Добавить свою статью
2 Декабря 2024
Мамбет Мамакеевдин элесине

“Касиетиңден кагылайын Ысык-Көлүм!”

(Мамбет Мамакеев)

Ооба, ушул жүрөктөн оргуп чыккан жалыныч сөзүн Мамбет аксакал өзү туулуп өскөн Кереге-Таш, жер бермети Көл жөнүндө мындан бир нече күн мурун гана айткан болчу. Көз жумаарына саналуу гана күндөр калган экен, көрсө.

Мен 97ге чыккыча далайды көрдүм, балдар. Аралабаган жерлер, баарлашпаган элдер калган жок. Дүйнөнү түрө кыдырсам дагы, ыйык Ысык-Көлүмдөй кереметти жолуктурган жокмун, - деди аксакал агынан жарыла.

Турмуш мени ар кыл сыноолор менен бышырды. Баарына чыдаш керек болду. Медициналык институтка Кереге-Таштан жылаңайлак келип окугамын. Сабакка бүт кийими жок барган күндөрүмчү! Өжөрдүк менен билим алып, эки заманды көрдүм, академик болдум, Эл Баатыры болдум. Элге таанылдым. Адамга андан артык дөөлөттүн деле кереги жоктой.

Жакшы менен жаманды айрып тааныш үчүн көп жашап эмес, көп сыноодон өтүш маанилүү экендигин айтып олтурду авабыз. Бул улуу адам менен Көл жергесиндеги калк гана эмес, бүткүл Кыргызстандын эли сыймыктанат!

Коомдук ишмер катары аксакал СССР Жогорку Кеңшинин канчалаган чакырууларынын депутаты болду. Эгемендик алган Кыргыз Республикасынын дагы Парламентинде өзүнүн бакыйган ордун ээледи. Канча миңдеген операцияларды зыңкыйып туруп жасаган адамга кандай баа берсе болот?! Мамбет Мамакеевич көп жыл хирург болуп иштеген Гиннестин китебине кирген дүйнөдөгү бирден-бир дарыгер катары да белгилүү эмеспи.Баардык операциялары толук ийгиликтүү болду. Жаш шакирттерине медицинанын сырларын, хирургиянын тажрыйбаларын үйрөттү. Мындай бай тажрыйба – өтө баалуу. Кыргыз медицинасына Иса Ахунбаев, Мамбет Мамакеев, жакында эле дүйнө салган дагы бир Эл Баатыры Эрнест Хашимович Акрамов сыяктуу залкарлар жасашкан салым – эч нерсе менен ченебей турган казына! Ошентип, тоо кулагандай эки залкар биринин аркасынан экинчиси биздин көз алдыбызда ээрчишип өттү го! Эми алардын өрнөктүү өмүрлөрү артында калган школасына, шакирттерине калган таберик.

Ысык_Көлдүн касиетин айтса түгөнбөйт. Көздүн карегиндей сактап калгыла,элим! – деген жүрөктөн чыккан каалоосун айтты Мамбет Мамакеевич. 

Ал эми биз Көлүбүзгө кандай мамиле жасап жатабыз? Каалашыбызча шапар тээп, жемишин жеп алып, анан булгайбыз, кор тутабыз! Көз жашындай тунук Көлүбүз акырындап жээктен алыстап, тартыла баштады, туздуулугу азайып, четинен балыр басып, айрым жерлери коңурсуп сасый баштады. Илгерки балыктардын кенчи бөксөрүп, экологиялык катастрофанын белгиси келе баштады. Пансионаттарды Көлгө жабыштыра салып, тазалап-фильтрлегич жабдуулардан акчаны аяп, ыйык Көлдү жарыша булгап жаткан бизнесмендерди эмне менен сабаса болот? Ыйык Көлгө жөн чумкубай, ага заара ушаткан “немелерге” кандай жаза бериш керек??

Мына ушундай каңырык түтөгөн кайрылууну атактуу залкар хирург аксакал өлөрүнүн алдында күйүп-бышып айтып алды.

Кагылайын касиеттүү Ысык-Көлдүн кусуру уруп кетпесин, кыргыздар! Ушуну эске алгыла! – деп акыркы осуятын бекем айтты авабыз.

Тирүүлөрдүн озуйпасы – Кудайдан белекке берилген, ата-бабалар кашык каны калгыча салгылашып алып калган жана бизге таберик калтырган жер-сууну сактап гана калбастан, гүлдөтүү – биздин милдетибиз го, кымбаттуу мекендештер! Эртенки күнү биздин небере-чөбөрөлөр бизди ыраазычылык менен эскеришеби, жер алардын каргышына калабызбы – кабыргасынан курч коюлган собол ушул, замандаштар.

Өмүрбек Эгембердиев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

14-05-2015
Ачык кат
7248

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×