Добавить свою статью
3 Июня 2024
Конституциялык сот чечет

Жөгорку Кеңеште мыйзам тууралуу талаш маселе эки депутаттын чатакташуусун жаратты. Маселени чечүү Конституциялык соттун милдети, ал каралып жаткан мыйзамды конституциялуу же конституциялуу эмес деп корутунду чыгаруусу зарыл.

Депутаттар бири бирин жакалап отурбастан мыйзамдагы талаш маселени Конституциялык сот аркылуу чечилиши максатка ылайыктуу. Мүлк сатуу, жер сатуу өтө талуу маселе себеби, мыйзамдын талаптары, так аткарууну талап кылат, бир убакта эки маанини бере албайт.

Чет мамлекетте мүлктөрдү бизнес өкүлдөрү сатып, акча жасашат, бирок мамлекет мүлктөрдү сатууга катышпайт. Мүлктөрдүн көбү биринен бирине сатылып кете берет. Акча катып калбайт, дайыма кыймылда болуп турат. Анын үстүнө мүлктүн баасы жогору болгондуктан мамлекетке да салык түрүндө пайда түшөт.

Бизде жогорку баада сатыла турган жеке жактарга тийешелүү курулуштар барбы өзү деги?Мамлекетке тийешелүү жер болобу, мүлк болобу сатууга уруксат берилбейт.

Англиянын закондорун карап көрсө зыяны тийбес себеби, алар чет элдиктерге баалуу мүлктөрдү сатууда бай тажрыйбалары бар. Буларды жазып жаткандын себеби, мамлекетибизде сатып алууда, сатууда дайыма талаш-тартыштар жаралып келет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×