Кыргыз элинин чыгаан-кыраандары келечек үчүн, өз эли, мамлекети үчүн эмгектерин, керек болсо өмүрүн аяшкан эмес.
Биз сөз кылып, урмат менен эскере турган кыргыз элинин ошондой кадырман уулдарынын бири – 1998-1999-жылдарда үч ай он бир күн Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп иштеп туруп, катуу оорудан кайтыш болгон Жумабек Ибраимович Ибраимов эле. Ушул кыска мөөнөттүн ичинде Жумабек Ибраимов бийликтин жогорку катмарында иштегендерге элге кызмат кылуунун кыярбас тунук үлгүсүн көрсөтүп кетти десем жаңылышпайм.
1998-жылы 25-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында (анда мен төрага болчумун), өлкөнүн ошол кездеги президенти өкмөт башчысына кезектеги талапкерди көрсөтүү сунушунда кийинки жылдарда калктын жашоо деңгээли төмөндөгөдүгүн, коррупция бийликтин жогорку катмарына чейин жеткендигин, улуттук валюта девальвация коркунучунда экендигин айтып келип, мындай коркунучтан бир гана эл ишенимине арзыган мыкты жетекчи алып чыгарган, ал Жумабек Ибраимов экендигин айткан эле.
Жумабек Ибраимов өктөт башчысы болуп келиши менен Ак үйдүн ичи терс көрүнүштөрдөн арылып, ишкердүү маанай, жагымдуу чөйрө түзүлө баштаган. Ал чечкиндүү жана коомчулукка ачык-айкын саясатты жүргүзгөн, журналисттер, жарандар үчүн Ак үйдүн эшигин ачык кылган. Ал тургай элге ошол кезде терс көрүнүш болгон жеп-ичкичтердин жана бекер оокатка, бирөөлөрдүн эсебинен жашоого көнгөндөрдүн жолуна катуу бөгөт койгон.
Жегичтердин мындай жоруктарын жалпы журтка маалымдап күйүп-бышуу, бирөөлөрдүн эсебинен жашоого жана бекер оокатка жол ачылып, жемкорлук гүлдөй баштаган ошол кезде чындыкты айтуу кыйла опурталдуу эле.
Элдик мүлктү сактоо багытындагы ишкердик, жетекчилик сапатына да чек жок болчу: 1997-жылы КРнын мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы болуп турганда алкы бузук жемкорлор мамлекеттик ири ишканаларды өзүлөрү каалагандай менчиктештирүүгө чоң суммадагы акчаларды сунуш кылганда, ал ага акча эмес, түбөлүк көчтүн ээси эл алдында абийир баарынан бийик турарын, “Бетеге кетип, бел каларын, бектер кетип эл каларын”, эл алдында ачык айтып чыкканда коомчулук анын акыйкаттыгына баа беришкен. Ал эми Бишкек шаарынын башчысы болуп турганда жүргүзгөн иштерин кийинки шаар башчысы болуп турганда жүргүзгөн иштерин кийинки шаар башчылары өз иштеринде пайдаланып келатышканына коомчулук күбө.
“Көптүн көзү – көрөгөч” дегендей, анын мындай сапаты кайда иштесе да ар бир иш аракетинен ачык байкалып турган. Анын уюштуруучулук таланты, жогорку адамгерчилиги, билидмүүлүгү, билгичтиги, көрөгөчтүгү жогорку фактылардан айкын көрүнүп турат.
Чыны менен, Жумабек Ибраимов эгемендүүлүктүн алгачкы түйшүктүү жылдарында малекеттик жооптуу кызматтарды аркалап, өзүнүн Ата Мекенине –Кыргызстанына эсте калаарлык эмгек сиңирди. Ал өз ысымын түбөллүкө калтырып кетти, башкаларга өмүрү өрнөк болчу тарыхый инсанга айланды.
Мен аны менен адеп 1990-жылы айтылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенибизде таанышкан элек. Ошондон тарта пикирлеш, жакын санаалаш болуп калдык: парламентте жана мамлекеттик бийик кызматтарда чогуу жүрдүк, азыркы КСДП партиясын түзгөндөрдүн башында болдук, үй-бүлөбүз менен да карым-катнашта болгонго жетиштик. Демек, анын жаман илдеттин айынан эрте кеткени мен үчүн да оор жоготуу болгон. Ошон үчүн көптөгөн кыргызстандыктардын катарында мен да аны дайыма жүрөгүмдө сактайм, жаркын элесин эч убакта унутпайм.
Академик, Жогорку Кеңештин экс-спикери.