Добавить свою статью
13 Сентября 2023
Конкурстан өз күчү менен өткөн кандидатты, «мен аны менен иштеше албайм» деп кызматка албай койгон акимди же министрди кызматтан дароо кетирүүнүн берене долбоору

КРдин (КРнын эмес) Мамлекеттик кадр кызматында иштеген кезимде 2008-жылы иштелип чыккан «Мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик» концепциясынан.

Мамлекеттик кызматка же муниципалдык кызматка сынакка катышып, атаандаштарынан жогору балл алып жеӊген кандидатты мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси, «мен аны менен иштеше албаймын» деген шылтоо менен кызматка кабыл албай койгон учурлар кездешчү экен. Бирок азыркы мезгилдеги мыйзам боюнча мамлекеттик кызматка жана муниципалдык кызматка адегенде сынак аркылуу резервге алып, кийин кызмат орду бошогондо гана ички резервден жумушка тандап алышат. Бул эми башка маселе дейли. Эми ошол, «мен аны менен иштеше албаймын» деген жетекчи (аким, министр, мэр ж.б.), биринчиден, өзүнүн керт башынын камын көргөн митаам өзүмчүл, экинчиден, чабал жетекчи жана мыйзамга каршы келген кызыкчылыктардын кагылышуусун жаратары ыктымалдуу. Эмесе, аргументтерди келтирели.

Өзүмчүл болгонунун себеби, сынактык комиссия, жеӊип чыккан кандидатты кабыл алыныз деп расмий түрдө сунуштаганда, «мен аны менен иштеше албаймын» деп өзү билип-билбей кол алдындагы кызматкерлерди башкаруу колунан келбегенин уялбай моюндап жатат жана «мен аны менен иштеше албайм» деп жеке өзүнүн гана позициясын билдирип жатат. Себеби ал жеӊүүчү кандидат менен мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси гана эмес, эмгек жамааты да иштеше алабы, биринчи кезекте бөлүмдүн жетекчиси ошол адамды башкарып ошол адам менен иштеше алабы, мамиле түзө алышабы, «бул адам мага жакпайт», ал эми силерге бул адам жагабы же жакпайбы деп адилеттик үчүн эмгек жамаатынан, бөлүмдүн жетекчисинен да сурап чыкпайбы?

Кызыкчылыктардын кагылышуусу болушу да ыктымал, эгерде аким, министр же мэр «мен аны менен иштеше албаймын» деген шылтоо менен, өзүнө жаккан же таанышы же тууганы болуп бирок сынактан өтпөй жеӊилип калган кандидатты алууну көздөп жаткан болсо, же жердешчилик кылып жеӊип чыккан кандидатты жактырбай жатса.

Мындай жетекчинин иштеше албагандыгын, кызматкерлерди башкара албагандыгын, демек жетекчи катары башкаруу жөндөмү жок болуп, ал кандидатты баш ийдирип башкаруу колунан келбегендигин же мындай шылтоо менен бир нерсени жашырып ишеничтен чыкканын, «ээлеген кызмат ордуна жооп бербеген чабал жетекчи» деп сыпаттап аны кызматтан алууга негиз болушу керек.

Анан дагы мындай чабал жетекчи «мен аны менен иштеше албаймын, кызматка албаймын» деп шарт койгудай мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы жетекчилик кызмат орду атасынан мурас болуп калган анын жеке менчик креслосу эмес экендигин, керек болсо мамлекетке, коомго таандык коомдук кызмат ордун ээлеп жатканын унутпашы керек.

Ушул жагдайга байланыштуу КРдин (КРнын эмес) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын «Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу» деген 7 пункттан турган 37-беренесине кошумча акыркы 8-пункт долбоору сунушталат (сунуш кылам):

«8. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси, сынактык комиссия дайындоого сунуш кылган кандидатты четке какса, кадр саясатынын акыйкаттыгына шек келтирип субъективдүү мамиле жасаган жана ишеничтен чыккан жетекчи катары дароо кызматтан бошотулат».

Бирок, урматтуу окурман, жогоруда аталган КРдин Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзам райондук, облустук жана республикалык мамлекеттик органдарындагы административдик мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин ишмердигин жөнгө салып, бирок саясий мамлекеттик кызмат деп саналган аким жана министр сыяктуу саясий мамлекеттик кызматкерлердин ишмердигин жөнгө салбайт. Ошон үчүн жогорудагы берене-долбоор, КРдин Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына сунушталышы менен бирге, саясий мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин (аким, министр ж.б.) ишмердигин жөнгө салган мыйзамдарга да сунушталышы керек.

Улан Дүйшөналы, август айында жарыкка чыккан «Кадр саясатынын программасы жана Мамлекеттик кызмат концепциясынан үзүндүлөр» аттуу китебинин автору, КРдин Улуттук жазуучулар Бирлигинин мүчөсү, билингвист жазуучу-фантаст, Орус адабияты Эл аралык академиясынын Эл аралык адабий-коомдук сыйлыгынын лауреаты, «Фантастика» аталмасы боюнча Москва адабий сыйлыгынын финалисти Дипломунун, Москвадагы Интернационалдык жазуучулар Союзунун жана Луганск Эл Республикасынын Жазуучулар Союзунун биргелешкен дипломунун, «Биеннале 2020-2022» Москва адабий сыйлыгынын номинанты Дипломунун ээси.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

04-06-2024
Оплачивается ли сменное дежурство в двойном размере, если оно по графику приходится на праздничный день?
1432

30-05-2024
На тестировании на госслужбу выявлен ошибочный вопрос, из-за которого снижаются баллы конкурсантов
1257

05-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему заставляют повторно измерять вредное воздействие оборудования, если его не меняли на новое?
974

04-04-2024
Исправляем саботажные законы. Работник вправе два раза в год выходить в трудовой отпуск по 28 дней или двойной стандарт толкования Трудового кодекса
1937

03-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему суд аксакалов может «не вести» протокол своего судебного заседания?
1058

19-03-2024
Теперь хоть научат нас за 17 лет обучения (12 – в школе и 5 – в университете) грамотно писать и составлять письма, отчёты, акты и протоколы?
1819

24-02-2024
На тестировании в кадровый резерв формируют абсолютно ненужные вопросы
1067

14-02-2024
Почему в Жогорку Кенеше теряются письма?
947

14-02-2024
Депутатам ЖК: Приём в резерв кадров с дипломами с отличием ещё более усугубит состояние госслужбы
1612

11-01-2024
Улуттук идеология. Коомдун элүү бир жашоо чөйрөсүн жөнгө салып оӊдой турган каада-салттардын таблицасы. 2-бөлүк
963

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×