Добавить свою статью
12 Февраля 2024
Кыргызстандын жаны геосаясий кырдаал шарттарындагы дипломатиялык ишмердуулугу тууралуу

Кылымдарды карыта муундан-муунга өтүп келе жаткан бай тарыхка, көрөңгөлүү маданиятка жана улам кийинки муунду тарбиялоодо өзгөчө маанилүү, саамалыктуу салт-санаа, үрп-адаттарга, өзүнө гана таандык улуттук менталитетке ээ болуп келген, адам жашоо-турмушун, табият жана жалпы эле аалам сырларын таанып билүүдө өзгөчө аң-сезим, философиялык ой-туюму менен айырмаланган, уюткулуу улут негизинде качан эле калыптанган кыргыз эли, ал эми бүгүнкү замандын көз карашынан алып караганда, өтө жаш кыргыз мамлекети – жаңы өнүгүү жолунун экономикалык, саясий, этномаданий моделин тандоонун татаал, карама-каршылыктуу этаптарын басып өтүп, келечекке карай позитивдүү ишенимге ээ болуп, ага жетүүнүн максаттарын, милдеттерин түшүнүү менен XXI кылымга кадам таштады.

Жаңы геосаясий кырдаал шарттарында кезикпей койбогон саясий, социалдык, экономикалык оор сыноолорду артка калтырган өткөөл мезгилде өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук саясий курулушунун, руханий-нравалык багыттар менен баалуулуктарынын жаңылануусуна, өзгөрүүсүнө алып келүүчү либералдык-демократиялык кайра жаралуулар тынымсыз жүрүп келди, ички, сырткы экономикалык жана институционалдык-субъекттик базада экономиканын, каржылык-насыялык чөйрөнүн принципиалдуу жаңы негиздерде иш алып баруусун, өнүгүүсүн камсыз кылуучу базар институттарынын системасы калыптанды, жарандык, коомдук, саясий системанын жана алардын институттары – көп партиялуулуктун, адам укугунун, эркиндигинин жана сөз эркиндигинин сакталышын, иштешин, өнүгүп-өркүндөшүн аныктоого багытталган зарыл мыйзамдар менен ченемдик актылар иштелип чыкты, кайра куруу процесстеринин тандалып алынган максаттуу багыттарынын артка кайткыс мүнөзүн негиздөөчү, ага кепилдик берүүчү иш-аракеттердин стратегиялык программалары аныкталды, башкача айтканда, кандайдыр бир деңгээлде кыргызстандыктардын келечек мууну үчүн мамлекеттик жана коомдук жашоонун бекем пайдубалын негиздөөгө зарыл шарттар түзүлдү.

Албетте, 33 жыл биз өңдүү чыныгы классикалык демократия түшүнүгүнөн, заманбап базар экономикасынын шарттарынан алдаганча алыс, 70 жыл ашуун тоталитардык система өкүмү менен жашоого мажбур болгон, глобалдык ааламдашуу процессине эми гана аралашып жаткан мамлекет үчүн өтө деле көп убакыт эмес, тескерисинче, деңиздин бир тамчысындай эле нерсе. Бирок, өзүбүздү өзүбүз жоботуудан алыс болуубуз абзел. Анткени, алысты көрө билген, улут кызыкчылыгы, элинин бакубат жашоосу үчүн өз өмүрүн да аябаган, тазалык, чынчылдык, калыстык, адилеттүүлүк сыяктуу бийик касиеттерди тутунган, жогорку деңгээлдеги уюштуруучулугу, кесипкөйлүгү, инсандык, жарандык жана саясий маданияты менен башкаларды ынандыра алган, өзүнө колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр турчу күчтүү команда түзүүгө жетишкен нагыз улуттук лидерлердин өз өлкөлөрүн 25-30 жыл аралыгында эле болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө карай жетелей алгандыктары тууралуу фактылар дүйнө тарыхында кеңири кездешет.

Туура, биздин алардан айырмабыз, узак убакыттар бою биз үчүн союздук борбордук бийлик чечим кабыл алган жана аткаруу шарттарын таңуулаган саясатка негизделген пландуу экономикалык системада жашап келгенибизге байланыштуу өз алдыбызча социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүү багытыбызды аныктоо, ички ресурстарга жараша стратегиялык максаттуу программаларды иштеп чыгуу, аларды турмушка ашыруу тартибин, механизмдерин тактоо, кесипкөй адистерди даярдоо маселелерине көп убакыт коротуп алганыбызда, ошондой эле, коомдогу ар кыл саясий топтордун жана күчтөрдүн биригүүсүн камсыз кылууга чамабыз жетпей, ар ким “өз көмөчүнө күл тарткан” саясатка, мамлекеттик деңгээлдеги коррупциялык механизмдердин гүлдөшүнө, жалпы элдик байлыкты ченемсиз талап-тоноого жол берип келгенибизде экени жашыруун эмес.

Бирок, ага карабастан, биз, географиялык жактан абдан ыңгайлуу, Батыш менен Чыгыштын кесилишинде орун алган өлкө катары, бул эки мейкиндиктин цивилизациялык өнүгүү тажрыйбаларын изилдөө мүмкүнчүлүгүбүздү пайдаланып, аларды өзүбүздүн ички саясий, социалдык-экономикалык шарттарыбызга ылайыктоо аракеттерибизге жараша акырындап дүйнөлүк ааламдашуу агымында өз иденттүүлүгүбүздү жана бүтүндүгүбүздү жоготпой, традициялык салт-санаабыз менен модернизациялык жаңылануулардын байланышын камсыз кылууну, өткөндү, бүгүнкүнү жана келечекти айкалыштырып бирге алып баруу, аны улантуу жөндөмдүүлүгүбүздү калыптандырып келатабыз.

Советтик пландуу экономика булактарынан кол жууп, базар экономикасынын шарттарын өздөштүрүү процессине өтүп жаткан катаал учурда мамлекеттик тышкы саясатты ишке ашыруудагы олуттуу жана жооптуу бир катар милдеттер – Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине жүктөлдү.

Алардын арасынан эң зарыл, тез арада ишке ашырууну талап кылган маселелер: өлкө эгемендигин, көз карандысыздыгын дүйнө коомчулугунун, эл аралык уюмдардын таануусуна жетишүү максатында зарыл иш-чараларды аткаруу, чет мамлекеттерде, эл аралык жана аймактык таасирдүү уюмдардын алдында республиканын ыйгарымдуу элчиликтерин, өкүлчүлүктөрүн ачууну уюштуруу иштерин алып баруу, алар аркылуу кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, ички жана тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарын жайылтуу иштерин активдештирүү, эки жана көп тараптуу социалдык-экономикалык, саясий кызматташууларды жүзөгө ашырууга кепилдик берүүчү келишимдерге кол коюуга зарыл аракеттерди жасоо, эгемендиктин алгачкы жылдарында мамлекеттин ички саясий, коомдук стабилдүүлүгүн турукташтыруу үчүн абдан актуалдуу болуп эсептелген, полиэтникалык жана поликонфессионалдык коомдогу татаал маселелердин бири – бардыгынын жана ар биринин кызыкчылыгы үчүн конструктивдүү кызматташуу, ошол эле учурда, алардын субъекттүүлүгүнө жана өз алдынчалуулугуна кепилдик бере алган унитардык мамлекет алкагында ар кыл этностук топтордун ынтымакта, биргеликте жашоо моделин калыптандыруу, аны андан ары өнүктүрүү максатында дүйнө элдеринин тажрыйбаларын, эл аралык уюмдар тарабынан кабыл алынган тийиштүү документтерди изилдөө, Кыргызстандын улуттар жана мамлекеттер аралык ынтымакты, коопсуздукту сактоого ынтызар өлкө экенин дүйнө коомчулугуна жеткирүү эле.

Буга чейин Москва көрсөтмөлөрүнөн сырткары тышкы саясат менен өз алдынча алектенүү мүмкүнчүлүгү чектелип, номиналдык функцияны гана аткарып келген Кыргыз ССРинин тышкы иштер министрлигинен – эгемен Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын жүргүзүүчү негизги органга айланган мекемеде кесипкөй адистердин, тажрыйбалуу дипломаттардын таңкыстыгына карабастан, министрлик өлкөнүн тышкы саясатын ишке ашыруу, дипломатиялык, консулдук жана протоколдук иш-чараларды жүргүзүү жана жаш кадрларды даярдоо жумуштарына баш оту менен киришти.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында республиканын демократиялык нукта өнүгүүгө карай чечкиндүү кадам таштап, бул багытта максаттуу иш аракеттердин жүргүзүлө баштаганына көз салып, байкап турган дүйнө коомчулугу Кыргызстанды “Борбордук Азиядагы демократия аралчасы” деп атай баштады. Постсоветтик республикалардын ичинен биринчилерден болуп Бириккен улуттар уюму, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму, Эл аралык валюта фонду, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму сыяктуу жана башка дүйнөлүк жана аймактык эл аралык эң таасирдүү уюмдарга мүчө болуп кирдик, кыска мөөнөттүн ичинде көп өлкөлөр эгемендигибизди таанышты.

Бул, өз кезегинде, өнүккөн мамлекеттердин, чоң-чоң дүйнөлүк финансылык институттардын республикада адам укугун, сөз эркиндигин сактоо, коргоо жаатында демократиялык принциптерди орнотуу жана калыптандыруу, экономикалык, каржылык институттардын базар экономикасынын шарттарында алгылыктуу иштөөсүнө шарттарды түзүү максатында ар кандай консультациялык, каржылык-кредиттик жана атайын программалык жардамдарды көрсөтүүлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү. Билим берүү, илим, медицина, техника, дегеле, эл чарбасынын дээрлик бардык тармактарында адистердин заманбап технологияларды, инновациялык жетишкендиктерди өздөштүрүүлөрүн камсыз кылуу максатында АКШнын, Европа, Азия өлкөлөрүнүн институттары менен тажрыйба алмашуу иштери жолго коюлду.

Коомчулукта тышкы иштер министрлигинин структураларына, айрыкча, чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөргө Ак үй, көк үй билермандарына жакын адамдар, алардын балдары же тааныштары гана ишке алынат деген түшүнүк орун алып келет. Албетте, “калк айтса, калп айтпайт” дегендей, мүмкүн анын да өз чындыгы бардыр, бирок менин дипломатиялык кызматка аралашуума андай нерселер себеп болгон жок.

1992-жылы Киев шаарында Кыргызстандын Украинадагы өкүлчүлүгү ачылды (1993-жылдан – Элчилик), Ыйгарымдуу өкүлдүн кызмат ордуна (кийинки жылы – Атайын жана Ыйгарымдуу Элчи) кезинде Кыргыз ССРинин комсомолдук комитетинин, Фрунзе шаардык партиялык комитетинин 1-катчысы, Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин бюро мүчөсү, легендарлуу парламенттин депутаты болуп эмгектенген, тажрыйбалуу коомдук, комсомолдук, партиялык ишмер Чиналиев Улукбек Кожомжарович дайындалды. Ал өзү жалгыз, жада калса, кабылдамасында телефон коңгуроолоруна жооп берип, келген адамдарды кабыл алып, жолугушууларды иретке салып турчу катчысы да жок иш алып барып жатканын угуп, бул учурда, негизинен, Киевдин жогорку окуу жайларында, илимий мекемелерде билим алып, илимий иштер менен шугулданып жүргөн жаштарды, жергиликтүү кыргыздарды бириктирүү максатында уюшулуп, расмий юридикалык жак катары иштеп жаткан “Ала-Тоо” коомунун мүчөлөрү Улукбек Кожомжарович менен байланышып, колдон келген жардамыбызды берүүгө даяр экенибизди билдирдик. Көп өтпөй эле КМШ мамлекеттеринин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген А.Акаев, Т.Чынгышев, Р.Отунбаева баштаган расмий делегация менен болгон жолугушуу учурунда У.Чиналиевдин сунушу менен коомдун президенти катары кыргыз жаштарынын жашоосу, билим алуулары, жетишкендиктери жана айрым кыйналыштыктар тууралуу маалымат берип, билим, илим тармагында эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча конкреттүү иш-чараларды сунуштадым. Президент абдан кызыгуу менен укту, өзү дагы Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр менен бизди кеңири тааныштырып, келечекте демократиялык коом өкүм сүргөн, өнүккөн мамлекеттердин катарына жетишүү үчүн учурда чет өлкөлөрдө билим алып жаткан жаштардан үмүтү чоң экендигин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Чиналиевдин тышкы иштер министри Р.Отунбаевага мени өкүлчүлүккө референт кызмат ордуна тартууга уруксат берүүсү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылды. Ошол күндөн баштап Украина педагогикалык академиясынын педагогикалык илим-изилдөө институтунда аспирантурада окуу менен катар дипломатиялык жумушту аркалай баштадым. Кийинчереек коомдун дагы бир мүчөсү жумушка алынды.

Жаңы, мамлекеттик жооптуу тармакта иш алып баруу үчүн күнү-түнү тынбай аракеттенүүгө туура келди – дипломатиялык кызмат тартиби, ченемдери, принциптеринен сырткары өз өлкөңдүн эле эмес кабыл алуучу тараптын да тарыхын, маданиятын, ички жана тышкы саясаттарынын негизги багыттарын, эл аралык мамилелер боюнча кабыл алынган конвенцияларды жана башка документтерди талдоо, билүү, өкүлчүлүктүн материалдык-техникалык, уюштуруу маселелеринен тарта Украина тышкы иштер министрлиги жана башка тийиштүү министрликтер, ведомстволор, Киевде аккредитацияланган чет өлкөлөрдүн дипломатиялык миссиялары, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен иштешүүдө абдан кесипкөй, жогорку интеллектуалдуу жана компетенттүү адис болуу зарыл экенин бат эле түшүндүк. Тышкы саясат, дипломатия, протоколдук, консулдук кызматтар боюнча тышкы иштер министрлиги, эл аралык уюмдар тарабынан уюштурулган ар кандай семинар, окуууларга калбай катышып, эки жана көп тараптуу саясий, экономикалык кызматташуулар боюнча келишимдерге, макулдашууларга сунуштарды даярдоо, кабыл алуучу тараптагы коомдук, эл аралык окуяларга, Кыргызстанда жүрүп жаткан саясий-экономикалык өзгөрүүлөргө эксперттик талдоолорду жүргүзүү, керектүү материалдардын, документтердин долбоорлорун даярдоо ыкмаларын, тартибин өздөштүрдүк.

Кандай кызмат болбосун негизги маселе санда эмес, иштин сапатында. Биз, бир жетекчи, эки кызматкер эле бардык жумушту өз убагында аткарып турдук. Улукбек Кожомжарович катардагы эле мурдагы партиялык функционер эмес, абдан билимдүү, маданияттуу инсан, күчтүү уюштуруучу, табиятынан дипломат, чынчыл, туура сүйлөгөн жана талапты катуу койгон жетекчи экен. Украина тышкы иштер министрлигинин жана Киевде аккредитацияланган дипмиссиянын алдында чоң кадыр, баркка ээ болгону үчүн Дуайен болуп шайланды, а мени болсо тышкы иштер министрлиги менен дипломатиялык корпус биргелешип уюштурган Эл аралык “Соода клубунун” башкарма мүчөлүгүнө бекитишти. Нидерланды Королдугунун Гаага шаарындагы “Клингендайль” эл аралык институтунда, Роттердам Экономикалык университетинде стажировкадан өтүп, билимимди өркүндөтүп келдим. Элчиликтин экономикалык жана консулдук иштер боюнча кеңешчиси, ошол эле учурда, Кыргызстандын өнөр жай, соода министрлигинин Украинадагы өкүлүнүн милдетин бирге алып баруу менен иштөө мезгилдеринде Улукбек Кожомжаровичтен элге кызмат кылуу, кесипкөй адис болуу жаатында көп нерселерди үйрөндүм, берген тарбиясынын, айткан акыл, кеңештеринин кийинки мамлекеттик кызматтарды аркалап жүргөн учурларымда да пайдасы тийбей койгон жок. Мындай тажрыйбалуу адам менен бирге иштешип калганыма дайыма ыраазымын.

Мамлекеттин тышкы саясатын жүргүзүүдө өлкө тарыхын, маданиятын кеңири чагылдырган, аларды жайылтууга багытталган иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү да абдан маанилүү. 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына байланыштуу Киевде эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдүк. Кыргызстандан белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев менен манас-изилдөөчү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Имель Молдобаевди келип кетүүлөрүнө байланыштуу бардык чыгымдарын өзүбүзгө алып, атайын чакырдык.

Кыргыз окумуштуусунун «Манас» эпосу жөнүндө жасаган илимий баяндамасы украиналык илимпоздордун жана чет элдик дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрүнүн өтө чоң кызыгууларын жаратты, алардын суроолоруна И.Молдобаев негиздүү, далилдүү жоопторду берип, эпостун кыргыз тарыхындагы ордун, улуттук философиясын даана ачып көрсөттү. Ал эми, концерттик формадагы келбети эле залга өзгөчө маанай тартуулаган У.Мамбеталиевдин «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү артисттик жогорку чеберчиликте, өзгөчө толкундануудагы дем, күч менен образдуу айтып берүүсү – көрүүчүлөрдү кыргыз элинин өзгөчөлүгү, руханий байлыгынын тереңдиги, манасчынын бөтөнчө психологиялык транска кирип, керемет эргүүгө жетишүүсү таң калтырып, демдерин ичине алып, эгерде залда кымындай эле ашыкча үн чыгып же кыймыл боло турган болсо, бул жомоктогудай укмуш учурду жоготуп коюшчудай чочулаган абалга жеткирип, дүйнөдө теңдеши жок кыргыз эпосунун ондогон кылымдардан бери муундан-муунга унутулбай жетип келе жаткандыгынын себептерин түшүндүрүүнүн эң сонун үлгүсү катары кызмат кылган эле. Бул учурлар жумалап гезит беттеринен түшпөй, радио, телекөрсөтүү жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарында «Манас» эпосунун баалуулугун чагылдырган маалыматтар жарыяланып турду.

Конференциядан кийин меймандар нукура улуттук колоритте жайылган дасторкондон даам татышты, аларды жакшынакай улуттук формада кийинишкен кыргыз студенттери менен аспиранттарынын тейлөөлөрү иш-чаранын ажарын ачты. Кол ойното комуз чертилип, шаңдуу кыргыз обондору созулду. Ушундан кийин кыргыз элчилигинин аброю бир топ жогору көтөрүлүп, украиналыктардын жана чет элдик дипломаттардын Кыргызстанга кызыгуулары өстү. Албетте, мындай жагымдуу маанай биздин өлкөнүн эки жана көп тараптуу маданий, экономикалык алакаларын чыңдоого, кызматташуу натыйжалуулугун арттырууга өз таасирин тийгизбей койгон жок.

Бүгүнкү күндө 160тан ашуун өлкө менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелер жүргүзүлүүдө, 25 мамлекеттин элчиликтери ачылса, 60тан ашуун мамлекеттин Кыргызстанда аккредитацияланган, бирок бизге коңшулаш жана башка жактарда жайгашкан дипломатиялык миссиялары, ондогон дүйнөдөгү авторитеттүү эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү иш алып барышууда. Ал эми, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө аккредитацияланган элчиликтеринин, дипломатиялык мекемелеринин саны 30дан ашты. Дээрлик бардык эл аралык жана аймактык уюмдардын мүчөсү болууга жетише алдык.

Экология, айлана чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, климаттын өзгөрүүсү, тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча Кыргызстандын демилгелеринин БУУнун Башкы Ассамблеясынын колдоосуна татышы, “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын, Эл аралык Тоо жылын, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын эл аралык масштабта белгилөө боюнча атайын резолюциялардын кабыл алынышы, Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылынын белгилениши жана 2023-2027-жылдардын Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы катары жарыяланышы, республиканын талапкерлигинин 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө көрсөтүлүшү, бул багытта тийиштүү иш аракеттердин көрүлүүсү жана башка эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын аткарылып жатышы – Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруудагы дипломатиялык ишмердүүктүн жемиши болду десек жаңылышпайбыз.

Кабыл алынган стратегиялык программаларга ылайык Кыргызстандын дүйнө коомчулугу менен болгон кызматташтыгы күндөн-күнгө өнүгүүнүн үстүндө. Кесипкөй дипломаттарды даярдоо максатында министрликтин алдында уюшулган Дипломатиялык академия, жогорку окуу жайларындагы эл аралык мамилелер боюнча атайын факультеттер, кафедралар окутуу иштерин жигердүү алып барышууда жана алардын чет өлкөлөрдүн бул тармактагы окуу жайлары, эл аралык институттар менен байланыштары жылдан-жылга кеңейип, жаш кыргыз дипломаттарын заман чакырыгына жараша тарбиялоо, даярдоо, аспирантура, магистратура, докторантурада билим алып, стажировкалардан өтүүлөрү, эл аралык мамилелер боюнча илимий иштер менен алектенүүлөрү үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелери ишке ашууда.

Жоробек Борбодоев,

саясий илимдердин доктору

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-01-2024
Кыргыз музыкалык маданиятындагы Рыспай Абдыкадыровдун феномени
1905

29-11-2023
Жаңылануу, тазалануу, коорупция менен күрөшүү жөнүндө
753

09-11-2023
А.Масалиевдин 90 жылдыгына карата
1956

09-11-2022
Өткөндөн сабак алуу жана бүгүнкү реалдуулук жөнүндө
1764

29-07-2022
Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары жана жаштарга билим, тарбия берүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө
6932

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×