан эле көӊүл борборунда болуп чечиле турган иш. Ал эми китеп окуу тармагы мамлекеттик башкаруунун көз жаздымында калышы мүмкүн, ошон үчүн бул маселе тигил же бул жылга байланыштырылып расмий жарыяланышына муктаж.

Ошентип, мамлекеттик башкаруу тажрыйбасы көрсөткөндөй, тигил же бул жылды бир темага байланыштырып жарыялаганда Өкмөт, «Бөрк ал десе баш ала тургандай» таризде иштеп облустук, райондук мамлекеттик администрацияларды, айыл өкмөттөрүн, мэрияларды ашкере тынчсыздандырып, жанды сууруп алчудай чаӊ-тополоӊун асманга күлдөй сапырып шаштысын кетирип отчётторду артыкча талап кыла берет. Бул өӊүттөн алып караганда идеяны жүзөгө ашырууда Өкмөттү күжүрмөн жардамчы катары көрсөк болот.

Анан, акыры, Көркөм адабиятты окуу Жылы бир жылдык мөөнөтү бүткөндө көӊүл борборунан сыртка чыгып унутта калышы мүмкүн, ошон үчүн Китеп цивилизациясынын Экран цивилизациясына үстөмдүк кылышы катары 2024-2034-жылдарды – Маданияттын жана адабияттын Он жылдыгы деп жарыяласак жакшы болор эле.

КИНО-ТЕАТРЛАРГА БАРУУ

Кинотеатрларга жана музейлерге баруу тартиби ошондой эле билим берүү жана эмгек тармагына киргизилет. Куралдуу күчтөрүндө болсо бул суроону, аскердик тартиптин абалына карап командачылык жеке түрдө чечет. Анткени канткен менен аскер деген аскер. (Бирок аскердеги китеп окуу сөзсүз бойдон калышы керек). Ошондой эле кино жана театрларга катышуу тюрмөлөргө таркабайт. Эгерде акылдуу сөрөйлөр тордо отурган кылмышкердин адам укугу тууралуу кеп кылып калышса, анда анын укуктары кылмышкердин эркиндиктерин кеңейтип киного жана театрларга алып баруу деген жагына берилбей, адам укугу деген нерсе – кылмышкердин отурган жеринин нормалдуу жашоо шарттарына, тамактануусуна, медициналык тейленишине гана берилиши керек. Анткени абакта отурган кишинин юридикалык макамы (статусу) өзүнөн өзү эле белгилүү нерсе: "кылмыш жасаганы үчүн эркинен ажыратылган". Андан сырткары, эгерде, кылмышкерлер киного жана театрга барып калышса, акыры кайгылуу окуялар менен бүтө турган качууларды уюштуруу ыктымалдуулугу талашсыз. Ал эми кино жана спектаклдерди тюрмөнүн ичинде көрсөтүшсө анда башка кеп. Бирок дагы да белгилеп кете турган нерсе, тюрмөдө отурган кишинин китеп окуу тартиби сөзсүз катары каралат.

Эгерде мектеп окуучулары классы менен, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери тобу менен, орто жана жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттары взводу менен кино жана театрларга барып турушу бул – окутуунун жана маданияттуу жана билимдүү муунду тарбиялоо программасына ылайык сөзсүз түрдө жүзөгө ашырылып турса, ал эми эмгек тармагында адамдардын кино-театрларга барышы сөзсүз бекитилген тартип эмес, тескерисинче, эмгек мыйзамы аркылуу иш учурунан пайдаланып жана ошол убактагы эмгек акысын сактоо менен аталган маданият субъекттерине кез кези менен катышууга жана эс алууга мүмкүнчүлүк жана укук берүү катары гана каралат. Билим берүү тармагында кинотеатрларга тез тез барып туруу билим берүү көйгөйүнө анчейин деле терс таасирин тийгизе бербейт. Ал эми эмгек тармагында бул нерсе иш жараянын (процессин) үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Ушундай баамдоодон улам эмгек тармагында кинотеатрларга катышуунун төмөнкүдөй минималдуу ченеми (нормасы) сунушталат: жумушчу айына бир жолу иш убактысынын жана ишканасынын эсебинен же киного, же театрга же музейге катышууга укуктуу.

Катышуу үчүн акы төлөө тартиби.

Катышуу үчүн акы төлөө жөнөкөй жана кино же театрдын кассасына накталай төлөп берүү тартиби менен аныкталышы керек. Жумушчу киного, театрга же музейге барардан мурда ал киши маалымат базасы аркылуу кайда барары жана билеттин баасы тууралуу билип анан тийиштүү чечим кабыл алат. Андан соң бухгалтериядан тийиштүү суммадагы акчаны алат. Кийин дүмүрчөктү (квитанцияны) алып келип бухгалтерияга отчёт катары тапшырат. Же болбосо жумушчу кино же театрда билетти өз чөнгөгүнөн сатып алып кийин бухгалтерияга тапшырып билеттин наркы боюнча компенсация алса болот.

Кино жана театрларга баруунун экономикасынын маселеси.

Мектеп окуучулары, студенттер жана курсанттар бекер барышат. Ал эми жумушчулар болсо, буга чейин айтылгандай уюмдун эсебинен акы төлөп барышат. А эгерде мамлекеттин өзүнүн жумушчулары үчүн кино жана театрларга катышуусуна акча төлөп берүүгө каражаты жетишпесе, анда жумушчулардын катышуусун өз чөнтөгүнөн кылып койсо болот. Бирок акы төлөөнүн суммасы сөзсүз принципиалдуу түрдө оор болуп сезилбегендей жана чөнтөгүн какпагандай болушу абдан зарыл. Мисалы, жапайы рынок шартында жашап жатканыбызга карабастан киного, театрга же спектальге же музейге катышуунун акысы дайыма коомдук транспортто жүрүүнүн төлөмүнө барабар болуп турушу керек. Статистиканын жардамы менен өлкөнүн бардык иштеген калкынын санын эсептеп чыгарып алардын бир айда же бир жылда катышуусунун санын көбөйтүп өлкөнүн маданиятына кандай өлчөмдөгү бюджеттин түшүп жатканын билсе болот.

Мисалы, Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке менчик уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда эки миллион иштеген киши бар дейли. Биз буга дейре келишип алганыбыздай, төлөө өлчөмү коомдук транспорттун билетине барабар болуп жумушчунун кинотеатрга ар бир баруусу беш сомго барабар. (Бул концепция, жол кире беш сом кезинде жазылган). Эки миллионду беш сомго көбөйтүп он миң миллион сомго ээ болобуз. Бул бир айда маданият тармагына түшө турган сумма. Анктени биз мыйзам менен аныктагандай ар бир жумушчу айына бир жолу гана жумуш убактысынан пайдаланып катышат. Маданият чөйрөсүнө бир жылда түшө турган сумманы аныкташ үчүн 10 миллион сомду 12 айга көбөйтүп 120 миллион сомго ээ болуп жатабыз. Мындан да тагыраак жана дайындуураак (конкреттүүрөөк) экономикалык эсепти жүргүзүү үчүн өлкөнүн мамлекеттик жана жеке менчик тармагындагы кишинин иштеген санынын, эмгек акыларын аныктоо үчүн кинотеатрлардын жана музейлердин жумушчуларынын жана тейлөө персоналынын так санын статистика аркылуу аныктоо керек болот. Ошондой эле кинотеатрлар жана музейлердин шайма-шай абалында сакталышы үчүн, алардын толук кандуу иштеши үчүн оӊдоо жана керектүү материалдар менен камсыз кылуу үчүн так статистикалык маалыматтар керек болот. Эгерде кинотеатрларга катышкан кардарлардын төлөө эсебинен эле каражат жетишпесе, анда мамлекет, албетте, маданият тармагына жыл сайын кошумча бюджет жүктөп турат.

Бирок жарандардын кинотеатрларга жана музейлерге катышуусунун акы төлөө саясаты ажайып жагымдуу, ыңгайлуу болушу үчүн, адамдардын кинотетарларга жана музейлерге баруусу ыктыярдуу болушу үчүн билеттин баасы принципиалдуу түрдө төмөн болушу зарыл. Аны үчүн сунуштала турган нерсе, билеттин баасы дайыма коомдук транспортто жүргөндөй болуп калышы керек.

Көркөм адабиятты окуган жана кинотеатрларга катышкан муундан келип чыккан пайдалуу глобалдык натыйжалар:

Биздин көз карашыбызча күтүлгөн натыйжалар абдан прогрессивдүү. Мисалы, республиканын бардык китепканалары жана кинотеатрлары жандуу иштеп калат. Маданият ишмерлеринин үзгүлтүксүз жумушу жана туруктуу кирешеси пайда болот. Китеп чыгаруу жана китеп соода кылуу тармагы өнүгөт. Акын жазуучулардын китеп продукциясы талап кылына баштайт.

Маданияттын руханий аң-сезими Концепциясынын идеяларын жүзөгө ашыруунун укуктук усулу (методу) – Кыргыз Республикасынын маданият, билим, мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдарга, КРдин (КРнын эмес) Эмгек Кодексине жана башка тийиштүү мыйзамдарга

Сунуш-берене “Китеп окуу жөнүндө”

1. Көркөм адабиятты окуган жана кино, театрларга жана музейлерге барышкан муун – өлкөнүн маданиятынын тоталдык курамчасы (компоненти) жана кайра жаратуунун, деңгээлде кармоонун жана өнүктүрүүнүн кынтыксыз кубаттуу жаратман күчү деп саналат.

2. Билим берүү мыйзамы аркылуу мектеп, орто жана жогорку окуу жайларында (аскердик окуу жайларында, милиция мектептеринде) адабий китеп окуу үчүн күнүнө бир жарым саат (бир жуп сабак) убакыт бөлүнүп берилет.

3. Биринчи кезекте мектепте (орто жана жогорку окуу жайларында) окуп жаткан адабият сабагынан чыгарманы окуп бүтүрүү мүмкүнчүлүгү берилет, калган бош убактысында адабий китепти эркин окуу мүмкүнчүлүгү берилет.

4. Өсүп келаткан муунду мамлекеттик кыргыз тилине окутуу максатында, адабий китепти окуу мамлекеттик кыргыз тилинде жана каалаган тилинде окуу катары айкалыштырылат. Каалаган тил катары эне тили, же орус тили же чет тили болушу мүмкүн. Бир чыгарманы толугу менен окуп бүткөн күндөрдөн кийин гана китепти окуу тили алмашат.

5. Окуган чыгармасы жана окуган тили мугалим (окутуучу) тарабынан көзөмөлгө алынат.

6. Эмгек мыйзамы аркылуу күндө өз ыктыяры менен эмгек тармагынын өзгөчөлүгүнө жараша нөлдүк же жарым сааттык же бир сааттык же бир жарым сааттык арым (диапазон) убактысында көркөм адабиятты окуу тартиби каралат. Китеп окуу убактысы сегиз сааттык жумуш убактысына кирип жумуш учурундагы эмгек акысы сактала берет.

7. Нөлдүк диапазон деген, китеп окуу өндүрүштүн кызыкчылыгына, иш планына жана башка нерселерге терс таасирин тийгизе турган болсо жана калкты тейлеген ишканалар болсо, ошол тармактагы эмгек чөйрөсүндө китеп окууга жол берилбейт (дүкөн, аскер бөлүктөрүндөгү күжүрмөн кезмет ж.б.). Мындай ишканалардын категориялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталып, мындай тартипти аныктоо үчүн китеп окуу шарты – ишкананын экономикасына жана башка нерселерине зыянын тийгизер-тийгизбешин эске алуу менен бирге ишканалардын жетекчилери бул маселени өзүнчө жеке түрдө же жамааттык түрдө чечүү укугуна ээ болушу керек.

8. Китеп окуунун жарым сааттык, бир сааттык же бир жарым сааттык арымы (диапазону) деген, ишкана өзүнүн ишканасынын кызыкчылыгына байланыштуу жумушчулардын китеп окуусу үчүн жарым сааттык, же бир сааттык же бир жарым сааттык арымын (диапазонун) тандап алат.

Сунуш-берене «Кинотеатр жана музейлерге баруу жөнүндө”

1. Кинотеатрларга жана музейлерге баруу тартиби билим берүү жана эмгек тармагына киргизилет. Окутуунун жана маданияттуу жана билимдүү муунду тарбиялоо программасына ылайык мектеп окуучулары классы менен, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери тобу менен, орто жана жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттары взводу менен кино жана театрларга барып турушу сөзсүз түрдө талап кылынат.

2. Эмгек тармагында адамдардын кино-театрларга барышы эмгек мыйзамы аркылуу иш учурунан пайдаланып жана ошол убактагы эмгек акысын сактоо менен аталган маданият субъекттерине кез кези менен катышууга жана эс алууга мүмкүнчүлүк жана укук берүү катары гана каралат.

3. Эмгек тармагындагы кино жана театрларга баруу мезгили: жумушчу айына бир жолу иш убактысынын жана ишканасынын эсебинен же киного, же театрга же музейге катышууга укуктуу.

Сунуш-берене «Адабият сынактары жөнүндө»

Маданият министрлиги, анын катарында шаардык жана райондук маданият бөлүмдөрү республика боюнча квартал сайын бардык жаш курактагы жарандар үчүн төмөнкү аталмаларда (номинацияларда) адабий китептерди окуу сынактарын өткөрүшөт:

1. «Трибунада китепти көркөм окуу».

2. «Акындардын ырларын ооз эки айтуу».

3. «Жазуучулардын жана драматургдардын чыгармаларын ооз эки айтып берүү».

Улан Дүйшөналы, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Бирлигинин мүчөсү, билингвист жазуучу-фантаст, Орус адабияты Эл аралык академиясынын Эл аралык адабий-коомдук сыйлыгынын лауреаты, «Фантастика» аталмасы боюнча Москва адабий сыйлыгынын финалисти Дипломунун, Москвадагы Интернационалдык жазуучулар Союзунун жана Луганск Эл Республикасынын Жазуучулар Союзунун биргелешкен дипломунун, «Биеннале 2020-2022» Москва адабий сыйлыгынын номинанты Дипломунун ээси.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

04-06-2024
Оплачивается ли сменное дежурство в двойном размере, если оно по графику приходится на праздничный день?
1168

30-05-2024
На тестировании на госслужбу выявлен ошибочный вопрос, из-за которого снижаются баллы конкурсантов
1131

05-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему заставляют повторно измерять вредное воздействие оборудования, если его не меняли на новое?
872

04-04-2024
Исправляем саботажные законы. Работник вправе два раза в год выходить в трудовой отпуск по 28 дней или двойной стандарт толкования Трудового кодекса
1391

03-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему суд аксакалов может «не вести» протокол своего судебного заседания?
922

19-03-2024
Теперь хоть научат нас за 17 лет обучения (12 – в школе и 5 – в университете) грамотно писать и составлять письма, отчёты, акты и протоколы?
1447

24-02-2024
На тестировании в кадровый резерв формируют абсолютно ненужные вопросы
904

14-02-2024
Почему в Жогорку Кенеше теряются письма?
830

14-02-2024
Депутатам ЖК: Приём в резерв кадров с дипломами с отличием ещё более усугубит состояние госслужбы
1368

11-01-2024
Улуттук идеология. Коомдун элүү бир жашоо чөйрөсүн жөнгө салып оӊдой турган каада-салттардын таблицасы. 2-бөлүк
775

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×