Добавить свою статью
6 Декабря 2023
Чынчыл болуу. Мамлекеттик кызматтагы кошоматчылыкты жоюу

МАКСАТ:

1. Жарандардын чынчылдыгы (мүмкүн болушунча).

2. Мамлекеттик кызматтагы кошоматчылыкты жоюу.

АДЕГЕНДЕ ИДЕОЛОГИЯЛЫК НАСААТ:

1. Менчиктин бардык түрүндөгү мекеме-ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерин, жогору жактан жок дегенде бөгөт койбогон чекте өздөрүнүн кесиптик ишмердигинде чынчыл болушуна үгүттɵп милдеттендириш керек. Мындай учурда потенциалдуу чынчыл болгон кызматкерлер өздөрүнүн жетекчилигинен коркушпай, коом үчүн чынчыл кызмат кылып ак ниеттүү иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Ошондо коомдо жана мамлекетте массалык чынчылдыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлмөк.

2. Башкаруу жөнүндө атамекендик жаӊы илимди (улуттук өзгөчөлүктү эске алган улуттук менеджмент) иштеп чыгуу жолу менен чынчылдыксыз мамлекеттик башкарууну, дегеле башкарууну мүмкүн эмес кылуу зарыл.

© У.Дүйшөналы

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КЭЭ БИР НАКЫЛ СӨЗДӨРҮНӨН:

1. Туура бийде тууган жок,

Туугандуу бийде ыйман жок.

2. Кан калыс болсо, кошоматчы алыс болот.

3. Жакшы болом десең, жакыныңа жан тартпа.

4. Эл камын ойлоп башкарган – кеменгердик,

Эл тагдырына кол көтөргөн – текебердик.

5. Байдын байлыгы кедейдин көз жашынан жаралат.

6. Жаңылып адашкандан, жагынып адашкан жаман.

7. Аким бол, калкка жакын бол.

8. Падышанын мыктысы аалымды жандайт, аалымдын начары падышаны жандайт.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛДОРУ:

1. Үй-бүлөдөгү таалим-тарбия.

2. Билим берүү тармагындагы таалим-тарбия (балдар бакчасы, мектеп, окуу жайлары).

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзамга чынчылдык жөнүндө берене иштелип чыккан (Акипресстин «Мнения читателей» бөлүмүндө 30-ноябрда «Чынчылдык концепциясы жана чынчылдык жөнүндө Конституцияга сунуш» деген макаланы караңыз).

5. Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам аркылуу кошоматчылыкка жол бербөө.

6. Мамлекеттик кызматкердин этикасы.

Улан ДҮЙШӨНАЛЫ

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

04-06-2024
Оплачивается ли сменное дежурство в двойном размере, если оно по графику приходится на праздничный день?
1711

30-05-2024
На тестировании на госслужбу выявлен ошибочный вопрос, из-за которого снижаются баллы конкурсантов
1376

05-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему заставляют повторно измерять вредное воздействие оборудования, если его не меняли на новое?
1037

04-04-2024
Исправляем саботажные законы. Работник вправе два раза в год выходить в трудовой отпуск по 28 дней или двойной стандарт толкования Трудового кодекса
2646

03-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему суд аксакалов может «не вести» протокол своего судебного заседания?
1150

19-03-2024
Теперь хоть научат нас за 17 лет обучения (12 – в школе и 5 – в университете) грамотно писать и составлять письма, отчёты, акты и протоколы?
2043

24-02-2024
На тестировании в кадровый резерв формируют абсолютно ненужные вопросы
1182

14-02-2024
Почему в Жогорку Кенеше теряются письма?
1013

14-02-2024
Депутатам ЖК: Приём в резерв кадров с дипломами с отличием ещё более усугубит состояние госслужбы
1781

11-01-2024
Улуттук идеология. Коомдун элүү бир жашоо чөйрөсүн жөнгө салып оӊдой турган каада-салттардын таблицасы. 2-бөлүк
1111

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×