Добавить свою статью
3 Декабря 2024
Айыл чарба тармагын көтөрүүчү долбоор керек

Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодо жана азык түлүк проблемасын чечүүдө өзүбүздө өндүрүлгөн азык заттарды көбөйтүүгө чоң маани берүүбүз зарыл. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун «КР агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгы (07.23.2024) ушул багыттагы иштерди алга жылдырууга багытталып, анда бул тармакка өкмөт тарабынан олуттуу колдоо көрсөтүү каралган жана ал өлкөбүздүн экономикасын башкаруудагы негизги стратегиялык багыт болуп саналат.

Азыркы мезгилде майда дыйкан чарбалары айыл чарба продукциясынын негизги бөлүгүн өндүрөт жана алардын көпчүлүгүнүн карамагында болгону 1-4 гектар сугат айдоолору бар жана алар үй жаныбарларын дагы багышып, ар багытта чарбачылык жүргүзүшөт. Алар мындай аз сугат жерден максимум пайда алуу максатында жөөктөрү иштетилүүчү өсүмдүктөрдү (жашылча, картошка, кант кызылчасы, пахта, фасоль ж.у.с.) өстүрүшүүдө. Дыйканчылык жана мал чарбачылык өнүккөн өрөөндөрүбүздө жайгашкан айыл аймактардын «айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча структурасын» талдап көргөндө, жөөктөрү иштетилүүчү өсүмдүктөрдүн үлүшү өтө эле көбөйүп кеткендиги (75-85%) байкалат. Ал эми көп жылдык чанактуу чөптөрдүн (беде, эспарцет), кылкандуу дан эгиндеринин аянтары абдан кыскарып кеткени бардык аймактардагы демейдеги көрүнүш болуп калды.

Мындай жагдай кышта жана эрте жазда малдардын тоютунун өтө жетишсиз дефицитин жаратат жана дыйкан чарбасына көп түйшүк алып келип, мал чарба продукциясынын азайышын шартайт.

Андан тышкары жөөктөрү иштетилүүчү өсүмдүктөрдүн үлүшүнүн өтө көптүгү майда дыйкан чарбаларынын айдоо талааларындагы топурактын арыктап кетишин жаратууда. Жогорудагы аталган өсүмдүктөрдү жылдан жылга бир талаада кайталап өстүрүү (монокультура) айдоо жерлердин асылдуулугун кескин төмөндөтөт, топуракты ныктайт, айдоонун фитосанитардык абалын жана агрофизикалык сапаттарын начарлатат. Ошентип, мындай талаада өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү төмөндөйт жана алардын түшүмдүүлүгүн көтөрүү механикалык көп иштетүү, көп минералдык жер семирткичтерди жана башка химиялык каражаттарды берүү менен ишке ашат. Көп ирет жүргүзүлгөн мындай иш аракеттер продукциянын өздүк наркын жогорулатып, чарба жүргүзүүнүн рентабелдүүлүгүн төмөндөтөт. Демек майда агрардык чарбалардагы кедейчиликтин башаты ушундай жагдайда жаралат, десек жаңылышпайбыз.

Азыркы учурдагы Кыргызстандын айыл чарбасындагы өкүм сүрүп жаткан, жогоруда көрсөтүлгөн абалдан чыгуунун жолдорун издеп, агрардык тармакты арттан алдыга сүрөп чыгуу абдан маанилүү стратегиялык маселе болуп саналат. 

Майда дыйкан чарбаларынын кармагандагы аз сугат айдоолор толук кандуу өсүмдүктөрдү которуштуруп айдоо системасын киргизүүгө, агроэкосистеманы кардиналдуу оңоого мүмкүнчүлүк бербейт жана азыр чарбакерлер өтө арыктап кеткен жерлеринин бир бөлүгүнө беде айдап жатышат. Бирок мындай мүмкүнчүлүк бардык эле майда дыйкан чарбаларында жок жана аз жер үлүшүндө чарба жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын пайдалануу өтө кыйынчылыкка турат жана мындай жагдайды оңдоонун перспективасы көрүнбөйт.

Азыркы мезгилде айылда көп жерлери бар же чабал чарбалардын жерлерин арендагы алып иштеткен бай чарбакерлер бар жана алар айыл чарба техникалары менен жакшы жабдылышкан. Ушулар үлүш жерлерин көбөйтүшкө аракет кылышат жана айыл өкүмөтүндөгү ФПСтин (фонд перераспределения земель сельскохозяйственного назначения – бөлүштүрүү максатында мамлекеттин карамагында калган 25% айыл чарба жерлеринин фонду) жерлерин конкурстан утуп алып иштетишет. Бирок булар дагы жерлерди туура пайдаланып, топуракты арыктатпай иштетүү үчүн эмес, жерден максималдуу пайда табууну көздөшөт.

Ошондой эле Айыл өкүмөттөрү ирилешкенден бери (2024 жылы) ФПСтин жерлеринде ири кооперативдерди түзүү демилгесин ишке ашырып жаткан айыл аймактары дагы бар жана алар акырындап техникалар менен жабдууну күчөтүүдө. КР Президенти С.Н.Жапаровдун «КР агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү» (07.23.2024) Жарлыгында бул кооперативдерге финансылык, материалдык колдоо көрсөтүү каралган жана мындай саясат бул кооперативдердин өнүгүүсүнө кызмат өтөйт.

Келечекте айыл чарбасында азыркы замандын инновациялык ыкмалары менен жаңы жана эффективдүү чарба жүргүзүү багытында иш алып баруучу мамлекеттик агрардык чарбаларды түптөп, куруп жана өнүктүрүү бүгүнкү күндөгү өнүгүп жаткан мамлекетибиздин негизги стратегиялык багыты болуп саналат. Бул проблема бышып жетилген актуалдуу маселе болуп эсептелет жана ал өнүккөн мамлекеттердин катарына киребиз, деген өлкөбүздүн алдына койгон негизги амбициялуу программасы болуусу зарыл. 

Ошондуктан, ар бир областа айыл чарба өндүрүшүн инновациялык ыкмалар менен жүргүзүүчү пилоттук мамлекеттик «Агрардык өнөр жай комплексин» түзүүнү ишке ашыруу, бүгүнкү глобализм доорунун койгон талабы, десек жаңылышпайбыз. Аларга Айыл өкүмөтүндөгү ФПСтин жерлерин пайдаланууга берип, заманбап техникалар менен толук кандуу жабдып, продукцияны кабыл алуучу жана кайра иштетүүчү ишканаларды ачып, айыл жергесинде жумушчу орундарды түзсө болот.

Бул программаны ишке ашыруучу негизги бенефициарлары болуп өлкөбүздүн истешблементи жана жогорку квалификациядагы мыкты профессионалдык даярдыктан өткөн жаш кадрлар эсептелет жана алар бизде «кудайга шүгүр» бар. 

Бул «Агрардык өнөр жай комплекси (АӨЖК)», жакын жайгашкан дыйкан чарбаларынан өсүмдүк жана мал чарба продукцияларын туруктуу баада сатып алып, аларды сактоого жана кайра иштетүүгө көңүл буруусу зарыл. Анткени бүгүн бул проблема айыл жергесинде курч абалда турат. Мисалы, фермер 1 литр сүттү 25 сомдон сүт комбинатына сатса, дүкөндө ал 65-100 сомдон сатылып, негизги пайданы (65-70%), сүт иштетүүчү ишкана көрүүдө жана алардын дээрлик бардыгы жеке менчик ишканалар болуп саналат. Мындай проблема кант өндүрүү тармагында да орун алып, негизги киреше кант заводдорунда калат.

Ошeнтип, сунушталган долбоор ишке ашса Айыл өкүмөтүнүн бюджети байып, социалдык объектилерди курууга мүмкүнчүлүгү артат жана айыл жергесиндеги калктын миграциясы азаят, техникалык билими жогорулайт. 

Демек ушундай мамлекеттик деңгээлде чечилүүчү комплекстик иш чара менен айылдагы маданий, социалдык, экономикалык абалды жакшыртууга өбөлгө түзүлүп, айыл жергеси ар тараптан өсүп өнүгөт жана айыл жергесиндеги прогресс элдин жашоо тиричилигине оң таасирин тийгизип, эл аралык масштабда өлкөбүздүн престижин көтөрөт.

Бул пилоттук мамлекеттик агрардык чарбалар илимий негизде сунушталган дыйканчылык системасын ишке ашырып, жердин асылдуулугун калыбына келтирип, айыл чарба продукцияларын көп өндүрүп жана сатып, айыл жергесине инновациялык чарба жүргүзүүнү үйрөткөн «Агрардык өнөр жай комплексине» айланмак. Мында жогорку түшүмдүүлүктү камсыз кылуучу өсүмдүктөрдүн сорттору менен гибриддери өстүрүлүп жана малдын мыкты породалары багылып, айыл чарба продукцияларын өндүрүү көбөйөт жана азык түлүк проблемасын чечүүгө жол ачылат. Алар мамлекеттин агрардык саясатын ишке ашыруучу комплекске айланып, өлкөбүздүн экономикасына зор салым кошуп, экспорттук потенциялын жогорулатмак. 

Ушундай мамлекеттик АӨЖКнин базасында: долбоорлоо мекемелерине (Кыргызгипрозем, топурак-агрохимиялык лабораториялар ж.б.), агрардык илим изилдөө институттарына (АИИИ), университеттерге жана колледждерге илимий жана окуу тажрыйба иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

«Агрардык өнөр жай комплексинде» долбоорлоо мекемелери менен агрардык илим-изилдөө институттарында иштелип чыккан илимий незиделген сунуштар иш жүзүнө ашырылат жана өндүрүш менен илимдин ортосундагы байланыш чыңдалат. Ошентип, мындай өнүккөн агрардык өндүрүш: илимий мекемелердин жана окуу жайларынын иштерине оң таасир тийгизип, алардын туруктуу өнүгүүсүнө магистралдык жол ачат. Мында эң негизгиси – мыкты кадрларды даярдоочу илимий - өндүрүштүк база иштей баштайт.

Анткени, азыркы учурда илим менен өндүрүштүн ортосундагы байланышты түзүү чоң проблемага айланган жана агрардык илим изилдөө институттарында – кадр, материалдык-техникалык жактан жабдуу жаатында чоң көйгөйлүү маселелер жаралган жана аларды чечүү азыркы мезгилдин койгон талабы болуп эсептелет. 

КР Президентинин жогорудагы Жарлыгынын мазмуна ылайык жана мамлекеттик «Университет 4.0» программасынын алкагында агрардык илим изилдөө институттарын мурдагы учурдагыдай Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) курамына кайтарып, алардын кадрдык потенциалын тез арада жогорку деңгээлге көтөрүш керек. Ошондо КУАУнун кампусунда студенттер менен илимпоздорго зор мүмкүнчүлүктөр түзүлөт жана өлкөбүздө инновациялык экономиканы иш жүзүнө ашыруучу стратегиялык ресурстардын башаты жана негизги кыймылдаткыч күчү болгон кадрларды даярдоо потенциалы чыңдалып, илимий прогресске жол ачылат. 

Анткени илимге жана билимге жумшалган инвестициялар – бул өлкөнүн келечегине жумшалган инвестиция жана ал экономикалык өнүгүүдө жаңы бийиктиктерге жетишүүгө мүмкүндүк берет.

Демек, бул мамлекеттик чарбалар агро-өнөр жай комплексине кадр даярдоодо «опол тоодой» кызмат көрсөтөт жана мындай комплексттик кызмат көрсөтүүчү АӨЖК азыр бизге абдан керек жана алардын жайылышы бардык региондору кучагына камтышы зарыл. 

Ошентип, ар бир областа жайгашкан «Агрардык өнөр жай комплекси» Кыргызстандын айыл чарбасын алдыга сүйрөөчү «локомотивдин» милдетин аткарат жана алар алдыңкы тажрыйбаны үйрөтүп жана жайылтуучу базага айланып, тегеректеги чарбаларда алдыңкы агротехникалык жана зооветеринардык иш чараларды жайылтууга көмөк көрсөтөт. 

Бул мега долбоорду ишке ашыруу абдан татаал жана кыйынга турары бышык, өзгөчө анда тыкат анализдеп чечүүчү финансы-экономикалык маселелер бар. Бирок, ал эртеби кечпи, келечекте ишке ашырыла турган долбоор болуп саналат жана ал канчалык эрте башталып, «жемишин» берсе өлкөбүз үчүн ошончолук жакшы болот эле жана ал азык түлүк проблемасын чечүүгө жардам берет болчу. Бул долбоордун негизинде өлкөбүздө агро-өнөр жай комплекси үчүн техникаларды чыгаруучу заводдор дагы курулат. 

Бир убакта коомубузда – Кумтөр алтын кенин Кыргызстанга кайтаруу мүмкүн эмес жана коррупцияга каршы күрөштөн майнап чыкпайт, деген ой пикир жана ишеним бар эмес беле жана ушул чечилбөөчүдөй көрүнгөн кыйын маселелерди чечүүгө бүгүнкү бийликтин эрки менен күчү жетпедиби жана өлкөбүздө албан ийгиликтер жаралып жатпайбы! 

Демек, жогоруда маек кылган пилоттук мамлекеттик «Агрардык өнөр жай комплексин» ар бир областарда түзүүнү иш жүзүнө ашыруу, өлкөбүздүн чоң глобалдуу программасы болуп, айыл жергесиндеги социалдык-экономикалык абалды жогорку деңгээлге чыгаруучу долбоор болоруна жана ал ишке ашарына зор ишенич бар. 

Карабаев Нурудин Абылаевич, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессору, а.ч. илимдеринин доктору. Телефону: 0505 36 18 07, Электрондук почтасы: nuru51@mail.ru

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

30-12-2024
Проект по развитию ореховодства Кыргызстана
434

07-02-2013
Принятая Жогорку Кенешем отмена мониторинга на трансформацию орошаемой пашни, опасна для продовольственной безопасности
2739

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×