Добавить свою статью
2 Апреля 2024
Мезгилдин агымы менен адымдаш инсан

«Адам – жердин көркү,

Азамат – элдин көркү.»

Үсөнбек Асаналиев,

белгилүү филолог, профессор

Кыргыз Республикасынын жалпы коомчулугуна, бөтөнчө, улуттук интеллигенциябыздын чыгармачылык чөйрөсүнө аттын кашкасындай таанымал болгон калкыбызын кадырман уулдарынын бири – Абдыкадыр Султанбаев өзүнүн тагдыр ага тартуулаган 70 жаштык кутман курагынын туу чокусуна чыгып отурат. Ал 1954-жылы 4-апрелде абалтадан бери аздектелип келе жаткан айтылуу кең Таластын Кара-Буура районуна караштуу татынакай Бакыян айылында, колхозчулардын үй-бүлөсүндө бул жарык дүйнөгө келген. Өзүнүн жергиликтүү орто мектебин бүтүргөндөн кийин, өлкөнүн жогорку билим берүүсүнүн көч башы болгон Кыргыз улуттук университетинин өзү мектеп чагынан бери карай дегдеп келе жаткан филолгия факультетине кирип, аны 1979-жылы ийгиликтүү аяктап чыккан.

Окууга кирээри менен тырышып, берилип билим алуудан сырткары Абдыкадыр факультеттин, андан соң, бүтүндөй университеттин комсомолдук уюмунун ар кыл багыттагы: коомдук, тарбиялык, маданий ж.б. иш-чараларына жандуу катышып жүрүп, өзүн жөндөмдүү, дилгир, демилгелүү активист катары, айкын-ачык айгинелей алды. Өзүнүнүн ушундай ийгиликтүү иш-аракеттери жана жекече сапаттарынын шарапаты менен ал студент жаштардын гана эмес, ошондой эле, окутуучулук курамдын арасында да урмат-сыйга арзыды. Эгер андай болбогондо, Абдыкадыр 4-курстагы маалында эле, окуу жайдын комсомол уюмунун жооптуу жетекчилигинин бири, тактап айтканда, райондук комитеттин мартабасын алып жүргөн комитетинин катчысынын бошотулган, айлык маяна алуу менен иштеген орун басары болуп шайланбайт эле да…

Мезгил жетип, Абдыкадыр 1979-жылы университеттин журналистика бөлүмүн ийгиликтүү аяктагандан кийин, анын алдында эки ачакей жол турду. Биринчиси, комсомолдук кызмат; экинчиси, өзүнүн кесиби боюнча иштөө. Дал ошол тушта республиканын башкы гезити «Советтик Кыргызстанга» чакырылып, ал тандоо жолу менен анын редакциясына кабыл алынып, өзүнүн алгачкы эмгектик ишмердигин катардагы адабий кызматкерден баштады. Албетте, окуусун жаңыдан гана бүтүрүп келген жаш адис үчүн бул – ага көрсөтүлгөн чоң ишеним болчу. Анткени, улутубуздун туңгуч гезити, Кыргызстан Коммунисттик партисынын Борбордук Комитетинин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана Министлер Советинин органы болгон бул басылмада эмгектенүү – Абдыкадыр үчүн келечекке кеңири жол ачып берди.

Билими терең, саясий даярдыгы бийик ички-тышкы маданияты жогору, өзүн бир калыпта кармай билген Абдыкадыр редакциянын эмгек жамааты менен тез эле жалпы тил табышып, анын журналисттеринин жана гезиттин жетекчилигине көрүнө алды. Муну менен бирге, ал өзүн даярдыгы күчтүү, чыгармачыл инсан катары, публицистикалык курч макалаларды, фельетондорду жазып, коомдук турмушубузда орун алган орчундуу көйгөйлөрдү, партиялык, советтик уюммдардын ишиндеги кемчиликтерди, экономикадагы, чарба жүргүзүүдөгү өксүктөрдү ашкерелеп, сындай алган журналист экендигин анык далилидеп, окурмандардын гана тургай, жогорку органдардын да назарын өзүнө бура алды. Анын мындай ийгиликтеринин натыйжасы көпкө турган жок, анткени ал бир аздан кийин, гезиттин бөлүм башчылыгына сунушталды. Ошол учурдагы тартип боюнча, мындай кызматка көтөрүлгөн адам, партиянын Борбордук Комитетинин кароосунан кийин гана бекитилчү.

Мен өзүм 1986-жылы Кыргызстан Компартиясынын акыркы съездинин уюштуруу пленумунда «Советтик Кыргызстандын» башкы редактору болуп, анын эмгек жамаатына кошулгам. Ага чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин басма сөздөгү мамлекеттик сырларды сактоо боюнча (Главлит) башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштегениме жараша, өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анда эмгектенген журналисттердин ал-ахыбалы мага тааныш эле, ошондуктан «Советтик Кыргызстандвн» редакциясында иштөө мен үчүн жеңил эле болду деп айта алмакчымын. Бирок, «беш кол тең эмес», - дегендей, анда ар кандай деңгээлдеги кызматкерлер ат салышып гезиттин кадыр-баркын көтөрүүгө, анын нускасын арттырууга чоң салым кошушту. Алсак, 1986-жылдагы 130 миң нусканы, 1992-жылы – 162 миңге чейин жеткире алганбыз.

Гезиттин бардык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин басымдуу көпчүлүгү – билими менен дасыгы терең, тажрыйбасы мол, даярдыгы күчтүү, чыныгы кесипкөй адамдардан эле. Деген менен, А.Султанбаев алардан өзүнүн жекече маданияты, жүрүм-туруму, ар кандай кырдаалдарда өзүн бир калыпта кармай билгендиги, ички-тышкы маданияты, оор басырыктуулугу, токтоо, сылык-сыпаа мүнөзү менен сезилээрлик деңгээлде айырмаланып турчу. Эсимде, кайсы бир редакциялык чогулуштун биринде, мен кызматташтарыма кайрылып: жолдоштор, силер улуттук интеллигенциябыздын алдыңкыларына киресиңер, ушуну унутпай, өзүңөрдүн сырт түс-түрүңөргө, кебете-кешпириңерге көңүл бурууну унутпасаңар, карагылачы Абдыкадыр ар дайым тыпыйып, тыкан, татынакай кийинип, галстук тагынып жүрөт, силер да ушундайга умтулсаңар жакшы болот эле,- деген каалоомду айткам.

Ооба, элибиздин: «Эр эмгегин, жер жебейт», - деген сөзүндө туура айтылгандай, дилгир, демилгелүү, ар учурда изденип, жаңыча иштөөгө аракеттенген А.Султанбаев Кыргызстан КП БК га жооптуу кызматка орношуп, адегенде идеология бөлүмүнүн инструктору, көп убакыт өтпөй, басма сөз секторунун башчысы болуп иштеди. Бул орундарда да ал өзүнүн жөндөмдүүлүгүн даана тастыктап, камчы салдырбастан, кынтыксыз ат салышып келди. Идеология бөлүмүнүн жетекчиси, Борбордук комитеттин катчысы – Медеткан Шеримкулов, биринчиси Абсамат Масалиевдин түздөн-түз жетекчилиги астында эмгектенип, өтө чөн саясий-идеологиялык тажрыйбага эгедер болду. А.Масалиев республиканын шаар, райондоруна иш сапарга же башка эки жакка чыкканда, аны дайыма жардамчыдай катары коштоп жүрдү. Ал 1989-1991-жалдырда кеңири кулач жайган демократиялык кыймылдарга тикелей катышып, өлкөнүн өзөктүү өзгөрүштөрүнө өз үлүшүн кошо алды. Республиканын мезгилдүү басма сөз, теле көрсөтүү жана радио уктуруу тармактарына жетекчилик жүргүзүү, ага байланыштуу болгон көп багыттуу иштерди жүзөгө ашырууга туруктуу көңүл бөлүп келди. Негизгиси, алардын жетекчилери менен жалпы тил табышып, ишенимине жана колдоосуна татыды.

1991-жылдын 31-майында республикалык журналисттердин кезектеги VI съезди өткөрүлүп, анда союздун төрагасын шайлоо курч кырдаалда жүрдү. Анткени бул орунга өлкөнүң ошол туштагы белгилүү инсандар жана журналисттер: Жаныбек Турсунов, Камбаралы Бобулов, Акбар Рыскулов, Абдиламит Матисаков баштагандар болуп, 12 адам атаандаштык жарышка чыгышты. Делегаттардын жабык добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен, А.Султанбаев жеңүүчү деп табылып, Кыргызстан журналисттер созунун төрагасы болуп шайланды. Натыйжада, ал бул орунда мени алмаштырып, мына ошондон бери карай кабагым-кашым дебей, камчы салдырбай, бул маанилүү коомду билгичтик менен жетектеп келди. Баса, шайлоонун ушундай чыңалган кырдаалда өтүшүнүн өзүнчө сыры бар эле, себеби ошол кезде союздун материалдык абалы бир аз болсо да жакшырып, анын жетекчисинин айлык-маянасы 1250 рублду түзүп, ал ошол маалдын эң чени менен алганда, абдан чоң каражат эле…

Журналисттердин ага көрсөткөн чоң ишенимин актоо, ЖМКны рыноктун шарттары жана өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырууну көздөп, биринчи кезекте, союздун Эл аралык уюмдар менен болгон байланыштарын жөнгө салып, эки тараптуу мамилелерди түзүп алууга жетишти. Алсак, Эл аралык «Евразия» фондунуну колдоосу менен, Кыргызстан үчүң атайлаштырылган грант алды. Бул багытта өзгөчө, ЮНЕСКО, «Сорос-Кыргызстан», ОБСЕ уюмдары менен пайдалуу алакалар түзүлдү. Алардын көрсөткөн көмөгү менен ар жыл сайын журналисттердин эл аралык семинар, саммит, конференция жана «тегерек столдору» уюштурулуп турду. 1997-2003-жылдары Бишкекте Борбордук Азиянын республикалары: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан журналисттеринин аймактык конференциясы өтүп, алардын башкы редакторлорунун ассоцияциясы уюштурулду.

А.Султанбаевдин жекече демилгеси менен журналисттердин кесиптик этикасы иштелип чыгып, жаңы Кодекси кабыл алынды.

Сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги жана журналисттердин чыгармачылык эркиндигин коргоо максаттарда, КРдин Журналисттер союзу сот жообуна тартылган белгилүү журналист, оппозициялык басылманын редактору Замира Сыдыкованы колдоого алды. 1999-жылы А.Султанбаевдин сунушу менен Бишкекте ОБСЕнин катышуусунда ааламдын 16 өлкөлөрүнүң журналисттеринин эл аралык конференциясы уюштурулду. Мындай иш-чара 25 жылдан бери карай уланылып келүүдө. 2001-жылы журналисттердин улуттук конгресси өткөрүлүп, оппозициялык депутаттар – А.Мадумаров, Ө.Текебаев катышып, Басма сөзгө бийликтер тарабынан жүргүзүлгөн кысымдар айыпталы, тиешелүү билдирүү жарыяланды. Мындай Президент Акаевге жакпай калып, А.Султанбаевге чабуул башталып, аны каралаган материалдар өкмөттүк «Кыргыз Туусу» жана «Эркин-Тоо» басылмаларында жарыяланып чыкты.

А.Султанбаев ЖМКнын улуттук жаш кадрларын даярдап чыгууга өзгөчө көңүл бөлүп, 1998-2010-жылдары жыл сайын Москванын М.Ломоносов атындагы Мамлекеттик университетине экиден улан-кыздарды жолдомо менен жөнөтүп, бардыгы болуп 25ке жакын студент анын журналистика факульетин бүтүрүп чыгышып, ушул маалда өлкөнүн масс-медиасынын ар кыл тармактарында эмгектенип келүүдө. Журналисттер союзу ар кыл ЖМКнын кызматкерлеринин кароо-сынагын уюштуруп, «Жылдын мыкты журналисти» номинациясы боюнча жеңүүчүсүн аныктап, ага аталган наамдарды ыйгарып, медалын тапшырып келе жатат.

Непада, биз А.Султанбаевдин басып өткөн өмүр жана эмгек жолуна көз чаптырып көрсөк, аны сыдыргыга салгандай бир кылка, кенен, түз жана шыдыр болгонуна дароо эле ынанабыз. Алсак, ал 2000-2005-жылдары КРдин Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр Жыйынынын Аппарат жетекчиси, 2005-жылдан тарта парламенттин Билим берүү, илим, маданият маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы. Кыскасы КРдин мыйзам чыгаруучу органын ишин уюштурууга көп күчүн сарптады. Анын демилгеси менен 2008-жылы орфографиялык эрежелер боюнча ЖКнын токтомуна өзгөртүүлөр киргизилип, терең ойлонулбай, олдоксон кабыл алынган: Карабалта, Ысыккөл, Чолпоната, Карабуура көптөгөн туюнтмалар кайрадан сөздөрүнүн мыйзамдуу жана туура аталышына (Ысык-Көл, Ийри-Суу, Кара-Буура) кайрылып келишти.

А.Султанбаев 2010-жылы өлкөнүн жаңы Конституциясыннын редакциялык Комиссиясын, 2021-жылы Президенттин Жарлыгына ылайык, Лингвистикалык экперттик комиссиясынын төрагасы болду. Ал: залкар калемгер Т.Сыдыкбековдун – 100, улуу комузчу К.Орозовдун - 130, адабият алпы Ч.Айтматовдун – 85, теңдешсиз төкмөлөр: А.Үсөнбаев менен Э.Турсуналивдин мааракелерине байланыштуу токтомдорду демилгелеген. Ал 2010-жылы КРдин убактылуу өкмөтүнүн төрагасынын кеңешчиси, Маданият жана маалымат министрлигинин коллегия мүчөсү, Прtзиденткке караштуу Коомдук палатанын төрагасынын орун басарынын милдетин аткарды. Ал 2021-жылы жалпы элдик талкуулоодон кийин кабыл алынып, өз күчүнө кирген КРдин жаңы Баш мыйзамынын Лингвистикалык редакциясынын төрагасы катары, анын иштелип чыгышына чоң салым кошкондордун тобуна кирди.

«Эр эмгегин, жер жебейт», - демекчи, биздин бул каарманыбыздын ондогон жылдардын ичиндеги мамлекеттик, партиялык саясий, идеологиялык кызматтарда жана журналистика айдыңында сиңирген көп багыттуу ак ниет эмгеги калыс бааланып, ага «Кыргыз Республикасынын маданитына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам, Республиканын Ардак грамотасы, «КР Конституциясына 30 жыл» медалы, Эгемендүүлүгүнүн 10 жылдык төш белгиси, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы, 70 жылдыгынын мааракелик медалы, Эл агартуунун мыкты кызматкери төш бегиси ж.б. ведомстволор менен коомдук уюмдардын грамоталары, дипломдору жана төш белгилерине татыды.

А.Султанбаев өзүнүн кичи мекени менен эч качан байланышын үзбөгөн атуул катары, район жана Бакыян айыл өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта, зарыл болгон жардамдарды берип келүүдө. Анын түздөн-түз катышуусу менен, Бакыян өз алдынча айыл өкмөтү деген макам алган. «Бакыян ынтыамагы» коомдук уюмдун төрагасы болгондуктан, айылга спорт зал, Ата Мекендик согушта курман болгондор менен ардагерлеринин эстеликтери курулган. 2019-жылы анын тикелей аракети менен Бакыянга караштуу жаңы конушка Президенттин расмий Жарлыгы менен «Камаш» айылы деген ат берилген. Ал Талас облусунун бийлик турпаттары менен бекем байланышта болуп, анда өткөрүлгөн ар кандай маанилүү иш-чараларына такай чакырылып, жигердүү катышып, кээ бир учурларда, тигил же бул көйгөйлүү маселелер боюнча, аны менен кеңешип турушат. Айылдаштары анын эмгегин баалашып, биринчи, экинчи Элдик Курултайдын делегаттыгына шайлашкан.

Султанбаевдердин үй-бүлөсүнөн бир топ жетекчи ишмерлер менен кызматкерлер өсүп чыккан. Анын бир тууган уялаш агасы – Дарданов Камалбек өз учурунда партиянын Талас шаардык комитетинин 1-катчысы, областтык кеңешинин төрагасы, Талас районунун акими, КРдин Коопсуздук Кеңешинин башкы инспектору, «Ынтымак» Курултайынын жооптуу катчысы болуп, үзүрлүү эмгектенген. Анын ысымын азыр Талас шаарындагы мектеп жана жаңы конуш алып жүрөт.

Агасынын бир уулу – Дарданов Нурлан Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, экинчиси – Нурдин Талас облустук ооруканасынын директору – башкы дарыгери болуп иштешет.

А.Султанбаев ынтымактуу жана ырыс кешиктүү үй-бүлөнүн сүйүктүү от башы катары да кеңири таанымал инсан. Анын өмүрлүк жары – Кулукеева Гүлжан экономика илимдеринин кандидаты, кафедра башчысы, профессор. Анын улуу кызы – Гүлнура юридика илимдеринин кандидаты, Юридика Академиясынын доценти, ЖКнын Аппаратынын сектор башчысы. Кийинки кызы – Айнура бизнес компаниянын директору, кенже кызы – Айганыш болсо, мамлекеттик кызматкер. Уулу – Эрбол Президенттин басма сөз катчысы болуп иштеп жүрүп, Кыргыз Республикасынын Беларустагы ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалып, жакындан бери Минскиде иштеп жатат. Ал келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш акын экендигин иш жүзүндө далилдеп, өзүнүн алгач ырлар топтомун жарыкка чыгарып алды. Өйдөдө келтирилген маалыматтар тастыктап тургандай, ал төрт уул-кыздын атасы, он бир неберенин чоң атасы жана таятасы болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын кесиптик бирлик уюмдарын реформалоонун алкагында, ал өлкөнүн Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагалык кызматын аткарууга киришти. Өзүнүн бул жооптуу кызматында да, анын чечкиндүүлүк менен белсемдүү жана натыйжалуу иштеринде эч кандай күмөн жок деген ишенимибизди билдирип кетмекчибиз.

«Мезгил өтөт, бирин-бири кубалап,

Токтотпойсуң сен аларды дубалап.

Эгер өзүң аман болсоң ар күнү,

Мына ушуга жүрөк чындап кубанат.», - деп акындын ырында айтылгандай, биз бул белгилүү мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер, улуттук интеллигенциябыздын таанымал өкүлдөрүнүн бири, өң-жүзүнөн ар дайым жылуу жылмаюсу тарабаган мекенчил атуулубуз – Абдыкадыр Султанбаевди – анын ушул кубанычтуу 70 жаштык кутман курагы менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чымыр ден соолук, узак өмүр, куунак көңүл, бардар жана бактылуу турмушту каалап кетебиз. Муну менен бирге, анын «Өткөндөн элестер» аталыштагы даректүү мемуардык адабий-көркөм чыгармасынын басылып чыгышы менен да куттуктап койгубуз келет!

Тилектеш Ишемкулов,

Кыргыз Республикасынын

маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

КР Атайын жана Толук ыйгарым

укуктуу элчиси, Улуттук жазуучулар

жана журналисттер союздарынын мүчөсү, К.Карасаев атындагы

Бишкек мамлекеттик университетинин профессору

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×