КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун
«Адам капиталы жана туруктуу өнүгүү»
Улуттук өнүктүрүү форумундагы сөзүнүн тезистери
2024 жылдын 4-ноябры, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Урматтуу Азия Өнүгүү Банкынын вице-президенти Иньминь Ян мырза!
Ардактуу Элчилер жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү - урматтуу Антье Граве айым!
Кымбаттуу алыстан келген коноктор жана форумга онлайн катышып аткандар! Телекөрүүчүлөр!
Урматтуу коллегалар жана өнөктөштөр!
Быйылкы Улуттук Өнүгүү Форумубуздун темасы - биздин өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө алып барчу эң ишенимдүү жолу деп айтсам, эч жаңылышпаймын. Адам капиталын өнүктүрүү – бул биздин аракеттердин өзөгү. Анын өнүгүшү ресурстарды гана талап кылбастан биздин элибиздин жана келечектеги урпактардын алдында терең жоопкерчиликти сезүүнү да талап кылат.
Балким, башка кайсыл бир мамлекеттер өздөрүнүн жаратылыш ресурстарына, нефти, газ, кең байлыктарына таянып, ошол аркылуу гүлдөй турган болсо, - биз таяна турган байлыгыбыз, Кыргызстанды жаңы бийиктиктерге алып бара турган жалгыз эле бир потенциал - биздин көп улуттуу элибизде камтылган адамдык капитал экенин эч унутпашыбыз керек.
Мамлекет башчыбыз, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан бизге так белгиленген тапшырма, биздин Өкмөттүн эң негизги милдети: бул ар бир жараныбыздын потенциалын толук ачуу, ар бирисинин эң жогорку сапаттагы билим алууга жана жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүү, ден соолугун чындоо, креативдүүлүгүн өркүндөтүү, өнүмдүү жумуш орундарын көбөйтүү жана ар кандай демилгелерин колдоого алуу десек болот.
Биз билим берүүгө, саламаттык сактоого, социалдык камсыздандырууга багытталган инвестициялар - эртеңки күчтүү жана гүлдөгөн улуттун пайдубалын түптөөчү эң натыйжалуу инвестиция деп ишенебиз.
Бүгүнкү форум – бул биз стабилдүүлүк жана тынчтык шартында ар бир адамга татыктуу жашоого, окууга жана иштегенге мүмкүндүк камсыз болгон Кыргызстанды кантип кура алабыз деген баарлашууга мамлекеттик органдарды, жеке менчик секторду, жарандык коомду жана биздин эл аралык өнөктөштөрүбүздү диалог курууга чакыруу.
Кымбатуу коллегалар!
Төрт жылдын ичинде Президент Садыр Жапаров жетектеген команда Кыргыз Республикасын терең кризистен, тунгуюкка түшуп калган жерден алып чыгып, туруктуу өнүгүү жолуна койо алганын азыр бир дагы ички же сырткы серепчи таңа албайт десек болот.
Күч кубаттуу жана өркүндөп өсүп жаткан Кыргызстандын калыптанышы – бул биздин потенциалга, эмгегибизге баарыбыздын ишенимибиз жана биримдигибиз менен салынган жол. Биз келечекке көз салуу менен тим болбостон, улам жаңы белестерди ашып өтүп, биз ар бир күнү аны куруп жатабыз.
Биздин биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасын азыр көрүп жатабыз.
Учурдагы экономикалык саясатыбыз өлкөнүн позициясын чыңдоого мүмкүндүк берди: былтыр Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1,2 триллион сомдон ашты, ал эми быйыл ал көрсөткүч 1,5 триллионго жетет деп турабыз. Доллар менен эсептегенде, киши башына ИДП 2,500 доллардын тегерегин түзөт, ошону менен төрт жылда ИДП эки эсе көбөйдү десек болот.
Өлкөнүн бюджети үч жылда үч эсе көбөйдү, 2020-жылы 247,7 млрд сом болсо, 2024-жылы 660 млрд сомдон аша турганын жакшы билесиздер.
Биз отуз жылдан бери “добросовестное управление” “адал башкаруу” деп сөз кылып келсек, мына эмесе ошол сөз ишке айлана баштады. “Эффективное администрирование” деген да түшүнүк лозунг бойдон калбай, мамлекеттик башкаруунун эң негизги принцибине айланды. Коррупция менен уюшулган кылмыштуулук менен айосуз күрөштүн жыйынтыктарын да көрүп жатасыздар.
Мен дайыма кайталап келем, азыркы Кыргызстанда жетектеген идеология үч принципти катмыйт: бул мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, жана салыкты толук жана убагында төлөө милдети. Менин эсимде, биз башында бул принциптерди жарыялаганда, скепсис менен кабыл алынган. Азыр болсо кырдаал өзгөрүп, бара бара көчүбүз түзөлүп, бийликке болгон ишеним бекемдеп калганы чын жана кубандырта албай койбойт.
Урматтуу эл аралык партнерлорго кайрыламын!
Өлкөдө таразаланган акча-кредит саясаты жүргүзүлүп, анын натыйжасында инфляция 2022-жылдагы 14,7 %дан 2023-жылдагы 7,3%га жана 2024-жылдагы 3,4 %га чейин азайды. Кыргыз сомунун наркы бекемдеп, керек болсо, АКШ долларынын алмаштыруу курсу 89-90 сомдон, азыркы 85 сомго түштү.
Бизде эң көп үмүт жараткан факт, 2024-жылдын 3-кварталында реалдуу ички дүң продукциянын өсүш темпи 8,4% болду, Кумтөрдү эске албаганда – 9,7%. Биз бул темпти эмки жылы да сактай алабыз деген ишенимдебиз. Инфраструктура, турак жай жана башка капиталдык курулуштарга болгон инвестиция көлөмдөрү быйылкыдан кемибестен, ири өнөр жай объектилери, ГЭС, темир жол курулуштары башталып, ошолордун эсебинен дагы көбөйөт деп пландаштырып жатабыз.
Бул пландар эмки апта Жогорку Кеңеште 2025-жылдын мамлекеттик бюджет жакталчу долбоорунда камтылганын баса белгилегим келет. Бүгүнкү форумга катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарына, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Президентибиздин өлкөнү өнүктүрүү боюнча жогорку абмициялуу саясатын колдоп, Министрлер Кабинетинин тарабынан киргизилген сунуштарын жана долбоорлорун колдоп бергендериңиздер үчүн ыраазычылык билдиремин.
Элибиз бийликтин бутактарынын ынтымактуу иш алып баруусунун натайыжасын көрө баштады, жана бизден мындан ары да бирдиктүү саясатты талап кылууда.
Мамлекеттик бюджеттин олуттуу көбөйүшү көмүскө экономиканы кыскартуу жана салыкты тескөөнү жакшыртууга байланыштуу мүмкүн болду. Азыркы мезгилде салык реформалары жүрүп жатат. Баса белгилеп кетчү факт, өткөн төрт жылда ишкерлерге салыктын ставкалары көтөрүлгөн жок жана жаңы салыктар киргизилген жок, ошол эле мезгилде көмүскө экономиканы азайтуу боюнча чаралар кабыл алынды.
Уважаемые участники национального форума!
Сегодня нам предстоит заслушать выступления руководителей министерств и других государственных органов, представителей международных организаций, а также ученых, активистов и предпринимателей.
Мне бы хотелось очень кратко обозначить основные направления и приоритеты государственной политики в области дальнейшего развития и укрепления человеческого капитала. Их разовьют более детально в ходе форума мои коллеги министры экономики, образования, труда и здравоохранения.
Когда мы говорим об инвестициях в человеческий капитал, мы прежде всего, конечно говорим о сфере образования!
Президентом страны в качестве краеугольного камня всей государственной политики заложена задача трансформации школьного образования. Программа в буквальном смысле называется “Алтын Казык” (“Полярная Звезда” на кыргызском языке), потому что обеспечение наших детей крепким фундаментом знаний и навыков, которые им позволят стать и оставаться конкурентоспособными в быстро меняющемся мире является путеводной звездой всей нашей работы.
Вы хорошо помните прежние годы, когда в каждом учебном классе советской школы висел лозунг Владимира Ильича Ленина: “Учиться, учиться и еще раз учиться!”. Раньше можно было выучить и овладеть каким то определенным объемом знаний, который позволял тебе быть успешным и продуктивным членом общества всю оставшуюся жизнь. Теперь же на смену ленинскому в каждом школьном кабинете мы должны повесить новый лозунг: “Учиться тому, как учиться!”. Не только каждый школьник и каждый студент, но и каждый взрослый на протяжении всей своей жизни должен постоянно обновлять свои знания и навыки. Школа должна научить каждого ребенка, прежде всего, навыкам постоянно собирать и критически обрабатывать информацию, анализировать и генерировать новые знания.
Дорогие друзья!
Самая важная задача на сегодня - это разбудить наше учительство, заново его увлечь и мотивировать. Для этого мы не будем жалеть сил и средств. Но я сразу должен сказать: школа - это вовсе не место гарантированной работы для ленивых и отсталых. Мы от таких будем безжалостно избавляться. Безвозвратно ушло то время, когда учителю было достаточно пройти раз в пять лет двухнедельные курсы повышения квалификации. Мы каждому учителю даем в руки персональный ноутбук, чтобы впредь они каждый день вкладывали по меньшей мере два часа на углубление своих знаний и изучение опыта и практик передовых учителей не только Кыргызстана, а всего мира.
Сегодня полностью обновляется вся учебно-методологическая база школы, все учебники, программы и стандарты. При этом у нас нет времени на расскачку и адаптацию. Мы не можем себе позволить годами экспериментировать, пилотировать и апробировать. Время ускорилось. Именно сегодня решается вопрос, какое место каждая нация займет в мировом распределении труда и богатств в середине этого века и дальше. Завтрашнее место нашей нации в мире, судьба всего нашего многонационального народа и каждой его семьи определяется сегодня состоянием нашей школы.
Многие неправильно понимают и сводят всю суть вопроса к увеличению 12-летнего образования. Это вовсе не так. Речь не идет о механическом продлении сегодняшней, безнадежно устаревшей школьной программы и, будем откровенны, очень низкого качества преподавания. Еще раз повторяю, школа сегодня должна измениться полностью. Такая же задача стоит и перед нашими университетами. Нам необходимо срочно реформировать школьные и университетские программы, добавив в них навыки, востребованные в будущем, такие как цифровая грамотность, критическое мышление и экологическая осведомленность.
Сегодня Кыргызстан активно инвестирует в раннее развитие детей. Мы планомерно наращиваем усилия по расширению охвата услугами детских садов. Только за этот год мы довели долю детей в детских садах с 28 до 35%. Некоторые наши кардинальные меры на местах должны уже в ближайшие месяцы довести охват до 40%. При этом я хочу отметить, что министерство образования совместно с международным организациями, прежде всего с ЮНИСЕФ, сегодня добивается 100% охвата подготовительными курсами к школе всех шестилетних детей.
Мы придаем приоритетное значение раннему детскому образованию, здравоохранению и питанию, создавая основу для долгосрочного обучения и здоровья. Я не буду подробно останавливаться на действующих программах социального обеспечения, но хочу обозначить, что мы намерены в 2026-2027 годах значительно расширить уровень и обьем охвата предоставления социальной помощи детям, особенно в возрасте до трех лет.
В области профессионального и технического образования, правительство в настоящее время активно продолжает пересмотр учебных программ. Вы знаете, что мы уже сократили продолжительность большинства предоставляемых курсов. Сейчас идет речь, чтобы улучшить соответствие навыков требованиям рынка труда с учетом потребностей местного бизнеса и вновь создаваемых производств. Расширяется ассортимент курсов на базе начальных профессиональных лицеев не только для подростков, но и для взрослого населения. Сегодня стоит вопрос кардинального обновления их материальной базы. Я высоко оцениваю итоги завершающегося проекта АБР в этой области и призываю к наращиванию и распространению этого опыта на все лицеи.
В настоящее время Минобразования совместно с Минтруда необходимо создать современную онлайн-платформу для непрерывного образования, где граждане смогут проходить курсы для личного и профессионального роста. Мы также намерены активно поощрять университеты и компании для предоставления субсидированных курсов, сосредотачиваясь на востребованных навыках для создания устойчивой рабочей силы.
Кабинет Министров продолжит активно работать по преодолению цифрового разрыва, особенно в сельских районах, улучшая доступ к интернету, онлайн государственным услугам и предлагая программы цифровой грамотности. Мы намерены усилить сотрудничество с телекоммуникационными компаниями и общественными организациями для расширения охвата малообеспеченных групп населения, особенно молодежи, женщин и этнических меньшинств.
Министерство здравоохранения продолжит повышать уровень общественного здоровья и благополучия. По мере восстановления и дальнейшего улучшения инфраструктуры, мы должны уделять приоритет мерам профилактики заболеваний, таким как регулярные медицинские осмотры и санитарное просвещение, чтобы снизить бремя предотвратимых заболеваний. Уже в ближайшие месяцы есть планы проведения широких информационных кампаний, продвигающих здоровый образ жизни, постепенно снижая затраты на здравоохранение и повышая общий уровень производительности населения. Важное место здесь играют обсуждаемый проект национальной программы по реновации и строительству 20-25 новых территориальных больниц на 180, 300 и 500 коек. Нам здесь потребуется большая консультационная помощь наших традиционных международных партнеров, прежде всего, Всемирной организации здравоохранения, Всемирного Банка и АБР.
Дорогие друзья!
Обсуждая развитие человеческого капитала в стране, мы не должны, не имеем права оставить кого бы то ни было позади или вне нашей работы. Кабинет Министров намерен поддерживать инклюзивное участие в рабочей силе и общественной жизни, и внедрять политику поддержки участия женщин, людей с инвалидностью и других мало представленных групп в экономической деятельности. Мы будем активно работать с общественными организациями, представляющими интересы этих мало представленных групп, чтобы обеспечить необходимые рабочие условия и улучшить законодательную базу, способствующие полному участию всех групп населения.
Власть продолжит активно стимулировать инновации и предпринимательство. В следующем году мы намерены развивать экосистему, поддерживающую стартапы и малый бизнес, женское и молодежное предпринимательство с помощью доступа к финансированию, грантов, налоговых льгот и программ инкубации. Сотрудничать с международными инвесторами и технологическими компаниями для создания инновационного хаба, сосредоточенного на таких областях, как зеленые технологии и цифровые финансы.
Руководство республики ставит задачу улучшить мобильность труда и гибкость рабочей силы. Именно в этих целях будет строго координироваться программа жилищного строительства, особенно по линии Государственной ипотечно компании. Мы будем внедрять политику, которая позволяет перемещению рабочей силы между разными регионами и секторами, обеспечивая соответствие навыков спросу. Минтруда поручено заново разработать портал трудовых вакансий, вести строгий учет создаваемых рабочих мест, в разы увеличить объем активных мер по стимулированию и поддержке создания рабочих мест, и обучения граждан для замещения критически важных ролей в новых отраслях.
Уважаемые коллеги!
Каждая из этих инициатив представляет собой конкретный шаг, который требует активного участия правительства, Парламента, частного сектора, международных партнеров и гражданского общества. Я надеюсь на вашу активную поддержку и деятельное участие в реализации этих и других программ по устойчивому развитию.
Кымбаттуу форумдун катышуучулары!
Бүгүн Кыргызстан демографиялык жылыштын экинчи фазасына кирип жатканда биз жөн гана эмгекчил калкты даярдоо менен чектелбестен биздин жаштар постиндустриалдык коомдун шартындагы талап кылынган көндүмдөргө ээ болушунун негиздерин түзүүгө тийишпиз.
Сапаттуу адам капиталы – бул туруктуу келечектин негизи, анын өнүгүшү болсо саламаттык сактоого, билим берүүгө жана социалдык коргоого стратегиялык инвестицияларды талап кылат.
Азыркы учурда Министрлер Кабинети 2030-жылга чейинки Өнүгүүнүн улуттук программасын иштеп чыгып жатат. Анда узак мөөнөттүү сыноолордон өтүү жана өлкөнүн потенциалын ачуу үчүн чаралар каралган. Бул программанын борборунда ден соолугу мыкты, билимдүү, социалдык жактан корголгон, өзүнүн шыгын, талантын көрсөтүүгө жана экономикага салымын кошууга жөндөмдүү адам турат.
2030-жылга чейин биз мамлекеттик активдерди башкаруунун алдыңкы методдорун ишке киргизүүгө, инвестиция тартуу үчүн платформаны өнүктүрүүгө, дүйнөлүк фонд биржаларга чыгууга жана ички дүң продукциянын деңгээлин дагы эки эсеге жогорулатып, 30 млрд долларга жеткирүүгө ниеттенебиз. Биз экономикалык жана социалдык реформаларды улантуубуз керек, бирок бул аракет коллективдүү болуп, ал эми ийгилик жалпыныкы болууга тийиш.
Биздин ийгиликтин сыры өжөрдүктө, эмгекчилдикте жана өзүбүзгө болгон ишенимде. Биз бүткүл дүйнөгө мүмкүн эмес деген – мүмкүн экенин далилдедик.
Биз глобалдуу конкуренция шартында ар бир кыргызстандык өзүнүн потенциалын ачууга зарыл шарттарды түзүү максатын көздөйбүз. Бул болсо адам капиталына өтө көңүл бөлүү менен инвестиция кылууну талап кылат.
Форумдун урматтуу катышуучулары, биз андан ары да карашыбыз керек. Жакынкы жылдардагы биздин милдетибиз туруктуу өнүгүү жана өркүндөп өсүштүн негизи болгон адам капиталын өнүктүрүү.
2030-жылга чейин Кыргызстан жан башына кирешеси ортодон жогору өлкөгө айланышы керек. Бул абдан дымактуу максат, бирок ага эгерде биз билимдин, саламаттык сактоонун жана социалдык колдоонун сапаты боюнча такай, тынымсыз иштесек жете алабыз. Ар бир жаранга сарпталган инвестициялар – бул келечек курула турган пайдубал.
Дүйнөлүк банктын классификациясына ылайык Кыргызстан калктын жан башына ички дүң продукциянын көрсөткүчү боюнча ишенимдүү көтөрүлүп жатат жана 2030-жылга карата кирешеси орточо деңгээлден төмөн болгон өлкөнүн учурдагы абалынан – 1 136 АКШ долларынан 4 465 АКШ долларына чейин, кирешеси ортодон жогору өлкө болуп калышы мүмкүн экендигин баса белгилеп кетүү керек – 4 466 АКШ долларынан 13 845 АКШ долларына чейин.
У меня нет никаких сомнений, что мы обязательно добъемся поставленных Президентом цели по достижению объема ВВП в 30 млрд долл США. Я внимательно ознакомился с недавним докладом Всемирного Банка об опасности ловушки среднего дохода. Наша долгосрочная общенациональная задача состоит в том, чтобы Кыргызстан смог достичь к 2050 году уровня ВВП в 200 млрд долл США и, таким образом, присоединиться к странам высокого дохода. Этого будет добиться гораздо сложнее. Единственный путь, это активно внедрять политику инвестиций в развитие человеческого капитала, а также политика трех “И”: вначале просто привлечение инвестиций, затем осваивание инъекций зарубежных технологий, и, наконец, переход к самостоятельному развитию инноваций.
При этом, уважаемые коллеги, мы, конечно же, должны помнить, что уровень развития нашего государства оценивается не только размером ВВП на душу населения. Это вовсе не самоцель. Для комплексной оценки человеческого капитала и развития страны необходимо использовать показатели, которые учитывают различные аспекты благосостояния граждан, их потенциала и качества жизни, а не только экономическую продуктивность. Нам широко известен, например, Индекс человеческого развития ООН, объединяющий три ключевых показателя: ожидаемую продолжительность жизни, уровень образования (среднее и ожидаемое количество лет обучения) и доход на душу населения. Он позволяет получить более сбалансированное представление о развитии, поскольку сочетает экономические и социальные факторы.
Кроме этого, есть также Индекс гендерного развития, Индекс неравенства доходов (или Коэффициент Джинни), Индекс инклюзивного роста, Индекс социального прогресса, Продолжительность здоровой жизни, Индекс доступности и качества образования, Экологический индекс, а также Индекс устойчивости к кризисам.
Эти показатели предоставляют многогранное видение качества жизни и потенциала общества, помогая более точно определять приоритеты в развитии человеческого капитала и социальной политики.
Форумдун урматтуу катышуучулары!
Бүгүнкү күндө Кыргызстан өз жолу менен өнүгүп бара жатат. Биз бардык кыйынчылыктарды жана мезгил сыноолорун басып өтүү менен реформаларды тереңдетүүдөбүз.
Бул процесстеги жаштардын маанисин өзүнчө белгилеп кетким келет. Кыргызстандын келечеги жаңы муундарга тиешелүү жана биз биздин балдар жана жаштар сапаттуу билимге ээ болуусуна, өздөрүнүн талантын, шыгын көрсөтүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүбүз керек.
Биз жаштар өздөрүнүн талантын, жөндөмүн көрсөтүүгө жана ошол эле мезгилде өз Мекенин сүйгөн мекенчил бойдон калышына шарт түзгөн экосистеманы түзүү боюнча алдыбызга дымактуу милдетти коюп жатабыз.
Өнүккөн өлкөнү куруу менен биз эмгекчилдик жана максатка умтулуу сыяктуу сапаттарга таянабыз.
Өнүгүү адамдар үчүн, өнүгүү адамдарга жараша жана анын натыйжасы да адамдар үчүн.
Кымбаттуу айымдар жана мырзалар!
Кыргызстан залкар өзгөрүүлөр алдында турат жана алар үчүн баарыбыздын – мамлекеттин, коомдун, бизнестин жана биздин эл аралык өнөктөштөрдүн аракети зарыл.
Белгилүү болгондой социалдык секторго биздин өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрүбүз колдоо көрсөтүп жатышат. Бүгүн мен Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инмин Ян мырза менен жолугушуу өткөрөм. Анда Азия өнүктүрүү банкы менен 222 млн АКШ доллары суммасында финансылоо жөнүндө Алкактык макулдашууга кол коюлат.
Алкактык макулдашууга кол коюу жана аны ратификациялоо Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорунун ишке кирүүсүн 284 күндөн 95 күнгө чейин азайтууга мүмкүндүк берет.
Ушундай эле иштерди Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү фонду (EDCF) жана Дүйнөлүк банк сыяктуу башка эл аралык өнөктөштөр менен да жүргүзөбүз.
Так ушул биздин жалпы багытыбыздын синергиясында келечектин ийгилиги турат. Ушундай жол менен гана биз бүгүнкү заман сыноолорунан өтүп, өзүбүздүн потенциалды ачып, келечектеги муундардын тиреги жана сыймыгы боло турган туруктуу, өркүндөп өскөн өлкөнү түзө алабыз.
Биздин чыныгы милдетибиз – бул акыл, абийир жана күжүрмөндүк менен туулган жеринин алдында жоопкерчилигин алып жүргөн жарандарды калыптандыруу. Аларга сарпталган эмгек жана өздөштүргөн билим өлкөгө кайтарылып, Кыргызстандын өнүгүшүнө бекем пайдубал болууга тийиш.
Улуттук форумдун ишине ийгилик каалаймын! Мен күн бою өзүм кабинетимден телевизордон силердин талкууңарды түз эфирден көрөмүн деп айттып коеюн.
Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!