Добавить свою статью
5 Декабря 2024
Кыргыз Республикасынын Гимни өзгөртүлсүнбү же калсынбы?

[ на русском языке ]

Жаңыдан эле Кыргыз Республикасынын Желегин өзгөртүү тууралуу ызы-чуу     токтоп- токтой электе, кайрадан   кыргыз коомчулугунда   кызуу талаш тартыш  башталды – бул сапар  Кыргыз Республикасынын Гимни тууралуу талаш жүрүп кетти. 

Бейгам жаткан элди дүрбѳткѳн баягы эле Жогорку Кенештин төрагасы Шакиев Нурлан мырза болду.  Ал парламенттин жыйындардын биринде жаңдатпай эле «Кыргыз Республикасынын Гимни  өзгөртүлөт!» деп тике  айтып салбаспы.  Эмне болуп кетти,   азыркы учурда колдонуп жүргѳн гимнибиз  бийликтегилерге  жакпай, аны өзгөртүүнү чечиштиби? Төраганын ою боюнча,  республиканын гимни өзүн актай албаптыр, оройураак угулуп, ырдаганга татаал экен. «Биздин Гимндин добушун укканда   жада калса чымчыктар дагы ар тарапка уча качышат,– деп тамашалады Нурланбек Тургунбекович.

Бул «чырдуу» жаңылык (бүгүнкү күндүн ылдамдыгына жана мүмкүнчүлүгүнѳ  жараша) заматта  бүткүл республикага жайылып, күтүлгөндөй эле төраганынан дарегине тобурчактай дабырап, көбүнесе адепсиз, уятсыз сын пикирлер айтыла баштады. Бирок кабылчу кишини тапкан экенбиз! Ийилчү же сынчу  киши эмес Нурланбек Тургунбекович!  Ал «эч нерсени тоотпос  иммунитеттүү», тажрыйбасы мол, чапкан сайын чыңалган  жоокер катары өзүн көрсөтүп келет, биринчи жолу болуп жатыптырбы,  ал  бардык соккуга  көкүрөк тосконду жакшы билет.  Ушул себептен ал бийликке жагып,  «штаттагы чагылган тоскуч» болуп эсептелет.

Чындыгында ѳзүнүн Гимнин,  Гербин, Желегин  өзгөртүү тиги же бул эгемендүү мамлекеттин   өз иши деңизчи, бирок  бир нерсени эске алуу абзел: Улуттук символдор өзүн даңазалоону    жогору тутуу үчүн гана эмес, ошондой эле иш жүзүндѳ эл аралык мамилелердин     керектүү атрибутикасы  болуп саналат, мамлекеттер ортосундагы протоколдук иш чараларда тигил же бул  мамлекетти таанытуучу фирмалык  белгилер  болуп эл аралык реестрге киргизилет.

 Ошондуктан биз, мүмкүн болушунча, негиз болсо да, болбосо да  бирөөлөрдүн каалоосуна жараша  же жагынуу үчүн  мамлекеттин өзүн таанытуучу белгилерин тез тез алмаштыруу менен  эл аралык коомчулукту  жанылтпас үчүн мүмкүнчүлүккө жараша    ашыкча «кыймыл аракет» жасоодон баш тартышыбыз керек. Франциянын Гимни – даңазалуу «Марсельеза» жогоруда айтылгандарга ачык, даана мисал боло алат.  Ал эки жүз  жылдан  бери ырдалып жашап келбестен,      бүткүл Франциянын жыргалчылыгына кызмат кылууда. Окурман кандайча кызмат кылат деп  аң-таң  болушу мүмкүн? Ал жөнөкөй эле нерсе – француздар өздөрүнүн улуттук Гимнин ырахаттанып  ырдоо менен кошумча кайрат-күчкө жана кубат-демге ээ болушат. Гимн  француздарга улуу өлкөнүн  жараны экендигин эскерткенсип турат!  Гимн чындыгында элди бир биримдикке бириктирүүгѳ  көмөк көрсөтөт, бул кызмат кылуу эмеспи!

«Марсельеза» - Франциянын бренд символу. Француздардын Гимнинин   сөздөрү  дүйнөнүн көп тилдерине которулган.

Эми ѳзүбүздүн  кыргыз Гимнине кайрылалы. Качан жана кандайча пайда болуп, эмне үчүн бүгүн аны өзгөртүүнү чечишти? Кыргызстандын Гимни СССР ыдырагандан соң  бир жыл  кийин, 1992-жылдын аягында  бекитилген. Жаңы эле  эгемендүүлүгүн  жана көз карансыздыгын  жарыя кылган Кыргызстан, мурдагы советтик республикалар сыяктуу  эле,    тезинен өзүн таанытуучу белги – символдоруна: Желекке, Гербине, Гимнине ээ болууга тийиш эле. Ошентип, жаңы мамлекеттик символиканы кабыл алуунун  ардактуу миссиясы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин акыркы 12-чакырылышынын депутаттарынын насибине туура келди. Алар эч токтолбой туруп эле,  «Кечүүдө атты алмаштырбайт» деген шылтоо менен ѳздѳрүн Кыргыз Республикасынын биринчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин  депутаттары деп жарыялап жиберишти. Ошентип тагдырдын тамашасыбы же шарапатыбы, ѳзүн ѳзү жарыя кылган  «эл шайлагандар» «акыркылардан» «биринчиге» айланып, жылдар ѳткѳндѳн кийин   «легендарлууга» трансформацияланды.

Кыргыз Республикасынын Гимнин «легендарлуулар» кантип  кабыл алышып, бекитишкен

            1992-жылдын ноябрь айынын орто чендеринде  кыргыз Ак Үйүнүн чоң  залында бир жума бою дүңгүрѳгѳн оркестрдин  үнү угулуп турду – Кыргыз Республикасынын болочок Гимнин тандоо конкурсу ѳтүп жаткан эле. Ак үйдүн этаждарында, коридорлордо жана кабинеттерде оркестрдин дүңгүрѳгү кулак жарып турду.  Ак Үйдүн ичиндегилер  мындай музыкалык   какофонияны угуудан башка аргасы жок эле,   чиновниктер  аргасыз угумуш болуп, бекерчиликтен ары-бери басып турушту, ал эми  «акылдуу чапчаңдары»   болсо тымызын тыз коюшкан. Залга кокусунан ары бери басып жүргөндѳрдѳн кире калгандар болбосо, болжолу  жыйырма чакты адам эч жакка чыкпай,  орундарынан жылган жок, алар атаандаштарынын чыгармаларына кыйкымчыл жана кызганчактык менен кулак төшөп, дымып угуп жатышкан композитор – конкурсанттар эле. Кантип кулак тѳшѳшпѳсүн?! Ар биринин тагдыры чечилип жаткан - алардын бирѳѳсүнүн  гана жолу ачылып, Кыргыз Республика Гимнинин  автору болуп, тарыхтын алтын барактарына  аты жазылмак. Бул   – урмат- сый, даңк жана коомдук таанылуу да! 

         Байкуш конкурсанттар... Баардык нерсе  мурда эле аныкталып, алар ырайымсыз жана  уятсыздык менен алданып, жөнөкөй  сөз менен айтканда кѳз боемочулук жүрүп жатканын кайдан билишсин. Бирок бул тууралуу алар  «абсурд театрынын» акыркы  актысы бүткөндө гана билишти, жюринин төрагасы ордунан туруп, жазакерленип салтанаттуу түрдө: - «Силер, кыясы  баарыңар билип турсаңар керек, «конкурстун» жеңүүчүсү болуп мындай (номердеги) чыгарма болду, аны эки автор бирге жаратышты, алар - СССРдин эл артисттери, искусствого эмгеги сиңирген ишмерлер, мамлекеттик сыйлыктын  лауреаттары, (мындан тышкары бардык титулдары, сыйлыктары, кандай лауреаттар экени саналып ѳттү) – композиторлор  Насыр Давлесов менен   Калый Молдобасанов!»  Залда бирин-серин кол чабуулар болду, негизинен жюринин мүчөлөрү гана алакан  чабышкан эле.

            Кыргыз симфониялык  жана опералык музыкасынын кашкайган  классиктерин   канчалык терең сыйласак да, чындыкты ачык айтканыбыз жакшы,  биздин эл өзүнүн жан-дүйнѳсүнүн жөнөкөйлүгү менен мынчалык бийик искусствого – опера арияларын аткарууга жете элек эле. Биздин кыргыз Гимнин тийиштү деңгээлде аткаруу вокалдык репетицияларда көптөгөн кѳнүгүүлѳрдѳн          кийин операнын профессионал –ырчылары гана аткара алат. 

Балким иштин жагдайы таптакыр  башкада чыгар: жогорку деңгээлдеги  артыкчылыктуу эксклюзивдүү музыкалык чыгарманын (республиканын улуттук Гимни так ушундай болууга тийиш) эки композитор тарабынан жаралышы - дүйнөлүк тажрыйбада мындай окуя болгон эмес.?          Жаратылышта мындай окуя болбойт! Өзүңүз элестетип көрүңүзчү, композитор Бетховен гениалдуу «Ай сонатасын» авторлошуп чыгарганын же болбосо Петр Чайковский дагы бирөө менен  биргелешип «Ак куу көлүн» жаратканын?!

 Чындыгында    советтик кыргыз искусствосунун тарыхында эки же андан ашык композиторлор жараткан   учурлар   болгон! «Власов, Малдыбаев, Фере - «Айчүрөк» операсы» деген театралдык афишалар улуу муундун эсинде болсо керек. Бирок бул жогорку деңгээлдеги искусство эмес, бул өнөрдүн кѳрүнүшү.  Ага кошумча бул -   искусстводогу  чоң саясат.

Кыргыз Республикасынын  Гимнинин эки автору – бул дагы саясат! 

Эмне үчүн биздин, кыргыздардын «мээсине чай кайнатыш керек»!? Байыркы жана акылман кыргыз    элинин, кандай жагдай болбосун, таамай айтылган макал-лакаптары толтура. Алардын арасында мындай  лакап   бар:  «Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт!» Негизинен кайнатса болот, бирок шорпосунун даамы башкача, ачуурак болуп калат...

Жюри мүчөлөрүнүн  элдин накыл сѳздѳрү жана асыл ойлору менен иши жок эле,   – эң негизгиси жогорудан түшүрүлгөн көрсөтмөнү аткаруу болчу...

  Биздин депутаттар, чиновниктер, ар кандай салтанаттуу иш-чаралардын катышуучулары республиканын Гимни аткарылган учурда жөн эле ооздорун ачып,   ырдамыш  болуп эриндерин кыбыратып турганын кѳргѳндѳ кѳңүлүң ооруп, итиркейиң келет.     Аларды катуу сынга алалы деген ойдон алыспыз. Эмне кылмак элек, Гимн ырдоого жатпай жатса?

Мамлекеттик Гимнди аткаруу учурунда, албетте  биздикин эмес, анын башкача  ырдалганын жана ѳзгѳчѳ  жагдайды жаратканын өз көзүм менен  көргөн жайым бар. Бул окуя АКШнын борбор шаары Вашингтондо 2007-жылдын  декабрь айында болгон. Бул өлкөнүн мамлекеттик департаменти чоң топко (КРнын күч блокторунун 26 жетекчилери үчүн) «Экстремисттер  туткундаган кишилерди бошотуу» деген темада эки  жумалык семинар өткөргөн, семинар бүткөндөн кийин бизге сертификат тапшырылып, коштошуу банкети уюштурулган. Мына, ошондо  ресторандын залында Кыргыз Республикасынын Гимни аткарыла баштады, баарыбыз  туруп, оң колду жүрөктүн тушуна коюп, ыңгайсыз абалда кызарып турдук: тээ алыста планетанын бөлөк тарабында  биздин урматыбызга кыргыз Гимни ойнолуп жатты! Биздин Гимнден кийин Американын Гимни аткарыла баштады. Биздин айланабызга  жан кирип, опур-топур, жандануу  боло түштү: калпакчан жана алжапкыччан ашпозчулар, официанттар, гардеробщиктер, жабалактап жааган    карды күрѳп жүргѳн  короо шыпыргычтар күтүлбөгөн жерден залга кире башташты. Мына ушундай кызмат кѳрсѳткѳндѳр эч кандай чакыруусуз эле залдагы бош турган жерлерге толо башташты, кѳрсѳ   алар Гимнди угуу үчүн эмес,  ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Гимнди дагы бир жолу ырдоо үчүн киришкен экен! Жаркылдаган маанайда толкундануу менен бири калбай  ырдап жатышты. Гимндин музыкасы   эми угулбай калды – америка элинин  кубаттуу   үнү угулуп жатты! Америкалыктар үчүн Гимнди ырдоо – бул чоң ырахат жана өздөрүнүн улуу Ата Мекенине болгон ыйык сүйүүсүн жана атуулдук  сезимин  көрсөтүү. Түшүнүктүү нерсе,  буга эч ким тосколдуук көрсөтө албайт да. Биз   кыргыз делегациянын мүчөлөрү шѳлбүрѳп, маанайыбыз пас   турдук? Уялганыбыздан жер жарылса кирип кете  жаздадык, себеби биздин Гимн аткарылып жаткан учурда үн катпай, эстеликтей какайып турбадыкпы, анткени же     сөзүн билбесек, же ѳзүбүздүн Гимнди  ырдай албасак кантет элек. Нурлан Шакиев – Жогорку Кеңештин  төрагасы   белгилеп айткан себеп менен ырдай албай койдук. 

          Мына ушуга байланыштуу дагы бир жолу жогоруда сөз болгон «Марсельезаны» эске салып кетсек болот. Аны белгилүү композитор эмес, жөнөкөй  офицер-музыкант бир эле кечте, бир   дем менен  сөзүн да,  музыкасын да жараткан экен.   Руже де Лилль деген офицер-музыкант «Марсельезаны» француз солдаттарынын күжүрмөн духун көтөрүп бекемдѳѳ үчүн (Австрия революциялык Францияга кол салган учурда) марш ыры катары  ниет кылып жараткан  экен.  Кийинчерээк ушул укмуштудай патриоттук ыр  Франциянын Гимни болуп калган.

         Айт-айтпа, Нурланбек Тургунбековичтин «Кыргыз Республикасынын Гимни өзгөртүлөт!» деп чечкиндүү билдирген сѳзү туура! «От дегенден ооз күйбѳйт» дейт. Биздин Гимн чын-чынында    иштебей жатат, мындай символ менен биз алыска кете албайбыз! 30 жылдан бери бир орундан жылбай турдук эле, дагы ошончо жыл турабыз! Кээде элди козголтуу үчүн популярдуу эмес чараларды, маселен - муктаждоочу күчтүү чечимдерди алуу зарыл!       Республиканын Гимнин өзгөртүүдѳ   эң негизгиси бир  тырмоочту эки жолу баспаш керек!  Жаңы нерсени  ойлоп табуунун кажети жок!

20 жылдан бери элдин көкүрөгөндө орун алган өзүбүздүн «Марсельезабыз» бар. Кыргыз «Марсельезаны» белгилүү композитор эмес, алыскы кыргыз түпкүрүндѳгү музыка мектебинин жөнөкөй айылдык мугалими  Алтынбек Айтиев жаратып койгон.  Сөзүн да, обонун да  бир эле кечте жазган, анын  ыры кыргыз баррикадасында    үй-бүлөлүк клан режимине каршы күрөшкө чыккан калың  эл үчүн  кубаттуу чакырык набат болуп жаңырган. Жүрѳктү титиреткен «Кыргызстан» чакырык ыры калың элдин акыл-оюна жана ой-мүдѳѳсүнѳ бап келип,  француздардын, ал турсун америкалыктардын гимндеринен кем калышпайт.  «Кыргызстан» ыры бардык митингдерде ырдалып,  азыркы күндө бир дагы  майрамдык салтанат даңазалуу ушул  ырсыз өтпөйт, аны аскердик оркестрлер аткарып жүрѳт, концерттерде аткарылганда эл ордунан туруп, шатырата алакан чаап,   сценадагы ырчыны коштоп ырдап жүрүшѳт.  Азыркы учурда биздин өлкө жаңы жүрүшкө, маршка аттанууда, ошол себептен ал бүгүн бүткүл элди  алдыга, жаңы жетишкендиктерге чакырган «Кыргызстан» сыяктуу  марш ырына муктаж! «Кыргызстан» ыры жүрөктө ыйык сезимди жана эл мүдѳѳсүн камтып, Кыргыз Республикасынын расмий эмес Гимни катары бүткүл элге таанымал болду.  

Алик Орозов
пенсионер

           P.S.  Республиканын Гимни – бул жөн эле сөздөр жана музыка эмес,   ал мамлекеттин негизги символдорунун бири, анын максаты бүткүл кыргыз элин   шыктандырып жана жандандырып, Ата-Журттун гүлдөп өсүшү үчүн Гимнди ырдоо менен аларга кошумча күч-кубат жана дем берүү болуп саналат! 

Достор, уюлдук  телефонуңарды аңтарып,  биринчи аткаруучу Курман Асановдун аткаруусунда “Кыргызстан” ырын угуп көрүңүздөрчү.  Ошондо  Кыргыз Республикасынын Гимнин өзгөртүү же колдонулган гимнди калтырыш  керекпи деген   бардык күмөн ойлор четке кагылат деп ойлойм.  

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

04-01-2025
Герб Кыргызской Республики с т.з. науки «гербоведение» часть 2
596

04-01-2025
Голубой флаг кыргызов: почему он вдруг «покраснел»? Часть 1
601

18-11-2024
Гимн Кыргызской Республики: менять нельзя оставить
18495

05-09-2024
Неудобная правда о Баткенских событиях и сказ о том, как из плена японцев вызволяли. Часть 3
12969

29-08-2024
Неудобная правда о Баткенских событиях и сказ о том, как из плена японцев вызволяли. Часть 2
13707

27-08-2024
Неудобная правда о Баткенских событиях и сказ о том, как из плена японцев вызволяли. Часть 1
14077

07-06-2023
Как назовешь корабль – так он и поплывет. Часть 1
5019

08-02-2022
История о том, как в августе 2010 года в Кыргызстане был подавлен контрреволюционный переворот. Часть 3
11063

02-02-2022
История о том как в августе 2010 года в Кыргызстане был подавлен контрреволюционный переворот. Часть 2
8824

24-01-2022
История о том, как в августе 2010 года в Кыргызстане был подавлен контрреволюционный переворот. Часть 1
11647

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×