Идеология боюнча китебимдин «Каада-салттар жана үрп-адаттар (жаӊыланган заманбап) идеология катары» деп аталган он биринчи концепциядан үзүндү.
Той дегенди – үй-бүлөдөгү кубанычтуу окуя менен туугандарыӊыз, досторуӊуз жана кесиптештериӊиз менен чын жүрөктөн бөлүшүү деп түшүнүш керек. Кубаныч менен бөлүшүү – соодалашпаган акысыз болушу керек.
© У.Дүйшөналы.
Заманга жараша талаптар:
1. Той берген адам төгүлүп чачылса элден аянбай, өзүнүн чыгымдарын тойго келген меймандардан кайра чогултуп алам деп үмүттөнбөй, той кылган кубанычы менен эл-журт менен чын жүрөктөн марттык, берешендик менен бөлүшүшү керек. Тойду акысыз бекер өткөрүшү керек, чыгымдары үчүн меймандардан акча күтүп «эсептешпей», берген тамак-ашын, тартуулаган этин, мындайча айтканда, «соодалашып сатпай». Кыргыз качан «жегениң үчүн, үйүмдө жатып кеткениң үчүн төлө» деп коноктон доолачу эле? Акыйкатта тойдун саясаты ушундай эле болуп жатпайбы?
2. Адам той өткөрүп элге мактангысы келсе, эл менен кубанычы менен чын жүрөктөн бөлүшүшү керек, өзүнүн көйгөйлөрүн элге таңуулап элдин эсебинен чечпей. Туура, кыргыз эли өзүбүздү гана ойлобой башкаларга кам көрүп бири бирибизди колдоп турган жамааттык калкбыз. Бирок бул башка маселе.
3. Коомду тукум курут кылган адамгерчиликсиз рыноктук жашоону, элдин кыйын материалдык абалын эске алган, ысырапкорчулукка жол бербеген сарамжалдуу заманбап ченемдер (нормалар) талап кылынышы керек.
4. Дүйнөдө бир сындырым нанга, бир ууртам таза сууга жетпей ачарчылыкта жашаган өлкөлөрдү ойлоп коюш зарыл.
5. «Башкаларды каратып коюп тамак жебегин» деген кыргыздын накыл сөзүндөй кедей жашаган, колунда жок эл-журтту каратып коюп ысырапкорчулук менен төгүлүп-чачылбаш керек.
Жоё турган нерселер:
1. Адам алып туруп жактырбай же чак келбей калып кийбей коё турган кийит тартуулоо салты.
2. Союла турган малды чектөө.
3. Курсагы тойгон конокторду жарым күндүн ичинде беш-он жолу кыстап-кыйнап ичирип-жедирип түштөндүрүү. Адам баласы табиятынан күнүнө үч эле жолу тамак жешин эске алуу.
4. Кудаларга шакек салууну жоюу – тойго кетчү чыгымды бир аз болсо да азайтат. Күйөө бала менен келинге шакек салган жетиштүү да.
Жогорудагы идеяларды жүзөгө ашыруунун жолдору:
1. Үй-бүлөлүк таалим-тарбия.
2. Билим берүү тармагы. Мамлекет билим берүү тармагы менен үй-бүлөлүк тарбиянын бири бирине шайкеш келишин жөнгө салып, координациялап, муунду каада-салттардын, үрп-адаттардын бирдиктүү ченемдери (нормалары) менен тарбиялоо саясатын камсыз кылышы керек (үй-бүлөдө бир эреже айтылып, билим берүү тармагында башка эреже айтылбай).
3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.
4. Мыйзам аркылуу жөнгө салуу, терс көрүнүштөргө тыюу салуу.
Улан ДҮЙШӨНАЛЫ, билингвист фантаст, «Фантастика» аталмасы (номинация) боюнча Москва жана Луганск адабий сыйлыктарынын үч дипломдорунун ээси.