Добавить свою статью
26 Октября 2023
Кыргыз барда Чынгыз жашайт түбөлүк 

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер, кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучу, Кыргыз  эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыздын гана эмес, дүйнөлүк адабияттын кенчи быйылкы жылы Чыңгыз Айтматов 95 жашка толмок! 

Залкар жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы канчалаган макалаларга жана изилдөөлөргө түгөнгүс булак боло берет.

Чыңгыз Айтматов арабыздан о дүйнө салып кеткенине 15 жылга толсо да, анын элеси, руху кудум бүгүн биз менен чогуу жүргөндөй туюлат. Убакыт өткөн сайын ал ак кар, көк муз кетпеген Улуу тоонун чокусундай бийик, бараандуу көрүнүп, анын ар бир сөзү өзүнүн улуулугун да, салмагын да, тереңин да, маанисин да кемитпей, мезгилдин эмес, замандардын уюткулуу оюна айланып барат.

Немес элинин классикалык философиясынын ири өкүлү Людвиг Фейербахтын «Жазуучу-акындар өзүлөрү жашаган доорлордун абийири жана ар-намысы!» деп айтканы бар. Анын негизинде: Ч. Айтматов азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү жана коомдук саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер болуп саналат. Анын калеминен жаралган прозалык, драматургиялык жана публицистикалык чыгармалар кыргыз адабиятынын ургалдуу  өнүгүүсүнүн кийинки бийиктиктерин белгилегени талашсыз. 

Чынгыз Айтматовдун чыгармалары Таластын Шекер айылынан башталып, …кыргыздын тоо-ташын аралап өтүп, …казактын улуу талаасын Сары-Өзөктү аралап, …Орусиянын унутта калган түндүк элдеринде Охот деңизинде, …Москвада Кремлде, Германиянын шаарларында, …океандын үстүндө, аягы келип космосто уланат. Окуя бирде арабада өтсө, бирде поездде, бирде самолетто өтөт. 

Адамдан адамзатка, Бугу-Энеден Иисус Хростоско, Шекспирден Космоско чейинки аралыкты камтый алган Айтматовдун кеменгерлигине дагы бир жолу кайрылалы. 

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары эң көп тилдерге которулуп, китеп болуп чыккан Шекспир менен Толстойдон кийинки дүйнөлүк классик.

Айтматовдун чыгармаларынан реалдуу жашоону көрүп жана түшүнүүгө болот. Ошондуктан, улуу жазуучунун эмгектери жашоонун өзүнөн алынгандыктан, Чыңгыз Төрөкулович Айтматов кыргыз адабиятындагы баалаган жазуучуларымдын бири.

Айтматов жазуучу эле болбостон зоотехник, дипломат да болгон.  Анын Советтер Союзу мезгилиндеги мал чарбачылыгындагы  асыл тукум малды өстүрүү боюнча өлкөгө кошкон салымы жана тышкы саясатты жүргүзүүдө элчилик кызматын аркалап мамлекеттик тышкы маселелерди чечүүдөгү орду чоң экендиги баарыбызга белгилүү. Ар бир адам кандайдыр кесиптин ээси болот. Адам өзүнүн көңүлүнө, жүрөгүнө жакын кесипти аркаласа, ал жемишин берет деп ойлойм. Айтматов жазуучулукка киришүү менен бирге татаал жана узак сапарга аттанып жатканын билген жана ага даяр болгон. Анын жасаган эмгеги өз жемишин берди. Биз, кыргыздар, дүйнөлүк маданияттын казынасына улуттук сыймыгыбыз «Манас» эпосу жана Чыңгыз Айтматов сыяктуу эки баа жеткис салымыбызды кошкондугубуз менен сыймыктана алабыз. Алардын ар бири бүткүл адамзаттын кайталангыс жана өчпөс байлыгы болуп саналат. 

«Чыңгыз Айтматов – кыргыз элинин гана чыгаан уулу болбостон, дүйнөнүн бардык көчмөн элдердин сыймыгы. Гениалдуу уулу жазуучубуз өзүнүн эбегейсиз таланты жана эмгекчилдиги менен алакандай кыргыз элин дүйнөлүк маданияттын ааламындагы жаркын Жылдызга айландыра алды.  Өз элинин тарыхына жана маданиятына таянуу менен жазуучу жакшылык, адилеттик, кең пейилдик жана сабырдуулук кандай болорун калемингин курчтуулугу менен көрсөтө алган. 

  Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч. Айтматов келечекти алдын ала көрө билген, доордун күрөө тамырын кылдат сезген ири сүрөткер, биздин элдин улуу өнүгүүсүнүн санжырачысы жана жарчысы гана эмес, бүткүл ааламдагы жакшылыктын жарчысы болгон. Айтматов айылдык карапайым кыргыздардан дүйнө тааныган кыргыздарды жараткан. Ч. Айтматов жөнүндө буга чейин да айтылып келген, дагы далай убакыт айтылмакчы. Дагы далай муун Айтматов ааламы менен жашайт. Залкар жазуучу кыргыздын эле эмес, дүйнө адабиятынын кемибес кенчи.

"Эч ким, эч нерсе эч качан унутулбайт" дегендей, Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык аңгемелери, повесттери, романдары учкул сөздөрү, кыргыз жана дүйнөлүк адабиятта көрүнүктүү оорунду ээлеп, ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашай берет деп ишенем!

Кыргыз ССРнин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Ч. Айтматов оорунун айынан 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Нюренберг шаарында каза болуп, сөөгү Бишкектин  Ата-Бейитине коюлган.

Азыр Айтматовдун чыгармаларын окубай коюу, демек Айтматовдук алп жана ажайып ааламдан алыс калуу эмеспи. Биз, акыркы 1000 жылда Манасты жаратып, улут болуп сакталып калсак, соңку 100 жылда Айтматов аркылуу дүйнөгө таанылдык. 

Борбордук Азия колледжинин Кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу, Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча директордун орун басары, усулкана башчысы Эгемназарова Гульшат Жусубалиевна

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×