Добавить свою статью
7 Июня 2024
Кыргызстандын эмгек мыйзамдарында күтүлгөн оң өзгөрүүлөр

Министрлер Кабинетинин төрагасынын демилгеси менен эмгек кодексинин жаңы мыйзам долбоору даярдалып ушул жылдын бугу айынын башында Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды. Негиздеме-маалымкатта айтылгандай жаңы доолбоордун иштелип чыгуусунун максаты Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, логикалык жана структуралык уюштуруу максатында эмгек кодексин системалаштыруу, карама-каршылыктарды жана кайталоолорду жоюу, ошондой эле азыркы кездеги заманбап шарттарга ылайык эмгекти жөнгө салууну жаңылоо максаты коюлган. Бул макалада мен эмгек кодексинин жаңы редакциясында сунушталган оң өзгөртүүлөргө, жакшыртууларга токтолгум келет.

Түшүнүк аппараты

Алгач сунушталган кодекстин долбоорунда түшүнүк аппараты пайда болгонун белгилей кетейин. Бул өтө жагымдуу көрүнүш, өзгөчо юристтер баалай турган жаңылык. Балким иштеп чыгуучулардын арасында эксперт-юристтер да болгон, бул дагы кубандырат. Мыйзам долбоорунун биринчи беренесинде негизги терминология жана алардын аныктамалары берилген. Эгерде азыркы кодексте бир терминдин аныктамасын табыш үчүн бүт беренелерин карап чыгуу керек болсо, жаңы долбоордо терминдердин аныктамаларын дароо эле кодекстин баш жагында тапса болот.

Айкалышкан аралыктан иштөө

Көптөгөн терминдердин арасында долбоордун авторлору «айкалышкан аралыктан иштөө» деген жаңы түшүнүккө аныктама берүүнү сунушташат. Бул бизге белгилүү болгон гибриддик (англисче hybrid сөзүнөн келген) иш режими. Кулакка балким жагымсыз угулган англисче термин иштеп чыгуучулардын тандоосуна таасир этти деп ойлойм.

Пандемиянын аркасынан учурдагы эмгек кодексинде аралыктан иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрүнө арналган бөлүм пайда болгон. 2022-жылы кызматкерлер мыйзам деңгээлинде аралыктан иштөө режиминде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул, албетте, буга чейин мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес дегенди билдирбейт. Аралыктан иштегендерди айрым учурларда, мисал катары, үйдө иштегендердин катарынында көрүүгө болот. Же болбосо, жок дегенде үйдө иштегендерге тиешелүү жоболордун аларга окшоштурулуп колдонулганын белгилей кетейин. Бирок өзгөрүүлөр кабыл алынгандан кийин иш берүүчүгө мындай иш режимин жөнгө салуу алда канча жеңилденип калды. Айрыкча аралыктан иштөө пайда болгондон кийин мыйзам чыгаруучу электрондук эмгек келишимин түзүүгө түздөн түз уруксат берди.

Ошентип, айкалышкан аралыктан иштөө терминологиясына кайрылсак, мындай түшүнүк учурдагы эмгек кодексинде жок. Дагы бир жолу айта кетейин, бул кызматкерлерге иш берүүчү менен макулдашып гибриддик режимде иштөөгө тоскоол болбойт. Бирок демилгечилер айкалышкан аралыктан иштөө түшүнүгүн киргизгени кубандырбай койбойт. Мыйзамдар бизнес муктаждыктарына шайкеш келүүдө, өзгөрүүдө, азыркы тез өзгөрүлүп жаткан дүйнөнүн шарттарынан улам жаңыланууда. Эгерде ковидге чейинки мезгилде мындай нерсени элестетүү кыйын болсо, анткени эмгек процесси советтик мурасты эске алуу менен ар дайым иш берүүчү тарабынан кылдат көзөмөлдө болчу. Пандемия учурунда жана пандемиядан кийинки мезгилде жашоонун сабактары көрсөткөндөй, аралыктан иштөөдө кызматкердин натыйжалуулугу түшпөстөн, тескерисинче, ага белгилүү бир ийкемдүүлүк берилгенде, анын натыйжалуулугу жогорулай турганы маалым болду. Албетте, бул өндүрүш чөйрөсүнө тиешелүү эмес. Бир жумушчунун ишке чыкпай калганы бүтүндөй өндүрүш процессинин токтоп калышына барабар. Бирок интеллектуалдык эмгек чөйрөсүндө, креативдүү индустрияда аралыктан иштөө тажрыйбасы бар жана ийгиликтүү ишке ашырылууда. Дал ушул ыкма кызматкерге жумуш менен үй-бүлө ортосунда жакшыраак баланс түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул чөйрөдөгү акыркы изилдөөлөргө ылайык, кызматкер өзүн бактылуу сезет, анын алыстан же гибриддик режимде иштөө натыйжалуулугу бир топ жогорулайт. Кызматкер да, иш берүүчү да ыраазы, эки тарап үчүн win-win (эки трапка тең жеңиш) - сейрек кездешүүчү учур.

Электрондук эмгек китепчеси

Мени өзгөчө кубанткан дагы бир жаңылык эмгек китепчеси тууралуу. Муну укпагандар үчүн айта кетчү нерсе — эмгек китепчеси бул кызматкердин эмгек ишмердүүлүгү жана эмгек стажы тууралуу негизги документ. Бүгүнкү күнгө чейин бул документ түз маанисинде «китеп», адамдын эмгек ишмердүүлүгүнүн тарыхындай маанилүү документтин китеп форматы бойдон калууда. Эмгек китепчесин жоготсоңуз, андагы бардык тарыхыңыз же топтолгон эмгек стажыңыз жоголот. Эмгек китепчеси кадр бөлүмүнүн же заманбап тил менен айтканда «эйчардын» (hr/ human resources акрониминен келип чыккан, бул адам капиталы деп которулат) баш оорусу. Адам факторун жок кылуу мүмкүн эмес. Кадр бөлүмүндө иштегендерди сурасаңыз, эмгек китепчеси дегенде дароо түзөтүүлөр, жазууларды калыбына келтирүү иш чараларын эскеришет. Бирок, жаңы эмгек кодексинин долбоорунда сунушталган жаңылык баарыбызды кубантат. Андыктан, эгерде эл өкүлдөрүбүз эмгек кодексинин сунушталган редакциясын колдошсо жана өлкө президенти тиешелүү мыйзамга кол койсо, мындан ары эмгек китепчеси жазуу жүзүндө жана/же электрондук форматта болушу мүмкүн. Андан ары жаңы мыйзамдын күчүнө кирүү сыяктуу формалдуулуктар гана калат. Эң негизгиси мыйзам чыгаруу эрки болушу керек. Ошентип, эмгек китепчесинин китеп форматы электрондук эмгек китепчесинин киргизилиши менен өткөн чакта калышы мүмкүн. Санариптештирилген эмгек китепчеси алда канча ыңгайлуу десем каршы болгондор жок болуш керек деп ойлойм. Албетте, маалыматтын аныктыгы жана ишенимдүүлүгү, жеке маалыматтарды коргоо жана сезимтал маалыматтарды иштетүү маселеси боюнча суроолор пайда болушу мүмкүн. Бирок бул суроолорду практика өскөн сайын пайда болгон учурларда чечүүгө болот. Бул өзгөрүүлөр кадр ишин жүргүзүү системасын жөнөкөйлөтөт. Санариптештирүү аракеттирине ооба дейбиз!

Эмгек китепчесинин тарыхы

Маалымат үчүн эмгек китепчеси кантип пайда болгонун айтып берейин. Эмгек китепчелери алгач 1918-жылы Совет бийлиги орногондо киргизилген. 1919-жылдан тартып ар бир 16 жашка толгон совет жараны эмгек китепчесин алууга милдеттүү болгон. Бул сизге да паспортту эскертеби? 1926-жылы советтик кызматкерлерди эсепке алуу үчүн эмгек тизмеси жүргүзүлө баштаган, бул стаж жөнүндө маалымкат алуу мүмкүнчүлүгүн берген. 1939-жылы Сталиндин учурунда бирдиктүү үлгүдөгү эмгек китепчеси киргизилген. Ал эми эмгек китепчесине кошумча (вкладыш) 1940-жылы бекитилген. 1958-жылы эмгек китепчесин жүргүзүү тартиби тууралуу биринчи инструкция пайда болгон. Ошондой инструкция азыркы Кыргызстанда дагы бар. Ошентип, булар тарых баракчысынын бетинде гана калып кетиши мүмкүн... Кошумчалай кетсем, Орусияда электрондук эмгек китепчеси дагы салыштырмалуу жакында, тактап айтканда, 2020-жылы киргизилген. Коңшу Казакстанда эмгек китепчесин электрондук форматта жүргүзүү мүмкүнчүлүгү 2021-жылдан тартып жеткиликтүү болгон. Ал эми Кыргызстанда биз эмгек кодексинин жаңы редакциясынын долбоору Жогорку Кеңеште кандай каралып жатканына коңүл буралы. Кулжа айынын башында мыйзам долбоору парламенттин профилдик комитетинин деңгээлинде талкууланды.

Макалада айтылбай калган эмгек кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна тиешелүү дагы бир топ маселелер бар. Кодекс — бул абдан көлөмдүү ченемдик укуктук акт. Бирок жалпысынан эле макалада эмгек мыйзамдарында жакын арада күтүлүүчү оң өзгөртүүлөрдү, жаңылыктарды баяндап бергени аракет кылдым. Кийинки макаламда дагы башка оң жана кандайдыр бир деңгээлде терс өзгөрүүлөргө токтолуп кетем.

Асель Момошова, эмгек мыйзамдары боюнча эксперт

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×